5-БӨЛҮМҮ..
Сайкал Бурманын бир тууган синдисинин кызы боло турган. Куйоо баласы дардандаган, ачык конул инсан эле. Ал убагында Адилеттин уйбулосуно коп жардам кылган. Жакшы адамдардын омуру кыска болот окшобойбу, мындан коп жыл мурун каза болуп калган. Ал "жалгыз кызымды сага тапшырдым" деп, Адилеттин атасынын колун кыса кармап, керээз калтырган экен.
Жесир калган синдисин ар тараптан колдоп, жашоолоруна жардам берип эле чектелбестен, эмнегедир "кызынды келин кылып алабыз!" дешиптир бул ата'эне. Эмнеге андай дешкендери белгисиз! Бирок Адилет Сайкалды оз карындашындай коруп, ашыкча сезимин билдирген эмес. Кантип билдирет жакшы корбосо?
Ал эми жакшы коруу, бир коз карашта эле дароо пайда болот!
Анан эле мынтип бой тартып, чоноюп калышкандан кийин, Марал Адилеттин жашоосун таптакыр башка нукка буруп салбадыбы?
Бурма бугун синдисине барып, кыздын колун сурап, сойко келмек болуп турду. Баласы уйлонуп ажырашса эмне экен?
Сайкал апасына тартып тилдуу, тастандаган кыз болуп бой жетиптир. Тартынуу деген жок. "Кыз кылыгы менен"дейт, уйумо барганда озумдун тарбияма конот, деп ойлоду Бурма!
Адилетти ой боюна койбой уйлондуруп тынышты. Муну уккан Жылдызбек абдан катуу ойлонду. Бир тууганынын абалын азыр, агасынчалык эч ким сезип'туя албаса керек!
Маралдын апасы да кайгырып жургон. Ал кызынын бир кайрылбай кеткенине ушунчалык озун куноолоп, кундо жатаарда , Маралдын амандыгын сурап, Жаратканга жалбарат.
Ата энеси каалаган келин келди уйго. Адилет эми таптакыр уйго жолобой калды. Эптеп бир шылтоо таап, жумушунан нары каякадыр тентип кетет.
Караманча каршы болуп туруп алганда да, Маралдын айткандарын эстеп гана кайра ойлонот. Албетте, мин жаман болсун, мин жолу каршылык корсотсун, бирок алар баарыбир ата'энеси да. Адарды кантип кыят? Баш оогон тарапка да басып кете албайт.
Сайкалды акыркы жолу Маралга уйлонгондон кийин, шаардан коргон. Ал баарына кайдыгер караганбы айтор, Адилетке ашыкча кеп айткан эмес.
Эми мынтип Маралдын ордунда, озу олтурат. "Аялы" аты эле болбосо, албетте Маралдын ордун баса албашы турган эле соз эмеспи?
Мына, коргуло ата'эне! Эми силер ойлогон нерсе болду, эми Адилет "бактылуу" болот!
Айткылачы, деги ушул нерсе керек беле силерге?
-Адилет уйлонуптур?
Курбусунун бул катынан кийин, Маралдын абалы соз менен айтып жеткире алгыс эле! Озу зордоп, озунон турткулоп журуп ушуну кылды. Акыры бир кун ушундай болоорун билсе да, башына тушкондо, жан дуйносунун мынчалык сыздаарын ойлобоптур:
-Демек, айтканымды угуптур!
Жумушунан суранып, дароо уйун коздой жоноду. Сыртка чыкканча озун аран кармады. Кокурогун ачыштырган оору, коздорунон дайра болуп агып жатты.
Аттин!
Силерди тушуноор бир эле адам болгондо, бироо эле болгондо кана?
Журогу чырылдап жатты. Бирок унсуз! Эгер журоктун безилдеп ыйлаганын угууга болгондо, анда асман'аалам ызычуу тушуп, ал ундон кулактар тунуп кетет беле, ким билсин?
Уйго жакындаганда капыстан ,мандайынан унаанын пипилдеген унун угуп чоочуп кетти.
Бирок кечигип калган эле!
Унаа башкарып бараткан айдоочу да кызды кеч коруп калды. Жаштуу жузун, алды тарапты умутсуз тиктеген каректерин караган ал, тормозду тебууго улгурбой калды.
-Козун ачтыбы?
-Ооба!
-Эмне болду, абалы жакшыбы доктор?
-Ото олуттуу эмес, он буту сыныптыр, керектуу жардамды корсотуп, бутун гипстедик!
-Корсом болобу?
-Ооба журунуз!
Марал козун ачса, халатты желбегей жамынып, озунон бир топ улуу корунгон, жазы мандай, келишимдуу мырза, озун тигиле карап туруптур:
-Мен каердемин?
-Ооруканадасыз! Кандайсыз карындашым, озунузду жакшы сезип жатасызбы деди казакча:
-Рахмат мен жакшымын!
Мырза кубанып кетти корунот:
-Ой сиз кыргызсызбы?
-Ооба!
-Тагдырды каран, мен да кыргызмын!
-А сиз кимсиз?
Тиги эми эсине келгендей, башын кашып туруп калды:
-Мен сизди унаамда уруп кеттим, байкабай калбадымбы, озу да жакын жерден чыга калдыныз?
Марал да эми гана эмнелер болуп кеткенин эстеп кирди:
-Куноо озумбо ага, эч нерсе эмес!
-Баса, менин атым Кубат!
-Кубанычтамын, Акмарал!
Кыздын ысымын угуп, аны менен коп нерсе тууралуу пикир алууга жетишти,бирок коздору мундуу тартып сумсаят кыздын:
-Сонун атыныз бар экен, мен ушул жерде болом, эмне керек болсо тартынбай айтыныз!
-Мейлиниз рахмат!
Кубат коридорго чыгып, кенедей кыздын алдында эмнеге мынча толкунданганын тушуно албай, башын чайкады:
-Азыр чындап эле ушунча созду мен суйлоп жибердимби? Тообо!
Ал кыздын козундогу мундун себебин кайдан , билмек эле?
Соз келди, суйлоп койду да.
Маралдын буту айыгып, ооруканадан чыкканча , Кубат анын жанында болду. Биринчиден озун айыптуу сезсе, экинчиден кыз аны озуно тартып жаткандай.
А кыз болсо ал жонундо ойлогон да жок. Балдак таянып баскандан журогу кысылып, чуркап жумушта жургонун, кадимкидей сагынды.
Батыраак эле жумушуна чыгып алса экен!
Адилетти ойлобогон бир да муноту жоктур ? Ал, жандуйносуно бекем орношуп алган, айыккыс оору сыяктуу!
Бекеринен айтышпаса керек,"суйуудон пайда болгон оору олтурбогону менен, эч качан айыкпайт! "деп.
Торт дубалды ичинде жатып, кечке ал тууралуу ойго батат. Башкага баш кошконунан бери, кыз озун Адилет учун , артык баш адам сезе баштады. Канчалык аракет кылбасын, бул ой кыздын коодонун кемирип бараар эле.
Шыпты тиктеп ойлуу жаткан абалын, телефонуна келген чакыруу бузду.
Адилет экен, азыр эле башаламан болуп, мээсин кысып жаткан ойлору, каякадыр житип жоголду. Кубанып да алды:
-Алоо?
-Жашоом менин, абалын кандай?
-Жакшы, жакшы озунчу?
-Жумуштасынбы?
-Жоок, бугун дем алыш!
Ооруканада жатканын жашырды:
-Денсоолугун жакшыбы?
-Ооба,кудайга шугур!
-Тушумо кирдин кечээ тундо?
-Коош?
-Ошого тынчсыздандым эркем!
-Адиков, жашоон кандай?
Адилет терен дем алып алды. Ушул суроону бербесе экен деп, ичинен кыпылдап турган эле:
-Жакшы жаным!
-Сен учун кубанычтамын!
-Эмне табалап жатасынбы мени?
-Ал эмне дегенин?
Бул суроосу жоопсуз калды:
-Сени сагындым.
-...
-Акмарааал?
-Мен дагы.
Марал ыйлап жатты.
-Ыйлабачы эркем?
-Ыйлабадым!
-Баары менин ожорлугумдун айынан болуп жатат, сенин азап чегип жургонуно да мен себепчимин!
-Андай дебечи, эмне окунуп жатасынбы?
-Жок, эч качан окунбойм!
-Адик?
-угуп жатам жарыгым?
-Мен озгоруп баратам!
-Андай дебе жаным, коркутпа мени.
-Чын, озум да коркуп жатам, сага деген сезимдерим озгоруп кетуусунон коркуп турам! Мурдагыдай болбой, унутчаак да болуп калдым.
-Кундо, жок кундо эмес эстегенин сайын, "мен эмнени унуттум?" деп, озуно'озун тынбай суроо бер Марал!
Бул конугуу болот, коросун го, пайдасы тийет!
Сенин башынды аттап, башкага жар болгон мен го, сен эмнеге озгоросун, же жашоондо башка адам пайда болдубу?
-Иий акылдуум го ушу!
Эми пайда болбойт Ади. Мен керек болсо мындан ары да, сенин элесин менен жашай берууго кудуретим жетет.
-Анда эмне?
-Менин коркконум, сенден умут кылып, колунду кармаган инсан эмне болот? Анын куноосу кайсы?
Адилет ун'созсуз тунжурады. Эми эмне кылса экен? Кандай болгон кундо да баш тарта албайт, муну так билет.
-Э манка?
-Ии?
-Мага ишенесинби?
-Албетте да?
-Анда баары жакшы болооруна да ишен! Мен ошончолук ожор болсом да, баарыбир аны ойлобой койбойм. Туура,анда куноо жок, ошондой эле сенде да эч кандай куноо жок! Угуп жатасынбы мени?
-Ооба, угуп жатам Ади!
-Тушундунбу мени?
-Тушундум!
-Андай болсо, артка кетенчиктебе, сенсиз мен кыйналып калам!
-Макул Адик, мен сени тушундум!
Трубканы коюп, артын караса Кубат туруптур:
-Эмне сиз мени андып турдунузбу?
Кубат эч нерсе болбогондой, токтоо жооп берди:
-Негизи андай деле оюм жок болчу, киргенимди байкабадын, создорунду угуп , кайра чыгып кете албай туруп калдым. Кечирим сурайм!
Марал терезе тарапка карап, эч нерсе деп жооп бербеди:
-Каалабасан жооп бербе, капа болбойм. Баса, бугун кечинде сага жооп беришет экен.
Кыз кубанып кетти:
-Жакшы болуптур, акыры кутулат экенмин?
-Сени чыгарып кетууго озум келем, мени кутоорсун?
-Сиздин эмне, менден башка жумушунуз жокпу?
-Ошондой десе да болот. Уйдо куткон адам, шаштыра турган жумушум жок. Мен да сага окшоп жалгызмын!
-Бир гана мага шерик бол дей корбонуз, мен жалгыз эмесмин!
-Тушуном сени! Сага карата менде эч кандай талап жок, болгону бугунку кунду, сенин аман'эсен бутуна туруп кеткенинди белгилеп койсок, ашыкча болбойт менимче?
-Андай болсо макул!
Кубат озу айткандай унаасы менен, кызды уйуно чыгарып келди. Маралдын озу менен чогуу жашаган, уйдо бир эки эжелер боло турган. Алар да кундузу жумушта болушат. Уйдо жалгыз жатат кечке.
Бирок бул кундорду деле байлап койгон жок кызга. Артка кайрылууну билбеген убакыт, ото берди.
Азыр абалы жакшы, бутунун жарааты бутуп, жумушка чыкты. Бугун Кубаттын суранычы менен, ал менен жолугууга бармак. Чачын жыйнай албай колдору титиреп, Адилетке кыянат кылып жаткандай сезим, ичин эзип жатты. Озун соорото, арандан зорго, ыргылжын болуп, эшикти аттады.
Белгиленген жерге барса Кубат унаасында
кутуп отуруптур:
-Кел карындашым, коп басып, бутун ооруган жокпу?
-Жок рахмат, кайда барабыз?
-Барганда коросун журу!
Зымыраган унаа буларды жапжашыл колдун жээгине алып келди. Кун кузго таяп калганга байланыштуу, адамдар бирин'серин эле журушот.
Марал жумуш деп журуп, мындай кооз жерлерди корууго убакыты болбоптур чындыгында.
Унаадан тушуп эле сууну коздой басты. Башкача сезимдер конулун бийлеп, муундары бошошуп баратты. Кубат кошо баспай, артында калып кетти. Балким кызды женилдеп алсын дегендир?
Кыз жээкти коздой баса берди. Бутунун учу сууга тийгенде ичиркене тушту. Тобосуно жете тушкон суунун муздактыгы, ооруп турган башын басандата койду. Бул абал Маралга жагып турду. Ийниндеги баштыгын ыргыта салды да, толкун жиреп кетип баратты. Ушуну менен баарын унуткусу келип жатты. Унутмак тургай, озу да адамдардын арасынан кетип, баары учун унутта калгысы келди.
Унаасына алаксый тушкон Кубат, кыздын карааны кичирейип,суу аны тартып баратканын коруп, ордунан ыргый тура чуркап жоноду:
-Э ээй, сен эмне жинди болдунбу?
Эч нерсеге карабай кызга жетип, аны бери коздой тартты. Маралдын денеси муздак, оозу'мурдуна суу кирип, аран дем алып жатыптыр:
-Жинди кыз, ушул менен баарын жене алсан кана?
-Кое берин мени?
-Сенин бутунду сындыра койгонум аз келгенсип, аз жерден олумуно да себепчи болуп кала жаздапмын. Эмне кылганын бул?
