Чекедеги безеткилер – ичке ичегинин иштешинин бузулушу, оорунун жаралышы.
Чыкыйдагы безетки – өттө оорунун бар экендиги.
Жаактагы жана үстүңкү эриндеги безетки жоон ичегинин оорусун айтып турат.
Кулак менен ээктин тегерегине чыккан безетки – заара жолдорунун оорусу (табарсык, заара түтүкчөлөрү, заара чыгаруучу канал).
Мурундун таноосунан жаакка чейин тараган безетки – уйку безинин оорусу.
КОЛ-БУТ
Колдун диртилдеши кан тамыр оорусунан кабар берет.
Кол-буттун муздап турушу – кан айлануунун начарлыгы. Мындай адамдардын көбүнчө башы ооруп, жүрөгү бат-бат согуп тердейт. Кан басымы көбүнчө төмөн болот.
Бут оорлошуп, басканда кыйынчылык жаралса, омуртка аралык грыжанын же остеохондроздун бар экендиги.
Кол уюп, сууга салганда зырылдап муздап ооруса, колдун нервдеринин сезгениши.
Американская компания Форевер Ливинг Продактс сиздерге нукура таза продукциясын тартулайт тел 8985 9378332 ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев