Куттукттоо жатат ичимде,
Калемим дале күчүндө.
Фея кыз келген дүйнөгө,
Январдын биринде.
Курчанган күмүш кемерди,
Кубалайт жазма өнөрдү.
Куттуктап мен да өтөйүн,
Кенжетай курбум төрөлдү.
Мээримди алып жакшыдан,
Элиза чыккан ордолуу Оштон
Жараткан берип бактыңды,
Жолуксун сага жакшы жан.
Аберсин сага машина,
Караба кирпик кашына.
Бечара жездемдин
Башына мингин башына.
Дооронду сүргүн күтүрөп,
Ашатып күндө үч ирет.
Карааңды сенин көргөндө,
Титиреп турсун титиреп.
Зор келин болгун такшалып,
Мать герой деген атты алып.
Күйөүңдүн турсун башына,
Балдардын богу чапталып.
Байбиче болуп чалкала,
Бурала басып кайкала.
Жараткан берип ден соолук,
Жүз он беш жашты аркала.
Жүз он беш сага ыктасын,
Сөз айтам эч ким укпасын.
Джип айдап ошондо,
Кафеден башың чыкпасын😄
Карыбай жапжаш кала көр,
Жүз жыйырма бешке бара көр.
Жүз отуз жашка барганда,
Бактылуу дүйнөң ээй сала көөр.
Сөзүмдүн бүттү нускасы,
Куттукттоо бүттү кыскасы.
Кут айткан эрке курбума,
Колдук болгон Элизанын
Сапсары болгон ээй курбусуууу ээй
Чыңгыры чыңгыр!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 46
Ден соолук та болунуз
Жаз гулундой жалырап,мандайыныздан кулёк кетпей,тугойунуз менен Аман эсен болуп 100 го чыгыныз
Дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм!
Баардык Жакшылыктарды, Ийгиликтерди, Бакубат Жашоо каалайм.
Капалыкты эч убакта билбеген,
Каалоо-тилек болуп турсун ыр менен.
Кубанычың тең бөлүшүп, гүл сунуп,
Куттуктайбыз өздүк майрамың менен!
Илингендей буйрук менен торуңа,
Ийгиликтин кушу консун колуңа.
Бажырайган гүл жайнап жан дүйнөңө,
Бакыт жаасын турмушта ак жолуңа!