*Баары жакшы*
Кадырыңды тепсебеген,
Өткөндү кектебеген.
Болбогон бир иштерге,
Эзилип жектебеген.
*Достор* жакшы
Оорусаң, карай турган,
Ар ишке жарай турган.
Сен кандай болсоң деле,
Барктаган, баалай турган.
*Тууган* жакшы
Эңкейсең, жөлөк болгон,
Өйдөдө өбөк болгон.
Колуңдан келбегенде,
Колдогон, көмөк болгон.
*Уул* жакшы
Жолуңду улай турган,
Алыңды сурай турган.
Жакшылык иштериңди,
Үйрөнүп, туурай турган.
*Кыз* жакшы
Үйрүлүп тосуп турган,
Акылын кошуп турган.
Туура эмес ишти кылсаң,
"Антпе" деп, чочуп турган.
*Эже* жакшы
Сен барда өйдө өтпөгөн,
Бай болсо тек, көппөгөн.
Сен жокто өйдөсүнүп,
Жалгыздап иш чечпеген.
*Сиңди* жакшы
Баркыңа жете билген,
Баарысын чече билген.
Чекилик кетип калса,
Чырдашпай, кече билген.
*Түгөй* жакшы
Аска зоо тирегиңдей,
Кайраттуу билегиңдей.
Алыстан барган кезде,
Ишенген түнөгүңдөй.
*Ага* жакшы
Каяша кылбай турган,
Чачылсаң, жыйнай турган.
Ата энең, көзү жокто,
Ардактап, сыйлай турган.
*Ини* жакшы
Кыздар деп, колдоп турган,
Ар иште коргоп турган.
Энеңден кийинки эле,
Жакшыга жолдоп турган.
*Жеңе* жакшы
Тагдырдан жиберилген,
Ийиктей имерилген.
Бата алган, ак жалгаган,
Эненин тилегинен.
*Келин* жакшы
Айтаарым, чынында эле,
Ушунун баары жакшы.
Антсе да, теңдеши жок,
*Ата энең бары,* жакшы.
Авторун билсениздер жаза кетиниздер.🙏
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев