75(86). Асманын (Абу Бакирдин кызы) (Алла ага ыраазы болсун) бул айтканы рабаят этилет:
- «(Бир жолу) ’Аишаныкына бардым. Намаз окуп жаткан экен, «Адамдарга эмне болгон деги?» - деп сурадым эле, ал (колу) менен асманга[33] ишара кылып, «Субхана-Ллах! (Аллага даңазалар болсун!)» - деди. Мечит тарапка көз жиберсем, адамдар намаз окуп жатышыптыр. «(Бул) аянбы?» - деп сурадым эле, ал башын ийкеди. Ошондо мен да намаз окуп баштап, эсимди жогото жаздаганча окудум, ошондуктан башыма суу куюуга мажбур болдум. (Намаздан кийин) пайгамбар алейхиссалам Кудуреттүү жана Улуу Аллага мактоолор жана даңаза айтып, анан мындай деди: «(Азыр эле) мына ушул жерде (туруп) мен мага мурда көрсөтүлбөгөн нерселердин баарын, ошонун ичинде бейиш менен тозокту да көрдүм. Мага силер көрүңөрдө Тажаалга[34] байланышкан сыноодой (же: ошого жакын)[35] сыноого дуушар кылынышыңар жөнүндө вахий келди. (Ар бир маркумдан) «Бул адам[36] жөнүндө эмне билесиң» деп сурашат[37], ошондо момун (же: ишенген маркум)[38]: «Бул - Мухаммад, Алланын бизге таасын далилдер жана туура жол менен[39] келген элчиси алейхиссалам, биз (ага) жооп кылып (анын артынан) ээрчигенбиз. Бул - Мухаммад». - деп жооп берет жана (бул сөздөрдү) үч ирет кайталайт, ошондон кийин ага: «Жыргалда уктай бер, биз сенин ага ыйман келтиргениңе ишендик!» - деп айтылат. Ал эми эки жүздүү - мунафык (же: күмөн саноочу)[40] жөнүндө айта турган болсок, ал: «Билбейм, болгону адамдар бирдемени айтып жатканын укчумун жана ошол нерсени (өзүм да) айтчумун», - дейт». (Бухари)
30 Бул окуя Алланын аяны болгон күн тутулуу кезинде болгон, андай учурда атайын наапил намаз окуу керек.
31 «Аль-масих ад-дажжал» - жалган пайгамбар, Тажаал, ал жөнүндө хадистерде көп айтылат. Бул хадистин мазмунунан көрүнүп тургандай, көр сыноосунун мааниси - эки периште маркумдардын көрүндө алардын кимиси момун, кимиси каапыр экендигин аныктоо үчүн белгилүү бир суроолор беришет. Жер жүзүндө Кыямат Күнүнө аз калганда пайда боло турган Таажалга байланышкан сыноо болсо өз оордугу боюнча көрдүн сыноосуна эки жагы менен окшоп кетет: оордугу менен, анткени анын пайда болушу ар кандай кырсыктар менен коштолот; анан өз натыйжалары менен, анткени жалган пайгамбарга каапырлар гана ишенишет, ошол белгиси аркылуу аларды чыныгы момундардан ажыратууга болот.
32 Бул хадистин рабаятчысы айткан: «Мен Асманын эмне дегенин так билбейм».
33 Сөз пайгамбар Мухаммад алейхиссалам жөнүндө болуп жатат.
34 Бул суроолорду Мункар жана Накир деген эки периште берет.
35 Бул хадистин рабаятчысы айткан: «Мен Асманын эмне дегенин так билбейм».
36 Башкача айтканда, өзүнүн пайгамбарлыгынын чындык экендигинин таасын далилдери жана Алланын туура жолу менен.
37 Бул хадистин равийи айткан: «Мен Асманын эмне дегенин так билбейм».
«86» حَدَّثَنَا مُوسَى بْنُ إِسْمَاعِيلَ قَالَ: حَدَّثَنَا وُهَيْبٌ قَالَ: حَدَّثَنَا هِشَامٌ عَنْ فَاطِمَةَ عَنْ أَسْمَاءَ قَالَتْ أَتَيْتُ عَائِشَةَ وَهِيَ تُصَلِّي فَقُلْتُ مَا شَأْنُ النَّاسِ فَأَشَارَتْ إِلَى السَّمَاءِ، فَإِذَا النَّاسُ قِيَامٌ، فَقَالَتْ سُبْحَانَ اللَّهِ. قُلْتُ آيَةٌ فَأَشَارَتْ بِرَأْسِهَا، أَيْ نَعَمْ، فَقُمْتُ حَتَّى تَجَلاَّنِي الْغَشْيُ، فَجَعَلْتُ أَصُبُّ عَلَى رَأْسِي الْمَاءَ، فَحَمِدَ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَأَثْنَى عَلَيْهِ، ثُمَّ قَالَ:
((مَا مِنْ شَيْءٍ لَمْ أَكُنْ أُرِيتُهُ إِلاَّ رَأَيْتُهُ فِي مَقَامِي حَتَّى الْجَنَّةَ وَالنَّارَ، فَأُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّكُمْ تُفْتَنُونَ فِي قُبُورِكُمْ، مِثْلَ- أَوْ قَرِيبًا لاَ أَدْرِي أَيَّ ذَلِكَ قَالَتْ أَسْمَاءُ- مِنْ فِتْنَةِ الْمَسِيحِ الدَّجَّالِ، يُقَالُ مَا عِلْمُكَ بِهَذَا الرَّجُلِ فَأَمَّا الْمُؤْمِنُ- أَوِ الْمُوقِنُ لاَ أَدْرِي بِأَيِّهِمَا قَالَتْ أَسْمَاءُ- فَيَقُولُ هُوَ مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ جَاءَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى، فَأَجَبْنَا وَاتَّبَعْنَا، هُوَ مُحَمَّدٌ. ثَلاَثًا، فَيُقَالُ نَمْ صَالِحًا، قَدْ عَلِمْنَا إِنْ كُنْتَ لَمُوقِنًا بِهِ، وَأَمَّا الْمُنَافِقُ- أَوِ الْمُرْتَابُ لاَ أَدْرِي أَيَّ ذَلِكَ قَالَتْ أَسْمَاءُ- فَيَقُولُ لاَ أَدْرِي، سَمِعْتُ النَّاسَ يَقُولُونَ شَيْئًا فَقُلْتُهُ)).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев