Пандемия учурунда ооругандардын саны өтө көп болуп, басымдуу бөлүгү рентгенге түшүү үчүн шаарга барып, жыйынтыгын алгыча оорусун күчөтүп алгандар болгон. Ошол учурда, биздин бригаданын келе жатканын уккан эл, бир ишенип-ишенбей дароо ооруканага баргандыгын айтышты. Себеби, көчмө рентген аймактарды кыдырып жүргөнүн угуп, бизге келишпейт деп үмүттөрүн үзүп коюшкан экен.
Учурда жергиликтүү калк, санитардык эрежелерди сактоо менен кезекке туруп, текшерүүдөн өтүп, дароо жыйынтыгын алып жатышат. Андыктан, сиз дагы жакындарыңыздын ден соолугуна кабатыр болуп жатсаңыз, бул кулактандырууну бөлүшүүнү унутпаңыз!!!
Эске салсак, көчмө мобилдик рентгени, Алмалуу, Үч Эмчек жана Нооруз айылынын тургундарын текшерүүгө алышып, жыйынтыгын чыгарып беришкен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев