Салиха жубайлуу болгум келет
Үй-бүлө кура турчу 25 жаштан өткөн элем... Дегенче болбой апам үй-бүлө куруу маселесинин учун чыгарып калды. Салиха бир кыз болсо калганы болот деген ойдо жүрдүм.Жакын туугандарыбыздын биринен кабар келди. Кошуналары абдан диндар экен, кызынын алардан да өз динине бекем экендигин укканда өтө кубандым. “Барып бир көрүшөлү”, - дедим. Алгач үй-бүлөсү менен сүйлөштүм. Мен сүйлөгөнгө да үлгүртпөй өздөрү эле сүйлөй беришти, буга таң калдым. Эч нерсе айталган жокмун... Сөйкө салуу кечеси эң жакшы музыканттар болуш керек экен. Тойдо да ушундай болуш керек. Үйдүн ичи оокат толо төшөлүш керек экен, болгондо да кымбатынан. Эң акыркы модельдеги машине болуш керек экен, себеби, кошунанын күйөө баласы жапжаңы машине алыптыр. “Апа, кете берели” деп айтайын дедим, бирок, уялдым. Кыз менен көрүштүргүлөрү келди. “Исламиятка ылайык көрүштүк”, он беш билерик,эң жакшы көйнөк (2000 доллар), эң чоң тойкана... Эмне айтаарымды билбедим. Мен биргана салиха жубайлуу болгум келген. Койгон талаптарын айтып бүтүрө албай жатты. Ошол учурда каптал жакта турган күзгүгө көзүмдүн кыйыгы менен өзүмдү өзүм карадым. Көрүнүшүмдө бизнесмен адамдын деле кебетеси жок болчу. Жыйырма беш мүнөт сүйлөдү, талаптары бүткөндө кезек мага келди. “Сенин талабың кандай?” - деди. Дароо туруп кетип калгым келди, ичиме батпай кеткен элем, келгениме бир саат болсо да дүнүйөгө малынып кеткен адамдар менен бирге отурууп ичимди карартып жиберген эле. Кайта сурады, “сенин талабың кандай?” - деп. “Буюрганы болор”, - деп өйдө турдум. Кичипейилдик менен үйдөн чыгып кеттик.
*Уландысы бар...*
*Эскертүү:* окуя башында кичине кызыксыз болушу мүмкүн, кызыгы жана пайдалуусу алдыда сабырдуулук м-н окууңуздарды суранып кетем.
Даярдаган: Артиков Азизбек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев