Дүкөнгө баруу үчүн жолго чыккан аял көчөдө өтүп баратып жол боюнда маектешип отурган үч карыяны көрөт. Үчөөсү тең ак сакалдуу карыялар болгондуктан аял аларга сый-урмат көрсөтүүнү туура көрүп, бир саамга токтоп калат. Алардын жанына барып, чын көңүлдөн үйгө кирип, даам сызып кетүүлөрүн өтүнөт. Аял:
— Мен сиздерди тааныбайт экенмин, бирок чарчап-чаалыгып турганыңыздар жүзүңүздөрдөн көрүнүп турат, үйгө кирип эс алып тамак ичип кетиңиздер-дейт.
Муну уккан карыялардын бири аялдан анын жолдошунун үйдө бар экенин сурайт.
Аял:
— Жок. Ал бир аз мурун сыртка чыгып кетти эле-деп жооп берет.
Карыялардын бири башын чайкап:
— Үйдө жолдошуң болбосо , биз да ичке кире албайбыз-дейт.
Кечке жуук жолдошу иштен келгенде аялы карыялар менен болгон окуяны айтып берет. Муну уккан күйөөсү аябай кейип, бир карап көрүүсүн айтып, дале отурушкан болсо конок кылаарын айтат.
Аял сыртка чыкса карыялар дале отурушкан болушат. Аял аларга кожоюну келгенин айтып, үйгө чакырат.
Карыялардын бири үйгө үчөөcү тең кире албастыгын айтып, бир саамга ойлонуп туруп өздөрүн тааныштырат:
— Бул сол жагымдагы менин досум — Байлык, ал эми бул жактагысы Ийгилик болот. Мен болсо — Сүйүүмүн — дейт. Эми барып жолдошуң менен акылдашып, үйүңөргө үчөөбүздүн бирөөбүз гана кире алаарыбызды айтып кел-дейт. Кимибизди тандасаңар келип жообуңарды берип койгула -дейт.
Аял үйгө келип болгон окуянын чоо-жайын күйөөсүнө айтат. Күйөөсүнүн кубанычы койнуна батпай “Кандай жакшы! Чечимди бизге калтыргандарына караганда байлыкты чакырсак үйүбүз байлыкка толсо”-дейт.
Күйөөсүнүн чечимин жактырбаган жубайы, “Ийгиликти чакырсак дагы да жакшы эмеспи”-дейт.
Баятан бери бир бурчта өзү менен өзү алектенип, бул сөздөргө кулак түрүп отурган кичинекей кызы чуркап келип:
— Ата-апа эң туура чечим Сүйүүнү чакыруу эмеспи? Элестетиңиздер, үйүбүз бир заматта сүйүүгө бөлөнөт -дейт.
Алар да бул сунушка макул болушуп, кызынын чечими менен Сүйүүнү үйгө чакырууну чечишет. Аял короого барып карыяларга чечимдерин айтып, үйгө чакырат.
Сүйүү каалгый басып, үйгө бара жатканда жанындагы достору да анын артынан ээрчий жөнөшөт. Мындай көрүнүшкө таң калган аял:
— Мен Сүйүүнү гана чакырбадымбы, сиздер эмне үчүн артынан бара жатасыздар?-деп сурайт.
Анда алар:
— Эгер силер Байлыкты же Ийгиликти конокко чакырсаңар анда үчөөбүздүн бирөөбүз эле үйгө кирмекбиз. Силер Сүйүүнү чакыргандыктан биз андан кала албайбыз. Анткени, Сүйүү бар жерде ар убак Байлык да, Ийгилик да бар!-деп жооп беришет.
Сүйүү-бар жерде ар дайым мээримдүүлүк, боорукердик, айкөлдүк жакшылык бар. Сүйүү, жашообуздун бардык тарабынан орун алган. Кимибиз табияттын кооздугун, кимибиз чымчыктардын сайрашын, дагы бирибиз дарактардын бүчүр байлашын сүйүшүбүз мүмкүн. Айланабыздагы нерселерге маани берип аларды жакшы көрүп, сүйгөнүбүз биздин адамдык касиеттерибиздин бири.
Андыктан баарын сүйүп жашоого аракет кылып жашайлы. Каякта сүйүү болсо ал жерде баары болот иншаАллах.
Рустам Байке
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9