Бир жолу математика мугалими окуучуларга тапшырма берип, ар бир классташынын эң жакшы көргөн сапатын ойлоп, алардын фамилиясына жазууну суранган. Сабактын аягында ал тизмелерди чогултуп алды. Бул жума күнү болгон. Дем алыш күндөрү ал натыйжаларды иштеп чыгып, дүйшөмбү күнү ар бир окуучуга классташтары байкаган жакшы сапаттары жазылган баракчаларды таркатып берген.
Балдар окуп жатышты, кээде алар шыбырашып: «Чын эле булардын баары мен жөнүндөбү? Мен мынчалык жакшы көрүшөрүн билген эмесмин» деп жатышты. Алар класста натыйжаларды талкуулашкан жок, бирок мугалим максатына жеткенин билди. Анын окуучулары өздөрүнө ишенип калышкан эле.
Бир нече жылдан кийин ошол балдардын бири, Марк Экланд, Вьетнамда каза болгон. Анын сөөгүн Миннесотада жерге беришти. Марк менен коштошууга достору, мурунку классташтары, мугалимдери келишти. Жерге берүү аземинде атасы математика мугалимине кайрылып: «Сизге бир нерсе көрсөтөйүн дедим эле», — деп капчыгынан төрт бүктөлгөн, четтери эскирип калган баракчаны алып чыкты. Анын бир нече жолу окулганы айкын эле. «Бул Марктын буюмдарынын арасынан табылды. Ал аны эч качан жанынан чыгарчу эмес. Тааныдыңызбы?» — деп баракчаны мугалимге сунду. Бул Марк тууралуу классташтары жазган оң сапаттардын тизмеси болчу.
— Чоң рахмат, — деди Марктын апасы. — Биздин уулубуз бул кагазды абдан баалачу.
Ошондо укмуш бир нерсе болду: Марктын классташтары да биринен сала бири ошондой баракчаларды алып чыгып жатышты. Көпчүлүгү аларды дайыма капчыгында сактап жүрүшкөн. Кээ бирөөлөрү бул баракчаларды үй-бүлөлүк альбомдорунда сакташчу. Бирөө: «Биз бул тизмелерди сактап койгонбуз. Ушундай нерсени таштап салууга болобу?» — деди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев