Бул жыл, ар кимге ар кандай өттү. Бирөө үчүн жашоосунда көп өзгөрүүлөр болсо а бирөөнүн жылы тынч өттү. Кээ бири тапты а кээси жоготту...Бирөөнүн үй-бүлөөсүндө толукталуу болсо а бирөөнүкүндө түбөлүк жайга узатуу болду...
Кээ бири ийгиликке жетти а башканын колунан келбеди... Жылдын аягында жан-дүйнөңдө кандайдыр жымжырттык орун алгандай, жаңы-жылдан бир нерсени күткөндөй, жаңы үмүт, жаңы ийгилик!
Жалгыз адам түгөйүн тапсын, ооруган адамга жеңилдик келсин, баласызга периште батасын берсин, сүйүүгө зар адам - сүйүүнүн даамын татсын! Жаштарыбызга ыйман, карыларыбызга дөөлөт, анан дагы азыркы заманда жетишсиз нерсе- боорукердик болсун!
Бул дүйнөдө конокпуз, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпайлы! Барга көппөйлү, жокко чөкпөйлү! Жаңы-жылыбыз эски жылдан жакшы болсун! Бактылуу күндөрүбүз көп болсун, жан-дүйнөнүн тынчтыгы орноп, күлгөндү унуткандардын - күлкүсү жаңырсын!
Асманыбыз ачык, дүйнөдө тынчтык болсун! Баарыңыздарга үй-бүлөөлүк бакыт, бала- чакаңыз менен ден-соолукта болуңуз!
Урматым менен: ЕЛИЗАБЕТ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15