😊
Азил-тамаша адамдын жан-дилине жагымдуу сезимди тартуулоо менен бирге өзүнө көптөгөн жакшылыктарды камтыган. Көпчүлүк учурда тамаша айтуу менен оңтойсуз абалды жөнгө салып, же адамдын көңүлүн алып, же көңүлүн оорутпастан кемчилигин оңдоого да болот. Мына ошондуктан Ислам дининде да тамаша кылууга уруксат берилген. Бул туурасында көптөгөн хадистер айтылган.
Мисалы, Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте сахабалар пайгамбарыбызга ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Сиз дагы бизди тамашалайсызбы?» – деп сурашканда, ал: «Ооба, бирок мен чындыкты гана айтам» – деп жооп берген.
Ал эми хадистин башка риваятында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: «Мен силерди тамаша кылсам да чындыкты гана айтамын». (Имам Ахмад)
Имам Навави өзүнүн “аль-Азкар” китебинде мындай деп айткан:
«Пайгамбар ﷺ да кээде сүйлөшүп жаткан адамдын көңүлүн көтөрүп, аны менен жакын мамиле түзүү үчүн тамаша кылган. Ушундай кылуу сүннөт болуп саналат. Билгиниң, мына ушул эң керектүү сыпаттардан». (“Аль-Азкар”)
Ошондой эле сахабалар да пайгамбарыбыз ﷺ менен жана бири-бири менен тамашалашкан. Бул туурасында Бакр ибну Абдуллах мындай деп айткан:
«Пайгамбардын ﷺ сахабалары кээде бири-бири менен дарбыздын кабыктары менен ыргытыша кетер эле. Ал эми иш жүзүнө келгенде, мына ошолор чыныгы эркектер болчу». (“Аль-Адаб аль-Муфрад”)
Бир адам Суфиян ибну Уейнадан: «Тамашалоо кемсинтүүгө жатабы?» – деп сураганда, ал мындай деп жооп берди: «Жок! Сүннөткө жатат, бирок тамашаны өз орду менен колдоно билген адам болсо жакшы. Пайгамбар ﷺ да тамашалаган. Анткени адамдар андан үлгү алууга жана сүннөтүн ээрчүүгө буйрулган. Эгерде ал жумшак мүнөздүү, жайдары болбостон, түнт жана көңүлсүз жүргөн болсо, анда адамдар ушуну туура деп эсептешип, инсандын табиятына каршы келген түйшүк тартуу же кейүү сыяктуу сыпатта болуп калышмак. Мына ошондуктан пайгамбар ﷺ аларды тамашалашсын деп өзү да тамашалаган». (“Файдуль Кадир”)
Ибну Хиббан айтты: «Тамаша эки түрдүү болот: жакшы көрүлгөн жана жаман көрүлгөн тамаша. Жакшы көрүлгөн тамаша – бул Аллах таала жаман көргөн нерселерди камтыбаган, күнөө иш болбогон жана туугандык байланышты үзбөгөн денгээлде болгону. Ал эми жаман көрүлгөн тамаша – бул душмандыкты жараткан жана адамдын баркын кетирип, достукту бузганы. Буга арсыз адам гана умтулат, ал эми кадырлуу адам муну жек көрөт”. (“Раудатуль Уъкаля”)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев