Жылан токтогон ушул адырдан айыл тарап алаканга салгандай ачык, даана көрүнөт. Адырдын бир өңүрү улам эңкейиштеп олтуруп, этеги түп-түз жайыкка айланат. Андан ары айыл башталып, анча көп эмес үй бүлө түтүн булатат. Ошол үйлөрдөн аз-аз обочороок, тоого ыктай салынган, үстү камыш менен жабылып, терезеси темененин көзүндөй жылтыраган береги жалпак боз там жыланга өзгөчө жагымдуу. Керек болсо ал ага өзүнүн ордосунан да жакын сезилет. Анан калса ошол үйдүн кайсыл жеринде эмне турганы эле эмес, анда жашагандардын кулк-мүнөздөрүнөн бери жыланга жатталып калган. Кечиндеси ошол терезеден үрүл-бүрүл, кызгылтым жарык жанат.
Жакындап барып карасаң – ортодо бир үзүм от үлпүлдөп күйүп, ошонун жарыгында арыкчырай, каратору жаш аял бир байлам ак жоолугун чекесине тыкчыйтып байлай коюп, шакылдата камыр жайып же чыны-аяк жууп жаткан болот. Үйдүн ээси — узун бойлуу, кең далылуу, шадылуу эркекти болсо жылан чын дилинен жактырат. Кээ бир адамдардай опурулуп-жапырылбай, дайыма токтоо, калбаат. Кечкурун комузун кыңгыратып, а кай бирде билегин түрүнө коюп, көпкө чейин күү чертет. Андайда аялы дагы жасап жаткан ишинен баш көтөрө, күйөөсүнө суктана, элжирей тиктеп, муюй калат. Атургай жылан дагы адегенде Кызмончокту туурап, андан кийин чындап эле бүткүл дитин төшөп, Асылбектин маңдайында ийрейип жатып алып, башын кээде-кээде серейтип көтөрө коюп күү укчу. Ушунун баары Жан үчүн айтып бүткүс, керемет учур эле! Баарынан да Кызмончокту айт! Там-туң баскан кезинен эле комуз укканды жакшы көрчү. Атасынын оң тизесине тыпыйып отуруп алып, анын бирде каршы-терши ойноп, бирде комуздун кылдарында тыбыраган манжаларынан көз албай, сыйкырдуу жыгачтын боорунан чыккан керемет дүйнөгө кулак төшөчү.
Ошондо эле айыл-ападагылар Кызмончоктун баладан башкача зээндүү, зирек экенин айтышчу. Шыпшынып, таң калышчу.
– Капырай, ботом! Ушул кенедей немеге эле асылып калышты! Деги Кудай-таалам пендем десе, баламды жаман көз менен суук сөздөн сактаса экен! — деп Сырга андайда, эне чымчыктай канаттарын жая коюп, чебелене берүүчү. Кызынын ылдам эле бой жетип, чоңоюшун каалачу. Бирок, Кызмончок бойго жеткени деле элдин көзү менен сөзүнөн кутулган жок. Тескерисинче улам барган сайын ал тууралуу “имиш-имиштер”, ушак-айыңдар арбып, бура бастырбай турган болду. Баарынан да кыздын күнүгө бир маал кылактап, тоого жалгыз чыгып кетиши элге табышмак эле! Адегенде аны байкагандар:
– Баягынын кызын чын эле жин даарыганбы, капырай! Чак түштө эле кыр ашып, жалгыз кетип баратат! – десе дагы бирөөлөрү:
– Жок, анын көрүмчүлөрү бар экен! Көзүн байлап, ошентип эрчитип кетет экен! – дешчү. Акыркы убактарда андай имиштер шоона эшпей калып:
– Жок, кокуй! Кызмончок жыландын тилин билет дейт! Элден алыстап, ээндеп барып өзү да жыландын кебин кийет экен! – деп, атургай:
– Бетиң түгөнгү-үр! Кызмончок кош бойлуу экен! Жыландан боозуптур! Ай-күнүнө жеткенде ажыдаар-аялга айланат имиш! — деп үрпөңдөшүп, алда неден кооптонгондой акырын-аста сүйлөшүп, күбүң-шыбың болуп, ушакчылардын күнү тууп, баарынан да Асылбекке көөнү бузуктар кудуңдап, котур ташын коюнга ката башташкан! Ушуларды ойлогон жылан эми күүгүм кирип, көз байланаар убакытты күттү.
Денесин солкулдата терең дем алып алды да, бир чети өзүн алаксытыш үчүн, бир чети өткөн-кеткенди дагы бир жолу таразалап, электен өткөрүш үчүн буга чейинки өмүрүн бүт көз алдынан чубатууга өттү. Ооба, так ушул сомодой болгон ак жылан анда ийрелеңдеген ичке, бала жылан болчу! Кызмончок да баса элек, эмчектеги наристе эле. Экөөнүн ынактыгы ошол ымыркай кездеринде башталып, улам барган сайын алардын ымаласы ширелишкен ширин сезимдерге жуурулушуп, аруу махабатка айланып, көкүрөктөрүндө акыры сөз менен айтып жеткире алгыс арман болуп уюган.
О, бул экөөнүн башынан не деген гана керемет күндөр өтпөдү! Түбүң түшкүр бу жалгандын маңдайга жазган жазуусу, ким-кимдин өз тагдыры, эки айрылыш жашоо жолу болбогондо, бири — адам, бири — айбан экенин эстерине да албай, экөө балким бир сүйүү сезимине баш ийип, эрчишип дүйнө кезип, ааламды айланып ак уруп кетишет беле?!. А бирок антүүгө да болбойт эле! Бул жарык дүйнөгө жаралган соң, анын мыйзам-ченемине баш ийүү парз. Демек адам — адам бойдон, айбан — айбан бойдон калганы жакшы. А бирок алар аны убагында ойлоп коюптурбу? Каяктан?!.
Айткандай эле, бул окуя минтип башталган…
Белден келген бетегенин ичинде безилдеп ойноп, соймолоңдоп келатты бала жылан. Деги эле анын элпектигине, тентектигине эмне бересиң! Анан калса башка жыландарга окшобой, башкача бул! Жерден боорун көтөрүп, жашоонун жарыктыгын боолгогон эң алгачкы күндөн эле эмнегедир адамдар тарапка ыктай берет. Эне-жылан адегенде чочулап, аркасынан акмалап эрчип жүрүп тажаган соң, акыры тим койгон. Кооздукту, сулуулукту жактырган бала жылан учуп-күйүп келатса да токтоп, чепейип баш көтөрө калып, булактын агымын тиктеп, шыңгырын угат. Кызыл-тазыл гүлдөрдү аралайт. Адамдардын конушун, жайытын акмалайт. Эки аяктуу, төрт аяктуу бу жандыктарды эмнеге жакшы көрөрүн бирок, өзү да билбейт.
Айрыкча, жайлоого ушул үй конгон күндөн баштап, бала жыландын күнү тууду. Ар күн сайын эртең менен эрте, күн менен тең жарышып келет да, обочорооктогу таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып алат. Таштын бийиктиги буга жакшы. Көздөрүн жылтыратып, көпкө чейин анан айлана-чөйрөсүн, айрыкча адамдардын бар кыймылын, баскан-турганын кызыгып карай берет. Анткен менен көп нерсеге акылы жетпейт, көп нерсеге түшүнбөйт. Ошон үчүн го, кээде ага башына эле эмес, бүт денесине: “Эмне үчүн?” – деген суроо толуп кеткендей сезиле берет. Ушинтип жатып, кээде ошол таштын үстүндө үргүлөп да кетет.
Баарынан да ага жакпаганы, эмнегедир эле андан баары коркуп, үркө берет. “Эмнеге?! – дейт ансайын бала жылан үтүрөйүп, – Мен аларга эмне, жамандык кылдымбы?!.” Жок. Тескерисинче так түйүлүп секирген козу-улакка, такыраң-таскак салган кулун-тайга кошулуп ойногусу, тээ учу-кыйры жок алыс-алыстарга зымырап жарышкысы келет. Жада калса бала жылан үстүнөн учуп өткөн канаттуу кушка суктанат. Куйрук-башын жерге тыпылдата чапкылап, кудум учуп кетүүчүдөй умсунуп, умтулуп калат!
А бирок аны эч ким түшүнбөйт. Ойноп, оттоп келатышып эле так ошол жылан жаткан таргыл ташка жеткенде “ойт” беришип, “дыр-р” коюп качышат.
Адам баласына да бир-эки курдай бетме-бет жолукканы бар. Бир жолу ойноп, алаксып келатып боз үйгө жетип калыптыр. Үйдүн эшиги түрүлүп, түндүгү ачык. Ичкериден казан-аяктын кылдырттаганы, адамдардын кобур-собуру, арасында аялдын шаңкылдап күлгөнү угулат. Аларга кошул-ташыл баланын үнү чыгат.
Селейип тыңшап, катып турду бала жылан. Атүгүл көптөн бери ымала санап жүргөн ушул үйгө мына-мына, азыр кирип баруучудай, канча ирээт обдулуп барып токтоду.
Аңгыча эле үйдөн капыл-тапыл адам чыга калбаспы! Экөө тең нес боло, бир топко чейин бири-биринен көз ала албай, өң-алеттен кетишип, бири-биринен коркуп кетишти.
Асылбек көп эле жылан көргөн. Бирок бул жылан андагылардан таптакыр башкача — ак жылан болчу. Узундугу эки-үч эле карыш келген бала жылан! Асылбек деле эгер көз токтотуп караса, чыбыктай болгон неменин зыяны жок экенин байкайт беле?!. Көздөрүнөн көрөт беле?! А бирок, антүүгө Асылбектин кудурети да жетпей, шашып калды. Анын үстүнө так босогонун алдында үйдү карап, алда неге ынтызар турган бу жылан Асылбекке бүткөн бойду “дүр-р!” эттирген жагымдуу да, жагымсыз да, түшүнүксүз сезим калтырды. Тээ качантан түшүнө кирип, жүрөгүн түпөйүл кыла берчү, же жакшыга, же жаманга жорурун билбей жүргөн аяны ушул окшоп сезилди...
Бала жылан да адегенде алдастай түшүп, адам баласынын бар кыймылынан көз албай, теше тиктеди. Бул экөөнүн тең өмүрүндөгү биринчи арбашуу болчу. Так ошол тикирейе тиктеген калыбынан жазбай, бир убакта адам баласы артында, үйдө жөлөнүп турган жыгач саптуу, миздүү темирге кол узатты да, бат эле анан жалаңдаган ошол темир так төбөдө ойноп, жыланды көздөй учуп келатты! Буйтай качты бала жылан. Көз ирмемдин ичинде болуп кетти, ушунун баары! Жерге тийип “чак!” эткен ачуу үндү жылан алыстап барып укту. Күрөктүн мизи жерге капортосунан бата түшкөн болчу. Бала жыландын мойну кыйылып калмак азыр. Шамдагайлыгынан калды го. Учуп-күйүп, келген жагын көздөй безилдеп жөнөгөн бала жылан таарынды адамга: “Ага эмне жамандык кылдым мен?!.”
Ушуга жооп таба албай, бушайман болуп баратты. “Чоң жылан болгонумдабы!..” — ичинде ошентип кекенгени менен, чоң жылан болгондо деле адамга анчалык акарат кыла албай, атурсун ага байланып, адам менен айбанды ажырата албай калган белгисиз бир улуу күчкө арбалып калаарын анда ал каяктан ойлоду?.. Ошол калыбында жүрүп отуруп, орчук таштуу аскасына жеткенде гана артына бир кылчайып карап алды. Бир далай жерди кантип басканын, канча убакытта келгенин билбейт. Ызаныкы го?!.
Бу кезде күн тоонун аркы бетине жашынып бараткан. Жыландын көзү жеткен бул аймактын жарымына күн тийип, жарымына эчак көлөкө түшкөн. Аздан кийин айлананы күүгүм басат. Анан ал коюуланып отуруп караңгы түнгө айланат. Тирүү жан түгүл, ай-ааламың анан акырындап уйкуга баш коёт. Дүйнөнү «жым-жым» этип, мемиреген тынчтык каптайт. А бирок бала жылан аны каалабайт! Эмнегедир эле анын дүйнөсү жарыкчылыкты, күндү эле самай берет. Дайыма эле тирүүлүктүн, кыймылдын болуп турганы кызык ага. Анткен менен, таңдан кечке жаны тынбай соймолоңдой берип, чарчап калганын өзү да туйбайт. ( Уландысы бар )
ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ 3-болук
Асылбек комузун кыңгырттатып отурат. Кызмончок адатынча жөрмөлөп келип, быйтыйган колдору менен комузду кошо кармалап, өз тилинде чулдуруктайт. Атасы ансайын кызып, күүгө кулак төшөйт. Көздөрүн жумуп, сыбызгыган бир укмуштуудай керемет ыргактарды кайрыйт. Казан-аягынан жаңы эле колу бошогон Сырга да жоолугун оңдоп салынып, күйөөсү тарапка жароокерлене карайт. Анан ата-баланын катарына эпейип отура калып, түгөйүнө эркелей, эркелете тиктейт. Көңүлү алып-учуп, көкүрөгүндө бир назик сезим айланып, анан өз эркине өзү туруштук бере албай, ичке билектери күйөөсүнүн мойнуна жумшак оролуп, назик эриндер жүзүнөн сүйөт. Асылбектин комуздун кылын терген манжалары акырындап барып тынчый түшөт. – Жанбиргем, менин!.. Жаным!.. – шыбырайт келин, – Эмнеге ушунчалык жакшы жаралгансың? Мен сенсиз кантет элем?.. Жакшым менин!..
Жубайынын наздуу шыбыры, буркан-шаркан түшкөн аруу махабаты Асылбекти эсинен тайыта, саамга өзүн жогото түшүп, антсе да адатынча сыр бербей, комузун жүккө жөлөй:
– Кызмончок эмне дейт?.. – деген болот.
Сырга ага деле кайыл. Күйөөсүнүн мойнуна оролгон калыбында, анын комуздан бошой түшкөн тизесине отуруп, көкүрөгүнө башын жөлөйт. Кызмончок да ата-энесинин ушул кылыгын, ысык-ынак мамилесин жактыргандай, улам бирине жароокерлене кытылдап күлөт да, же атасын, же апасын кызгангандай чырылдап ортого түшө баштайт. Асылбек экөөнө бирдей элжиреп, экөөнү тең кучагына бекем кысып, алмак-салмак жыттагылап, бакытка мас.
– Эс алалы, жаным, – дейт анан жубайына, – Сен кызыңды уктата бер. Мен малга бир көз салып келейин.
Асылбек келгиче Сырга төшөгүн салып, кызын бөлөйт. Капкара каректери бир башкача бажырайып, узун кирпиктери күн желесине окшогон, эмчек издеп эриндерин чөрмөлөңдөткөн наристенин оозуна сүтү ийип дирилдеген ак мамагын салып, тулку бою коргошундай балкылдап, энелик бир ыйык сезимге кана, ырахаттана көздөрүн жумат. Баланы уктатып коюп, түндөсү кийип жатчу ич көйнөгүн кийип, узун кара чачын жазып жиберип, жүрөгү көөдөнүнө батпай туйлап, жанбиргесин утурлай сыртка чыгат.
Кудум түн периштесиндей ак көйнөгү жер чийип булактаган, денеси от менен жалын болуп чатыраган жубайын баладай так көтөрүп ала коюп, тегеренип-тегеренип жатса, аларга кошулуп тоонун салкын жели кошо чимирилип, Сырганын этек-жеңин дирилдетип, кундуз чачын сапырып бириндетип, ансайын экөө тең жыргап күлүп, каткырып... Алар менен асмандагы Ай, тоолор кошо тегеренип, жылдыздар бакыттан көзү уялган сыяктуу ачакей-жумакей болуп жымыңдашып!..
Асылбектин каруусун жазданып жаткан Сырга бир убакта күлүп жиберди:
– Асыке?
– Ов?
– Экөөбүздү шыкалаап... тигил айды карасаң.
Ырас эле күмүш табактай жалтырап, толгон ай ал экөөнү түндүктөн кыйгач тиктеп, бир башкача төгүлүп туруптур. Асылбек ууртунан күлүмсүрөй, Сырганы өзүнө тартып:
– Кандай жарык, кандай сулуу? Эгерде эми да кыздуу болсок, атын Толгонай коёлучу, ээ? – деди кыялдана.
Ушул түнү алар бала жыландын түшүнө киришти. Канчалык өзүн жек көрүп, өлтүргүсү келгени менен жанагы адам ага түшүндө жагып турду. Ак жоолук салынып, бүйүрмө көйнөгүнүн үстүнөн саймалуу чыптама кийген жаш аял да адатынча аппак тиштерин кашкайта күлүп, кызын көтөрүп алыптыр. Алар түз эле бала жыланды беттеп келатышат. Качайын деп, мойну-башын жанталашып сереңдеткени менен денесин эч бир жылдыра албай койду, бала жылан. Аңгыча адамдардын эркеги эңкейе калып, бала жыланды колуна алды эле, аял да аны башынан куйругунун учуна чейин сыдыра сылап, эркелеткен болду. Кичинекей адамча да аны көздөй талпынып, быйтыйган колдорун сунат. Төртөө анан эрчишип алышып, көк шиберди кечип кайдадыр-кайдадыр кетип баратышыптыр...
Таң куланөөк салганда эле ойгонуп алып, түндө көргөн түшүнөн уламбы, адамдарга таарынычын унутуп, кайра да боз үйгө келди бала жылан. Жол бою чөптү аралап, шүүдүрүмгө киринип жүрүп отурду да, баягыл таргыл таштын үстүнө сойлоп чыгып, үй тарапка көз салды. Үйдүн кожойкеси эшиктин алдына таар жая салды да, үйдөн бешик көтөрүп чыкты. Боортоктоп отура калып, баласын эмизип болду да, бешиктин боосун чечип, наристенин колдорун бошотту.
Бала жыланга бешик жакты. Андагы наристенин үн салып, колдорун эрбеңдетип-сербеңдеткени аны чакырып жаткан окшоду... Ансайын адамдар тарапка азгырылып, тыбырчылап тынчы кетип баратты! Улам берилеп жылып отуруп, акыры жакындап да келди. Наристе да анын келатканын туйгандай, үн салганын токтото калып, ал тарапка башын салаңдата карап, тыңшай калып жатканы, бала жыланды ого бетер «чакырды». Бирок бала жылан үйдөн баягы эркек чыга калабы деп, кооптоно берди. Анткен менен, жанагы аялдан башка кирип-чыккан бирөө-жарым болгон жок. Ошондон кийин гана ыңгайын таап, энеси үйгө кирип кетээри менен учуп-жетип, бешиктин бою менен бир болуп тура калды!
Кичинекей адамча менен кичинекей макулук үнсүз тиктеше калышып, элейе түшкөн наристе анан бат эле “жарк” этип күлүп жиберди. Колдорун сунуп, жыланды кармагысы келди...
Бала жылан ошого маашырлана, бешиктин кармагычына оролуп алып, наристе кытылдап күлгөн сайын мойну-башын ары-бери койколоктотту… Аңгыча боз үйдөн чыга калган аял түз эле экөөнү карай бет алды эле, сестене түшкөн жылан көзгө илешпей, таардын астына кире качты.
– Эмне кыткылыктайсың, берекем? Умай энең күлдүрүп жатабы? – деп сүйлөнгөн келин баланы чечип алып, жалынып-жалбарып, кийинтип жатты:
– Каралдым! Кагылайыным! Канакей, кана, жаңы чыптамаңды кийип алчы. Ой-ий, кызымдыкы укмуш болгон го, ыя! Кийимиңдин жаны морт болсун, өзүңдүн жаның бек болсун! Менин колум эмес, Умай энелериң – Батма, Зууранын колу…
Айбан да болсо бала эмеспи, жылан кошо эне мээримине магдырай түшкөн. Аңгыча баласын көтөрүп өйдө боло берген келин таардын үстүнөн бачырата басып өттү эле, эти ооруп, жаны көзүнө көрүнө түшкөн бечара неме аялдын таманын чагып ала жаздады.
Ошол түнү ал “үйүнө” барбай, таргыл таштын коңулуна кирип жатып алды. Бирок, ошол убакта ал энесинин тынчы кетип күтүп жатканын, акыры чыдамы жетпей, артынан издеп келип, адамдардын үйүнө ойдо жок жерден алаамат салып ийээрин билген эмес!..
Эне жылан түз эле боз үйгө келатты! Буга чейин да баласын акмалап, адамдардын үйүнө далай келгендиктен, бул үйбүлө ага эчактан тааныш. Боз үйдүн ичинен кобур-собур үндөр, баланын «чыр-чур» этип ыйлап, кээде кытылдап күлгөнү угулат. «Булардын баласы эч капарсыз, ата-энесинин мандайында!.. Менин баламчы?!.» – ушуну ойлогон эне жылан керегенин астынан үйдүн ичин карады. Чырак күйүп, бир үзүм жалын үйдү жарык кылып, ортодогу чаркеш меште чатырап от күйүп, казан кайнап жатат.
Эмнегедир баласынын дабышын эшиткиси, бул жерден ээрчитип кеткиси келген жыландын акырындап шаабайы сууй баштады. “Булар өлтүрүп койгонбу?» – деген бир жаман ой денесин дирт эттирди. О, анда эне жыланды эч ким, эч нерсе токтото алмак эмес! Анын бетин ары кылсын!..
Эне жылан эми үйгө түз эле эшик аркылуу кирип келатты! Шырп алдырбай, босого ылдый куюлуп кирип жаткан жыланды бирок, жубайлар байкашкан жок. Наристе гана билди. Саамга элейе тиктеп, тааныш бирөөнү көргөндөй, адатынча канаттарын каккылап, кубанып кетти. “Гы-гы, гы»…– деп босого тарапка талпынды. Ошону байкаган жылан да көзгө илешпей, бат эле ала кийиздин алдына кирип кетти.Жарык өчкөн кезде үркөр жылдыз төбөгө келип калган. Баятан берки үчөөнүн кобур-собуру тынчып, анда-санда гана баланын чуркураганы, эненин уйкусунан серпиле түшүп «алдей» айтканы, бешиктин термелгени угулат.
Ачык түндүктөн жылдыз карап, суунун шарын тыңшаган Асылбек да ары оодарылып, уйкуга кетти. Анын дем алганы кудум Эне-жыландын кулак түбүнөн угулуп жатты.
Сырт да тынч. Тушалуу аттын дүпүлдөп секиргени, үй тараптан бир нерсени сезгендей анда-санда гана кошкурук атканы болбосо, ай-ааламдын өзү да уйкунун кучагына киргендей.
Эне жыландын күткөн убагы ушул болчу! Баятан бери баласынын шооратын тыңшап, үйдүн ичин туюму аркылуу «тинтип», бирок анын бул тегеректе жок экенине көзү жетип, акыры чындап эле ою жамандыкка токтоду. Денеси ого бетер таш-муз болуп, ансыз да сүйкүмсүз көздөрү тептегерек болуп күйүп, оор денесин жыбылжыта, ордунан козголду…
Капталдап жаткан Асылбек көкүрөк тушунун бүлкүлдөгөнүнөн улам ойгонуп кетти. Төшөгүнүн астын сыйпалап, колуна эч нерсе урунбаган соң гана бери оодарылып жатты.
– Уктай элексиңби? – Сырга кызын ойготуп албайын дегендей акырын шыбырады.
– Жок.
– Мен дагы. Эмнегедир эле жүрөгүм дүкүлдөйт.
– Эмнеге?
– Билбейм... – Сырга күйөөсүнө бекем ыктап, эркеледи, — Уйкум келбей жатат…
Бул убакта Эне жылан аларды айланып өтүп, бешикке келди да, кыймылсыз катып, баланын демин тыңшады. Эмнегедир нарситени чагып алууга канчалык ниеттенгени менен, ошого такыр дарманы жетпей, ээ-жаа бербеген ээнбаш оюна энелик эрки баш ийбей туруп алды! Бирок, кандай болсо да өз баласынын куну үчүн анын ата-энесинен өч алууну көздөгөн жылан: “Бала жоготкон кандай экенин билишсин! Өзөктөрү өрттөнүп, ботодой боздоп, мага окшоп зар какшап калышсын!»... – деди да, ыкчамдык менен имерилип келип, бешиктин жанындагы сүт куюлган бөтөлкөгө уусун куюп жиберди!.. Ошондон кийин гана карышкан денеси бошой түшүп, эч нерседен шеги жок, махабатка мас болгон тиги экөөнү, Кызмончокту бир кылчайып карап алып, келген жолу менен чыгып кетти!..
Азадан өзөгү өрттөнүп, жаны күйүп, боорун жерге ныгыра-ныгыра басып, анда-санда онтоп, кышылдап ыйлап баратты анан, эне жылан!
Анткен менен ал баласынын тирүү экенин али билген жок. Көксөөсү сууп, көңүлү тынмайын баары бир адамдарды жайына койбостугун ойлоп, өзүнө-өзү ант берип келатты!
Ушул учурда таштын түбүндө уктап калган бала жылан серпиле баш көтөрүп, алда кайдан келаткан тааныш дабышты тыңшап, селейе катты да, энесинин шоокумун тааный коюп, эдиреңдеп тосуп чыкты.
Бул убакта чукурана түшкөн кызын терметип, Сырга «алдей» айтты. Ылдам эле уктап кетчү балаэмнегедир кыңкыстай берип, таптакыр ойгонуп алды. Эмчек да эмбей, ээгин эмшендеткен эркесине энеси ансайын үйрүлүп түшөт:
– Уктачы, берекем! Уктай гой…
Алдей-алдей, ак бөпөм,
Ак бешикке жат бөпөм.
Аа…Аа…Аа…
Наристеге бул сапар ыр да жакпай койду.Тынчы кетип чабалактап, башын ары-бери чайкагылап жатып, чыңырып-чычып, ыйы күчөдү.
– Жаным десе! Эмне болду сага? – деген келин өбөктөй калып, баланын оозуна эмчегин салды. Ал да жакпай, Кызмончогунун чыры күчөгөндө гана Сырга Асылбекти ойготуп:
– Атасы, ойгончу, бир жери ооруп жатабы… Мындайы жок эле!.. – деп, анан:
– Сүт ичесиңби, кызым? – деп карбаластап ары жак, бери жагын сыйпалап, баланын бөтөлкөсүн издеди. Бала да ансайын алда нени сезгендей чырылдап, чучуктай чыңыра берди.
( Уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев