1.Абу Хурайра р а айтты: Бир
жолу жолдо журуп бараткан
адам аябай катуу чанкады.Ал
кудукка тушуп суу ичип чыгып,
тили саландаган жана
чанкоодон ным топурак жеп
жаткан итти корду. Ал адам
озуно:Бул чанкоодон мен
кандай азап чексем, ошондой
азап чегип жатат-деп(кудукка
кайра тушуп) кийин бут
кийимине суу толтуруп чыгып
итти сугарды, бул иши учун
Аллах анын куноолорун
кечирди. (Адамдар): Аллахтын
Элчиси! Бизге айбандар учун да
сооп берилеби?-деп сурашты
эле ал: Бардык тируу жандар
учун сооп берилет-деди.
(Бухарий, Муслим )
2 . Абдуллах бин Умар р а
айтты: Пайгамбар саляллоху
алайхи уа саллям мындай деди:
Бир аял мышыкты ачкадан
олуп калганга чейин камаган
учун азапталып тозокко тушту.
Аллах билуучуроок, ага : Сен
камаган учурда мышыкка
тамак да, суу да бербедин же
жерде сойлоочу жандыктарды
жеш учун кое берген да жоксун
- деп айтылат. (Бухарий,
Муслим)
3. Абдуллах бин Амр бин аль
Аьс р а айтты: Ырайым
кылгыла, ырайым коросунор,
(адамдарды) кечиргиле,
силерди Аллах кечирет,
(ар кимден)
уккаанын суйлой берген жана
билип туруп кылып жаткан
жаман иштерин уланта берген
адамдарга вайл тозогу болсун.
(Сахих)
4. Абу Умама р а айтты:
Пайгамбар саляллоху алайхи уа
саллям мындай деди: Кимде-
ким союла турган айбанга
мээрим кылса да, кыямат куну
Аллах Таала ага мээрим кылат.
(Хасан)
Булак: Аль адаб, Аль муфрад
китеби
Жуктогон: Айзирек
Алмазбекова. (зынаакор аял итке бут кийими менен кудуктан суу ичиргени учун куноолору кечирилип бейиштик болду. Солиха аял мышыкты байлап ачка калтырып øлтYрYп койгону учун тозоку болду)
1335(3321). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын бул айтканы рабаят этилет: «Кудук- тун жанында тилин салаңдатып чаңкоодон өлгөнү жаткан иттин жанынан өткөн бир сойкунун күнөөлөрү кечирилген: (ал) бут кийимин чечип, аны жамынчысына байлап ал (итке) суу сузуп берди, жана бул үчүн анын күнөөлөрү кечирилди». (Сахих Ал-Бухари)
3321 – عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ — رضى الله عنه — عَنْ رَسُولِ اللَّهِ — صلى الله عليه وسلم – قَالَ:
« غُفِرَ لاِمْرَأَةٍ مُومِسَةٍ مَرَّتْ بِكَلْبٍ عَلَى رَأْسِ رَكِىٍّ يَلْهَثُ ، قَالَ: كَادَ يَقْتُلُهُ الْعَطَشُ ، فَنَزَعَتْ خُفَّهَا ، فَأَوْثَقَتْهُ بِخِمَارِهَا ، فَنَزَعَتْ لَهُ مِنَ الْمَاءِ ، فَغُفِرَ لَهَا بِذَلِكَ » .
طرفه 3467 تحفة 12243 ، 14486
3321 – Передают со слов Абу Хурайры, да будет доволен им Аллах, что посланник Аллаха, да благословит его Аллах и приветствует, сказал:
«Была прощена одна блудница, которая проходила мимо высунувшей язык собаки, которая умирала от жажды у колодца: (эта блудница) сняла башмак, привязала его к своему покрывалу и зачерпнула для неё воды, и за это простились ей (её грехи)». См. также хадис № 3467. Этот хадис передали аль-Бухари 3321, Муслим 2245. См. «Сахих аль-Джами’ ас-сагъир» 4163.
406(745). Асма бинти Абу Бакирдин (Алла аларга ыраазы болсун) сөздөрүнөн рабаят этилгендей, пайгамбар атейхиссалам күн тутулганда намаз окуп Жатып ал (оболу) узак туруп турду, андан соң рүкү кылып, кыйлага чейин боюн түздөбөй турду, андан соң түздөнүп узак турду, андан кийин рүкүгө эңкейип, кыйлага чейин боюн түздөбөй турду, андан соң түздөндү да, сажда кылып, кыйлага чейин өйдө болгон жок, андан кийии өйдө болду[65], андан соң (дагы бир ирет) сажда кылып, кыйлага чейин баш көтөрбөй отурду, андан соң өйдө туруп, узак турду, андан соң рүкүгө эңкейип, кыйлага чейин боюн түздөбөй турду, андан соң түздөнүп, узак турду, андан соң рүкүгө энкейип, кыйлага чейин боюн түздөбөй турду, андан соң түздөндү да, узак сажда кылды, андан кийин баш көтөрдү, андан кийин (дагы бир) узак сажда кылып, ошондон кийин намазды бүгүрүп, мындай деди: «(Азыр эле) бейиш мага ушунчалык жакын болду, эгерде мен (ага кол сунууга) дааганымда, силерге анын мөмөлөрүнөн бирди алып келмекмин, тозок да мага ушунчалык жакын болгондуктан, атүгүл: «Я Раббим, мен да ошолор менен бирге боломунбу?!» - деп жибердим. Ошол жерде мен кокусунан бир аялды[66] көрүп калдым да: «Ал эмне кылды эле?» - деп сурадым. (Мага жооп кылып) айтышты: «Ал (мышыгын) эч тамак бербей жана өз тамагын өзү таап жесин деп[67] чыгарып да жибербей ачкадан өлгүчө камап койгон».
65 Пайгамбар алейхиссалам согончогунда отурган бойдон баш көтөргөнү назарда
тутулган.
66 Бул хадистин равийи айткан: «Менимче, ал: «...мышык аймалап жаткан аялды...»,-
десе керек эле».
67 Бул хадистин равийи айткан: «Менимче ал: «...жерде сойлогон нерселерди (таап жесин) деп...» - десе керек эле».
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев