1868(5673). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) бул айтканы рабаят этилет: «Мен (бир жолу) Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегенин уккан элем: «Эч кимди анып иштери бейишке алып кирбейт»[12]. (Адамдар) А түгүл сени дагыбы, эй Расулулла?!» - деп сурашты. (Пайгамбар алейхиссалам) «А түгүл мени дагы, эгерде Алла мага Өз мээримин көрсөтпөсө жана мага карата ырайым кылбаса, (ошондуктан) тууралыкгы кармангыла[13], жана жакындашкыла[14], жана силерден эч ким өзүнө өлүм тилебесин, эгер ал жакшы кылып жүргөн болсо, мүмкүн дагы көбүрөөк кылаар, а эгер ал жаман иштерди кылып жүргөн болсо, мүмкүн ал тобо келтирээр!» деди». (Бухари)
12 Башкача айтканда, адам бейишке өз кылган иштери үчүн эмес, Алланын ырайымы аркылуу гана кирет.
13 Башкача айтканда, такай кылууга алынар жетпеген нерсени кылууга далалатганбагыла, ортозаардыкты кармангыла.
14 Бул дегени: тооп кылуунун өзүнөр үчүн күн сайын кыла ала турган түрлөрүн табууга аракет кылгыла.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев