3 -- БӨЛҮМ
Эмнегедир Жайнагүлдүн өңү кубарып, абалы начарлагандай болуп, көңүлү айланып, тамакка да табити болбой, суу жутса да кайтарып жатканын көрүп,
-- Балам ай сага эмне болду экен? Жегениңди артка кайтарып, аш казаныңа суук тийип калганга окшойт-- деди Уркуянын чый - пыйы чыгып чырылдап.
-- Аш казаным оорубай эле, эмне жесем көңүлүм айланып, башым ооруп, кускум келип, жатат - деп Жайнагүл алсыраган түрү менен көздөрү сүзүлүп, диванга жата калды. Уркуя Жайнагүлдүн ой - жайына койбой, акыры догдурга барып ден - соолугун текшертип келгенге араң көндүрүп, таң заардан шаарга жүрүп кетишти.
Арман Диларага үйлөнгөнү менен өзүнүн жароокер жамалы жанып турган Жайнагүлү эсинен чыкпай, көңүлү да ачылбай, Жайнагүлдү көргүсү келип сагынып али да болсо, айласы табылса, кайрадан кошулуп алууга даяр эле. Жайнагүлдүн үйү тарапка барып, үйүнөн сыртка чыгып калганда алыстан болсо да, караанын көрүп ошого каниет кылып кайра келет.
Дилара кылыктанып, назданып Армандын мойнуна асыла калып эркелегиси келсе да, Армандын ар дайым ачылбаган кабагынан сестенип, унчугууга даабайт. Диларанын баскан, турганын, сүйлөгөн сөздөрүн да жактырбай зиркилдеп кагып - силкий берип, күн өткөн сайын акырындап адатка айланып, мурунку күйөөсүнөн да таяк жеп коркуп калган Дилара бул күйөөсү да кол көтөрөбү? - деп, коркуп кетип ийинин кысып, кээде ыйлап жиберет. Күндөрдүн биринде, Армандын апасы Айтурган келип,
-- Эмне болду балам? Келинге жакшы мамиле кылбай жаткан имишсиң ошол ыраспы? - деди Арманга кадала карап.
-- Мен эч качан өзүмдү - өзүм зордоп жакшы мамиле кыла албаймын! Менин көңүлүм жок. Убара болуп, өзүңөрдүн оюңар менен болуп, сиңдиңиздин кызын убал кылганыңар калды. Мен Жайнагүлдөн башкасы менен жашагым жок, уктуңузбу жашагым жок - деп, ыйлап жиберди. Айтурган таң кала карап, анан башын жерге салган бойдон унчукпай ойлонуп олтуруп калды.
Жайнагүлдү бардык текшерүүдөн өткөрүп, болгондон кийин, дарыгер Жайнагүлдү кабылдоосуна чакыртып;
-- Эжеке жашыңыз нечеде? - деди жашы 22 лер чамасындагы дарыгер келин Жайнагүлгө жылмая карап.
-- Менин жашым 27 де
-- Аа жакшы. Анда сизди гинекологиянын сактандыруу бөлүмүнө дарыланууга жаткыралы - дедик. Кандай дейсиз?
-- Эмнеге гинекологияга-- деди таң калганын жашыра албай.
-- Себеби сиздин таксикозуңуз катаал болуп, кыйналып жатасыз туурабы?
-- Таксикоз -- дегени эмне? Түшүнбөдүм.
Түшүндүрүп айткылачы - деди Жайнагүл ыйлап жиберчүдөй болуп.
-- Аай эжеке сиздин эки жарым айлык боюңузда бар экен. Мен сизди билет экен - деп эле -- дегенче болбой, Жайнагүл бетин басып уңулдап ыйлап жиберди. Дарыгер келин Жайнагүлгө таңыркай караган бойдон
-- Эмне болду эжеке? - деп, ордунан тура калып,Жайнагүлдүн жанына келди.
Жайнагүл дарыгердин колун кармап.
-- Чынбы, адашпадыңарбы?-- деп дарыгерге жалдырай карады.
-- Жок кайдагы адашкан? Албетте чын -- деди дарыгер. Жайнагүл ордунан тура калып, кереметтүү маңдай жарган кубанычын апасы менен бөлүшкүсү келип, дарыгер менен коштошуп, ыраазылык билдирип сыртка шашылып чыгып кетти. Каридордо тынчы кетип ары- бери басып жүргөн Уркуя Жайнагүлдүн кабинеттен чыкканын көрөр замат жетип кучактай калды да ошол жерде коюлган орундукка олтура калышты. Уркуя эмне деди- дегенче болбой, Жайнагүл апасына жооп берүүгө чамасы жетпей, үнүн акырын чыгарып, бышактап ыйлап жатты. Апасы болсо, ден - соолугунан бир нерсе табылганбы? - деп да ойлоп кетти. Ал жерде кезек күткөн адамдар көп болгондуктан экөө сыртка чыгып, оорукананын багында орнотулган бош орундуктардын бирине келип олтурушту. Эмне дейт экен дегенсип, Уркуя жалдырап эле Жайнагүлдүн оозуна карап калды.
-- Апа, апаа -- деп, дагы ыйлай баштады.
-- Ой балам айтпайсыңбы эмне болгонун? Эмне десе да алар айта беришет -- деп, өзү дагы үрөйдөн үнү калтырап, кол жоолугун алып, Жайнагүлдүн көз жаштарын аарчыды.
-- Апа айта беришет дедиңизби?- деди ыйлагандан токтой калып.
-- Ооба алар деле адашат да, алар кудай беле кызым -- деди кайра.
-- Мен дарыгерден ишенбей, адашуу болгон жокпу? - деп сурасам, анык деди го.
-- Эмне анык -- деди айтпайсыңбы эми?
-- Аа айтмакчы, мына бул баракты гинекологиянын сактандыруу бөлүмүнө алып барсаң сени жаткырышат. Таксикозуң катаал болуп жатыптыр -деди дегенде, Уркуя кызынын колундагы дарыгердин жазып берген барагын алып, андагы 8 неделя беременности -- деген жазууларды окуп алып, эстен танып кала жаздады.
-- Эмне дейт? Кудайым аай! Бул эмне деген кереметиң? - деген бойдон Уркуя кубанганынан буркурап ыйлап алды.
-- Жаным балам, дарыгер жат - десе жаткын! Өзүң дагы кыйналып жатасың. Өздөрү жол жобосу менен дарылашат- макулбу кызым?
-- Өзүңдү бас Уркуя! Кудай буйруса жакында таене болосуң? - деп, өзүнө - өзү сүйлөп, көкүрөгүнө колун коюп, кериле дем алып, кудайым өзүңө чексиз шүгүр - деп, жаш баладай кудуңдап, кубанычы койнуна сыйбай, Жайнагүлдү ээрчитип, гинекологиянын сактандыруу бөлүмүн көздөй кетишти.
Айтурган Армандын үйүнө барып келгенден бери көңүлү ачылбай, өзүнүн кетирген катасына өзү ичинен өкүнүп, жан адамга айталбай улам үшкүрүнүп ичкени ириң, жегени желим болуп жатты. Себеби короого киргенде, эле шыпырылып тазаланбаган, үйдүн ичине киргенде, иретсиз чачылган буюмдар, ашканада жуулбай жаткан идиш аяктар, Диларанын өзү жүдөгөн, ал эми өзүнүн уулу Арман болсо, көңүлсүз абдан чүнчүгөн түрү, бири - бирине көңүлсүз караган көздөр. Уулунун өзүн нараазы болуп караган көз карашы, ыйлап туруп айткан сөздөрү кулагына жаңырып, баары, баары кайра -кайра көз алдына тартылып, келечеги жок көрүнүшкө ичи ачышып, сай -сөөгү сыздап, абышкасы Бакирдин айткан сөзүнүн чындыгына көзү жетип, маанайы чөктү. Абышкасына арыз, муңун арманын айтууга жүрөгү даабайт.
Кой десе болбой, өзүң кылгансың - дей турганы анык эле. Арадан мезгил зуулдап өз нугунда өтүп жатты. Ошол арада Диларанын апасы Малика келип, кызынын балалуу аялдан бетер жүдөп олтурганына жаны кейип, үйдүн ичи сыртын тазалап, кир когунан бери жууп, анан акыл - насаатын айтып, күйөөңдүн көңүлүн алып, ушул жерде таштай катып, суудай сиңип жашап калганга аракет кылгын! Бул жерден дагы ажырап барсаң сени картайган чал дагы албайт!
Сага киришип жаткан адам болбосо, таза, тыкан болуп, күйөөңдүн көңүлүн алганга аракет кылгын! - деп, каттуу дайындап, шылкыйып турган Диларанын кулагына куюп, эртесинде эжеси Айтурганга жолуга кетүүгө бети чыдабай,
-- Кайра келемин жакшы олтургун! - деп, кызына зекий карап, коштошуп кетип калды. Малика таксиге олтуруп, жолдо баратып, "кандай болсо да, Дилара эжемдин уулу Арман менен жашап калышы керек! Жалгыз кызымдын бактысы үчүн күрөшүүм керек! Бирок кандай кылып?.., Азырынча тез - тез келип, ыссык суугуна каралашып, аралашып, жардам берип, колдоп - жөлөп турсам балалуу болуп калгандан кийин, күйөө балам Армандын дагы мамилеси, өзгөрүлүп, калаар" -- деген үмүттүү ойлору менен таксиде өздөрүнчө сүйлөшүп бараткан адамдардын сөздөрүнө көңүлүн бөлбөй, анча - мынча карегине жаш үйрүлө калып, жаштайынан айтканын кылып, колун муздак сууга тийгизбей, эркелетип, кызынын эртеңки келечегине кам көрбөгөнү үчүн, өзүн - өзү жемелей күнөөлөп, өкүнүчү жан - дүйнөсүн өрттөп, көңүлү чөгүп, чырмалышкан ойлору менен алек болуп үйүнө жетип калганын да сезбей калды.
Жайнагүл жадырап - жайнап, көңүлү чайыттай ачылып, сүйкүмдүү, сулуу жүзү албырып, көздөрү күлмүңдөп, күндөн - күнгө чырайына чыгып, эне болуу бакыты насип кылып, эсен - аман бошонуп, бөпөмдү колума алсам экен --деп кудайдан тилеп, ак эткенден, так этип жүрдү.
Таажы Аязова
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18
Ден соолукта.болуп,,калемин курчуп, коп-коп чыгармаларды жарата бериниз