169) Абу Хурайра (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Бул дүйнөдөгү отуңар
тозоктун отунун жетимиштен бир
бөлүгү». Бирөөлөр сурашты
«(Андай болсо) дүйнөнүн оту
жетишет!».
Паигамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты:
«Дүйнөнүн отуна
караганда алтымыш тогуз эсеге
көбөйтүлөт. Ар биринин ысыктыгы
дүйнөнүн отунун ысыктыгына
барабар». (Бухари).
170) Анас бин Малик (разияллооху
анху) дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Кыямат күнү дүинөдө эң
жакшы жашаган тозоку кишини
(кайра алып келип) тозоко бир
таштап алып, андан сурашат: «Оо,
адам баласы! Бул жашоодон
кандайдыр бир жакшылык
көрдүңбү? Же бир жакшылык сенин
алдыңан өттү беле?». Ал жооп
берет: «Жок, Аллахка ант! Оо,
Роббим! Эч кандай жакшылык
көргөн эмесмин». Ушундай эле
дүйнөдө эң жаман (кыйынчылык
менен) жашаган бейиштик кишини
бейишке бир таштап кайра алып
андан сурашат «Оо, адам баласы!
Бул жашоодо кыйынчылык көрдүң
беле?». Ал жооп берет: «Жок
Аллахка ант! Оо, Роббим! Эч
кыйынчылык көргөн эмесмин,
кыйынчылык мага келген эмес».
(Муслим).
171) Самура бин Жундуб
(разияллооху анху) дан риваят:
«Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва
саллам) айтты: «Тозокуларды
тозок кээ бирин кызыл ашыкка
чейин кармайт, кээ бирин тизеге
чейин, кээ бирин белине чейин, кээ
бирин моюнга чейин кармайт».
(Алкымына чейин). (Муслим).
172) Ибн Аббас (разияллооху анху)
дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
төмөнкү аятты окуду:
«Иттакуллооха хакко тукоотихи ва
лаа тамуутунна иллаа ва антум
муслимуун». (Бакара 132).
Котормосу: «Аллахтан коркуу укугу
канча болсо, ошончо корккула
жана мусулман болмоюнча
өлбөгүлө». Пайгамбар (саллаллооху
алайхи ва саллам) (Аллахтын
азабынан коркуу жөнүндө) мындай
дейт: «Заккумдан бир тамчы
дүйнөгө түшсө баардык дүйнөнүн
жашоосун бузат. Ал эми бирөөнүн
жеген тамагы Заккум болсо кандай
болот?». (Тирмизи).
Түшүндүрмө: Заккум - деген
тозокто өскөн дарак.
173) Абу Хурайра (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Аллах Таала Бейишти
жаратып, Жабраил (алайхис салам)
га айтты: «Барып көр. Ал барып,
көрүп келип, айтты: «Оо, менин
Роббим! Мартабаңа ант, ким ал
жөнүндө укса сөзсүз ага кирет.
(Башкача айтканда катуу аракет
кылып кирет)». Аллах Таала
Бейишти адам каалабаган нерселер
(б.а. шариат өкүмдөрүнө бекем
туруу) менен курчап, Жабраил
(алайхис салам) га айтты «Эми
барып көр». Жабраил (ьлайхис
салам) барып көрүп: «Оо, менин
Роббим! Мартабаңа ант, буга эч
ким кире албайт деп корком».
Андан кийин Аллах Таала тозокту
жаратып, Жабраил (алайхис салам)
га: «Барып көр» -деди. Ал барып,
көрүп келип: «Оо, Роббим!
Мартабаңа ант, бирөө аны угуп
туруп эч качан ага кирбейт» -
деди. (Башкача айтканда, баардык
күчүн жумшап, ага кирбөөгө аракет
кылышат). Андан кийин Аллах
Таала тозокту адамдын напси-
каалосу менен курчап, Жабраил
(алайхис салам) га айтты: «Барып
көрүп кел». Жабраил (алайхис
салам) барып көрүп келип айтты:
«Оо, Роббим! Мартабаңа,
Улуулугуңа ант, тозоко ар бир адам
кирип калат деп корком». (Абу
Дауд).
174) Абу Хурайра (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Жети нерседен мурда
жакшы амал кылганга шашылгыла:
Кедейлик келип баардык нерсени
унутуп калуу, байлык келип чектен
чыгуу, оору келип алсыз кылып
коюу, карылык келип акылды
жоготуу, кокустан өлүм келүү
(тооба кыла албай калуу), Дажжал
келип, кайып жамандыктарын
чыгаруусу жана катуу жана ачуу
Кыяматтын келүүсүнөн».
(Тирмизи).
Түшүндүрмө: Ушул жети нерсе
келип тозуп коё электен мурда
Акыретке даярданып, кур калбай
жакшы амал кылып калуу зарыл.
175) Анас бин Малик (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Маркумду үч нерсе
кабырга чейин ээрчип барат: Үй-
бүлөсү, байлыгы, амалы. Экөөсү
кайтып келет, бирөөсү аны менен
калат: Үй-бүлөсү жана байлыгы
аны таштап, кайтып келет, аны
менен бирге амалы (гана) калат».
(Муслим).
176) Амр (разияллооху анху) дан
риваят: «Пайгамбар (саллаллооху
алайхи ва саллам) бир жолу кутба
окуп жатып айтты: «Көңүл буруп
уккула! Албетте, дүйнө - силердин
алдыңарда убактылуу бар (болуучу)
нерсе. Андан күнөөкөр, күнөөсүз
баардыгы жешет. (Анын кадыр-
баркы жок). Албетте, кыямат
белгиленген мөөнөттө келээри
чын. Анда Кудуреттүү Падыша
чечим чыгарат. Көңүл буруп
уккула! Жакшылыктын баардык
түрү бейиште болот жана
жамандыктын баардык түрү
тозокто болот. Көңүл буруп уккула!
Кайсыл амалды кылсаңар Аллахтан
коркуп кылгыла. Силер өзүңөрдүн
амалыңар менен Аллахтын алдына
сунуш кылынасыңар. Ким
заррачалык (чаң) жакшы амал
кылса аны дагы көрөт. Ал эми ким
заррачалык жаман амал кылса аны
дагы көрөт». (Муснад Шаафи'и).
177) Абу Са'ид Худри (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
дын мындай деп айтканын
уккам: «Пенде Исламды кабыл
алганда Исламдын сулуулугу анын
жашоосуна келет. Аллах Таала
анын берекесинен мурдагы
баардык күнөөлөрүн кечирет.
Андан кийин жакшы, жаман
амалдардын кайтарымы берилет.
Ар бир жакшы кылган амалга
ондон, жети жүзгө чейин сооп
берилет. Жаман амал үчүн бирге
бир эле азап берилет. Бирок Аллах
Таала аны дагы кечирсе анда
башка сөз». (Бухари).
Түшүндүрмө: «Жашоого Ислам
сулуулугу келет» - деген сөз -
жүрөк ыйман нуру менен толуп,
дене Аллахтын өкүмүнө баш ийсе
гана исламдын сулуулугу келээрин
туюнтат.
178) Умар (разияллооху анху) дан
риваят: «Пайгамбар (саллаллооху
алайхи ва саллам) айтты: «Ислам
деген - күбөлүк берүү: «Аллахтан
башка сыйынууга татыктуу Зат
жок, Мухаммад (саллаллооху
алайхи ва саллам) Аллахтын
элчиси» (деп кабылдоо), намазды
тургузуу, зекет берүү, орозо тутуу,
кудуретиң жетсе ажылыкка баруу».
(Муслим).
179) Абу Хурайра (разияллооху
анху) дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Ислам деген - Аллахка эч
нерсени шерик кылбай ибадат
кылууң, намаз окууң, зекет берүүң,
орозо тутууң, ажылык кылууң,
жакшылыкка чакырууң,
жамандыктан тосууң, үй-бүлөңө
салам айтууң; ким ушулардын
бирөөсүн кылбай турган болсо ал
Исламдын бир бөлүгүн таштаганы.
Ал эми ким баардыгын таштап
койсо ал исламдан жүзүн бурганы».
(«Мустадрик Хааким»),
180) Хузайфа (разияллооху анху)
дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам)
айтты: «Исламдын сегиз бөлүкчөсү
бар: Ыйман, намаз окуу, зекет
берүү, ажылык кылуу, орозо тутуу,
жакшылыкка чакыруу,
жамандыктан кайтаруу, Аллах
жолунда эмгектенүү (аракет
кылуу). Ушулардан кур калган
пенденин үлүшү жок». (Баззаар,
Мажма'у завааид).
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын
Элчиси (с.а.в.) дын мындай
дегенин кабарлайт:
"Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн
эң мыктысы - Жума, Адам (а.с.)
ушул күнү жаратылган, ошол күнү
ал Бейишке киргизилген жана ошол
эле (жума) күнү ал Бейиштен
чыгарылган» (Муслим. "Сахих”
хадис).
Ушул эле хадистин башка
версиясында: "Өлгөндөр (дүн
баары Кыяматта) жума күнү кайра
тирилтилет! ” - деп айтылат.
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын
Элчиси (с.а.в.) дын мындай
дегенин кабарлайт:
"Аллах Таала Адам (а.с.) ды
жаратып болуп, ага бир нече
периштени көрсөтүп мындай деди:
"Бар, тигилерге салам айт жана
алардын саламына кулак сал,
(бүгүндөн баштап) ошол
саламдашуу сен үчүн жана сенин
урпактарын үчүн саламдашуу
(каадасы) болуп калат!” Ал (Адам
(а.с.)периштелерге барып):
"Силерге тынчтык болсун!” [Ас
саламу ‘алайкум] - деп айтты эле,
алар (бул саламдашууга)
"Аллахтын ырайымы...” - деген
сөздү кошуп, минтип айтышты:
"Сага да Аллахтын тынчтыгы жана
ырайымы болсун!” [(Ва) ас-саламу
‘алай-ка ва рахмату-Ллахи!
Бейишке кирген адамдардын бой-
келбети Адам (а.с.) дын бою
сыяктуу (узун жана келбеттүү)
болот» (Бухари; Муслим).
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын
Элчиси (с.а.в.) дын мындай
дегенин кабарлайт:
"Бейишке биринчилерден болуп
кирген жамаат толгон ай сыяктуу
(сулуу) болот, алардын артынан
кирүүчүлөр болсо асмандагы эң
жаркырак планета сыяктуу (кооз)
болушат. Алар заң чыгарышпайт,
чимкиришпейт, түкүрүшпөйт, заара
ушатышпайт; алардын (чач
тароочу) тарактары (нак) алтындан
(жасалган) болот, алардын
(денесинен чыгуучу) терлери миск
жыттанып турат, алардын жыпар
жыты берекелүү "алоэ” дарагынан
болот, алардын аялдары чоң
көздүү үр кыздар болушат,
алардын (келишимдүү) келбеттери
бир эле адам сыяктанып турат.
Алардын бойлору алтымыш
чыканак (узун) болот”. (Бухари;
Муслим).
Абу Хурайра (р.а.) Аллахтын
Элчиси (с.а.в.) дын мындай
дегенин кабарлайт:
"(Бир жолу) Аллахтын Элчиси
(с.а.в.) менин колумдан алды да
минтип айтты: "Аллах Жерди
ишемби күнү жаратып, анын
үстүндөгү тоолорду жекшемби күнү
жараткан; Аллах дарактарды
дүйшөмбү күнү жаратып, баардык
жамандыктарды Ал шейшемби
күнү жараткан; Аллах шаршемби
күнү нурду жаратып, жан-
жаңыбарларды(н баарын) болсо Ал
бейшемби күнү (жаратып, Жер
бетине) тараткан; Аллах Адам (а.с.)
ды жума күнү асыр маалында
жараткан жана (ошентип) Адам
(а.с.) асыр менен түн киргенге
чейинки (жаратылган) эң акыркы
макулук болуп калган” (Муслим).
Абу Муса ал-Аш’ари (р.а.) нун
сөзүнө таянуу менен имам Ахмад
бин Ханбал (рахм.а.) Мухаммад
(с.а.в.) пайгамбарыбыздын
мындай дегенин кабарлайт:
"Аллах Таала Адам (а.с.) ды бүткүл
Жер жүзүнүн чар тарабынан
алынган бир ууч топурактан
жараткан. Ошондуктан Адамдын
балдары ушуга дал келет: алардын
айрымдары(нын түсү) ак, кээ
бирлери(нин иреңи) — кызыл,
үчүнчүлөрүнүкү — кара,
төртүнчүлөрү болсо — аралаш
түстүү болушат. Алардын
айрымдары жумшак, башкалары
катуу, үчүнчүлөрү - орточо.
Алардын кээ бирөөлөрү жаман
(мүнөздүү), башкалары - жакшы
(ахлактуу), үчүнчүлөрү болсо -
орточо”.
Судди (р.а.) Ибн 'Аббастын, Ибн
Мас’уддун жана башка айрым
сахабалардын (алардын баарынан
Аллах ыраазы болсун) мындай деп
айтканын кабарлайт: Аллах Таала
(Адамды жаратаарда) топурак
алып келүү үчүн (оболу) Жабраил
(а.с.) периштени Жерге жиберет.
(Ошондо) Жер ага айтат: "Эгер сен
менден бир нерсе алып, мени буза
турган болсоң, мен сенден
коргоосун тилеп Аллахка
сыйынамын (ошондуктан менден
эч нерсе алба)!” Ошондо Жабраил
Жерден эч нерсе албастан кайтып
(асмандардын жетинчи кабатына
кайтып) келет. Аллахка кайтып
келген Жабраил минтип айтат: "Оо,
Роббим! Жер Сенден жардам сурап
дуба кылды эле, мен (аны
аягандыктан) анын эркине моюн
сунууга аргасыз болдум”. Анан
Аллах Таала Жерден топурак алып
келүүгө Микаил (а.с.) периштени
жиберет. Ал топурак алганы Жерге
келген кезде Жер андан коргоп
калуусун тилеп Аллахка кайрылат
да, ал да эч нерсе албастан
Аллахка кайтып келип, Аллахка
Жабраилдин сөзүн кайталайт.
Ошондо Аллах Таала жан алгыч
периштени б.а. өлүм периштеси
болгон Азреилди жиберет. Жер
андан сактоосун тилеп Аллахка
кайрылат. Бирок Азреил минтип
айтат: "Мен да Аллахтын буйругун
аткарбастан баруудан сакташын
тилеп Аллахка сыйынамын!” Анан
ошол өлүм периштеси Азреил
Жердин сырткы катмарынан
топурак алат. Ал топуракты бир
эле жерден эмес, бир канча
жерден, агынан бир аз, кызылынан
бир аз, карасынан бир аз кылып,
аралаштырып алат. Ошондуктан
Адам (а.с.) дын урпактары түрдүү
түстөгү инсандар болуп калышкан.
Анан Азреил асмандарга чыгат да,
аны сууга чылап жумшартат. Анан
Иблис өзүн топурактан жогору
коюп, текеберленбесин деп, Аллах
Таала Адам (а.с.) дын келбетин Өз
Колу менен жасайт. Анан Алах
Таала топуракка адам сымбат-
келбетин берет. Ошол жума күндөн
кийин дагы 40 жыл өткөнгө чейин
топурактан жасалган Адам (а.с.)
айкел түрүндө тура берген.
Периштелер болочоктогу Адамдын
айкелинин жанынан өткөн кезде
чочуп кетишчү, баарынан көп
Иблис коркоор эле. (Ошондуктан,
аны кыйратып салуу максатында)
Иблис аны урган кезде ал кургап
калган чопо сыяктуу шыңгыраган
добуш чыгарчу. Ошол себептен
Кудуреттүү Аллах Таала:
"Инсанды (Аллах) чоподой
бышырылган кургак ылайдан
жаратты” (55:14); "Чындыгында,
Биз шыңгыраган келишимдүү
кургак чоподон инсанды
жараттык” (15:26) - деп айткан.
Адамдын жансыз денесин көргөн
сайын Иблис мындай дечү:
"Албетте, сен кандайдыр бир
максат менен жаратылдың". Анан
ал Иблис Адам (а.с.) дын ошол
чопо денесинин оозунан кирип,
арткы тешигинен чыгып,
периштелерге минтип айтат:
Коркпогула, анткени силердин
Өкүмдар Кудай (Аллах) -Түбөлүктүү
жана Дайыма Бар Болуучу Кудай. А
бул нерсенин болсо ичи көңдөй
экен. Эгер муну башкарууну мага
берсе, мен аны кыйратып жок
кыламын!”
Адамга Аллах Таала жан салган
кезде, периштелергре Аллах минтип
айтат: "Мен Адамга Өз Рухумдан
үйлөп, жан салгандан кийин:
"Адамга сажда кылгыла!” Аллах
Таала Адамга жан салып, жаңы эле
салынып жаткан жан анын башына
жеткен кезде Адам чүчкүрүп
жиберет. Периштелер Адамга:
"Алхамду лил-Лах!” [Аллахка
мактоолор болсун] -деп айт”-
дешет. Адам (а.с.) ошондой, б.а.
периштелер үйрөткөндөй кылат
(да: "Алхамду лиллах”- деп айтат).
Ошондо Аллах Таала ага (карап):
"Ярхамукумуллах [Аллах силерге
ырайым кылсын]”- деп айтат.
Адам (а.с.) дын денесине салынып
жаткан жан анын эки көзүнө
жеткен кезде ал Бейиштин
мөмөлөрүн көрөт. Кирип бара
жаткан жан анын ашказанына
жеткен кезде ал ачкалыкты сезет.
Ошондуктан дене-бойго таралып,
улам арылап кирип бара жаткан
жан, б.а. рух анын бутуна жеткен
кезде, ал Бейиш мөмөлөрүнөн үзүп
алуу үчүн чуркап кетүүгө умтулат.
Ошондуктан Аллах Та’ала: "Инсан
шашма кылып жаратылган” - деп
айткан (21: 37).
Андан ары Судди Адам (а.с.) дын
тарыхын толугу менен баяндап
жүрүп олтурат.
Ибн Касир (рахм.а.)нин айтуусу
боюнча жогоруда келтирилген
баяндардын айрымдары
пайгамбарыбыздын (с.а.в.)
хадистери менен тастыкталган,
бирок алардын калган
көпчүлүгүнүн түбү Исраил
урпактарынын "Исраилиат” деп
аталып калган санжыралуу
баяндарына барып такалат.
Мисалы, пайгамбарыбыздын
(с.а.в.) хадистери менен
тастыкталган баяндардын бири
далил катары Имам Ахмад
(рахм.а.) тарабынан Анас бин
Малик (р.а.) га шилтеме берүү
менен келтирген мындай хадисти
атоого болот: "Аллах Таала Адам
(а.с.) дын (денесин чоподон)
жаратып болгон соң, Ал Өзү
каалаганчалык убакыт бою аны
(ошол боюнча) калтырган. Иблис
болсо анын денесин далай ирет
айланып чыгат да, Адам (а.с.) дын
денеси көңдөй экенин байкаган
соң, анын алсыз (махлук болорун)
байкаган”.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев