- Шу силерди түшүнбөйм... – деди жеңем дасторкондун четинен эми эле орун алганымда. Бул сөз мен үчүн жеңем менен акемин алакасынын барометри. “Иш чатак окшойт” деп атам. Акем менен кыды-пыды деше түшсө эле, биз жеңеме “силер” болуп калабыз. Аны деле түшүнөм. Бир тууганым менен өмүр кечириш үчүн дал ушул жеңем болуп төрөлүш керек өзү. Корс, түнт, айтканын бербеген кежир киши менен жашап көрчү.
Негедир жеңемин маанайы өзгөчө суз бүгүн. Улам телефон чалат. Кызына чалдырат, албайт. Мен дагы чалып көрдүм, жок албайт. Негизи акем телефондун баркын билбеген киши. Номерин терип бирөөгө телефон чалганын деле көрө элекмин. “Мага бирөө чалат эле” деп кабатыр болуу деген акемде жашабайт. Өзүнүн эрежеси бар. Ал туура эмес болсо дагы туура деп туруш керек. Бирок, туура эмес болгонун укпадым. Эң башкысы ага эскилиги жеткен “Москвичи” болсо, болду.
- Карачечекей бир карындашыңар бар... – деп сөзүн улады жеңем. – Шу бечара акам дегенде ичкен ашын таштап келет. Же үйүн өрлүктөп барганды билбейсиңер. Шу силерге түшүнбөдүм... – деди телефонуна үмүттүү тигиле.
Не дейм анан. Мындайда тура калып качып кете албайсың. Андан калса “силер” десе дагы туура айтып жатпайбы, жеңем. “Москвичи” бузулуп калган го” деген ой келди мага. Баса “Москвич” демекчи, бир жолу тойго жөнөп калдык. Жеңем, “эски машийнеңе түшпөйм, күйөө баламын машинесине отурам...” деп кежирленип калды. Мен дагы шу шалдыраган машинага отургум келбейт, десең. “Неңдурайындар муну мага апам 16 тонна пахта терип, алып берген... Бара бер анда, тоюңа пиада!..” деди дагы машинанын эшигин “тарс” жаап үйгө кирип кетти. Акеми жакшы көрүп калдым эй. Акемен машинаны жакшы көрүп кеттим. Чын эле апам ударник болуп пахта терип алып берген шу “Москвичти”. “Москвичим менин” деп атам ичимен...
Акемин кыялынын калити жеңемдин колунда да. Тойго жөнөдүк. Барсак, миң түркүн машина жайнат го. Машинадан түшүп эле арт жагымды карабай жөнөдүм. Күнөөлүү адамдай эч кимге көрүнгөм келбейт. А акеме баары бир. Бирөөнүн даражасы, сый-ургалы менен иши жок. “Салам.. салам” болду. “Эртең ушуга ишим түшүп калат эле...” деп жасакерленмей ага - өлүм. “Даң-даң...” жүрөт да.
- Шу мугалим баланы тоготпойсуңар го, токолдун баласы деп... Силердин урук кантсе да. “Айылга депутат болот элем...” деп чуркап жүрөт. Бириң кыймылдап койбойсуң... Силерге такыр түшүнбөдүм... – деген жеңем улам телефонун карап коёт.
Же акем жооп берип койбойт. Мындай эркек болуш оңой эмес да, эй. “Катыным телефон чалат эле...” деп ойлонбогонун айтам да. Жеңемин сөзүндө жан бар. Акемин жооп бербегенине жини келип жатканын түшүнүп эле турам, бирок, туура айтып жатпайбы. “Силер” дей бергенине кичине тырчый түштүм. Жакпады мага. Тууганчылык сезим ойгонуп кетти.
- Ой жеңе, акем коруй турган курактан өтүп кетти го. Телефонго колу жетсе жооп берет да... – дедим үнүмдү бийик чыгарып.
- Өй бала, кайненем рамалик “Шу Чыпыш балам, чоң атасын тартып, токтоо, бир мүнөз болуп калды...” деп мактанчу эле. Көрсө, мактаган чоң атаңар бир күнү экинчи катынын үйүнө жетелеп келгенин абысындарынан угуп, аллам оозуман түшкөн. Токолу шагыратып төрөп бериптир го... “Жооштон жоон чыгат...” деп коёт, өй, бала... – деп сөөмөйүн кезей сүйлөдү мага.
Аңгычаң “дүр-дүр” деген машинанын үнү угулуп калды. Жеңем акырын муштумдай түйүлө баштады. Бир карасаң буралып-чыңалып аткан жыландын эле өзү, чорттуку. А мен кетүүнүн амалын издей баштадым. Бүгүн келип калганымды карасаң. Вулкан толкуп-ташып бараткандай сезилди. “Жүрөгүм бир нерсени сезип турат, ай ошону билсем гой...” деген кино көз алдыма чагылып кетти.
Акем үйгө кирип келип, ордунан орун алды. Тынчтык өкүм сүрдү. Менин бар, жок экеним менен деле иши жок. Пиялага чайды өзү куюп, кара курсактын камында. “Каяктан снаряд кулайт...” деп, сак-сактаганымды айтпа.
- Акем аркы көчөдө, сен берки көчөдө жашап атасыңар... “Шу ата-энемин үйү эле...” деп басып келип койбойсуңар... Кемпир-чалдын дүнүйөсүн басып алды дейсиңер да...– деди акем менин оюмду бөлүп.
- Ондой эмес аке, мына мен келип атпаймынбы... – дедим ооз учунан.
- Бирөөң менин кыялыма чыдайсыңарбы?.. Жок!.. Мына шу кара катын чыдап жүрөт!.. – дегенде илбирстей түйүлгөн жеңем, сыпайы гана акырын акемдин жанынан орун алганычы. Оозум Ошту карады эй. Акемин магиясын айтам. Телефонун чөнтөгүнөн чыгарып: - Мына он жети жолу чалды, албадым... - деди. Акемин шу сөзүн угуп, ичимен “Эркек!..” деп жибердим. Аялы он жети жолу чалса, албай койгон эркек, эркек эмей, эмне?!
Акем колунда билерик болуп оролгон шуру-мончокту чечип, жеңемди көздөй ыргытып:
- Мыногуну мойнуңа тагып көрчү... – деди эле, жеңем ылаачындай илип кетти го. Оозум Ошту карады, эй. Акемин джентелмендигин айтам. Эки катын алган чоң атам деле муну жасай албаса керек эле. Баягы түнөргөн жеңем жок. Жеңем – жашыл майсаң көктөм. “Ойкуйт-да, кайкыт ак чардак...” болуп, бөлмөнү чарк айланып жүрөт. Жабанын ачып, момпосуйун жайнатып, сүрсүгөн чучугун кагаздай кылып он тилим кесип, кайра ордуна салып койду.
Заматта үйдүн ичин жан жыргатар жылуу маанай чулгады. “Түнт, кежир...” деген акемин гыжданында кайнаган мээрим оту башкача тура, көрсө. Мен акеме суктанып отурдум. Анын алдын ала мага жасаган атакасын түшүнүп турсам дагы, суктанып аттым. “Жооштон жоон чыгат” деген чын окшойт, эй...
Шекербек Калыков, Бишкек шаары, 17.01.2023ж
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10