Aнгеме
Жаш жигит жолдо бара жатты. Караса бир тыйын жатат. Бул деле акча да, деп ойлоду да алып капчыгына салып койду. Кетип бара жатып ойлонду. Эгер миң сом таап алсам эмне болот эле? Эмне болмок эле, ата-энеме белек сатып берип кубандырмакмын. Анан дароо капчыгы толо түшкөндөй сезилет. Ачып караса миң сом дейт. Кызык, - деп таң кала түштү жаш жигит, - бир тыйын эле, миң сом болуп калды. Эгер жүз миң сомум болгондо эмне кылат элем, деп ойлойт жигит. Уй сатып алмакмын, эне-атам сүткө кеңип, жыргап калмак. Ошентти да дароо капчыгын ачып карады. Чынында эле жүз миң сом бар экенине ишенди. Укмуш, деп кубанып кетти жигит. Эми анча болду, миллион сомум болсо деп ойлоду жигит. Андай болсо атам менен энеме жаңы, жакшы үй сатып бермекмин. Үйлөнөт элем, ата-энем менен бирге жашайт элек. Капчыгы өзгөргөнүн сезген жигит кайрадан карады, ооба, чын эле миллион сом бар экенине көзү жетти. Капчыкты бекем жапкан жигит ойго чөмүлдү. Балким ата-энем эски үйдө эле жашай берсечи, Аялым менен мүнөздөрү келишпей калса, чатак башталат го. Уй сатып алып эмне кылам, аны баккандын убарасы да көп, аларга эчки болсо деле жетет да. Баса белекти деле азыраак алыш керек, өзүмө да бир нерсе сатып алышым керек го, жаңылап. Жигит капчыгы жеңилдей баштаганын сезди, шашкан бойдон ачып караса түбүндө жалгыз тыйын жылтырап жатат дейт.
Акча адамдарды бузбайт, алар анын кандай адам экенин гана ачып көрсөтөт. Бекеринен элде айтылбайт да: “Сараңдык менен бакыт эч качан бири-бири менен кездешпейт, ошондуктан бири-бирин тааныбаганы таң калыштуу эмес”, - деп.
Бул жөнүндө эң акылман китепте жазылган: “Кээ бири жоомарттык кылган сайын ага байлык кошула берет; ал эми башкасы канчалык сараң болгон сайын жардылана берет” (Насаат аңгеме 11:24).
“Ким кемитип сепсе, кем түшүм орот; А ким аянбай сепсе, ал ашырып алат” (2 Корифяндарга 9:6).
Бактылуу болгула!
Которгон Бек Жайчибеков.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев