*Бул Намаз*
Жети кабат асманда, парз кылынган бул намаз.
Окубасаң мойнуңа, карыз кылынган бул намаз.
Жаратканга пендени, жакын кылган бул намаз.
Окубасаң жүрөктү, жакыр кылган бул намаз.
Жараткандан биз үчүн белек болгон бул намаз.
Муктаждыкты чечүүдө, керек болгон бул намаз.
Жамандыктан адамды тороп алган бул намаз.
Эки дүйнө бактысын ороп алган бул намаз.
МУсулманды каапырдан, айрып турган бул намаз.
Күнөө иштен пендени, кайрып турган бул намаз.
Кылып койгон күнөөнү, жууп турат бул намаз.
Каргыш тийген шайтанды, кууп турат бул намаз.
Жан-дүйнөнү тазалап, тыңдап турат бул намаз.
Ден-соолукту бекемдеп, чыңдап турат бул намаз.
Жан берээрде жаныңда, барып турат бул намаз.
Ак келмени дилиңе, салып турат бул намаз.
Абдулла
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев