Башы оорубаган адамдын кудай менен иши жок" дегендей, качан гана оору күч алганда бейтапканага чуркап калаарыбыз ырас. Кулак укпай, жыт сезбей, даам татпай калгандын өзү чоң кордук десек жаңылышпайбыз.
- Курч кулак оорусу (острый отит)
- Өнөкөт кулак оорусу (отит)
Кулак- тышкы, ортоңку, ички кулак болуп үчкө бөлүнөт. Отит дегенде эле кулактын ортоңку бөлүкчөсү ооруп жатканын билебиз. Айыл жергесинде балдар жакшы каралбайт. Бул да суук тийгенден, мурун бырылдагандан улам пайда болот. Адам чимкиргенде мурундун эки таноосун тең жаап чимкирет. Бул туура эмес, себеби мурундагы инфекциялар кулакка кирип кетет да сезгене баштайт. Көп учурда сасык тумоо болуп жаткан адамдын мурунунан суу агып, катуу чимкиргенде кулактары чыр-пыр болуп ооруй түшөт. Муну менен да кулак оорусунун байланышы болот. Кулак менен мурунду байланыштырган түтүкчө тешиги толуп калат да ириңге айланат. Ал эң бош жер аталган чел кабыкты тешип, кулактан ириң ага баштайт. Көп учурда өнөкөт кулак оорусу пайда болгондо өз убагында врачтарга кайрылбастан өздөрү чала карап, дарылай башташат. Ал учурда тешилген тешикче тешик бойдон кала берет. Кээде ал тешикче жабылып калат. Ал эми жабылбай калгандан кийин кайра-кайра ириң ага берет. Ошондуктан кыргыздар илгертеден өнөкөт кулак оорусун "булак" деп атап коюшчу. Булак сыяктуу ириң топтолуп куюла берип, кайра токтоп калат. Мурун начар дем алса кулак тешикчесине терс таасир берет да, кулак түтүкчөсү начар иштеп, суулар толуп калганы ошондон болот. Катуу бир нерсе чайнаганда жылганда кулкулар кулактын ичиндеги түктөргө тийип, кулдураган сыяктуу үндөр угулат. Кулдурагандын башкы себептери сасык тумоо учурунда өзүн жакшы карабаса, кулактын ичи чуулдап, кошумча үндөр пайда болот. Бул эң чоң коркунучтуу симптом. Угуу нервге суук тийген маалда начар уккандан сырткары, кошумча үн угулуп баштаса сөзсүз врачка кайрылыш керек. Ошол учурда колго албаса кийин укпай калышы мүмкүн.
Булак болуп ириң агып жаткан учурда эч качан спиртти жана перекисти колдонбош керек. Себеби кулактын чел кабыгынан өтүп, кулак менен мурундун ортосундагы тешикче түтүкчөсүн кошо күйгүзүп салат. Ал учурда жел өтпөй калат да, кийин пластика операцияларын жасаганга да тоскоолдук болот. Чел кабыктын бери жагы менен ары жагындагы аба басымы бирдей болуп турушу керек. Аба келбеген тешикче түтүгү чыңалып кайрадан айрылат же чел кабык жабышып баштайт. Ал учурда адамдын кулагы укпай калат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1