Бостон негедир бүгүн аябай кубанычта. Анткени жубайынын боюна бүткөндөн бери көптөгөн тилек-үмүтү орундалгандай. Балалуу болсо деп ак эткенден так этип жүрчү эле го!: Эми минтип:айлар өтүп, үчүнчү баш кошконунан айдай жүздүү кыздуу болду:
Ошентип, Наристенин ыңаалаган үнүн да укту: Мындайда Бостон кантип бактылуу болбосун. Деги эле жер үстүнө батпай турган учуру. Кудайга жалынып жалбарат. Буга кошулуп тиги улуу тоо да жаңырык салып, жарыкка келген наристеге куттук айып жаткандай. Бөксөдөгү кызгалдактарды кароолоп өсө берген арча-кайыңдар кол булгалашат. Бостон наристенин атын тиги гүлдүү талаанын атынан ырымдап Гүлүм деген ат койду.
Күндөр өтө берди. Наристенин жарык дүйнөгө келиши менен үй ичиндеги тиричилик да көбөйгөнсүдү. Гүлүм колдон колго өтүп, үй-бүлөнүн эрмек кылары. Эне сүтүнө аралашкан буркураган жытын айтпа. Жан аман болсо кечеги ымыркай көзгө урунуп, улуу киши катарына кошулуп кетер күн да келет тура. Гүлүм зээндүү кыз болуп чоңойгондой. Жети жашка да келди. Кичинекей сиңдиси Айданек менен жаны тынбайт. Ата-энесинин жооптуу жардамчылары. Гүлүм атасына аябай ынак. Каякка басса ошоякка ээрчип алат:
Кыз баласы атага өтө жакын болгонун адатта бактылуу болот деп коюшат. Гүлүм шылтоо таап алып Бостондун жанына отуруп алып бирдемелерди божурай берет. Бостон кызын: "Сен чоңоюп калдың, апаңа жардам бер да. Атасын ээрчип алган кантип жакшы болсун", - дей берет. Гүлүм ага да болбойт. Бостон менен дары чөптөрдү тергени ой-тоолорго да чыгып кетет. Дары чөптөрдү жыйнап дарыгер-молдолук жайы да бар, айыл-апада Бостонду кадырлашат, баркташат. Бул өнөрчүлүк ата-бабаларыбыздан бери келаткан бир багыт. Аны ар бир эле адам тута бербейт экен.
Күндөрдүн биринде сары баш беделүү чоң арыктын жээгинде чөп оро баштаган. Эски коргондун жанына жете бергенде терин аарчыганы өйдө боло калганы. Маңдайында калак баштуу кара чаар жылан секирчүдөй болуп бир октолуп кышылдап турбайбы. "Кана эр болсоң мени менен беттешип көрчү адам баласы", - дегенсип казык болуп кадалат. Жыландан көзүн албай ичинен бирдемелерди күбүрөп Бостон да кыймылсыз. Бүткөн боюн көл-шал тер басып, колдорунун салааларынан тер жерге тыпылдап тама да баштады. Күндүн аптабынанбы, же тиги чаардын сүрүнөнбү Бостондун алы кетип мына-мына жыгылып бараткандай абалда болуп турганда: "Ата, мен Айданек!" - деген үн угулду. Караса кичинекей Айданек Бостонду көздөй чөптү аралап чуркап келатат. "Айданек, акырын шашпа!" - деп үн салды. "Айданек" дегенде эле тиги кара чаар жылан чалгы менен бир чапкандай жерге шалп эте кулап, олоң чөпкө оодарыла түштү. "Бу тилегиң каткырдын аты Айданек белем", - деп койду ичинен Бостон. Чач саамайларына түшкөн чөптөрдүн бүчүрлөрү жабышып, мурдунун үстүн тер басып шашып келген Айданек сулап жаткан жыланды көрө коюп: -- Ата, бул жылан го, - деп үнүн акырын чыгарып койду.
- Ооба, кызым, кара чаардын өзү. Коркпо. Адам өзү тийишпесе бул да тийишпейт.
- Гүлүм эже! Мен атамды сенден мурун таап алдым, таап алдым.
- Тиги жай басып келаткан Гүлүмгө мактаныч менен үн салды.
- Айданек, карачы атам жылан таап алды!
- Ата суусадыңызбы? Кымыз алып келдим, апам тамак берип жиберди, - эч нерсени байкабагандай колундагы түйүнчөктү атасына сунду. "Курганым ата, жылан менен беттешкен го", - деп койду ичинен. Атасына айыл-ападагылар: "Бостон жылан менен арбашат", - деп калышар эле. Бирок бир да жолу атасынын жылан менен арбашканын көрө элек. Бостондун жүрөгүнө эч нерсе баспай челектеги кымыздан удаа-удаа жутуп жиберди да, үн-сөз жок эки кызын жетелеп жолго түштү. Орулган чөп, сууланган боолуктар кала берди. Үйгө эптеп жетип, эртелеп төшөк салдырып, тиги чаар менен болгон окуяны эч кимге айтпай, унут калтырайын деп жастыкка баш койду. Көпкө чейин ооналактап жатып, бир кезде көзү уйкуга илинди. Түшүнө жыландар кирди. Бардыгы тегеректеп, Бостонду талап жаткандай. Улам чочуп ойгонуп, бул түн бир азап болду.
Эртеси эриндерине барсайган учуктар чыгып, бүткөн бою салмактанып, кыртышы сүйбөй калыптыр. Айылдагы курбалдаш молдону чакырып дем да салдырды. Араң дегенде табышмактуу бул кеселден арылгансыды. Басса-турса баягы кара чаардын тиктеп турганы көз алдынан кетпейт да. болгон окуяны бир да жанга айткан жок. Өзүнчө эле бир түнт болду да калды.
Тиги орулган чөптү, эски коргонду көргүсү да жок. Күндөр өтө берди, жылдар жылды.
Айданек менен Гүлүмдүн бой жетип калган кези эле. Бышып турган мөмөгө кимдин гана көзү артылбайт. Айылдын жигиттери жеңелери аркылуу сөз айттыра да баштады. "Каап, экөө тең уул болушса ага-ини болуп, бирине жөлөк, бирөөсү атымды токуп, эшиктеги отундарымды жарып бербей беле", - деп кейиште болот Бостон. Анткени менен мынабу эки жигиттен кем ишти жасабаган эки кызынын барына тобо кылат. Кыз бала, чиркин, төркүнүнө күйүмдүү келет тура. Үй ичиндеги да, сыртындагы да жумушту кабагым-кашым дебей, айттырбай жасай беришет. Ыйман бар жерде ырыс да бар. Болбосо ата-энесине кур доомат арткан канча чоөке бийкечтер бар дейсиң.
Күндөрдүн биринде жакын санаалаш досу Садыр уулуна Гүлүмдүн колун сурап келген экен. "Ээ, балдар бири бирин көрүп сүйлөшсүн. Алар бири бирине ык келип калышса ажеп эмес, мен каршы болот белем", - деген сөз тутантты. Канткен менен Садыр өздөй киши. Кызынын бара турган жери орундуу болсо экен деп ким эле тилек кылбасын. Эгерде кудай нике буйрук кылса күйөө болчу Тилек да айылдагы "мен" деген жигиттердин бири. Кудум - шудуңу жок жигит. Бой келбети да бар. Мындай учурда Садыр менен куда болуш эмнеге болбосун? Айтор, айыл ичи күндөн-күнгө уу-дуу. Гүлүм менен Тилек да бири бирин жан дүйнөлөрү менен аруу түшүнүшкөн, ыгы келе калган жерде бири бирине кайдыгер карашпагандыгы бар эле. Бирок бардыгы тең жашыруун болчу. Эми минтип ата-энелери сөз баштаган соң ортолорундагы жылуулук таза мамилелер ого бетер сүрөөнгө алынып тургандай абалга жетти. Буйрукка да айла жок. Ата-энелердин макулдугу менен болгондой абалда экөө жуп болуп ак никелүү да болушту. Оо, андагы айылдагы өткөрүлгөн тойдогу шаңды айтпа. Ар бири кызын күйөөгө узатып жаткандай, экинчи бирөөлөр келин алып, уул үйлөп жаткандай болушту десек калп болбос.
Аруу тилек, ой-максаттар бар болуп,
Айыл ичи көркүн ачты шаң толуп.
Ак никелүү болгон кезек эки жаш,
Ак куулардай танбас сүйүү, жар болуп.
Бирок адам пендечилигин тагдырдын салганына баш ийбөөгө чамасы жок тура. Гүлүмдүн барган жеринин согончогу канабады. Буйругу жок болсо айла жок экен. "Куу согончок аталгандан көрө" - деп Гүлүм атанын төрүнө келип да алды. Анан кантет, ичи-сыртынан "төрөбөс келин" деген күңкүлдөмөй болуп атса. Өзү да корунуп атып жүдөп бүттү. "Таалайым ошондой болуп калса кантейин" - деп ичтен сызылат. Атаганат, колунан баары келген, ыйманы бийик, улуу-кичүүнү наркы менен сыйлай билгендин бир жагы кем болот белем. Ошенткен менен адамдын асыл заттыгы, анын айлана-чөйрөнү, ата журт намысын талаша билгендин бийиктиги жерде калбайт тура. Гүлүмгө үйлөнөбүз деп сөз салгандар болбой койгон жок. экинчи жолу турмушка чыгууга туура келди. Анткени өз айылынан бир азыраак алыс турган айылдан Адыл деген жигит келди. Ал Гүлүм үчүн табылчу дүйнөнүн бардыгын сайды. Бир гана жактырып калган адамы менен бир болууну бийик тутту. Тагдыр деген ошол экен. Адыл менен Гүлүм өмүрлүк жубай болуп баш кошушту. Гүлүмдүн жан дүйнөсүн отко салып, убайым, ар-санаага салган бир гана нерсе кантип бир перзенттүү болуу максаты.
Элден угуп билген дарыгерлерге көрүнүп, же болбосо мазар таап зыярат кылуу. Айтор, ырымчылдык шарттарды көп жасагансыды. Буйрукка айла жок. Гүлүмдүн боюна бүттү. Муну сезген Адылдын кубанычын өлчөп болбойт. Гүлүмдүн оорун колдон, жеңилин жерден алып турат. Анан кантип, сүйгөн жарынан перзенттүү болуш оңойго туруптурбу. Акыры зарыга күткөн күн да келип, Гүлүм уул төрөп бербеспи. Бул кандай гана бакыт, ырыс, таалай! Бул күтүлбөгөн окуя айыл ичин аралап, өзүнчө бир жомоктогудай көрүнүшүн көрсөттү. Зарыгып күткөн чүрпө дешип атын Зарлык коюшту. Жаз айлары ортолоп калган. Эл жайлоого көчө баштаган убак. Адыл айылга жакын деп "Кемпир-Ташка" көчүп барышкан. Жаш бала менен алыстап көчүп конууну туура көрүшпөдү. Эртели-кеч кыштоого чаап барып, анча-мынча тирликке керектүү чай-чамегин алып келип да алышат. Анын үстүнө агайын-туугандарга үзбөй каттап туруусуна да жакшы эмеспи. Жөө басканда бир жарым сааттык эле жол. Анын үстүнө анча-мынча майда жандыктарды жайып, тун баласын бакканга ыңгайлуу. Бөксө адырлуу келип, бетеге суй салып чыгат.
Көчүп келишкенден бери кыштактагыдай кирди-чыкты киши жок. бир аз коңултакташып, анан көнүп калышкандай болду. Наристе Зарлыктын "тамашасы" эле канчага турат. Анын жооштугун айтпа. Курсагы ток болсо бешикте момурап жата берет. Эки колун чечип бош койсоң, бешиктин кармоочуна илинген чүкөлөрдү кармагысы келип убаралана берет, колдорун ары-бери серпкилеп. Баса, кармоочко илинип турган чүкөлөрдүн да баяны бар. Бешикке салганда, айылда Мамырбай деген кары киши бар, өзү анча-мынча дуба салып, эмдеп-демдеп койчу жайы менен улуу балаңарга жети чүкө алып келдим. Чолпон-Ата сөөгүнөн жаралып чыккан. Уулуңар жети өнөрдүн башын туткан азамат болсун" - өзү тагып кеткен. Жакшылыкты тилеген тилеги кабыл болсо экен деп коюшту.
Гүлүм колтугуна кыса келген куурайды сыртка таштап, үйдүн эшигин түрүп, ичке баш бакты. Уулу дале уктап жатыптыр. "Каралдым десе, жаагын жанган ыйлаак болсо шорум катпайт беле, бир аз эмизип коөюнчу", - деп бешик жабууну ача салды.
- Кокуй бул эмнеси? Өлүгүңдү гана көрөйүн! Түйдөктөлүп жатканын кара!: Бешиктеги баланын көкүрөгүнө түйдөктөлүп, башын баланын оң жагына сүйөп жаткан эки карыштай келген кара сур бала жылан жаткан болчу. Гүлүм кычкачты ала коюп, баланын көкүрөгүндөгү жыланды бир апчып сыртка силкти. Жылан ийрелеңдеп чөп арасына түшүп жатып калгандай болду. Бала эч нерседен кебелбей дале мемирейт.
- Ээ, кокуй күн, чагып алган го дейм! Гүлүм бешиктин боолорун шашыла чечип, баланы колуна алды. Бала чукуруна ойгонуп кетти. Апасын көрө коюп, адатынча "бу-бу" деп үн салып койду.
- Каралдым, каралдым менин. Сени карабай кара көзүм кашайсын,
Муну карачы, - деп Гүлүм Зарлыкты бооруна кысты. Аңгыча босого жактан кыш этип үн чыкты. Караса жанагы бала жылан тикесинен туруп алып, тилин соймоңдото теңселип коөт.
- Апей, ботом. Бул эмне шумдук ыя? Кайра кирип келгени эмнеси ыя?!
Кудай сактай көр!:
Баланы жердеги көлдөлөңгө жаткырып, очоктун жанында жаткан көсөөнү ала коюп жыланды бир урду. Жыландын баш босогого бир чабылгандай болду. Гүлүм көсөнү ала коюп, башын былчыйта тебелеп, качан башы жанчылгандан кийин чыңырып ыйлаган баланын үнүндөй доош угулду. Бирок эч нерсени капарына албай ачууга берилген Гүлүм ийрелеңдеп жаткан жыланды күйүп жаткан очоктогу отко салды. Жылан оттун табынан көсөгө ороло берип ары-бери булактап, бышылдап күйүп аткан денесинен жанагыдай баланын ыйлаган үнүндөй болуп үн чыгарып жатты. Боз үйдүн ичи куйкум-күйүк жыттанып кетти. "Эми кайсы жаның калды дейсиң", - деп жыланды көсөдөгү чычала болуп калган калыбында, күл болгуча көсөөлөп жатты. Мына кызык: тиги төрдө жаткан бала бакырып ыйлап жибербеспи. Гүлүм жанатан бери ырахаттанып, жыландан өч алгандай өзүн жеңил кармап баласын көздөй жөнөдү. Кызганычтан, баласынын ыйлап жатканын, анын өпкөсү көөп, үнү бүтүп калганын да байкаган жок. жыландан өч алгандай болду. Ошондо гана көлдөлөңдөгү колдорун тырбалаңдатып өксөп жаткан баласын колуна алып соорото баштады. Бала эмчегин албай, көпкө чейин чырылдап ыйлап сооронду. Эмчекти эмген сайын өзүнчө улутунуп жатты. Бала мынчалык жан алакетке түшүп ыйлаган эместей. Эмчекти чопулдап соруп жаткан баланын дүйнөсүнө эне мээрими ээрип кетти белем, бешикке салына Гүлүм көшүлүп уктап кетти:
* * *
Бул кезде Эне жылан жаны тынбай баласын издеп жүргөн эле. Баласынын өтө эркелигинен өтө коопсунат эле. Бир убакта боз үйгө да келип жетти. Баласынын издери жатат: күйүк жыттанган коңурсук жыт мурдун өрдөйт. Өзүнчө эле жаман ойлор башына келип, бири келип, бири чыгат. Жаман ойдон канчалык алыс болоюн десе да арыла албады. Жанында топуракка аралашкан ар кайсы жерде кандардын изи жатат. Бул адамдын каны эмес. эненин жүрөгү жамандыкты сезди: баласынын жамандыкка кабылганы оюна келсе да ишенген жок. "Ай тентегим ай, тентегим! Адам баласынын жанына жолобо деп канча какшасам да капарыңа албадың. Алар эч кимди аябайт! - деп ичинен муңкана көз жашы каректерине толуп кетти: "Тиги жерде баласын эмизип, өбөктөгөн сулуу келинди кара: наристелерге кантип жамандык кылсын, өзү эне болуп туруп. Ай ким билет? Адамдардан бардыгын күтүүгө болот": эне жылан эшикке шарт бурулуп, жыт искеп, жан алакетке түшүп, ары-бери жүгүрө берди: Бир маалда коломтого жетип барды. Караса: күл болуп өрттөнгөн баласынын сөлөкөтү жатат.
- Оо, шордуу башым! Мен эмнени көрүп турам, ыя?!: Жан-жаныбарларды жараткан Теңир!: эмнеге калыстыгың жо-ок! Наристе баланын жамандыгы эмнеде? Кана айтча жараткан!: Бооруң менен сойлоп жүр деп, жер үстүнө жараткан сен эмес белең!: Адам баласына чекилик жасаган жок элем го!: Жылан күл болуп сүлдөрү кеткен баласын кучагына ороп, ый менен кошо көз жашын көлдөтө шорулдата жыттап жатты: жыландын кайгысына учкан чымчык, жада калса, чегирткелер да тымтырс боло калышты: Тиги айдактанган сагызган гана табаа кылгансып, тал үстүнө отура калып шакылыктап, каткырык сала албай ойдолоктойт да турат: Эне жыландын өпкөсү көөп солуктап, көзүнүн жашы кургап да бүттү. Бүткөн бою чыйралып, тарамыштай түйүлдү. Көзүнөн шыркыраган жалын үйлөнүп, азыр эле жер үстүн өрттөп жиберчүдөй болуп, теңсиздик кылган дүйнөнү жок кылгысы келет: Жылан Эне көптө эсин жыйды. Баласынын кайгысынын өрттөнүп, боз үйдүн чамгарагынан шуу этип тик сайыла кирип барды: Учкан күүсүнөн ууктар майышып, керегелер кычырай, туурдуктар желбирей түштү. Анан катуу эки жолу ышкырды. Анын ышкырыгынан тимеле кулак тунат. Уктап жаткан Гүлүм эмне болуп кетти дегенсип, көзүн алактата ойгонуп кетти. Босогодо Гүлүмдү карап тикесинен турган Эне жыланды көргөндө эси оой түштү. Азыр эле көзү илингенде түшүнө кирген жылан маңдайында турду. Эмне кылышын билбей калды. Боз үйдүн эки капталынан ышкырып үн салышкан жыландар топтоло баштады: Гүлүм көрүп урган көзүнө ишенбей түшүм деди. Колун, бетин кармалап, түшү эмес өңү экенине зорго ишенди.
- Аа-аа: Жардам: жа-ар:дам-га-аа! - деп буулуккан үнү араң чыкты.
- Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт! - деди ызалуу Эне жылан.
- Кандай, кандай?: Мен: Эчтеме кылган жокмун. Кеткиле нары! - деди Гүлүм. Эне жылан каар менен:
- Оо, адамдар,! Калп сүйлөгөнүңөр үчүн: тапкан дүйнө-мүлкүңөрдүн баары жалган! Бири бириңерди балталап, каныңарды суусундукка ичкенден кайра тартпайсыңар! :
Гүлүм эсине келе эки жагын кумтулана карап:
- Сен жылансыңбы?!:
- Ооба, жыланмын. Өз көр оокатын жер үстүнөн издеген сендей эле жанмын.
- Анда жылан болсоң: Мен сени : Азыр өлтүрөм! Туш-тушта үймөлөктөшкөн жыландар уу-дуу боло түштү:
- Мен тиги :сен өлтүргөн жалгыз балам менен бирге өлгөнмүн. Мен жер үстүндө жокмун, каралдымдан айрылып кантип жер үстүндө жүрмөк элем:
- Эмне дейт?:
- Таңгалба сулуу!: Канга-кан алган жай бар.
- Кантип?
- Алдагы балаңды алам!
- Сага анын кереги бар?
- Жыланга да бала керек!:
- Кой антпе! Каалаганыңды ал, балама тийбе!:
- Кеч болуп калды, сулуу. Чыгып кет эшикке! Балаңды жетелеп кеткенимди көзүң көрбөсүн!
- Жок, жок! Антпе:
Гүлүм буркурай ыйлай бешикти кучактай калды. Бул дүйнө аңтарылып кеткендей болду. Анан кандайдыр бир сызылган сыйкырдуу үн чыккандай болду. Сырт жактан баланын баркырап ыйлаганы угулду. Гүлүм шарт тура калып, сыртка чуркай жөнөдү:
- О, балам! Зарлык кайдасың? Бербейм сени: Көйнөктөрү делбелектеп, чачтары саксаңдай: жылаңайлак учуп-күйүп, кыштоону көздөй чуркап баратты. Буттары таштарга тилинип, балтырларын тикенектер аймап, көйнөгүнүн этектери далдалактап кеткен.
- Тетиги ким өзү, делбелектей жүгүргөн? - деп койду Садыр, аты менен көчө ылдый баратып. - Бу курган эме: Чуркаганына караганда Бостондун кызыбы дейм?! Садыр аттын оозун чуркап келе жаткан караанга бура калды. Өтүп бараткан бирөөлөр:
Ой, тиги : тетиги: соо адам көрүнбөйт. Урунуп-беринип эле келе жатат.
- Кана, кана?: Тиги киши чекесине колун тосо калып карай берди:
- Бостондун кызы го:тиги:тоодо эмес беле:
Садыр үн ката атына камчы сылай, бир темине алга бастырды.
- Балам кана? Балам кана, эмизейин? - деди Гүлүм Садырдын алдынан тосо чуркап:
- Ээ, балам. Сенин балаңдын кайда экенин кайдан билем? Деги, эсен-соосуңарбы?
Баламды эмизейинчи. Баламды бергилечи, баламды бергилечи! - деп Гүлүм тизгининен алды. Тиги айылдан жете келгендер Гүлүмдү тааныбай коюшту. Гүлүм өзүн жоготуп койгон эле. Анын өдүк-сөдүк сүйлөгөн сөзүнө, кебете-кешпирине карашып, өзүнүн айылындагы бир кезде атагы таш жарган сулуу келинди эч ким тааныбай турду. Биринен сала бири: Ээ, айланайын сага эмне болду? Кимди издеп жүрөсүң? - дешип, туш-туштан жабалакташат. Гүлүм: "Балам кайда?" - дегенден башка сөз айтпайт, алдында тургандардын бирин да тааныбай, жинди болгонсуп бир сөзүн улам кайталай берди.
- Жүр, балаңды эмиз, - десе да уккудай эмес. Айтор, беймазаланган көрүнүш болду. Гүлүмдүн бул абалын түшүнө беришпеген эки келин Гүлүмдү колтуктап ала: "Жүр үйүңө, балаңды эмиз", - дешип жетелей жөнөдү. Чогулгандар үчүн бул көрүнүш өзүнчө эле табышмак болду. Садыр: "Кой, мен тиги ата-энесине кабар кылайын", - атын таскактата чапкан бойдон кетти.
* * *
Уландысы бар.
Бурул Самиева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8