2-КИТЕП.35-БӨЛҮМ.
- Эч нерсе! Эгерде керек болсоң, чалам.
- Мм... Макул... – деген жигит ичинде: “Ылайым эле эсиңе жара чыгып, телефонумду эле эмнес, өзүмдү кошо таптакыр унутуп калсаң кана?!” – деп ойлоп, аял анысын билип койчудай кайра ыңгайсызданып кетти. Бирок Лилия анын оюн окуп отурууга убактысы да жок эле. Жаңы эле эсине “кылт” эте калган жаңы идеясын, өз сөзү менен айтканда “чымындарын” учуруп ийбеш үчүн жалгыздыкты каалап кетти.
- Давай, давай! Жакшы бар! – деп жигитти шаштырап атып, күтүүсүз кылык-жоругун жууп-чайып койду, – “Бахтыяр келатат” окшойт, касиеттерим айтып атат.
Аны укканда Марат ого бетер шашып калды.
Ал чыгып кетээри менен Лилия чачы-башын оңдоп-түздөп, күзгүгө каранды.
“Чын эле бир бечара дарыгер үчүн эмнеге биз алтындай, аялуу убактыбызды коротобуз?!” – деди өзү менен өзү кеңешип. Анан иренжигендей бети-башын бырыштырып койду: “Катынга окшоп коркок, жалтаң... “Бир нерсесинен” башка касиети жок!.. – анан аны шылдыңдагандай “бырс” күлүп койду, - Хи, андай “бир нерсе” ит менен мышыкта да бар!”
Ал оюнда Марат Муратович палатага учуп кирип: “Жаным, сага эмне болду? Жакшысыңбы?! Эмне үчүн, кантип ушундай болуп калды?! Экөөбүздүн мамилебизди билип, атайын жасады го, жанагы! Мен үчүн аз жерден... Кечирчи мени?! Жаным, менин!..” – деп ордунан так көтөрүп ала коюп, карызынан куткарганы үчүн үчүн деле ыраазы болуп, кучактап алып туш келди өпкүлөп, жалынып-жалбарып, өмүр бою карыз экенин айтып, эмне кылаарын билбей делбектеп кетеби деп күткөн. Андай болбой, салкын тарткан мамиле Лилиянын демин суутуп койду. Ошол учурда атүгүл: “Акчамды толугу менен алып кел?!” – дейин деп, канча ирээт оозун таптап барып, бирок башынан берки келаткан ырым-жырымын сактады: Кандайдыр жаңы иш баштап жатканда айлана-тегеректеги адамдардын ага жолтоо болушун каалачу эмес. Башкача айтканда, андай учурда ал тууралуу бардыгы жакшы гана сөздөрдү айтып, жакшы көрүп, суктанып, сүйүп, ыраазы болуп турушу керек! Анткени мындай мамиле ага күч-кубат берет! Ким бирөөлөрдүн өзүнө карата болгон ишениминен анын энергиясы азыктанат! А эгер тескерисинче, “сапарга чыгаарда” аны бирөө жек көрүп, нааразы болуп, ичи ооруса же кекенсе, жолунда кыйынчылыктар кездешет!
Ушуну ойлоду да, үнүн сыртка чыгара күбүрөндү:
- Ошол акчалар – сага берген садагам болсун! Андан чоң, үч-төрт эселенген байлыкка багыштадым!
Ушундай таттуу кыял менен “семирип”, бактылуу күлүмсүрөдү аял.
Айткандай эле, Лилия ошондон кийин Марат Муратовичти көпкө чейин эсинен чыгарып таштап, качан гана “жинди” деген кагаз керек болгондо, кийин-кийин эстебедиби...
***
Лилия жиндикананын керебетинде жансыз немедей, шыпты тиктеп жатты да, ушуларды ойлоду.
Андан аркысын эстеп, көз алдыга алып келүү канчалык кыйын экенин сезди! Оор күрсүнүп, онтоп алды. А бирок биринин артынан бири эрчишип келип, эс-акылын тутумдап, көкүрөк-көңүлүн басып алган эскерүүлөрдөн эч жакка кача да албай койду. Эмнегедир өткөн күндөр кужулдап, аялдын мээсинде кайталанып, кайра баштан жашап жатышкандай туюлду.
Ошон үчүнбү, сайдын ташындай оор боло түшкөн башын көтөрмөк турсун, ары-бери жылдырууга да мүмкүн эместей туюлду.
Акыры, эстутумуна баш ийгендей, алардан качууга аракеттенбей, тынч жатып калды да, окуялар андан ары уланды...
***
Анан эмне болду эле? И, ооба, Марат Муратович чыгып кеткенден кийин Лилия Бахтыярга телефон чалган:
- Алло, саламатсызбы Бахтыяр?
- Саламат, - деген Бахтыяр бүшүркөй үн катып, – ким экен?!
- Лилия тынчыңызды алып атат.
- Лилия? – дагы эле тааный албай, бирок “кайсы Лилия элең?” – деп түз сурай да албай, кайпактата сураган, - Кайдан чалып атасыз?
- Кайдан болмок эле – аркы дүйнө менен берки дүйнөнүн ортосунан!
Аялдын же какшык экени, же тамаша экени белгисиз бу добушу жигитти ага чейинки олйоп жаткан оюнан, сүйлөп жаткан сөзүнөн кадимкидей бери сууруп алган:
- Кимсиз?!
- Өгүнү бирөөнү машине менен уруп, ооруканага “ыргытып ийип” кеттиңиз беле?!
- А... – ыңгайсызданып кеткен жигит. – Саламатсызбы? Жакшы болуп калдыңызбы?
- Эми эстедиңизби? Рахмат! Азырынча жакшы...
Бул кыйытуунун артында: “Сиз мени ушундай акыбалга жеткирбедиңизби!” – деген доомат, таарынуу бар эле.
АДАШКАНДАР.2-КИТЕП.36-БӨЛҮМ.
- Кечириңиз, бирок...
“Өзүңүздөн да күнөө кетпедиби!” – дегиси келип барып, ооруканада жаткан эменин жарасына тийип албайынчы” дегендей токтоп калган жигиттин айтылбай калган оюн түшөнө коюп, жарга такай сурады Лилия:
- Айта бериңиз, “бирок” эмне?
- Бирок, баары артта калбадыбы, - кебин буруп кетти жигит. - Жүрөктү аябай түшүрдүңүз эле...
- Жүрөгүңүз түшсө, бир кайрылып, сурап коёт элеңиз го?
- Балдар дарыгерге, туугандарыңызга жолугушкан экен, кийин деле тындырбай телефон чалып атышты окшойт.
- “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” деп, кылмышты кылган сиз болсоңуз...
Бахтыяр шашып калды:
- Кечиресиз, атыңыз ким эле?
- Чын эле аябай унутчаак окшойсуз? Лилия атым.
- Лилия, мен сизге ананыраак өзүм чалайынчы. Чогулушта элем. Ушул телефон сиздикиби?
- Меники! – деген Лилия телефонун өчүрүп, бир чоң эрдик жасап алгандай терең дем алып, бактылуу күлүмсүрөдү.
Бахтыярдын келатканын уккан Лилия жасанып-түзөнүп, палатасын кайра-кайра жуудуруп-тазалатып, желдетип, анан баягы “баш айлантма” атырынан себинип, суналып жатып калды.
Ошондон көп өтпөй эле качантан бери дегдеп, Кудайдын каалоосунан сырткары, өлөрманданып атып “жасап алган” жолугушуусу болду.
Бахтыяр ак халатты желбегей жамынып кирип, Лилия атайылап койдурган үстөлдө, жанында отурду.
- Ден соолугуңуз кандай, Лилия? – анын биринчи эле суроосу ушул болду.
- Өзүңүз көрүп жатпайсызбы...
Жигитти ушул бойдон өзүнөн чыккыс кылып, көз нурлары аркылуу байлап же карегине киргизип алчудай, жалжылдай тиктеди Лилия. Ошондон уламбы, Бахтыярдын каректери аны кароодон кайпактап, көздөрүн ала качып кетти.
- Иштериңиз кандай? – сөздү Лилия баштады.
- Жакшы. Кудайга шүгүр.
Андан ары сөздөрү түгөнүп калгандай, унчугушпай калышты. Бирок, колуна конгон “бакыты” азыр “пыр-р” этип учуп кетүүчүдөй, Лилия көз ирмемдик жымжырттыктан коркуп кетти да, төшөктөн капортосуна чейин суурулуп чыга калып:
- Колуңузду бериңизчи? – деди. Бахтыяр эмне кылаарын билбегендей, буйдала түшүп, Лилиянын эчаккы таанышындай тигилген каректерине бир карап алып, ага жакыныраак – сол колун сунду. Лилия ойноок баладай шоктоно түшүп, анын алаканындагы чийиндерине сөөмөйүнүн учун бир топко “чуркатып”, карап отурган соң:
- Сиз... өтө иштерман жигит экенсиз, - деди. – Көптөн бери ишкерлик менен алектенип жүрүпсүз, бирок кесибиңиз...
Кесиби эмне экенин алаканынан көрүп жаткандай бүшүркөй тиктеп калып, анан:
- Жаңылбасам, юрист окшойсуз? – деди.
- Юристмин, - жигит анын тамашасы чындыкка жакындай түшкөнүнө тек гана жылмайып койду.
- Мм... Бир чоң, олуттуу ишке аттанып жаткан жоксузбу? – эми жанагыдай шайдооттонбой, өзү кошо олуттуу тарта түшүп сурады Лилия.
Жигит жылмайып күлүп:
- Ооба. Аны сизге... мына бул “кошунаңыз” айттыбы? – деп тамашалай, телевизорду жаңсап койду. Жанагыдай болбой, Лилия саал томсоруп, ызалана түшкөндөй болду. “Жок, баары бир ишендиришим керек!” – деди оюнда.
- Эки бир тууган окшойсуз, - деди анан “төлгөсүн” токтотпой улап, - Агаңызбы, иниңизби, оң канатыңызда бирөө жүрөт. Сизди абдан жакшы көрөт экен. Бирок сиздей бизнесмен эмес, тек гана карапайым киши көрүнөт...
Бахтыяр да эми жанагыдай болбой: “Бу кыз булардын баарын кайдан билип алган?” – деген кыязда, таң кала карады. Ошол суроосуна Лилиянын өзүнөн жооп алгысы келгендей, аны унчукпай андан ары укту.
- Бир кыз, бир уулуңуз бар окшойт?..
Бахтыярдын муюй калганын алдыртан туйган аял “төлгөсүн” андан ары улап, чын эле алакандан бир нерсени көрүп жаткан өңдөнүп, баягыда Мураттан уккан ушагын кепке улаштыра койду:
- Токтоңузчу!.. Дагы бир жашыраак бийкеч жүрөт... Эки аял менен никеңиз бардай?!
“Ушундайбы?!” – дегендей Бахтыярды суроолуу, анан да калп эле таң калгандай карады Лилия. Муну менен ал дагы кандайдыр, кызгангандай түр көрсөттү.
Ыңгайсызданып калган жигит жооп айтуунун ордуна: “Буларды сизге ким айтты?” – дегендей аны суроолуу тиктеди.
- Алаканыңызда, анан көздөрүңүздө жазылып турат, – деди аял анын оюнун так төбөсүнөн түшүп.
- Сиздин эмне, көзүңүз ачыкпы? – күлүмсүрөдү жигит.
- Ушул кырсыкка кабылаар түнү мен сизди түшүмдө көргөм, - деди Лилия анын суроосуна алыстан жооп берип.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6