Кыямат болууга жакын калганда алгач кичине белгилери чыгат. Кийин чоң белгилери чыгат. Кыяматтын качан боло тургандыгы билдирилген эмес. *«Аны бир гана Аллах билет»,* - деп буюрулган. (_Араф 187_)
Кыяматтын кичине белгилерине байланыштуу хадиси шарифтер мына булар:
*«Адамдар мечиттер менен жана мечиттердин кооздугу менен мактанмайынча кыямат болбойт».* _(Ибни Маже)_
*«Фитна көбөймөйүнчө кыямат болбойт»*. _(Бухари)_
*«Тарбиясыздык менен зинакорлук ачык түрдө болбой, кошуналар бири-бирин жамандабай, саткынчылар инешимдүү деп, ишенимдүүлөр саткынчы деп саналбай, туугандар арасында муздак мамиле болбой туруп кыямат болбойт»*. _(И. Ахмед)_
*«Адамдарда сараңдык көбөйөт жана кыямат жамандардан башка адамдын үстүнө болбойт»*. _(И. Нажжар)_
*«Ант кылам, сараңдык, зинакорлук ортого чыкмайынча, ишенимдүү адамга кыянаттык кылынып, саткын адамга ишенилбегенче, жакшылар куруп, жамандар калбаганча кыямат болбойт»*. _(Хаким)_
*«Жамгырдын берекеси кетмейинче кыямат болбойт»*. _(Абу Яла)_
*«Жер бетинде Аллах деген мусулман бар кезде кыямат болбойт»*. _(Муслим)_
*«Убакыт жакындамайынча, бир жыл бир ай, бир ай бир апта сыяктуу, бир апта бир күн, бир күн бир саат сыяктуу кыскармайынча кыямат болбойт»*. _(Тирмизи)_
*«Илим жоюлмайынча, зилзала, согуш көбөймөйүнчө кыямат болбойт»*. _(Бухари)_
*«Мал көбөйүп, артмайынча кыямат болбойт. Зекетти ала турган адам калбайт. Бирине зекет берилген кезде «мага кажет эмес» дейт»*. _(Бухари)_
*«Доолору бир болгон эки чоң тайпа согушмайынча, «пайгамбармын» дей турган жалганчылар чыкмайынча кыямат болбойт»*. _(Бухари)_
*«Мусулмандар яхудилер менен согушмайынча, таштар дагы «эй, мусулман, мынабу артымда жашырынган яхудини өлтүр», деп кабар бермейинче кыямат болбойт»*. _(Бухари)_
*«Эркектер азаят, аялдар көбөйөт»*. _(Бухари)_
*«Бир эркек бала бир аял сыяктуу кызганылмайынча кыямат болбойт»*. _(Дайлами)_
*«Өзүн пайгамбар кылып жарыялаган жетимиш жалганчы чыкмайынча кыямат болбойт»*. _(Табарани)_
*«Балдар ачуулуу болмоюнча, улууларга урматсыздык кылынмайынча кыямат болбойт»*. _(Хараити)_
*«Ливата (гомосексуалдык) мубах-табигый нерсе деп саналмайынча кыямат болбойт»*. _(Дайлами)_
*«Зилзала, фитна, адам өлтүрүү көбөймөйүнчө кыямат болбойт»*. _(Дайлами)_
*«Кыяматтан жүз жыл мурда жер бетинде Аллахка ибадат кыла турган эч ким калбайт»*. _(Хаким)_
*«Мынабул кабырдагы адам мен болуп калсам эмне – делмейинче кыямат болбойт»*._ (Муслим)_
*«Бир атадан болгон туугандар ар динде болмоюнча кыямат болбойт»*. _(Дайлами)_
*«Жамандар дүнүйөдө үстөм болмоюнча кыямат болбойт»*. _(Тирмизи)_
*«Жапайы айбандар адам сыяктуу сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт»*. _(Тирмизи)_
~Кыямат жакындаганда мына булардын да боло тургандыгы билдирилген~:
*«Адамдар тазалыкта ашыкча дыкат болот, васваса кылып, динде чегинен ашышат»*. _(Абу Давуд)_
*«Ар түрдүү ат менен шараптар чыгат, халал болуп эсептелет»*. _(И. Ахмед)_
*«Ит багуу бала багуудан дагы тартымдуу болот»*. _(Хаким)_
*«Жаман аялдар көбөйүп, сойкулук бир коом ичинде жайылса калк мурда көрбөгөн (СПИД сыяктуу) жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Тараза өлчөмдө куулук кылынат жана жашоо кыйынчылыгы көрүнөт»*. _(Байхаки)_
*«Музыкалык инструмент ар тарапка жайылып, коопсуздук күчтөрү көбөйөт»*. _(Байхаки)_
*«Иштер ал иштин ээси болбогондорго берилет»*. _(Бухари)_
*«Бул дин башындагыдай эле акырында да гарип болот»*. _(Тирмизи)_
*«Куран (радио ТВ сыяктуу) музыкалык инструменттеринен окулат»*. _(Таргиб-ус-салат)_
*«Бир гана тааныштарга салам берилет жана жазуучулар көбөйөт»*. _(Хаким)_
*«Байга мал-оокаты үчүн таазим кылынат, сойкулук жайылат, никесиз туулган балдар көбөйөт. Улууга урмат, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылынбайт. Карышкырлар кой терисин кийинет»*. _(Хаким)_
*«Тахыййат-ул масжид намазы окулбай турган болот»*. _(Таберани)_
*«Илим жоюлуп, сабатсыздык, анархия жана өлүм көбөйөт»*. _(Ибни Маже)_
*«Аалымдар эл кандай кааласа ошол тарапка фатва берип, халалды харам, харамды халал дешет, Куранды соодага, жеке пайдага куралга айлантышат»*. _(Дайлами)_
«Адамдар бир гана мал-оокаттын, акчанын келүүсүн ойлоп, халалын жана харамын ойлошпойт». _(Р. Насыхин)_
«Бир мечитте миңден көп адам намаз окуйт, бирок, чинде бир дагы момун болбойт». _(Дайлами)_
«Уруксатсыз соода кылынбайт»._(Муслим)_
«Жапайы айбандар адамдар менен сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». _(Тирмизи)_
«Кыяматтын белгилери бир жиптеги мончоктордун тизилип түшкөнү сыяктуу биринен кийин бири жүзөгө ашат». _(И.Ахмед, Таберани)_
«Кыямат Жума күнү болот» _(Бухари)_
~Хадиси шарифтер менен билдирилген кыяматтын калган белгилеринин кээ бирлери мындай~:
*1-Аманатка сактык жоюлат.*
*2-Зинадан туулгандар көбөйөт.*
*3-Ичимдик көп ичилет.*
*4-Зекет берилбейт.*
*5-Аялынын сөзүн угуп энеге каршы чыгылат*.
*6-Эркектер жибек кийишет.*
*7-Зыянынан сактаныш үчүн адамдарга мудара кылынат.*
*8-Жаштар фасык болушат (б.а., ачыктан ачык күнөө кылышат.) 9-Мурда жашап өткөн аалымдарга жахил болушкан деп күнөөлөнөт.*
*10-Пайызчылык ашкере болот.*
*11-Билимдүү же аалым делгендерде кымындай да ыйман болбойт. 12-Исламга моюн сунуу айып деп эсептелет.*
*13-Баарына жакшылык кылган мусулман адам акмак деп эсептелет. 14-Исламга моюн сунуу отту колдо кармоо сыяктуу кыйын болот. 15-Мечиттерде, жыйналыштарда фасыктардын добушу бийик чыгат. 16-Жихад ташталат.*
*17-Бидаттар жайылат.*
*18-Күнөө кылууга үндөөлөр, чакырыктар көбөйөт.*
*19-Жакшылыкка тоскоолдук кылынат.*
*20-Амри маруф жана нахй-и анил мункар жоюлат.*
*21-Кошуналар бири-бирин жамандайт.*
*22-Мечиттерде Курани карим таганни менен (обон менен) окулат*.
*23-Пас адамдар сөз ээси болот.
24-Зыянынан сактаныш үчүн адамдарга чый көрсөтүлөт. 25-Музыкалык аспаптар көбөйөт.
26-Анархия көбөйөт.
27-Адам өлтүрүү көбөйөт.
28-Динге баш ийүү, көркөм ахлактуу болуу уят болуп саналат.
29-Жансыздар дагы сүйлөйт.*
~Жалганчылар алкышталат~
_Суроо_: *Азыркы күндө динсиздер жана жалганчылар эмне үчүн көп белгилүү болуп, абырой табышууда*?
_ЖООП:_
Бул кыяматтын белгиси. Акыр заманда жамандарга, фасыктарга, ыймансыздарга баа бериле тургандыгын Пайгамбарыбыз алейхиссалам кабар берген. Бир хадиси шарифте айтылган:
«Кыямат жакындаган сайын туура сүйлөгөн мусулмандардын сөздөрү жалганга чыгарылат, жалганчылардын сөздөрү колдонот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев