Качандыр бир кездерде бир падышанын караса көз тойбогон өтө сулуу аялы болот. Бирок, кулк-мүнөзү өтө начар эле. Ортолорунда уруш-жаңжал көп болот эле. Акыры чыдабай калган падыша бир күнү ажырашмакчы болот. Аны уккан вазирлери падышага жумшартуу(оюнан кайтуусу) үчүн:
-Жубайыңыз өтө сулуу жан, мындай сулуу аялды эч жерден таппайсыз!- деп мактап башташат.
Падыша үн-сөзсүз тыңшап олтуруп бир кезде:
-Өтүгүм кандай экен, жактыбы?- деп сурайт.
-Өтө сонун!
-Кымбат булгаарыдан жасалган. Падышалыктын эң таанымал өтүкчүсү атайы мен үчүн жасап берген. Ошондуктан меникиндей өтүк эч бир жерден табылбайт.
-Ооба, ооба. Айтканыңыздай экен, өтө сонун өтүк экенин моюнга алабыз. Хмм.. Бирок, биздин сурообузга мунун кандай тиешеси бар?
Падыша мындай деп кыска жооп берген экен:
_*-Өтүгүм бутумду кысат...*_
📌Демек дүйнө канча кең болбосун, жашооң канча жакшы, баары жетиштүү болбосун бирок үй -бүлөнү ыйманы менен нурга бөлөгөн, сени түшүнгөн, сыйлаган, урматтаган, мээримин төккөн, жашооңдун бир бөлүгү болгон жарың болбосо эки бутуң бир өтүккө тыгылган сыяктуу, же жүрөгү жаралуу, жан дүйөнөсү оорулуу сыяктуудур...
✨Пайгамбарыбыз САВ айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим)📚
✔«Аял жакшы – эр жакшы» дейт кыргызда, улуу сөз. «Эрди эр кылган да, жер кылган да аял» – деп айтылат. Мааниси мындай терең макал башка элде айтылбаса керек. Айтылса да мындай күчтүү, салмактуу чыкпаса керек.
✔Аял эч качан өзү бактылуу болбойт. Анын бактысы ак никелүү болуп күйөөгө чыгуу, бала төрөп чоңойтуу. Бийликтен, байлыктан бактылуу болом деген аял катуу адашат.
✔Жакшы аял турмушка чыгып бакыт тартуулоого аракет кылат, жаман аял аны күтөт
✔«Аялдын пири анын никелеп алган күйөөсү».
Эгер аял өз өмүрлүк жолдошун пирдей тутуп кадырлабаса, анда андай үй-бүлө бактысыз үй бүлө..
✔«Аялдын жакшысы эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген кеп бар. Ыймандуу, сабырдуу, кайрымдуу болуп туруп эрден чыгып кеткен аялдар сейрек жолугат. Аялдардын көпчүлүгү чыдамсыздыктан, тилинин азабынан, тарбиясыздыктан, түшүнбөстүктөн, өзүмдүн айтканым туура дегендиктен ажырашып кетет. Андайлар өзүн да, өзгөнү да бактылуу кыла албайт.
✔Жакшы жар жайнаган дөөлөт, жаман жар жабышкан мээнет.
✔Эрте турган эркектин ырысы артык, эрте турган аялдын баарысы артык...
✔Эрди-катын таттуу болсо чырагы жанар, эрди- катын урушса көңүлдөр калаар..
✔Жакшы аял жаман эрди хан кылат, жаман аял жакшы эрди жок кылат...⚘
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Мунун жыйынтыгы, өмүр аяктаарда билинет шекилдүү ....
Барган аял бар болсо ,ал өзун сыйлабаган аял ...
Чыдамдын акыры болот го
Чыдай берип, өмүр өтүп кетмей болду
Адам акылына келгиче өмүр түгөнүп,темир тапка келгиче көмүр түгөнүп жатпайбы