Кезекке туруп почтадан,
пенсия алаар кез келди.
Таш жол эмес түз жолдон,
тайсалдап басаар кез келди.
Таасири күчтүү сезилип,
Жетимиш неге тез келди?
Там-туң баскан баладай,
аярлап басаар кез келди.
Атын таппай балдардын,
адашып айтаар кез келди.
Акырын келбей жетимиш,
ашыгып неге тез келди?
Уйку качып түнкүсүн,
эрте тураар кез келди.
Көзүн карап келиндин,
сөзүн угаар кез келди.
Өзүң эле билгин деп,
Өзгөрттүң ишти чечкенди.
Жаштыгымды элестеп,
гүлбакта басаар кез келди.
Апа-десе кыз-келин,
айбыга турган кез келди.
Жанаша жакын бастырбай,
Жетимиш неге тез келди?
Неберем менен ээрчишип,
сыйды көрөөр кез келди.
Көрүнбөй көзгө башкалар,
чөбүрө сүйөөр кез келди.
Тамшантып өткөн өмүргө,
Жетимиш неге тез келди?
Канча жашка чыксам да,
жараткандын белеги.
Жетимиш деген оңойбу,
жаш эмесмин мен эми.
Жетимиш менден аянбай,
ден-соолукту бер эми.
Сен даяр болсоң, мен даяр,
Сексен жаш шашпай кел эми.
Асаналиева Жумабүбүу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9