1-китеп.14-бөлүм.
Жаңыл апа демейдегидей эмес! Жүрөгүндөгү үлпүлдөгөн үмүттүн эң акыркы учкундары бая төл¬гөдөн кийин «жалп!» эте түшкөн сыяк¬туу, аз эле убакыттын ичинде таптакыр өзгөрүлүп, канча бир жашка картайып, алы-күчүнөн та¬йып, солуй түштү көрүнөт.
Акшоола таксини түз эле базарга айдатты. «Албетте, азыр энеге канчалык оор! Бирок, «Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи, «Алдыда жакшы күндөр, бактылуу карылык күтөт» дебедиби, ошол эле көзү ачык...» – деп ошого каниет байлады ал. Ушу саам, эмнегедир эсине Ынагы түшүп кетти. «Демек, ал да мени эстеп жатса керек,» – деди «кылт» эткендин баа¬рын тең эле жакшылыкка жоруй берчү кыялы. Эмнегедир эле ага телефон чалгысы, анын добушун эшитип, ал-акыбалынан кабар алып: «Кайда жүрсөң да саат-кырсыгы жок жүрсөң экен,» – деп ага жакшылык гана кааларын, атүгүл ушул сагыныч анын махабатын ого бетер ырбатканын, анын эч кимге окшобогон жакшы адам экендигин ичи элжирей айткысы келип кетти. Ошону билгендей, ал жаңы эле колуна алганда чөнтөк телефону «ырдап» ийди.
– Алло, Акшоола Ашыракмановна? – деди телефон чалган жигит.
– Да, да? Мен угуп атам... Аа, Арнас, бул сизби?
Акшооланын баягыдай болбой жайдары, шайдоот үн катканынан улам, канча күндөн бери телефон чала албай жүргөн Арнас жайдаңдай түштү:
– Алло, Акшоола, саламатсызбы? Тынчыңызды алып атканыма капа эмессизби?
– Жок, жок. Иштериңиз, өзү¬ңүздүн ал-акыбалыңыз кандай?
– Рахмат. Кудай буюрса баа¬ры жакшы. Бир гана...
– Алло, айта бериңиз, Арнас. Эмнеге унчукпай калдыңыз?
– Бир гана...
Арнас оюнда: «Бир гана күнү-түнү сиз оюмдан чыкпас болдуңуз, Акшоола айым!» – дегиси келип турса да, кептин удулун башка нукка буруп кетти:
– Бир гана, менин пациенттеримдин ал-акыбалы кандай күндө болду экен деп эле... тынч¬сызданып атканым?
– Рахмат сизге, доктор! Бирок, кечиресиз, бир пациентиңиз мен болсом керек эле. А башкасын биле албайт экенбиз?
Доктор саал буйдала түштү:
– Кечиресиз, сиз?.. Кош бойлуу эмес белеңиз?..
Кептин төркүнүн эми-эми гана түшүнгөн Акшоола күлүп жиберди:
– Анан бая эле ошентпейт белеңиз. Мен тү¬шүнбөй эле... Рахмат, Кудай буюрса кичинеден чоңоюп келатабыз.
– Абдан кубанычтамын, Акшоола. Алда кандай болуп кетти деп, жүрөгүмдүн «болк!» этип кеткеничи! – Арнас андан аркысын тамашага чала айтты, – Эмесе, уулуңузга айтып коюңузчу, апасы экөө Арнас байкесине эртерээк келип кароодон өтсүн.
– Кароодон дейсизби?..
– Ооба, ооба! Так бүгүндөн тартып мен сиздердин үй-бүлөлүк дарыгериңер болуп калдым.
Муну Арнас чындап эле, ушунчалык толкундануу, кубануу менен айтты. Айткандай эле, канча бир убактан бери башкы дарыгерден: «Мени ушул районго которуп коюңузчу?» – деп суранып атып, тилеги бүгүн кабыл болгонго кубанычы кучагына сыйбай турган. «Кудай буюрса, Акшоола эми төрөр-төрөгүчө менин көз алдымда болот! Мен аны менен бат-бат көрүшүп турууга мүм¬күнчүлүк таптым!» – деп жаш балача кубанып, так секирген жаш жигиттин эмнени ойлоп, эмне каалаганын башкы дарыгер билип коюптурбу. Тек гана кайра-кайра өзүнө ыраазычылык айтып, атүгүл бетинен өөп да жиберген береги кызматкерин көз айнегинин үстүнөн күлө карап, башын чайкаган болду. Ошондон чыгып эле Арнас Акшоолага телефон чалган.
Жигиттин өзү тууралуу андай астейдил мамилеси, тымызын махабаты бар экенинен али кабары жок Акшоола:
– Жарайт, жакшы калыңыз, – деп коштошкон соң: «Ушундай да ишин жандили менен сүйгөн, алпейим адамдар болот экен, ээ?!» – деп абалкы ак жуумал, сүйкүмдүү жаш жигитти элестете ичи жылыды. Бирок, Жаңыл апанын арман менен азапка жуурулуп, ташты тешип кетүү¬чүдөй созолонгон үшкүрүгү Акшооланын эми элеки жакшы ойлор жылоолоп келаткан жүрөгүнүн чок ортосуна чагылгандын огундай тикесинен сайылып тү¬шүп, кыялынын кыйсыпырын түшүрүп, чакчалекей кылып ийди.
– Эне, мен сизди сабырдуу го десем, ушунча да кайгырасызбы? – деди эми энеге кайрат бергиси келип. – «Баа¬ры жакшы болот» деп төл¬гөчү деле айтты го?
– Жанагы акмак каякта болду экен? – эне аны укпагандай кайра дагы улутунду.Эненин анткени да жөндүү эле. Бу кезде анын уулу ра¬йондук ички иштер бөлүмүнүн ным, сыз жыттанган караңгы, тар бөлмөсүндө кайсы айыбы үчүн камалганын өзү да аңдап биле албай, өзүнө окшогон дагы жети-сегиз кылмышкердин арасында отурган. Чындыгында анын Кудай алдында, мыйзам алдында, абийир алдында жазалана турган жазыгы арбын болчу. Бу сапар Самаган ошонун кайсы бири үчүн айыпка тартылаарын ажырата албай, арактан кийинки зыңылдап ооруган башын кош колдоп мыкчый кармап, кудум барымтада калган коркунучтуу жырткычка окшоп алда кимге ызырынып, тишин кайрап, кечээ аны бу жерге кантип алып келишкенин, ортодо эмне кеп-сөздөр болгонун улам кайра башынан эстеп, кыжынып отурду...
Кечээ ал «жоголгон» катын-балдарын издеп, баягы эски конушуна барган... Анан?! Анан эле кайдан-жайдан милийсалар жетип келип, колдон-буттан алышып мында алып келишкен. Андан башка эч нерсе билбейт. Анткен менен эси-дартынын баары тең эле Ырысканда болуп, ошондон гана шек санап туруп алды. Анткени, мунун киши өлтүргө¬нүн андан башка эч ким билчү эмес. А чындыгында, Ырысканда айып жок болчу. Ата¬йылап аңдып туруп, укук коргоо органынан киши чакырып, мунун колуна кишен салдыргандар бө¬лөк, атүгүл анын бу жерде отурганы да өзү ойлогондон алда канча жөнөкөй, мындайча эле:Кечкурун көчөдө ары-бе¬ри өткөндөрдү карап, эригип отурган Бекиштин көзүнө тээ-тигинде лөкүлдөп желип келаткан Самаган уруна калды. Жолдун аркы өйүзүнө бир, берки өйү¬зүнө бир чыгып, эки ийинден колдору күч менен салпак-салпак этип калганынан эле анын мас экенин баам¬дап, өгүнү ыдык көрүп, ызаланып калган эме ичинен «жым» дей түштү да, ал жакындап келгиче ко¬роого «култ» этип кире качып, дарбазаны ичинен эки-үч кайталап илип койду. Антпесе, бая күнү да килтеңдеп келип алып, аз эле жерден му¬ну жанчып коё таштаган. Чоң муштум немеге теңелип болобу, аке-жакелеп атып араң кутулган.
– Катынымды көрдүңбү?! – дегенинен тилин бирөө тырмагансып:
– Катыныңды мага кайтартып койгонсуп, келген сайын эле менден сурайсың да?! – дей койсо, «урушаарга жоо таппай, уру¬наарга тоо таппай» турган эме кокодон алса болобу.
-Кой! Кой, Саке?.. Ошого эле ушунча болосуңбу? Катын-балдарың кайда кетмек эле, ачуусу тараганда келээр да бир күнү. Бир ачууңду мага бер, эми, – деп атып араң бошогону менен ичинен кыжынып, айласынын эле жоктугунан калган болчу. Ошондон көп өтпөй эле ошол үйдүн кожойкеси: «Канча айдан бери ижаранын акчасын бербей, качып жүрүшөт», – деп ички иштер бөлүмүнө арыз берип, атүгүл участкалык милиционерди ээрчитип келип кошуна-колоңдордон: «Кошунабыз Самаган Өмүров аялы Алия жана эки кызы менен ушул үйдө ушунча жыл жашап, бирок батирдин акчасын төлө¬бөй жүр¬гөн¬дүгү чын жана акыркы убактарда алардын кайда экендигин билбейбиз. Бирок, ким-кимисинен кабар болуп калса же көрсөк сөзсүз кабарлайбыз», – дедиртип түшүнүк кат жаздырып кеткен.
– Алло?
– Да-да? Ички иштер бөлү¬мүнөн милициянын ага лейтенанты Океев угуп атат.
– Саламатсызбы? Өткөндө сиздер тараптан кишилер келип: «Самаган Өмү-ров деген жи¬гитти көрсөңөр ушул телефонго кабарлап койгула?..» – деп кетишти эле?
Океев жандана түштү:
– Да-да?! Айта бериңиз?
– Ал азыр мурда жашап кеткен үйүнө келди.
– А ким чалып атат?
– Арстанбеков Бекиш деген...
– Кайсы үйдө жашайсыз?
– 43-үйдө. Бирок, тигиге билгизбей эле койсоңуздар. Ашыкча проблеманын кереги жок.
– Болуптур. Рахмат сизге!
Милиция чакырып коюп, Арстанбеков дарбазанын жыртыгынан шыкааласа, Самаган түп-түз эле эски ижарасынын эшигин сүздү. Өгү¬нү өзү салып кеткен кытайдын кичинекей кулпусун келген сайын мык-сык менен чукулап ачып алчу жаны, бу жолу анын ордуна килейген кара кулпу турганын көрүп, ишенбегендей кайра да карады. Мас неме оюнда: «Келген экенсиң да, акыры! Шашпа, сени элеби!..» – деп ойлоп, эки-үч жолу тепкенде эле каалга каңтарыла түштү.
Аңгыча артынан келген кимдир бирөө:
– Жолдош Өмүров! – деп ийинден кармады эле, тиги аны карап да койбой, колунун сырты менен ары итерип салып, ичкери кирип кетти. Чалкасынан түшө жаздап барып оңолгон укук коргоо кызматкери башынан түшүп, чаңга оонай түшкөн баш ки¬йимин жерден ыкчам ала коюп, тигинин артынан ызырына, ызалана кирди да:
– Өмүров!!! – деди бакырып. – Бери караңыз?!
– Эмне-е?! – адатынча опурула, артына бир обдула берген Өмүров эми бет маңдайында турган милиционер менен жабалактаган элди көрүп эси эңгирей түштү. Оюна ансыз да күндүр-түндүр жүрөгүн өйүй берүүчү баягы сары дубалдар «шак!» эте калды: «Билишкен экен да, иттер!..» – Мас болсо да заманасы тарып, айласы куруй түштү. «Албарсты десе, акыры бир колума түшөөр¬сүң! – деди ошол көпчүлүктүн арасында Ырыскан да жүр¬гөн сыяктуу ага ызырынып. – Сениби, шашпа!»
– Жолдош Өмүров, мени менен жүрүңүз?! – деди милиционер.
– Кайда? – калп эле анткорсуй, аңкоо адамча далдая карады.
– Кайда болмок эле?!. – милиционер: «Кайда экенин менден жакшы түшүнөсүң!» – дегендей эми кекээр, буюра айтты. – Бол, ылдам!!!
– Эмнеге?! Кайсы айыбым үчүн?!. – дорулдап, жансоога сурагандай коңшуларын айландыра бир карап алды. Ант¬кен менен алардын бири да «кыңк» этпей, тескерисинче ал¬да неден шек санагандай, муну бир кызыктай карап турушкан. «Баары бир танам! Мойнума албайм!» – деп ойлоп ийди заматта.
– Эмне күнөөм үчүн?! Мен күнөөлүү эмесмин! Кудай урсун!..
– Аны тигил жактан териштиребиз! Жүрүңүз?! – Ага лейтенант аны каруудан кармап жетелемекчи болду эле, тигил бир булкунуп бошоп кетти:
– Барбайм, мен! Менин күнөөм жок! Угуп алгыла, анын баары жалаа! Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин!!! – кутурган эмече кайра-кайра ушинтип кыйкырган эргул желип-жортуп, бирде чуркап, бирде жайлап узап баратты. Ага лейтенант белиндеги кабарлоочу аппаратын шашылыш ала коюп, каяккадыр кабарлады эле, даяр тургандай бет алдынан дагы беш-алтоо пайда боло калып тигини колдон-буттан кармап, машинеге салып кетишти. Ошондо да:
– Калп айтышат! Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин! Мен билбейм, эчтеке! Кудай урсун, калп айтсам! Мени коё бергиле?!! – деп кыйкырып баратты.
Эмнегедир алар менен кетпей, бу жерде калып калган жанагы милиционер адегенде чогулган элден: «Өмүровдун укук коргоо органынын кишисине кол көтөргөнү чын» – деген тил кат алып, ага удаа эле алда ненин учугун издегендей:
– Ким өлдү эле? «Мен өл¬түргөн эмесмин» деп эмнени айтып атат? – деп сурамжылады. Айрымдары ийин¬дерин куу¬шурган болду. Ошондо жакын коңшуларынын ичинен бирөө-экөө көптөн бери өздөрү да шекшип, бүдмүк болоп, кү¬бүң-шыбың болуп жүргөн шектеүсүн айтышты:
– Көптөн бери эле үй-бүлөсү жок... Эмнегедир эле да¬йынсыз болуп кетишти. Өзү болсо ичкен сайын ушинтип келип алып: «Менин катыным каякта?!» – деп тынчыбызды алчу болду. Балким... ошолорду айтып аткан жокпу?
– Өзү каякта жашайт?
– Базарда иштеген бир аялдын үстүнө кирип алган, эчак эле. Алия байкуш эмчектеги баласы, дагы бир кызы менен жарым жылдай жалгыз жашаган. Анда-санда эле бир келип ызы-чуу салып кеткени болбосо, акча түгүл бир үзүм нан алып келчү эмес. Байкуш келин ар кимдин көзүн карап, балдары менен эптеп-септеп күн көрүп калган. Бир күнү эле анан... жоголуп кетти!
– Мүмкүн төркүнүнө кетип калгандыр?
– Төркүнү жок, атадан да, энеден да жалгыз, томолой жетим кыз болчу...
– Мм... Ошондой дегиле?!. – деп алда ненин учугун тапкандай тунжурай калган милиционер:
– Болуптур, анда. Азырынча коштошо туралы. Жакшы калыңыздар. Рахмат сиздерге! – деп шашылыш жөнөп кетти.
Самаган Өмүровдун «делосуна» ошентип, мурунку: «Би¬рөөнүн кыймылсыз мүлкүн (батирин) ушунча жылга бекер пайдаланып, момунча сом ижара акысын төлөөдөн качып, жашырынып жүрөт» деген айып¬тын үстүнө дагы: «Укук коргоо органынын кызматкерине кол көтөр¬гөн», андан сырткары: «Кошуна-колоңдору Самаган Өмүровду «Үй-бүлөсүн өл¬түр-гөн болуш керек» деп жоромол¬доодо. Анткени, канча бир убактардан бери анын аялы эки баласы менен дайынсыз болуп, жоголуп кеткен» деген үчүнчү божомол жазылып калды.
– Кечээ мени бул жерге алып келгенде эмне кеп-сөз болду? Мен кандай келдим? – баятан үнсүз, үңкүйүп отурган Самаган жакыныраак отурган бирөөдөн сурады эле, тигил кайра анын өзү¬нөн:
– Эмне, киши өлтүрдүң беле?! – деп ого бетер үрө¬йүн учуруп койду. «Өлдүм! Билишкен экен да, иттер!» – оюна дароо ушул келген Самаган:
– У-ух!!! – деп очойгон колдору менен дубалды муштагылап ийди. Тигил ага акыл-насаат айткан болду:
– Буга че¬йин абайлаш керек болчу, иним! «Таза иштесең» болмок!.. – деп анан кулагына шыбырады, – Эч нерсе эмес, андан көрө эми Кудайдан жеңилин сурай бер.
«Булар да билсе, демек бач-чагым чыккан экен! Эн-неңди, Ырыскан!!! Сениби, шашпа!» – деп кекенгени менен, чындыгында бала тууралуу кылдай да шек жок болчу. «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» болуп өзүнүн: «Мен эч кимди өлтүр¬гөн эмесмин! Кудай уруп кетсин, аны мен өлтүргөн жокмун! Жалаа жаап атышат!» – деп кечээ кечте баштаган, масы тарагыча – таң атканча какылдап-какшап, өзү¬нүн карганып чыкканын ал билген жок.
* * *
Кечээ Самаганды көз байлангыча күтүп, акыры чыдамы кеткен Ырыскандын баягы адаты кармап, Алиялар жашаган батир тарапка дакылдаган боюнча келатты. Ай-күнүнө жетип калган курсагы челкилдеп, өңү-башы кумсарып, таноолору кыпчыла, кокус эле Алия азыр алдынан чыга калса басып жыгыла турган өңдүү, кебетеси бир укмуш. Адегенде эле көзү¬нө жол боюндагы, Самаган мында келген сайын арак алып иччү баягы аял урунуп, ага атырылып бир тийди:
– Келдиби, тиги?!
«Тигинин» ким экенин айттырбай түшүнгөн аял муну ичинде канчалык жек көрүп, кыжыры кайнаганы менен ажаан эмеге теңелүүдөн айбыгып:
– Ооба. Жана келди эле, бирок... – деп келатканда Ырыскан оозунан кебин жулуп алып:
– Ии, арак бердиңби, да¬гы?! – деди.
– Ботом, бербеген жаныма койбой атса, бердим да! – деп акарат кылып алып, кайра анан кайпактай, калп эле жан тарткан кишиге окшоп жакын келип, кулагына шыбырады:
– Ай, аныңды милийса кармап кетти!
Ырыскан уккан кулагына ишенгиси келбей, кулактары чуулдап, көздөрү чыбырчык боло теңселе түшүп, Самаган ойлогон ойду ойлоп ийди: «Бала өлтүргөнүн билишкен экен да?!»
– Эмнеге камашты?.. – Самаганынын тагдыры азыр ушул аялдын колунда тургансып, Ырыскан эми чакыраңдабай жоош унчукту.
– Таң! – тигил ийнин куушуруп, муну табалагандай эми өйдөтөн карап, маалката жооп берди: – Эмнеге камаганын бир өзү, бир Кудай менен милийса эле билбесе, мен каяктан билейин?! Бирок, милийсалар колдон-буттан алып, машинеге салып атканда ал шору каткырың жакшы эле: «Мен өлтүргөн эмесмин!..» – деп жанталашты эле, тигилер аны угуп да коюшкан жок! – аял анан өзүнүн жакасын эки колу менен тең куушура кармап, күңкүлдөп койду:
– О, Кудай, айланайын, пендем десең ошолорго күн салгылык кыла көрбө?!.
Ырыскандын ындыны сууй, кебетеси ого бетер бузулуп, чалкайган курсагы түйүлө ылдый тартып, чатырап чыңалып чыкты. Ошондон уламбы, катуу онтоп ийген келинди тигил аял колтуктан ала коюп:
– Кокуй, кебетең бузулуп кетти да?! Капырай, кантет бу?! – деп өзүнүн отургучуна отургуза койду. – Суу ичесиңби? Ме гой!..
Стакандагы сууну колдору калчылдап, төгүп-чачып, какап-чакап атып араң ууртап-татып аткан келинди бирок кайра эле бат жипкире карады: «Экөө бирдей окшошуп, биринен-бири өтүп кебетелери суук, каапырлар! Кайсы арларына анан кызганышат дейм да?!.»
Кичине эс ала түшкөн Ырыскан:
– Ал шордуум кимди өлтү¬рүптүр? – деди.
– Кайдан билейин, айлана¬йын! Бирок көптөн бери катын-балдары көрүнбөй калган. «Ошолорду өлтүрүп, көз¬дөн далдоо бир жерге көөмп салган окшойт» деп атышат.
– Ыя-а?! – Ырыскан же сүйүнөөрүн, же күйүнөө¬рүн билбей аңкайды. Ант¬кен менен, көптөн бери көңүлүн да, жүрөгүн да өйүп жүргөн: «Мени таштап катын-балдарына кайтып кетпесин?!» – деген күдүктүү күйгүлтүктөн кутулуп, жонунан бирөө-жарым оор жүктү алып салгандай өзүн ого бетер таштап ийип, шалдая түштү.
– Ай, келин, акыбалың жакшы болсо үйүңө барсаңчы, айланайын. Же доктур чакырайынбы?! – деди аял андан кутула тажаганын жашыра албай.
– Азыр!.. – деп баягыдай болбой жоош унчугуп, ордунан араң козголуп, теңселе басып кетип бараткан Ырысканды аял артынан узата карап турду.
Эрин талаша турган Алия¬нын эми жер үс¬түн¬дө жок болуп калганы, болгондо да «Самагандын өз колу менен жоголгону» анын моокумун ушунчалык кандырганын кара! Ошого удаа эле эр кылып менчиктеп алган Самагандан эми тап-такыр айрылганын ойлогондо, жер астын-үстүн болуп, мас немедей теңселе басып, араң эле кетип баратты.
Эшиктен кирип келип эле баягы, жедеп Самагандын ачкыл тери сиңип бүткөн эски диванга көмкөрөсүнөн кулап, өңгүрөп ыйлап ийди.
Аң-таң боло, бир-бирине аңкая караган кыздар энесине жакындаганга даай алышпай, бирок өздөрү үчүн кандайдыр бир жакшы кабардын бар экенин сезгендей, күлмүңдөй калышты. Энеси ыйлай берип, көксөө¬сү сууп басылганда гана Мээ¬рим:
– Эмне болду?! – деди табалагандай сүйлөп. – Сүй¬гөнүң келбей койдубу?!
Ансыз да араң турган аял «тарс!» жарылып кетти:
– Жаш-шабагыр!! Көзүмө көрүнбөй чыгып кетчи, эшикке! Кара жолтой, укум-тукумун тарткан карасанатай шүм¬шүк!!! Толгон кишиден жанагы жезкемпирдей болгон кара кемпирди тартыптыр!.. Жогол, үй¬дөн!!!
– Чоң энем сага эмне кылды?!
– Атаңдын как башы кылды! – көзүнүн жашын көл талаа кыла долуланып ыйлап, улкунуп-жулкунуп, буркан-шаркан түшүп кирди Ырыскан, – Байкушту жек көрүп, кыял-жоругуңду көр¬сө¬түп атып!.. Сен антпесең кетмек эмес, ал! Тигил үйүнө бармак эмес!!! Мага окшоп бактың байланып, эрсиз кал, шерменде!
Кызы да жалтанган жок, тикирейе тиктеди:
– Капкайдагы бир аракеч, зөөкүр үчүн өз кызын каргап-шилеген эне дагы энеби?! Каргышың!..
Аял ордунан аткан октой атып турганда, эки кичинекей кыз эки жактан чырылдап ыйлап, бири энесине, бири эжесине жабышты:
– Болдучу, апа? Урушпагылачы?!
– Эжеке-е?!
– Жого-ол, шерменде! Көзүмө көрүнбөй жогол!!! Болбособу!!! – чаңырды аял.
Өңү кумсарып, энесин тикирейе тиктеген өспү¬рүм кыз бет маңдайында оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып өзүн каргап, ажылдап тилдеп аткан энесин мелтиреп бир топко карап турду да, эшикти «тарс!» эттире жаап сыртка чыгып кетти. Бул убакта убакыт түнкү он экиден ооп калган.
Эжекесин ээрчий, босогого чейин чуркап барып калып калган ортончу кызы энесинен ырайым күткөндөй, ый аралаш жалооруй унчукту:
– Апа, эжекем каякка кетти?!.
– Каякка кетсе ошоякка кетсин! – дегени менен көңүлүнө бир: «Чын эле, караңгыда ал шүмшүк кайда барат?!» – деген бир кичинекей түпөйүл суроо «тык» эте калып, анысын бирок кандайдыр, ошонун өзүнө эле карама-каршы келген карөз¬гөй, ташбоор сезим «жалп!» эттире салды:
– Мага десе өлүп кетсин, шүмшүк!.. Ошондон ары таптакыр көзүмө көрүнгүс болуп, жоголуп кетээр күнү канакей?!
Шаабайы сууй түшкөн ортончу кызы эми энесинин «дартынын» дабасы эмне экенин билгендей, жакыныраак шы¬наарлап келип жароокерлене сурады:
– Апа-ов, Самаган ата эми биздикине качан келет?
– Ал эми келбейт! – айткандай эле эриндерин эмшеңдетип, эреркеп кеткенсиди энеси. – Ал байкушум эми биздикине такыр келбейт!.. Үү-үү...
Эки кыз бири-бирине жымыңдай карашты. Антсе да сыр билгизбей:
– Эмнеге, апа? – деди ортончу кызы кайра.
– Ал байкушту милийсалар камап салышыптыр.
– Мас болдуң деппи? – кичинекей кызы сурады.
Апасы бир чекиттен көз албай телмире тиктеген калыбында унчукпай ыйлап, бир далайга үнсүз отурду да башты эрдемсий бир чулгуп алып:
– Ал... киши өлтүрүптүр! – деди. Бирок, кыздары бу жолу энесинин үнүнөн, өңүнөн өкүнүч, жек көрүү же ким бирөөгө болгон аёонун эмес, тескерисинче сыймыктануунун белгилерин көрүп турушту.
– Ал байкушум өзүнүн катын-балдарын өлтүрүптүр!..
– Эмнеге?!.
– Биз менен биротоло жашайын деген болуш керек! – Кайрадан эриндери эмшеңдей түштү.
Өгөй атасынын эми үйгө келбестигин билип, азыр эле энесине билгизбей кубанып, жымыңдаган кыздар мостоё калышты.
– Апа, ал бизди дагы өлтүрбөйбү? – деди кичинекейи дирилдек баскан добуш менен.
– Ики! Ал деген эми келбейт да, анткени аны милийсалар камаган турбайбы! Чынбы, апа-ов? – чын экенине өзү да күмөнсүп, бирок дилинде Самагандын үйгө таптакыр келбешин каалап турган ортончу кыз энесине үңүлө, үмүттүү тигилип, жооп күттү.
А бирок Ырыскан андан ары унчуккан жок. Ордунан туруп барып, жана күндүз эрине деп алып койгон арагын бузуп, бөтөлкөнүн оозунан эле куркулдатып бир далайга чейин жутту да, какап-чакап, бети-башын бырыштырды. Андайда энесинин каарына калаарын билишкен эки кичинекей кыз ашканага чуркады. Алар апкелген чай чыныдагы суу¬ну арактын артынан бастырып ийип, кайра эле бая¬гы ордуна кулаган аял бат эле корулдап уктап кетти.
Ошону эле күтүп тургандай эки кыз терезеге жабыла карашты. А бирок, ушунчалык коркунучтуу дагы, көзгө сайса көрүнгүс дүпүй¬гөн караңгы түн алардын эжесин биротоло койнуна ороп, кучагына чүмкөнтүп алгандай, таптакыр эч нерсе көрүнбөй атты. Канчалык эшикке жандалбастап, үңүлө карашкандары менен эжесинин карааны баштагыдай кайдан-жайдан «сербең» этип чыга калбай, томсоруп турушту.
* * *
Бая үйдөн чыкканы эле дикилдеп чуркап да, ыйлап да алган Мээрим азыр каякка баратканын, андан аркысы кандай болоорун капарына да илбей туш келди кете берген.
Анда-санда гана жанынан «зуу-зуу!» этип машинелердин каршы-терши зуулдаганы болбосо, алда кайда ийреңдеген узун көчөлөр демин ичине жутуп, тызылдап чуркаган кыздын таманынын такылдагын гана тыңшагансыйт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3