Элди аралап, каптап кирип келүүгө бир аз эле кадамдар калганда Жандын улагына ушул үн “шак!” эте түштү да, тикесинен тура калып, арттагы жыландарды токтотту. Жан адамдар тараптан, болгондо да Кызмончоктордун үйү тараптан асманга жалын чачып, жалбырттаган отту көрүп, ою жамандыкка ооп, азыр барып бүт айылдын элин ойрон кылып таштоочудай келаткан. Таңырбайдын азыркы: “Эртеңден калбай көчүп кетишсин!” – дегенинен улам, Кызмончоктодун аман экенине көзү жетти да, саамга кулак түрүп, элди тыңшады.
– Кетсин! Көчүп кетишсин! Эртең күн кылайып чыкканча бул жерден изин суутуп кетишпесе, тирүүлөй таш бараңга алабыз! Макулсуңарбы, эл?! – деди Канымет.
Эл макул болуп, кужулдап жай-жайына тарамай болушканда:
– Айланайындар?! – деп “чар-р” эткен аялдын үнү жыландарды кошо “селт” эттирди. Качантан бери төшөктө жаткан Абылайдын аялы – Сайра экен.
– Айланайындар! Кара көзүмдү кашайттыңарбы, кокуй?! Уулум кана?! Кана уулум, кокуй?!
Аял эки бетин жошодой тытып, чачын жулуп, жер сүзүп жыгылганда карган жорудай калдалактап жетип келген Абылай аялын өйдө кылып:
– Кантет?! Кантет?! Уулуң бар!!! Анакей, Асылбектикинде! – деп үй жакты жаңсагылап ийди.
Абалкыдан алда качан эле оңолуп, бирок жыландан коркуп, элге кошулуп келе албай үйүндө калган Сайранын чыдамы кетип, уулуна түтпөй жетип келгени эле бул!
– Канакей?! – деди чачы-башы саксайып, күйөөсүнө жалдырай тиктеп, – Кана балам?! Апкелем деп кетпедиң беле?!
– Азыр!
Абылай эми эсине келгендей Сайраны таштай коюп, Асылбектин үйүн көздөй чуркады. Жанагысындай терезеге чап жабышып, бирок көзүнө эч нерсе көрүнбөй, ошентсе да бир чети Сайраны жоошутмакка:
– Уулум?! Жүрү кетели?! Жүрө гой?! Жүрчү, Беки?! Антпесең апаң өлүп калат! Тигине, а жерде ыйлап отурат! – деп сүйлөнө берди.
Жооп болгон жок! Андан кийин Абылай жүгүрүп жетип, чала күйгөн эшикти жанталашып ача баштады. Ага дагы эки-үчөө жардам берип, үйгө кирип барышты эле... үйдө эч ким жок болуп чыкты!
Ар кимисинин ою ар башка кетти. Бирок, ким-кимиси Асылбектерди жыланга айланып, көздөн кайым болуп кеткен экен деп түшүнүштү!..Жыландарды Жан жанагы жерге токтотуп коюп, өзү үйгө чабармандыкка келген. Абылайлар үйгө кирген кезде, Жан да Кызмончокторду издей баштаган.
Көз байланып, күүгүм кирген маал болгондуктан, үйдү жарык кылыш үчүн Абылай таяктын башын күйгүзүп алган. Ошол бир тутам жалын үйдүн ичине ары жарык, ары сүр берип, дене бойлор дүркүрөп турган маалда, адамдар жылан менен кайра да карпа-курпа кездешип, турган-турган жерлеринде үн жок, сөз жок селейип туруп калышты! Капортосуна чейин тикчийип тура калган жыландын көздөрү кызыл жарыкта ого бетер кыпкызыл болуп күйүп, от чачып турган! Ушул тапта ал мурда болуп көрбөгөндөй каардуу, заардуу болчу! “Эр эле болсоңор буларга тийип көргүлө!” – деген жазуу бар эле анын көздөрүндө. Абылай:
– Кызмончок?.. – деди эриндери да кыймылдабай, көмөкөйүнөн жагалдана, акырын шыбырап, – Айланайын Кызмончок, кечир?! Уулумду эле бер?! Башка эч нерсе сурабайм?! Энесин ая?..
Жылан саал жибий түштү. Денеси акырындап жумшарып барып, “эшикке чыккыла” дегендей башы менен эшик жакты көрсөтүп, белги жасады. Аны оңой эле түшүнгөн Абылай да, башкалар да арты менен жылып, эшикке чыга качышты. Айрымдары атүгүл, артын карабай качып да баратты.
– Жылан! Ажыдаар!!! – дешти эшиктегилерге. Элдин үрөйү учуп, ого бетер сестене удургуп, үйдөн алыстай түшүштү.
Бир гана Сайра менен Абылай жанагы жерде калышты. Артын карабай качып келип, бирок жер чапчып ботодой боздогон аялын жоошута албай жаткан Абылай чачырай түшкөн элди карап, жан-жанына кайсалактай калды да:
– О, эл-журт?! Ушинтет белеңер?! – деп жансоогалай бир бакырып алды. Өрт өчүп, эл кичине тынчый түшкөнүнө каниет кылып, шалдая түшкөн Акбай ата үйдүн түбүндө колу-бутун шалдайтып, сунуп ийип отурган. Абылайдын үнү аны “селт” эттирди. Теңселе басып келип, сыңар тизелей отуруп Сайранын тамырын кармап:
– Бир аз кайрат кыл, кагылайын! Мен азыр... – деп кайра үйдү көздөй кетти. Баятан бери ар кай, ар кай жерде соксоктоп качып турган адамдар эми Абылай менен Сайрага келип кошула башташты. Баарынын эси-дарты, эки көзү анткен менен Акбай аксакал кеткен тарапта эле.Үйдү кыдырып, Асылбектерди издеген Жан алардын ушул эле жерде экенин билип, Кызмончоктун жүрөгүнүн “дик-дик” кагып, энтиге дем алганы жакын эле жерден сезип жатты.
– Жан! – деди Кызмончок да жыландын шыбыртын туюп, шыбырай айтты эле, Бектемир бу сөздү өзүнө алып, кызга күлүмсүрөй, бактылуу боло карады. ( Уландысы бар )
ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ 22-болук
Бая өрт чыга баштаганда эле Асылбек үй-бүлөсүн жер алдындагы “үйүнө” алып түшүп кеткен. Аны эч ким билчү эмес. Билмек турсун бул эч кимдин оюна да келчү эмес. Ушундай күн болорун болжогонбу, же башка дагы бир нерсени ойлогонбу, айтор жайлата төркү үйүнүн бурчунан ылдый кирип кете тургандай эшик жасап, бир үй-бүлө баткыдай казып, ичин жылмалап, саман төшөп, бир бөлмө жасап койгон. Аны Жан билчү. Канча ирээт ушул “үйдө” түнөп да жүргөн. Имерилип эми да так ошол бурчту көздөй бет алганда эшик “шарак!” ачылып, Акбай ата кирип келди. Жылан демин ичине катып, абышкадан көз албай карап калды. Акбай ата аны көргөн жок. – Асылбек! – деди үйдү айландыра кулагын төшөп. – Уулум, кайдасың каралдым?!
Эчактан эле бул үй-бүлө Акбай атаны жакшы көрүшө турган. Анткени Акбай ата Асылбектин ата-энеси менен тээ бармактайынан курбу, дос болгон. Өз атасын Асылбек эс-мас гана билет. Анткени ал Асылбек кичирээк кезинде эл дүйнөдөн өтүп кетип, жалгыз уулду энеси багып чоңойткон. Ыраматылык Сабыркан апа да ушул кишини өтө сыйлайт эле. Аны Асылбек да билчү. Асылбек эшиктен чуркап келип:
– Апаке, Акбай атам келатат! – дегенде апасы бир башкача “селт” этип, жүзү тамылжый түшчү. Алар эмнегедир сырдуу, табышмактуу сүйлөшөр эле.
Канча ирээт аларды угуп, тыңдаганы менен Асылбек кеп маңызын түшүнчү эмес. А бирок Акбай атасы ага абдан жакын адамындай сезилип, эмне үчүндүр эле ага боор тарта берүүчү. Койнуна жатып, атына учкашып, жытын жыттагылап, эркелеп, эки-үч курдай эрчип да кетип, апасынан тил уккан.
– Антчү эмес! Чоң эле жигит ар кимдин койнуна жатам деп эрчигени уят болот! – деп, кээде:
– Аа, балам! Ата мээримине, жытына канбай калып, ошонун ордун күсөп жатканың го! – деп койчу. Атүгүл комуз черткенди дагы Асылбекке Акбай атасы үйрөткөн. Элик-Жондо экөө айылды карай жанашып отуруп алышып, күндүн батканын карашчу. Комуз күүсүн, күүнүн сырын чечмелеп, ата-бабалардын тээ узун учугун уламалап айтып отуруп, бүгүнкү күнгө жетчү.
Бирок бүгүн Асылбек Акбай атасына катуу таарынып турган: “Чын эле Акбай атам ушинттиби?!”.. Ал киши элди топтоп, буларга коё берип, өзү адатынча Элик-Жондо карап отургандай ойлогон.
– Асыке?! Келин бала?! Кызмончок?!
Карыянын добушун так үстүлөрүнөн эшиткени менен эч кимиси унчуккан жок.
– Уулум?! Бул – мен! Кайдасың, кагылайыным?!
Бирок ага эч ким жооп берген жок. Үйдө эч ким жок, кулак-мурун кескендей тым-тырс эле!
Акбай карыянын жүрөк тушу мыкчылып, көзү караңгылап кетти. Эки-үч ирээт ары-бери калдалактап, тамталаңдап барып, анан турган ордунда кулап түштү!
– Ата?! Акбай чоң атамды!.. – деп сөзүнөн аягына чыкпай, көздөрү алая түшкөн Кызмончок ордунан ыргып турду. “Жылан чагып алды окшойт!” – деп айтып жибере жаздап, эмнегедир Бектемирден тартынды. Асылбектин оюна да ошол келип, жерди кыркалата кертип жасаган тепкич менен жогору чыгып, төбөсүндөгү “эшикти” ачып, өйдө чыкты. Белине чейин чыккан Асылбек жерде чалкасынан жаткан Акбай атаны, аны тегеренип, чубалып сойлоп жүргөн Жанды көрдү. Аңгыча ата оор дем алып онтоп жибергенде, жылан аркы үйгө чыгып кетти.
Асылбек атанын оозуна суу тамызып, башына жаздык койду. Эсине келген абышка:
– Балам, – деди Асылбектин артынан кошо чыгып келген Бектемирге карай колун сунуп, – Ата-энеңе барчы, балам! Алар эшикте сени күтүп... Апаң байкуштун алы начар. Бара гой, а мен балдарым менен... – деп келип азга унчукпай калып, анан:
– Таң ата балдарым менен мен да элимден, жеримден кетет окшойм! – деди.
– Мен эч кайда кетпейм, ата! – деди Асылбек көгөрүп, – Элге чындыкты түшүндүрүп, чоо-жайды айтам! Чындыгында менде дагы, элде дагы эч кандай айып жок! Кептин баары жанагы...
Жылан чыгып кеткен жакты карады:
– Жанагыда! Мен аны тирүүлөй жанчып, элдин алдына таштайм! Ошондо билет алар, менин кызымдын ким экенин!!!
Бирок ал муну ачуусу менен гана айтты.
Акбай карыя менен Бектемир анын эмне жөнүндө, ким жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калышты. Алар бу жерден дагы Асылбек Кызмончок жөнүндө айтып жаткандай түшүнүштү.
– Асылбек байке! – деп ийди эми элеки кызын көкүрөгүнө кысып, эркелетип, чачынан жыттап турган атанын заматта үрөйдү учурган кепти айтып жатканына таң кала да, ишенбей да.
– Бар! – деди Асылбек жигитке, – А сен азыр үйүңө бар!
Улам бирден үйгө чыгып келген Сырга менен Кызмончок да Асылбектин айтканын туура көрүштү.
– Бек! – деди Кызмончок, – Көрөсүң го, эртең баары жакшы болот! Ата-энең дагы, эл дагы бизди жек көрбөй калышат. Ошон үчүн сен азыр барышың керек!
Жигит эч нерсеге түшүнбөй, бирок кыздын: “Эртең бизди жек көрбөй калышат... баары жакшы болот” дегенине жетеленип, аларды бир кылчак карап, үйдөн чыгып баратты. Оозгу үйдүн бурчунда далдаланып жаткан жылан аны узата карап койду.
Уулунун карааны көрүнөөрү менен эне-атасы аны бакырып келип басып жыгылышты. Ошондон кийин гана Абылай: “Эми аларды эмне кылсаңар өзүңөр билгиле!” – дегендей аял-баласын алып, үйүнө кире качты. Эл дагы Асылбектикинен арылап барып, акылдашып тарашты. Эгерде эртең менен Асылбек элден сыйы менен кетпесе, катын-баласын кошуп, таш бараңга алып өлтүрмөй болушту.
Элдин үйдөгү ак жыланды дагы кайталап көргөнү, бар туруп эле Асылбектердин көздөн кайым болгону абалды ого бетер курчутуп койгон. Ушундан улам олку-солку болууга эч себеп калбай, Асылбектин кызынын ажыдаар экенине айылдыктар түгөл ишенип калышты.
Жан элдин жай-жайына тараганын көрүп, Асылбектерден санаасы тынып, жыландарды көздөй кетти. А бирок алар да таптакыр кетип калбай, эртеңки күндү күтүштү. Эмнегедир ушул түн бир кызыктай түн болду! Таң атканча эле мал удургуп, үркүп, кошкурук аткан жылкылар жер чапчып, иттер улуп, кыңшылап-ыңшылашып, айтор айылдыктар бир алаамат болчудай үрпөңдөшө улам терезеден сырт жакты шыкаалай карашып, “тырс!” эткенди тыңшашып, келме келтирип чыгышты.
Сайра уулунун төшөгүн өзүнүн жанына жакыныраак салдырып, Абылай экөө тең кирпик какпай Бектемирди бирөө жула качуучудай комдонуп жатышты. Атургай Абылай жанына айбалтасы менен мылтыгын алып жатты. Бектемир болсо калп эле уктаган кишиче түр көрсөткөнү менен, эси-дартынын баары эртеңки күн жөнүндө боло берди.
Асылбектин жанагинтип, “тирүүлөй жанчып өлтүрөм!” дегенине эч түшүнбөй жатты ал. А бирок кызына карата андан аталык мээрим, аталык сүйүүдөн сырткары эч бир жаман мамилени байкаган жок. “Анда эмнеге жанагинтип айтты? А балким Кызмончоктун кийип алуучу жылан кеби бардыр?! Балким ошону жанчып таштап, анан элге көрсөтүп: “Кызмончок эми эч качан жыланга айланбайт!” – деп жар салып, убадасын берип, көпчүлүктөн кечирим сураганы жаткандыр? “Элге чындыкты айтып, чоо-жайды түшүндүрөм” деди го?!. Эл ансыз деле чындыкты билип калышпады беле! Дагы кандай чындык?!. Бул жерде дагы кандай сыр бар? А Акбай атам алар менен эмне жөнүндө сүйлөшөт болду экен? Кызык!..” – ушундай табышмактуу ойлорго оролгон жигит ылдам эле таңдын атышын күттү. Кызмончоктун ишенимдүү, эркелей айткан жанагы кеби айланып келип эле улам эсине түшүп, эмнегедир жүрөгү делөөрүп, туйлап кетип жатты. Эртеңки күндөн жакшылык күткөн жигиттин таң ата гана көзү илинди. ( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1