371(652). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) сөздөрүнөн Алланын элчиси алейхиссаламдын мындай дегени рабаят этилет: «(Бир жолу) жолдо бараткан (бир) адам тикенектүү бутакты көрүп аны жол- дон алып таштады эле, Алла ага ыраазы болуп. (анын күнөөлөрүн) кечирди».
652» حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ عَنْ مَالِكٍ عَنْ سُمَيٍّ مَوْلَى أَبِي بَكْرٍ عَنْ أَبِي صَالِحٍ السَّمَّانِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: ((بَيْنَمَا رَجُلٌ يَمْشِي بِطَرِيقٍ وَجَدَ غُصْنَ شَوْكٍ عَلَى الطَّرِيقِ فَأَخَّرَهُ، فَشَكَرَ اللَّهُ لَهُ، فَغَفَرَ لَهُ)).
(653). (Пайгамбар алейхиссалам) дагы айткан: «Беш түрдүү адамдар шейит болушат: каратумоодон (чумадан) өлгөндөр, ич оорудан өлгөндор, сууга чөккөндөр, уранды басын калгандар жана Алланын жолунда жихат кылып өлгөндөр[19]».
19 Мындай өлүм менен өлгөн ар бир мусулман дин үчүн согушта курман болгон шейит сыяктуу бейишке кирет деген үмүт айтылып жатат, бирок алардын баарынын абалы шейиттердин абалындай болот дегенди билдирбейт.
«653» ثُمَّ قَالَ: ((الشُّهَدَاءُ خَمْسَةٌ الْمَطْعُونُ، وَالْمَبْطُونُ، وَالْغَرِيقُ، وَصَاحِبُ الْهَدْمِ، وَالشَّهِيدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ)).
وَقَالَ: ((لَوْ يَعْلَمُ النَّاسُ مَا فِي النِّدَاءِ وَالصَّفِّ الأَوَّلِ ثُمَّ لَمْ يَجِدُوا إِلاَّ أَنْ يَسْتَهِمُوا لاَسْتَهَمُوا عَلَيْهِ)).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев