2-КИТЕП.24-БӨЛҮМ.
Бирок, бала торолуп, көзгө көрүнгөн сайын, үн салып, кылыгы чыга баштаган сайын күйөөнүн итататйы тутулуп, Айнураны андан кызганып, баланы итере түртүп таштачу адат тапты. Кокус эле Айнура уулуна болуша турган болсо:
- Сен мени сүйбөйт экенсиң да, ээ?! – деп түн болсо – түн, күн болсо – күн үйдөн чыгып кетип, кээде бир-эки күн келбей да коёт. Келгенде да мас болуп ичип келип, идиш-аякты талкалап, таң атканча өзү да уктабай, Айнураны да уктатпай, эзе берет.
Андайда ымыркайдын шору. Аны кароого апасынын алы келбей, “тун уулун” алдап-соолап, эптеп эле уктатып, соолуктуруунун амалы менен болуп калат. Бир канча жолу ажырашып, үйдөн кетирип жиберүүнү да ойлонду. Бирок, ансыз жашоосу токтоп калчудай сезилип туруп алды. Экөөнүн буга чейинки ысык-ынак жашоосун сагынып, ошол күндөрдүн элеси, деми менен жашап, ошол күндөрдү кайрып алуунун амалын издечү болду.
Кеткен күндө деле бул ага тынчтык бермек эмес. Ошону да түшүндү.
Акыры апасы менен кеңешип, беш айлык уулун ага алып барып берди да, үйүнө салт, соксоюп өзү жалгыз келди.
Күйөөсү анын бул кылганын жактырды. Баштагыдай эми өзү Айнурага “бала” болуп, каалаганын кылып чалчаңдап, жыргап эле калды.
“Эмне экен? – деди Айнура да өзүн-өзү алдап. – “Мужчина – большой ребёнок”. Жаш да. Бара-бара токтолот. Анын үстүнө баланы Ынактан болуп жүрбөсүн деп арамданып, кызганып жатпайбы. Мен деле ошентет болчумун... Эми төрөсөм, өзүн чындап ата сезип, жоопкерчиликтүү болуп калат...”
А бирок, эч качан андай болбой турганын, чектен ашкан эркелетүүнүн... Жок, дегинкиси өзүнүн дүнүйө үчүн, керт башынын гана жыргалы үчүн баары-жокко кайыл болгон ынсапсыздыгынын акыры арман-кайгы менен бүтөөрүн ал ойлогон да эмес.
Бая күнү Лилияга жолугуп, кагуу жеп чыккандан кийин деле Белек ал жашаган үйдү акмалап келе берчү болду. Чөнтөгүнө салып алган топ ачкычты улам бир колуна ыргытып ойноп, кээде ар бирине үңүлө карап, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында тунжурап отура берет да, тээ бир убакта туруп кетип калат. Аялдын машинеси эшиктин алдында турган болсо, Лилия үйүнөн мына азыр чыга калчудай алардын эшигинен көз алмай жок. Бирок аял көп учурда үйүндө болбойт. “Кайда жүрөт болду экен? Кайда иштейт болду экен? Кандай адамдар менен сүйлөшөт болду экен?” – ушундай суроолор Белекти тегеректеп, ойлордон башы оордоп, салаңдайт. “Эми эки-үч ирээт сүйлөшүп көрөм, эгерде колго тийбесе, түн катып эшигин ачып кирем да, энесин таанытам!..” – деген бүтүмгө келип алган. өгүнү каалганын ачкыч салчу көзөнөгүн шыкаалап, ошондон бери топ ачкычын колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөнү да ошондон. Анарбек менен Эсентурга болсо баягыдан кийин көп батына албай калган.
Балдары менен кирип-чыгып келатып Асел да адегенде муну жактырбагансып, оозу учунан учурашкан болуп өтөт. Анткен менен аял эмеспи, бара-бара боору ачый турган болду. Бу жолу да аяшын эшиктин көзөнөгүнөн көрө коюп эле:
- Ии, кел Белек. Кандай? – деп жылуу кабыл алды. – Иштериң
кандай?
- Ар кандай, - көңүлсүз унчукту жигит.
- Эмне, маанайың пас? - эмнеге экенин билип туруп эле, кепке
тартыш үчүн сурап койду. - Түз эле ашканага өт.
- Рахмат.
- И, Гүлмира экөөңө эмне болду? – чайда отуруп сурады аяшы.
- А жөн эле... Бири-бирибизге түшүнүшпөй...
- А бул аял менен түшүнүшөм деп ойллойсуңбу? – чүмбөттү аял
жөнүндө сурады Асел. – Мага жаккан жок, аның!
- ? – Белек андан ары уккусу келгендей, аяшына суроолуу тигилди.
- Кандайдыр орой, өктөм... өгүнү өзүң деле сүйлөшкөн
-
турбайсыңбы? Анын үстүнө беш-алты жаш улуу да болуш керек. Сен өзүң өтө сезимтал баласың, Белек! Сага деген карапайым, жумшагыраак аялзаты керек.
- Анын аты ким экен? – Белек анын баятан берки күйүп-бышканын
укпагандай сурады. “Апе-ей, бул бала ойду айтсаң, тоону сүйлөп калган го!” – деди ичинде Асел.
- Аты – Лилия экен! – деди анан аны ынандыра албасына көзү
жеткендей “лекциясын” бүтүрүп.
- Лилия?.. Жакшы ат экен. А күйөөсү эмне болуптур?
- Билбейм! Ажырашып кеткем деди го.
- Көзү ачык экен деп атты беле?
- Эми, көзү канчалык деңгээлде ачык экенин ким билет, бирок өгүнү
бир айтканы чын чыкты. Балким жөн эле, дал келип калгандыр...
Оюна бир нерсе келе калгандай, Белек жандана түштү:
- Асел, экөөбүз барып келелиби?
- Эмнеге?!
- Эми... шылтоо табабыз да. Мисалы, “төлгө салдыралы” десекчи.
Чын эле көзү ачык болсо, билет да, менин ага кандай ойдо экенимди.
- Билбейм, ай... – Асел ойлонуп калды. – Бирок мага такыр жакпайт
ушу аял! Эмнегедир эле денем дүркүрөп, итиркейим келип кетет. Бир балакети бардай...
- Кандай балакет?
- Эми... Жылдызыбыз келишпейт окшобойбу.
- Сен анын телефонун билесиң да?
- Билем.
- Чалып көрчү? “Төлгө салып бересиңби, аяшым экөөбүз баралы
дедик эле. Өткөндө айта албай кетип калган экен...” десең? Ошентчи эми? Бир жакшылык кылчы, суранам?
Асел ордунан ыргылжың турду да, телефондун жанындагы блокнотту аңтарып жатып Лилиянын номурун таап, тере баштады. Белек болсо демин ичине катып, жүрөгү дүкүлдөп отурду. Кудай жалгап аял трубканы көтөрдү окшойт:
- Алло? – деди шашкалактап калган Асел. – Лилия, саламатсызбы?
Бул – кошунаңыз тынчыңызды алып жатат. ...Асел дегенчи... өткөндө шайлоонун алдында бардым эле го? ...Ии, ооба, ошол. ...Жакшы, жакшы. Кудайга шүгүр. өзүңүз кандай? ...Ооба да. Аял кишиники ошол эмеспи. ...Бизде деле ошол. ...Чалганым – убактыңыз болсо сизге кирип чыксакпы дедим эле? ...А жок, азыр кайдагы шайлоо? Жөн эле, коңшу катары, анан да өгүнү сиздин айтканыңыз туура чыкпадыбы. ...Алиги, депутат болом деген киши тууралуу айттыңыз эле го? ...Ии, ошондой болду. Анан бир аяшым бар эле, сизге жолуксам, алда нелерди кеңешсем деп эле... Жок, Анарбектин досу болот. ...Жарайт. Азыр барабыз анда! Рахмат!
Өзү сүйлөшүп жаткандай толкунданып алган Белек эчак учуп жетип, аяшынын жанында туруп калган. Асел айтпаса деле кептин чоо-жайын түшүнүп, кубангандан көздөрү жайнап, жаңы эле трубканы койгон аяшын жерден так көтөрүп ала коюп, айлантып-айлантып алды.
- Жинди го, мобу! Болду эми, баладай болбой! – деп кытылдап күлдү аяшы. Кубангандан, атүгүл экөө эшиктен кирип келип, көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, өздөрүн карап, эс-мас туруп калган Анарбекти да байкабай калышты.
- Болду эми, ошого да ушунча сүйүнөбү?!. – деди Асел аяшынын
кучагынан чыгууга аракеттенип.
- Рахмат, сага! Мен сенин жакшылыгыңды эч качан унутпайм! Сен – жакшы аялсың, Асел! - ого бетер бооруна бекем кысты Белек.
Бул убакта кичинекей Жасмина да уйкудан туруп келип, апасы менен аяш атасын таң калгандай, уйкулуу көз менен карап туруп, түз эле Анарбекке өтүп кетти. Аны эрчий карган Аселдин каректери эми Анарбектин каректери менен чагылыша түштү!
Шумдугуң кур! Асел анын мындай кебетесин, мындай карашын эч качан көрө элек болчу! ¯рөйү учуп кетти!
Ошондон улам го, Белектин кучагынан күч менен жулкунуп чыгып, күнөөсү бар адамдай күйөөсүнөн көздөрүн ала качып, кайпактап калды.
Ал экөөнү көрүп, Белек да делдейди.
АДАШКАНДАР.2-КИТЕП.25-БӨЛҮМ.
- Анарбек?! – деди анан. - Жаман ойлобо сен!
- Эмне?! - “тарс!” жарылып кетти досу. – Акмак! Уялбай мага кайра
акыл айтып коёт! “Катыны бузулган кандай болот экен, буга да көрсөтөйүн” дегенсиң го, ээ?! Чык үйдөн!
- Эмне деп атасың?! – ак жерден күйгөнгө муштумдары түйүлүп,
калчылдады Белек.
- Омо-ой!!! – Анарбек анын түрүн көрүп, ого бетер жинденип, андан
ары кармана албай кетти:
- Кайра мага айбаат кылып!.. Эн-нең!.. – билегин түрүнүп, досуна
аттап-буттап келатты. - Мени өзүңө окшотуп, өз үйүмдөн кууп чыгарайын дедиңби?! Мен азыр сени!..
Белек да делдеңдеп, коргонууга камданып калды эле, экөөнүн ортосуна тура калган Асел Анарбектин күү менен келген буту-колунан эки-үч ала салып кетти. ¯йдүн ичи “күпө-күп” түшүп, балдар бакырып ыйлап, эки эркек ага деле карабай жулмалашып жатып калышты. Аңгыча эшиктеш коңшулардын бир-экөө кирип келип, астын-үстүн болуп жатышкан эркектерди араңдан зорго ажыратып алышты.
- Эн-нең! Арамзаа! Ою жаман акмак! – деди оозу калбыйып, мурду
канап кеткен Белек. – Ит турбайсыңбы, даана!
Эшикти сыртынан жаап чыгып баратып, бирок кайра ичкери баш
бакты да:
- Кыйынмын деп жүрөсүң го,ээ? Билсең сени киши кылып жүргөн - Асел! Эн-нең!.. – деди ого бетер тигинин итатайын келтирип.
- Коё бергилечи?! – кармагандарды түртүп, жулкунду Анарбек. –
Тузум урган айбан! Мен сени азыр!..
- Аселден башка катынга жолуксаң көрмөкмүн сени!
- Бери кел дейм! – эки бети кып-кызыл болуп кетти Анарбектин. –
Коё бергилечи дейм!
Белек эшикти “карс!” жаап, чыгып кетти.
- Мынчалык ачууң келчү эмес эле, бир нерсе болдубу?! – деди
Фарида деген келин бир балекеттен шеги бардай, чычалага от тамызгысы келгендей Анарбекти шыкактап. – Оңой менен кебелчү эмес элең?..
