3 - БӨЛҮМ
--Аай иий Кундуз эже келдиңизби? - деп бир тууган эжемди көргөндөй жадырап -жайнап саламдашып, эсен соолук сурашып, кайда кетип калдыңыз? Баякы аңгеменин уландысы кандай болот экен? - деп ичим бышып жүрөмүн - дедим.
-- Ии ооба, кай жерине келдик эле? Жүр үйгө жакшылап жайланышып олтуруп, деп баратып ;
- Аай Айжамал кызым чай койгун! Эжең экөөбүз чайлашып олтуруп, аңгемебизди уланталы! - деп мага карап жылмайып койду.
-- Кайсы жерге келген элек - деп кайра сурады.
-- Баякы Карачач досуңуздун тою болуп, күйөөгө узап кеткенин, сиз Жалал -- Абаддагы пед училищеге тапшырып окуп жүргөн жерге жеткенбиз -- дедим.
--Аа ошентип - деп, Кундуз эже кайрадан аңгемесин уланта баштады.
-- Мен Жалал -- Абадда педучилещеде окуп жүргөнүмдө, биринчи курсту аяктап, айылга жөнөп ,
автобус күтүп аялдамада олтурсам көк түстөгү жеңил машина келип токтоп,
-- Карындаш кайда барасыз? Олтуруңуз жеткирип коёмун -- деди.
- Ой жок рахмат азыр автобус келет - деп, бурула бергенимде, кайдан жайдан пайда болгону белгисиз эңгезердей эки жигит
-- Оой жүрүңүз, жүрүңүз кеттик - деп дегдеңдете жетелеп, колумдагы сумкамды жулуп алып, өзүмдү машинага зордоп салып, айдап жөнөдү.
Мен машинада олтурган Аскарды көрө коюп, алардын мени ала качканын дароо түшүндүм. Мен андан бетер жинденип, каршылашып, алымдын жетишинче тээп, тиштегилеп кыйкырып өкүрүп жаттым. Аскар кат жазып, сөз айтып артымдан жүрүп, мени көндүрө албагандан кийин, көптөн бери жолумдан чыкпай, көрүнбөй калганынан улам, " кутулдум" - деп кубанып жүргөнүмдө эми минтип малдай кылып ой - жайыма койбой алып качып баратканына аябай ачуум келип;
--Мен өлсөм дагы сени менен жашабаймын убара болбогун! -- деп кыйкырып, өкүрүп ыйлап бараттым.
Алар машинаны адамдар көп чогулган үйдүн короосуна айдап киришти. Оо көрсө, той башталып калыптыр да. --Мен түшпөймүн кайрадан жеткирип койгула -- деп көшөрдүм. Машинаны кемпирлер, аялдар, келиндер ызылдап ороп алышып, эптеп түшүрүп алуунун аракетинде болуп жатышты. Жалынып - жалбарып, колумдан тарткылап, аябай чарчашып.;
--Ушунчалык келгениңден кийин, үйгө кирип даам ооз тийип, эгер калгың келбесе, айла канча?, зарыбыз бар , зорубуз жок. Бизде зордомой жок - дешти. Куулук, шумдугу жок ак көңүл жаным, жаштык кылып алардын сөзүнө ишенип, машинадан түшүп үйгө кирдим.
Алар менин башыма жоолук салышты.
Жоолугун алып ыргыттым.
-- Жалганчылар качкыла мен кетемин! -- деп сыртты карай жулунуп баратканымда, баягы мени алдап үйгө алып кирген кемпир босогого көлдөлөң жата коюп;
--Кана мени аттап өтө алсаң өтүп кет -- деди. Чындыгында жалган сүйлөгөнүнө ачуум келсе да бул кемпирдин башын аттап кете албадым.
Ошентип ошол жерде келин болуп калдым. Бирок Аскарды жаныма жакын жолоткум келбейт. Өзүмдү - өзүм канчалык зордосом да, негедир жүрөгүм жылыбады. Апам менен жеңем келгенде " кетемин" - деп тополоң салдым. Бирок алар " таш түшкөн жеринде оор" - деген, .түшкөн жериң да күйөөң да жаман эмес окшойт көңүлүңдү коюп жакшы тиричилигиңди кылгын -- деп менин сөзүмдү арыз муңумду уккулары келбей кетип калышты .
Арадан зуулдап мезгил учуп билинбей, жыл айланып, мен экинчи курста окуп жүргөнмүн. Күндөрдүн биринде сиңдим Райла келди.
-- Эже досуңуз Карачач эжем үйүнө келди. Уул төрөптүр! Батма апа төрөтканадан чыгарып келишип, өзүн жана баласын карап жатышат -- деди. Карачачтын келгенин угуп, эртеси эле Райла менен кошо өзүмдүн төркүнүмө бардым.
-- Ай балам кайын ата, кайын энеңден, күйөөңдөн уруксат сурап келдиңби?-- деди апам мени убайымдуу чочулай карап;
-- Ии ооба сурадым -- дедим.
Ата -- энем менен бир аз олтургандан кийин,
-- Карачач келиптир го апа.
-- Ооба уул төрөгөн. Анан Батма апаң тыныкканча бизде турсун -- деп алып келген. Анын үстүнө кыйналып төрөгөн имиш -- деди апам. Анда мен досума жолугуп келейинчи көрүшпөгөнүбүзгө да көп болду. сагындым-- деген бойдон алардын жообун күтпөй эле чыгып кеттим. Карачачты көрүп, оозум ачылып калды. Арыктагандан арыктап, көздөрү киртийип, таптакыр өзгөрүлүп кетиптир. Экөөбүз кучакташып солкулдап ыйлап алдык. Мен ошол түнү Карачачтын жанында конуп калдым. Каны аз болуп, уулун ары барып, бери келип, араңдан зорго кыйналып төрөгөнүн айтты. Мен дагы өз башымдан өткөндөрдү айтып, ыйлап-- сыктап кейидим. Карачач күйөөсү жөнүндө ачылып эч нерсе деле айтпады. Ошентип экөөбүз түндүн бир оокумуна чейин өткөн кеткендерди эскерип, эстеп чер жазышып сырдаштык. Эртеси түшкө жакын менин Райла сиңдим келгенде гана ойгондук.
-- Сизди атам менен апам чакырып жатат -- деди Карачачтын үйүндө конуп калганымды жактырбагандай каадаланып...Ошол күнү кайра кетээримди айтып, курбум менен коштоштум. Экөөбүз тең эмнегедир көңүлүбүз бошоп, ыйлап коштоштук.
Үйгө келсем атам менен апам мага нараазы болгон түр менен;
-- Келген күнүңдө үйгө түнөп, эртеси барсаң деле болбойбу? Эми келгениңде күйөөң менен келгин!! Уят эмеспи? Сен эми турмушка чыктың, ой - келди, узун туура басканыңды койгун уктуңбу?
Дос - душмандын алдында, жаркылдап тиричилигиңди кылгын! - дешип акыл насааттарын айтышып, " чыккан кыз чийден тышкары" турмушка чыккандан кийин, ошол жерде таштай катып, суудай сиңип жашаш керек --деп, бир нерселерди бууп , түйүп баргын эми -- деп өөп, жыттап , ак жол, каалап жолго салышты.
-- Эми окубай эле кой! Баарыбир сени иштетпеймин! -- деди Аскар менин жиниме тийип.
-- Эмне дейсиң? - дедим анын жагымсыз сөзү кулагыма жакпай, чукчуңдай сүйлөдүм.
-- Сөз бирөө, кулак экөө, эмне уксаң ошол бүгүндөн баштап, менин айтканым айткан, дегеним деген болуш керек! Унчукпай койсом, өз билгениңди кылып, башыма чыгып баратасың -- деп , сөөмөйүн кезей өктөм сүйлөдү.
-- Сенин башыңа чыгып эмне кылдым? -- деп сөзүмдүн аягына чыгарбай, жаак талаштыра чаап жиберди. Көзүмө от чагылыша түшкөндөй болуп, жыгылып калдым.
-- Оозуңду жаап, тилиңди тыйып, элдин катындарындай тиричилигиңди кылгын! -- деп чыга жөнөдү. Ал сыртка чыгып баратканда аябай ызаланганымдан ;
-- Мен сени менен өлсөм дагы жашабаймын! -- деп кыйкырдым.Ал кайрылып келди да, аянбай жанынын барынча тепкилей баштады.
Ал түгүл муунтуп, "өлтүрөм" дегенге өттү. Жыл айланбай, балалуу да болбой, жасаган бул кылыгын эч качан кечирбеймин! -- деп кекендим да, кийим -- кечелеримди салыштырып төркүнүмө кетип калдым. Ата - энем баарын көрүп, билип өзүмдөн угуп турса да, "кайрылып баргын -- деди.
-- Кандай ата - энесиңер түшүнбөдүм? Мени көк ала койдой, сабап, ошончолук кордогонун көрүп туруп, кантип гана чыдап, " үйүңө кеткин" - деп жатасыңар? Мен силерге таң калам. Ошончолук эле таш боорсуңарбы? Же мага өгөйсүңөрбү -- деп ыйладым.
Ошол бойдон ата - энемдин оозулары жабылды. Менин окуум башталып, Жалал -- Абад шаарына кайра кетип калдым. Аскар артымдан жалынып - жалбарынып кечирим сурап кайра - кайра барды. Бирок менин эч качан кечирбестигимди билип, ага көзү жетип, араң жоголду.
Уландысы бар.
Таажы Аязова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 29
Сонун турмуштан алынган чыгармага рахмат . Уландысын чыдамсыздык менен кутом