Предыдущая публикация
( хадис.)
Кызың болот ата энеге күйүмдүү,
Кыз төрөйт деп бузбагыла үйүңдү.
Аял болот ошол кызың чоңойсо,
Адамзатта барбы ? аялдай мээримдүү.
Аял деген апа болот билсеңер,
Аял деген балдарыңа мүнүшкөр.
Кызыңарды барктагыла эркектер,
Сегиз бейиш ачкычын алам десеңер.
Көрүп жүрөм эркектерди жашоодо,
Кыз төрөйт деп аялдарын сабоодо.
Түшүнбөгөн түркөйлүгү деп билем,
Түз эле барып түшөт тозоко.
Кыз күйүмдүү эң биринчи атага,
Жол коёбуз биз эркектер катага.
Сегиз бейиш эне таман астында,
Кыздарыбыз келечекте апа да.
Эркек дагы үйдүн куту береке,
Каяша айтпа оо айымдар эркеке.
Аял эркек эриш аркак болбосо,
Түшпөйт такыр куу теректен көлөкө.
Н. Жума.
2024/10/ 30.
Аксы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1