1-китеп.12-бөлүм.
Венеранын болсо бирден-бир ишенгени – Акшоола. Ушул кабарчы аялдын ага аяр, ак дилинен жасаган алпейим мамилеси аны көп азаптан арачалайт. Ишенимин арттырып, үмүтүн улайт:
– Кудайым бар эмеспи, Венера. Бардык нерсени жакшылыкка жоруган оң. Балким бир күнү кимдир бирөө: «Кечиресиз, сиздин балаңыз ушул эмеспи? Баланча жакта адашып жүргөн экен. Сиздерди тапканча ушунча убакыт өтүп кетпедиби! Мынакей, эми алыңыз балаңызды! Бирок мындан ары балага сак болуңуз!» – деп уулуңду көтөрүп келип калгысы бардыр, – дейт Акшоола.
– Айтканың келсин! Ылайым эле ошондой болсо экен! Оозуңда бардыр!.. – деген Венера чындап эле ошол күндү элес¬тетип, каниет байлайт. Анан?.. Андан ары эмне болду эле?..
Ушул тапта оорукананын башкы дарыгери – жанагы орто жашап калган адам палатанын эшигин акырын ачып, кудум уктап аткан адамча көздөрүн жумуп, кыймылсыз жаткан келиндин жанына келди. Эмнегедир пациентин таа¬ный албай аткандай көп¬кө чейин жанында бүшүр¬көй карап, ойго бата тунжурай түштү да, эми-эми анын ким экенин эстегендей бүт тулкусун солкулдата улутунуп алып, кандайдыр бир санаа үстүнөн ныгыра басып алгандай акырын, чайпала басып чыгып кетти...
Венера жанына келген дабышты туйганы менен, көзүн ачып караган жок. Азыр ага кимиси келсе да баары бир эле. Бу тапта ал өткөн күндөр¬дүн элесине жипсиз байланып, кокус азыр ошол жактан, ошол күндөрдүн кайсы бир кычыгынан уулун таап алуучудай арбалып, үзүлгөн ой учугун андан ары чубады...
Бир күнү да Акшоолага баласын издеп келатса, жол боюн¬да отурган цыган аял:
– Чоң кыз! А чоң кыз, кел алаканыңды ачып берейин?! – деп калды. Андан кыйгай өтүп кетүүгө Венеранын эрки жеткен эмес: «Балким, Эркинбегимдин кабарын ушул аял айт¬пасын?!» – деген үмүтү көңү¬лүндө «жылт!» эте түшкөн да, алаканын тоскон. Цыган аял:
– Адегенде акысын төлөп кой! – деген. – Өкүнбөйсүң!..
Венера кулагындагы акыркы алтын сыргасын чыгарып бергенде тигил шыр эле:
– Бирдеме жоготтуң беле? – деген.
– Балам?!. – шашкалактап ийген келин. – Айтчы, бай болгур, балам табылабы?!
– Табылат. Бирок, ошого чейинки жолуң өтө оор! – деген аял келинди аягандай, сырдуу тиктеп.
– Балаңды алыстан издебе, ал үйүңө жакын эле жерде!..
Цыган аял башка эч нерсе айтпай, андан ары узап баратып муну кандайдыр бир кызыктай, аягандай бир чолуй карап алган. Ошол караш жүрөгүнө бычактай сайылып, каршы-терши кадала түшкөн! Каапыр десең!
Эми да куду ошондогудай болуп, көз алдына тартыла калган ошол элестен качып, көздөрүн ачты келин. Дагы эмне болду эле? Андан аркысы эч эсинде жок. Ии, ооба, анан ал Акшоола иштеген гезиттин редакциясына келген. Анан? Ыйлап атканын бир эстеди. Калганын билбейт.
* * *
Эртең менен эрте Алия энесин таксиге салып атып:
– Байке, апамды мы¬на бул дарек боюнча алып барасыз. А кокус үйдө киши жок болуп калса... – деп буйдала калды эле:
– Анда эмне? Энеңди кайра апкелип берейинби?! – деди таксист же тамашалаганы, чындаганы белгисиз.
Ыңгайсыздана түшкөн келин:
– Жок! Бирок карыган адам, анын үстүнө шаарды да билбейт, санаам тынчыбай атпайбы... Байке, суранам сизден, кокус чын эле үйдө киши жок болуп калса, мына бул телефонго чалып коёсузбу? – деп бир бүктөм ак кагаз сунду.
Жолдо келатып:
– Кызыңыз го? – деди ай¬доочу жанындагы байбичеге.
– Келиним! – эне мактангандай компойду.
– Оо! Келиниңиз жакшы го? Же уулуңуз жакшыбы? Кээ бир келиндерге кайненин адашып кеткени кайра жакшы да!
– Ийе, ал өзүнүн дээринен да! – эне жактырбагандай унчукту.
Анткенинин да жөнү бар: Акыркы күндөрү айыл-ападагы катын-калачтын эле эмес, эки эркектин башы бириккен жерде деле сөз: «Жаңыл апанын келини...» болуп калган.
– Ой, оңбогурлар о-ой! – дечү болду кээде эне кулагы алда-нени эшитип калганда келин-кесектерге таягын сербеңдете. – Эбиреп атасыңарбы дале? Башка кептин баары түгөнүп, эми эрмегиңер менин келиним болдубу, ыя?
– Келиниңизди мактап атпайбызбы, апа, – дешет анда алар.
– Жаман эменин эмнесин мактайсыңар?!
Көз тийбесе экен деп ошентет эне. Анткени менен ошол: «Жаман эме» дегенинин өзүндө эле канчалык жагымдуулук, ичи элжиреп эркелеткендик жатат. Үйгө келип эле келинин ырымдап, арча-сарча түтөтөт. Кокус эле Алия эшикке чыгып келсе башынан суу тегеретип чачып, күбүрөнөт.
– И-ий, энеке! – Андайда Алия кытылдап күлөт. – Мени тим эле бир...
– Э, балам! Бирөөнүн көзүндө бар, бирөөнүн сөзүндө бар! – дейт эне да өзүнүкүн бербей.
Азыр да жанындагы жайдаңдаган тамашакөй шоопурду жактырбай, тескерилей түшкөнү ошол.
Кечке маал Жаңыл апаны такси түз эле Акшооланыкына алып келди. Алар эшиктин коңгуроосун басканда, жаңы эле иштен келип, ээн үйдө эч нерсеге көңүлү чаппай сулк жыгылган Акшоола «селт» этти: «О, Кудай?! Ынак болуп жүрбө¬сүн?!»
А бирок ал эшикти ачканда:
– Амансыңбы, айланайын? – деди бейтааныш байбиче. – Акшооланын үйү ушулбу?
– Ушул...
– Саламатсызбы, Акшоола айым? – эзелтен тааныштардай күлө бакты айдоочу.
«Булар кимдер эле?» – деп кайра босогодо буйдала калган келин ыңгайсыздана түштү:
– Келиңиздер?.. Төргө өтү¬ңүздөр, эне.
– Менин атым – Байтур, – таксист кирип-кирбей эле адатынча барбалактап кол узатты. – Мен силердин басылманы да¬йыма окуйм. Атүгүл чогултуп да жүрөм. Ишенбесеңиз көрсө¬төм...
– Ишенем, байке.
Жаңыл апа адатынча айдоо¬чуну жактырбагандай аңкая карады:
– Ай, бала! Бу сен деги кандай баласың?! Алдагы баланын колун коё бербейсиңби?!
– Аа, ооба! Кечирип коюңуз, эне?! Мен... байкабай эле, – деп тигил саал ыңгайсыздана түштү эле, эне ансайын шаштысын кетирип койду:
– Ийе, деги эле байкабай калаачагын, мунун!
– Коку-уй, энемден таяк жеп кала электе кетейин! – деген шоопур кожойкенин:
– Жок, жок, чай ичип кетиңиз, – дегенине көнгөн жок.
– Рахмат, Акшоола. Иши кылып апаңызды аман-эсен колуңузга тапшырдым. Антпесем, тигиякта сизге окшогон дагы бир кызы бар экен: «Кокус эле апамды адаштырсаңыз таарынбаңыз!» -деп катуу табыштады эле, – деди тамаша-чындан. – Анын үстүнө машинемде: «Үйү¬мө жеткир»– деп догурунган дагы эки кемпир отурат. Андан көрө мобуга кол тамгаңызды коюп койсоңуз? – чөнтөк дептерин сунду.
Кайдан келгени да, ким экени да али табышмак, капилет келген бу коноктор Акшооланын көптөн бери тым-тырс болуп тунжураган үйүн бапыратып жиберди. Анткен менен дас¬торконун жайып, ары-бери чуркаган кожойке береги чекесинин терин аарчып, үйдүн ичин айландыра карап аңкайган апанын ким экенине куштар: «Кызык, биздин айылдык болсо билет элем. Ынак тараптан болсо, Ынакты сурайт эле. Анда ким? Токточу! Коё тур, а балким бул?.. Ынактын алиги... жаңы махабатынын энеси эмеспи? Мүмкүн. Анда эмнеге келди?»
Кудайы коногу азыр: «Эми, эстүү эле келин экенсиң, балам. Эки бала жаңылыптыр, жазыптыр! Экөөнүн көп күнөө, аз айыбын кечир? Ошолор үчүн ушинтип, улуу башымды кичик кылып, алдыңа келип отурам. Кудай кааласа, кызым да кош бойлуу экен. Эми, экөөнө мыйзамдуу түрдө кечирим кылып, ыраазычылыгыңды бер, айланайын?» – дегени оозун таптап отургандай, Акшооланын кулагы туна түштү.
– Ата-энең күүлү-күчтүү¬бү, айланайын? – чай ууртап отуруп сурады эне.
– Жакшы, апа... – дегени менен Акшоола: «Сиз кимсиз? Кайдан, кандай максат менен келдиңиз?» – деп сурай албай, ичинен: «Эмнеси болсо да адамды эзбей, айтаарын батыраак эле айтса экен...» -деп атты.
– Ишиң жакшыбы, айлана¬йын? Бу шаарыңардын ысыгы укмуш тура! – деген эне аңгыча алда нени эстегендей ыргып-секирип кетти. – Апе-ей, каранкүн! Жанагы сомкем канакей?!
– Тигинде турат, эне.
– Ии-йи! – эненин жүрөгү ылдыйлады. – Мен да машинеде калып калганбы деп!.. Алып келчи, бери!
Дастарконго заматта сары май, сүрсүгөн эт, сүзмө, курут, чучук додолонуп, үйдүн ичи ого бетер бапырап, айылдын жыты «бур-р» дей түштү. А бирок, мейманын өзүнчө божомолдоп: «Ынактын кайын энеси» кылып алган Акшоола чыны менен эле ыңгайсыз абалда калды:
– Буларды жөн эле койбойт белеңиз, апа?
– Ошондон ушуга келатып, жөн да койчу беле, балам!
Бар дүйнөсү сыртында төгүлүп-чачылып, барпалаңдаган ак чач байбиченин алдында Акшоола өзүн канчалык өгөй, коомай сезгени менен, жандүйнөсүнүн тээ түпкүрүндө кандайдыр бир жагымдуулук, жылуулук уялап, эне баары бир ага жагып турду: «Кызынын кыял-жоругун эне кошо төрөдү дейсиңби? Бу кишиде эмне күнөө?» – деди оюнда. Тескерисинче: «Ии, сени күйөөң ошон үчүн чанган турбайбы», – деп бир жеримден кынтык таппаса экен деп атты. Бирок, көп өтпөй ушунун баары өзүнөн-өзү жуулуп, эмнегедир бат эле экөө ымалашып кетишти. Эне-баладай эрмектешип отуруп чай ичишти. Жаңыл апа алда нени айтып койсо эле Акшоола кытылдап күлүп калат. Анда:
– Ботом, эмне эле кытылдайсың? – дейт эне анса¬йын куудулданып. – Билгениң болсо айтсаңчы, мен деле күлө¬йүн?..
– Сиз күлдүрүп атпайсызбы, – деген келин бейтааныш эненин алпейимдигине ичи жылыйт.
– Апа, кемселиңизди эмнеге чечпейсиз? – дейт бир убакта боргулданып тердеген байбичеге катылып.
– Сени кийип алат деп коркуп аткам го, ботом! – деген эне кемселин чечип атып, адатынча өзүн-өзү урушат. – Капырай десең! Бирөө-жарым көтөрө каччудай болуп!.. Карыганда жаман киши ушинтип апенди болот! Какмар десе, анан калса, деги эле Кудай алчудай болуп тумчуланып алганымды көрбөйсүңбү! Ушу мени урушаар киши жок!
– Өзүңүзчү? – күлөт Акшоола.
– Өзүм кара жерге кирейин! – тескерилеп кетет апа. – Карылык деген ушинтип адамды карайлатат бейм. Ошону ойлобогонумду кара! Баса, күйөө бала кайда?
«Күйөө бала» дейби?! Ак¬шоола ансайын алдастап, эмне айтаарын билбей туюктала түштү.
– Мени көрсө: «Бул кайдан келген карала кемпир?»– деп ошол бала чоочуйбу деп жаным жок!..
– Апа?! – Кубангандан Ак¬шооланын көздөрү бажырайып кетти, – А сиз... Ынакты тааныбайсызбы?!
– Каяктан тааныйм, ботом? Сени эми таанып атсам!
– А мен сизди... Ынактын «туу¬гандары» го дегенимчи!
Жаңыл апа ошондо гана эстей койду:
– Апе-ей, балакетиңди ала¬йын! Айткан жокмунбу, сага?
– Жок!
– Ии-ий, өл-лүгүңдү көрөйүн! Ушундан көрө өлүп эле калсамчы!
Эне адатынча өзүн-өзү тилдеп, чөнтөктөрүнөн бирдеме издегендей кайсалактап атты:
– Баятан бери баланын башын чагып, ушу мен куруп эле калайынчы! «Каяктан келген кара кемпирсиң?» деп сен деле сурабайсыңбы, ботом! Анан да урушпа дейсиңер, урушмак турсун мени ура турган киши жок! – Кат берип атпады беле, ботом... Каягында калды?.. Ии, эсиңе жара чыккырдыкы, жанагы кемселде эмес беле! Алып келчи, айланайын?
Акшоола шашкалактап, энеден алган каттын башына бир, аягына бир көз жү-гүртө койду – Алиядан экен!!!
«Кандай Шоола?
Дениң сак, иштеген ишиң жакшыбы? Ынак кандай жүрөт? Биз болсок жакшы. «Өз үй, өлөң төшө¬гү¬бүз» болуп, жыргап эле калдык. Айылдын элин билесиң да, келин-кесек, кошуна-колоңдор менен да бат эле ымалашып, таа¬нышып алдым. Апамды болсо көрбөдүңбү, алтын киши! Биз келбесек, жалгыздыктан куурап калмак окшойт.
Чолпонай болсо сени оозунан түшүрбөйт. Чоң энеси экөө жума сайын эрчишип барып, почтодон гезит алып келишет.
Эми, биз жөнүндөгү калган кепти энемден угаарсың.
Акшоола, эгерде убактың болсо, энеме Самаганды издешип койчу? Бала деген энеге кандай болгон күндө да бала экен. Ичинен сызып, жаман болуп жүрөт. Аялынын аты – Ырыскан болуш керек эле. «Тажаал Ырыскан» деп сураса, аны базарда иштегендердин баары билет деп уккам. Убактыңар болсо, биз жакка да келип кеткиле. Болуптур, анда.
Бетиңден өөп – Алияң.»
Катты окуп, көзүнө жаш кылгырган келин Жаңыл апаны эми көргөндөй моюнунан бек кучактап, эне жытына эреркей көздөрүн жумду. Бирок, ушул тапта анын каректеринен тыпылдап кулаган ысык жашты эне туйган жок...
– Жаман кемпирдин эмнесин жыттайсың, бе¬рекем? – деги эле дээринен улуу-кичүү¬гө тең, мээрман эне Акшооланы эркелете, чачынан сылады.
– Алиялар кандай, эне? – кирпиктеринин суулана түшкө¬нүн жашырып, көздөрүн ала качты келин.
– Кудайдын дагы куру койбогонуна шүгүр. Жакшы!
Эне андан ары жүрөгүн өйүп, тээ тереңде уялаган ачуу өксүгүн жашыра албагандай созолоно үшкүрдү:
– Эл эли менен Алыйамды мактап, оозунан түшүрбөй отурат. Ошо келиндин баркын билбей, менин уулум ит болуп атпайбы! Бала-бакырасы да турат, башка катынды башына урабы дейм да?! Жанагы алган келин Алыйадан да артык болсо, ал бир укмуш эме го?!
Ылдый карап унчукпай отурган Акшооланын жүрөгү тилинип-тилинип кетти: « Эне, бу эркектерге эмне болгон?! Менин Ынагым да менден жакшы бирөөнү таап алган!» – дегиси келип, а бирок уялды. Бул үчүн ал өзүн көбүрөөк күнөөлөөчү: «Эгерде мен жакшы болсом, ал мынчалык карармак эмес! Жок дегенде бир ооз кепке келет болчу. Менин Ынагым башкалардай эмес!..» – дечү да, жүрөгүндөгү таарыныч, ыза, сагыныч менен катар эле кандайдыр бир ишеним менен кечирим жандилине ак жарык чачып, сабыр туттуруп, үмүтүн тутантчу... Бүгүнкү күн – Жаңыл апанын келиши да кандайдыр бир жакшылыктын жышаанындай сезилип, көңүлүн көкөлөтүп жиберди.
– Тамак даяр болгуча ваннага түшүп албайсызбы эне, сергий түшөсүз, – бир убакта ушинтип келген келин:
– Паннаң эмне эле, кагыла¬йын? – деген энени ой-боюна койбой жетелеп барып, өз колу менен көбүртүп-жабыртып сууга салды.
– Э, ботом, ушундай да бала болобу? – дейт эне чачын тарап, өрүп берип аткан Акшоолага чын дилинен ыраа¬зы боло, – Кап-каяктагы, атасы тааныбаган эле кара кемпирди жулмалап киринтип атса!..
– Жулмалабай эле ки¬ринтпедимби? – дейт Акшоо¬ланын да ансайын күлкүсү чыгып.
– Ошондой жаман кемпирмин десем анан ишенбей атпайсыңбы! – деген эне кепти кайра өз нугуна бурду. – Менин келиним да өзүңө окшоп жароокер, айланайын. Жаркылдап кимге болбосун кабагы жарык. Жакшы атанын балдары ушундай болот. Көргөн-өскөнүңөр жакшы да. Ылайым эле кар болбой, телегейиңер тегиз, дүйнөңөр түгөл болуп, алганыңар менен тең арып, тең карыгыла!
– Айтканыңыз келсин, эне.
Ортону саамга жымжырттык уялап, оюна бир нерсе түшкөндөй тунжурай калган эне алда кайдан тегеретип, кеп учугун улады:
– Кайненем ыраматылык, каарына алса катын алган баласын деле колундагы таягы менен тарсылдата тартып-тартып алуучу. А кезде ыйман деген ошончо беле, ошондо да абышкам бир «кыңк!» этип үн чыгарып, каяша айткан жан эмес. «Энекелеп» кайра мойну-башына асылып, өөп-жыттап ачуусун жазчу. Байбичеси силкинип калганда атүгүл кайнатам да акырын жыла басып үйдөн чыга берчү. Жоош, момун киши эле, жарыктык. Анткен менен апабыздын бүтүндөй айылдын эли сыйлап, астынан кыя өтпөй турган эмчи-домчулук касиети боло турган...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5