Бирок Анарбек ага жооп айткан жок. “Сениби, шашпа! Эл кетсин!” – деген өңдүү Аселди бир акшыя карап коюп, ваннага кирип кетти.
“Кайгы жокто кайненем өлүп кайгырдым” болуп, ойдо жок жерден башына балээ таап алганын түшүнгөн Асел:
- Нан ооз тийгиле, - деп коңшуларын кетиргиче шашты.
- Буларга эмне болду? – чыгып баратып да кылчактады Фарида. –
Жөн-жай элеби? Сени да урган го, ээ?
- Мени эмнеге урмак эле? Ортого түшө калам деп...
- Ии... – жоопко алымсынбай калгандай, чыйрыйып койду келин.***Белек сыртка чыгып, бетаарчысы менен мурдун басып, башын чалкалатып бир азга турду да, оюна бир нерсе түшкөндөй түз эле Лилияныкын көздөй бет алды. Терезенин ары жагынан акмалап карап турган аял “жымың” этти. Көп өтпөй эле эшиктин коңгуроосу шыңгырап:
- Ким?! – деди аял ким экенин билип туруп эле.
- Лилия, мен эле... Азыр эле Асел чалды го, сизге?..
Эшикти ачып:
- А... кана Асел? – деп, бирок жооп күтпөй эле экинчи суроосун
сурап ийди: – Сага эмне болгон?!
- Жанагы... Аселдин күйөөсү да, эн-нең!.. Сизге келели деп атсак
уруш чыгарып...
- Кир?! – Лилия боору ооруган өңдүү Белекке жол бошотту.
- Рахмат.
- Бети-колуңду жууп ал! - ваннаны жаңсады аял. Белектин шарылдатып, сууну агызганы угулду. Аял болсо күзгүгө каранып, жоолук-башын түздөп, чачылган-чучулган буюмдарын ирээттеген болду. Аңгыча ваннага кирген мейманы бир катуу бакырып ийип, андан ары дымы чыкпай калды.
Аял “селт” этти. Саамга тыңшап турду да, түз эле келип эшикти тартты. Ачык экен. Белек эңкейип, бети-башын бырыштырып, эрдин кырча тиштенип туруптур.
- Эмне болду?!
- Колум... – оң ийнин кармап, онтоду Белек. – Жана билинген эмес,
көтөртпөй калыптыр. Анарбек деген эме өгүздөй болуп, басып жыгылган жана. Сынганбы, чыгып кеткенби...
- ªгүздүн астында калбай, шамдагайраак болбойт белең, анан?! –
деди аял какшыктап. - ªкүрөсүң да тим эле!
- Байкабай кыйкырып албадымбы! – актана унчукту жигит. - Ким
ойлоптур, анын ит экенин! Асел экөөбүз сиз жөнүндө сүйлөшүп атсак кирип келип эле... кызганып!
- Демек, мен күнөөлүү экемин да, ээ?! – аял эми тамаша-чыны
белгисиз ушинтти да, ичкери кирип:
- Кай жериң?! – деди орой. Белек ийнин көрөсттү.
- Түз тур! – аял Белектин курткасын сыйрып алып, жийиркенгендей
жерге таштап салды да, чолок жең футболкачан калган жигиттин ийнинен ылдый сылап-сыйпап, сыдыра кармалап жатып:
- Эркесиңби?! – деди зекий. – Бошот денеңди, тырышпай!
Белекке бул канчалык жагымдуу болгону менен, бир жагынан
сүрдөп, денесин майда калчылдак басып кетти...
- Эмне калчылдайсың?! – деди аял же шылдыңы, же тамашасы
экени белгисиз. – Коркуп атасыңбы?!
- Жок...
Бир убакта эбин таап туруп, кандайдыр шамдагайлык менен чыгып кеткен колду тартып ийип, ордун сала койду эле:
Аа!!! – деп бир катуу бакырып алып, кайра уялып кетти жигит.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5