2-- БӨЛҮМ..
Ошол жылы биз бүтүрүүчү класс болгондуктан экзамен тапшырып, аттестатыбызды колубузга алып кубанып, ошол күнү классташтар чогулуп Сагындын үйүндө кече өткөрдүк. Кечеде ырдап, бийлеп көңүлдүү олтурганбыз бир кезде, сырттан Карачачтын апасы Батма апа кирип келип;
-- Бол алдыма түш, кыз баланын түндөлөтүп ар кайсы жерде жүргөнү уят эмеспи? - деп, эч кимдин сөзүн укпай, Карачачты булкуп - жулкуп колунан жетелеп чыгып кетти. Жаңы эле бака - шака болуп көңүлдүү олтурган биздин маанайыбыз түшүп көңүлсүз болуп калдык. Айрыкча Сагындын көңүлү чөгүп, башын шылкыйтып үнсүз олтуруп калды. Ошентип атайын уюштурган кечебиз да аягына чыкпай, баарыбыз Сагынга ыраазычылык билдирип, коштошуп,үйлөрүбүзгө жөнөп калдык. Арадан эки күн өтүп, мен бакчабыздан памидор терип жүрсөм кошунабыздын кызы Азиза ;
-- Аай Кундуз - деп, эшигибизди ачып, өңү купкуу болуп көздөрү алаңдап жаныма жакын келип;
-- Сен эч нерсе укпадыңбы? - деди. Эмне болду? Бол айт эми! -- деп чыдамсызданып оозуна карап калдым.
-- Кечээ күнү Сагын балдар менен чөмүлгөнү кетишип, Сагынды көлгө чөгүп кетиптир -- дешип жатышат.
-- Аай иий койчу, кайдагыны айтасың - дедим ишенбей.
-- Ыйлаган үндү уктуңбу? - деди Азиза кулагын түрө калып.
-- Ооба мага да угулду чын эле -- дедим да памидор терип жаткан чакамды ыргытып жиберип дарбазадан атып чыктым. Неге чыктым, кайда барам?, жоолугум башымдан түшүп, чуркаган бойдон ыйлап бараттым. Карачачтын үйүнө жетип, эшигин каккыладым. Бир аздан кийин, эшикти Карачач ачты. Ал мени таңыркай карап, кел -- деп эшигин кенен ачып, ыйлаган түрүмө таңдана карады. Келиши келип алып, ага кантип айтаарымды да билбей, калтырап, үнүм дирилдеп, тилим күрмөөгө келбей жатып араңдан зорго;
--Кечээ күнү Сагын балдар менен көлгө кетишкен экен го!
-- Ооба көлгө кетишкен - деди кабары барлыгын билдирип.
-- Бирок ошол көлдөн кайрылып келбей калыптыр да -- дедим.
--Ким - деди түшүнбөгөндөй аңырайып.
-- Ким болмок эле Сагын, Сагын -- деп атын кайталап ыйлап жибердим. Дагы эле эч нерсе түшүнбөгөндөй көздөрү жалжылдап, мени таңдана карап эле калды.
--Эмне дагы эле түшүнбөдүңбү? Сагын көлгө чөгүп өлүп калыптыр уктуңбу?-- дедим үнүмдү каттуу чыгарып.
Алаканы менен жүзүн басып, каттуу эчкирип ыйлап жиберди.
-- Ай эмне болдуңар ызы - чуу түшүп - деп Батма апа бизге таңыркай карады.
-- Биздин классташыбыз көлгө чөгүп кетиптир.
-- Ии ботом, кайсы классташыңар, кимдин баласы? -- деди Батма апа Карачач экөөбүзгө карап;
-- Башкарманын баласы Сагын классташыбыз -- деп жооп бердим.
Карачач экөөбүз ээрчишип биздин үйгө келдик. Атам менен агам чөп чапканы кетишкен. Апам болсо төмөнкү айылдагы таежемдин үйүнө кеткен эле.
