Предыдущая публикация
Түндө жанган айдын нурусуң.
Суктандырат далай мырзаны,
Гүл кучактап ыйбаа турушуң.
Бак аралап бастың ким менен..
Сүйөт сени жүрөк ❤️ миң деген.
Сени сүйгөн бирок бирөө бар,
Мен сүйөмүн мына бил! деген.
Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
Башкаларга эшик жаптыңбы?
Же бир сени сүйбөс бирөөнү,
Сүйүп алып селки шаштыңбы?...
Курган дүйнөң ушундай жалганда
Көптөр жашайт билсең арманда
Бирок сага менин кааларым
Эркин куш бол учкан асманда.
Сирень көйнөк, сирень гүлү бар,
Жүрөгүндө жалын сүйүү бар.
Мөлтүрөгөн мындай сулууну.
Асыл мырза барктап сүйүп ал!!!
Разакова.
Москва.
03.11. 2024.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1