Экөөбүз ыйлай берип көздөрүбүз шишип кетти. Айрыкча Карачачтын эзилип ыйлаганы менден ашып түштү. Сагын менен Карачач жолугушканда, "экөөбүз Фрунзеге качып кетебиз" - деп антташкан экен. Буйрубай калганы аябагандай өкүнүчтүү болуп, курбум Карачач мөгдөп эле калды.
" Кызганганың кызыл итке жем болду -- дегендей, экөөбүз тең бир жигитке ашык болуп, ага да жок, мага да жок бизди таштап, сууга чөгүп кетти.
"Убакыт эмчи" - дегендей, ыйлап- сыктап антип- минтип мен өзүмө келе баштадым. Бирок досум Карачач күндөн-- күнгө азып - тозуп, абалы начарлай берди. Ачылып же сырын айтпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт.Кечээ күнү апасы мага атайын келип;
-- Карачач менен мурдакыдай ынак болуп сүйлөшпөй калгансыңарбы? Досуңа эмне болгон тообо ыйлайт эле ыйлайт, биз өлсөк да ошондой ыйлабаса керек эле деймин, аябай эле чүнчүп кетти го...Ооба мен дагы уктум ошол Ишенбайдын уулун жакшы көргөн имиш. Тообо кылдым ал тийип алган күйөөсү болбосо -- деп Батма апа жакасын кармады. Аңгыча базарга кеткен атам менен апам сырттан кирип келишип, сөздүн нугу башка тарапка бурулуп кетти. Ошол жылы мен Жалал - Абаддагы пед училищеге тапшырып экзаменден өтүп, окууга кетип калдым.
Карачач курбумду туугандарынын уулуна той жасап узатып жиберишти.
Сабактан бошой албай, курбумдун тоюна да катыша албай калганыма аябай өкүндүм.
Аңгеменин ушул жерине келгенде, бирөөлөрдүн кобур- собуру угулгандай, кичинекей балдардын чурулдаганы коштолуп, сымбаттуу ак жуумалынан келген келишкен оттуз жаштардагы жигит жубайын, балдарын ээрчитип, кирип келди. Жубайы дагы, ыйманы ыссык, татынакай келин экен. Ал жигит менен келин "кандайсыз апоо" - дешип Кундуз эжени кучактап жүзүнөн сүйдү. Неберелери да амандашып, саламдашып болгон соң, мени менен да саламдашып, шаракташып бака- шака түшүп жатышты. Кундуз эже аларды мага тааныштырды. Бул менин жалгыз уулум Сардар, Келиним Айзаада, неберелерим Алымбек, Айжамал -- деп мага карады. Алар да мага сый, урмат менен карашып жылмайып коюшту. Мен да өзүмдүн атымды атап, кошуна экендигимди айтып, "макул анда барайын-- деп жөнөп калсам, Кундуз эже ой - жайыма койбой, Менин балдарым менен жакындан таанышып, баарлашып, бирге тамактанып анан барасың - деп кайрадан олтургузуп койду. Келини дароо кийимдерин алмаштырып, чайын коюп, тамак ашка урунуп кетти. Кундуз эженин уулуна карап олтуруп, анын ашыкча мээримдүүлүгүн адептүүлүгүн байкадым. Апалап жаны калбай, кареги менен тең айланып жатты . Ошондой сый - урматка татыктуу эне экендигин өзүмдүн көздөрүм менен көрүп, сезимим менен туюп, ичимден элжиреп ыраазы болуп олтурдум .
Эртеси күнү түшкө жакын үйүнө келсем, эшигине кулпу салынып туруптур. Кошунасынын келини суу көтөрүп баратканын көрүп;
-- Кундуз эже кайда кеткенин билдиңби? -- деп сурадым.
-- Кундуз эжени уулу алып кетти. Билбеймин качан келээрин айтпады -- деп, чакаларын көтөрүп жолуна түштү.
Мен Кундуз эжени чыдамсыздык менен күтүп жүрдүм.
-- Келип калды бекен? -- деген ойдо тез -- тез келип, кайра дагы кетип жаттым
Арадан бир апта өткөндөн кийин, Кундуз эженин эшигинин алдында небереси менен жүргөнүн көрүп кубанып кеттим.
Уландысы бар.
Таажы Аязова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24