Жээкке алып чыгып, озу да чарчап жанына отура кетти. Кыздын дарманы кете тушкон экен, тизелей отура калып эле ыйлап жиберди:
-Аааа!
Кубат тим койду, ыйлап алсын деди.
Ыйдан козу кызарып, бир жагынан суу кийимдери чыйрыктырып баратты кызды:
-Эмне учун, кайсы айыбым учун!
Кубат ордунан туруп барып, озунун жылуу курткасын кыздын ийинине жапты:
-Жетерлуу эле болду, озунду аябаган адам экенсин! Мындай кылаарынды билгенде, сени бул жерге алып келмек эмесмин!
-Ага, мен аны сагындым, аны коргум келип жатат!
-Анда барып коруп кел, болбосо чакыр бул жака, озу келип коруп кетсин, анын эмнеси бар экен?
-Анын уйбулосу бар!
-Ошентип журо берсен,арманын аттын башындай болуп бир кун, олуп кеткенинди билбей каласын!
-Мен корком!
-Коркпо, эмнеден коркосун? Бироону алдап жатпасан, же бироону олтуруп, кылмыш кылып жатпаган болсон, эмнеге коркосун?
-Мен аны эстебей калуудан, бир кун келип аны суйбой калуудан корком! Озгоруудон корком!
-Ээ койчу болбогон шылтоолорунду, тируулукто бир'биринди суйуп жашаганынардын озу чон олжо! Эртен бул жашоодон отуп кетсенер экоондон бирин, ошондо анан башынды ташка урсанар да таппайсынар бирбиринди.
Марал бул создорго муюгансып отуруп калды:
-Маанайымды да буздун, журу, жеткирип коеюн!
Экоо тен унчугушпай кетип баратышты. Оюнда Кубаттын создорун эстеп баратты:
-Чындап эле корушууго болоор бекен?
Уйго келип коштошоордо:
-Башка куну мени менен тамактанууга барасынбы, же бугунку кун эсептеле береби?деди Кубат.
Кыз жылмайды:
-Рахмат сизге! Макул бул кунду эсептебейбиз, менин айымдан болду, айыбымды жууйм!
-Бул башка кеп,кутом анда!
Уйго кирип кийимдерин которуп,Адилетке кат жазды. Жазуудан алдын да кайра'кайра ойлонду. Омур бою мындай жашоо болбойт,чекит коюу керек баарына:
-Адик кел жолугабыз?
***
Адилет Сайкалдын алдындагы жоопкерчиликтеринин бирин да унуткан жок. Марал туура айтат, "мунун куноосу эмне?". Барам деген жагына калтырбай жонотуп, эркектик милдетин да аткарып, "Асылына" берген созуно турду.
Сайкал Адилетти тушуно бербейт, канчалык такып сураса да, Марал жонундо ооз ачпады куйоосу.
Ал эч качан, эч кимдин, Маралды соз кылып отуруусуна жол койбойт. Ал озуно гана тийиштуу!
Бул нерсеге ичинен кекенип алды келин. Уруш баштайын десе, куноо кое албайт.
Бурма учун да озу куткондой "жакшы" келин боло албады. Кылган жумушу чала калып кетет, же жасабай таштап коет.
Айыл турмушу белгилуу эле эмеспи, эрте туруп уй саап, короо жыйнап, бардык жумушка жетишуу керек болот.
Сайкалдын кунунун коп болугу, кузгунун алдында отот. Тилдуу да чыкты. Бурма синдиси учун да,коп нерсеге коз жумуп коюуга уйронду.
Кыргыз эли озу, коп создорду эле туура айтат окшобойбу? Мына ошолордун бири "Биринчиси мазасын, экинчиси сазайын берсин!" деген соз таамай эле Бурмага карата айтылгандай.
Адилеттин абалы белгилуу, ага эч нерсе дей албайт, дегенге укугу да жок.
Аргасыз Маралды эстейт. Бирок эми эстегенден эмне пайда?
Бугун эртен менен жумушуна келип эле электрондук почтасын жандырды жигит. Катты окуп, кубанганынан кыйкырып жиберди:
-Чын эле айтып жатабы бул?
Кесиптештери Адилеттин кейпин коруп, эмне дээрин билбей туруп калышты. Жигит сыр бербей галстугун ондоп койду:
-Кхм, кхм! Мен учун бир кубанычтуу жанылык болду да, эмне мынча карайсынар?
Жанындагылар кулуп калышты:
-Ошондой эле болсун!
-Жакшы болгон тура!
Тушку тамактанууга чыкканда жооп жазам деп, бирок ага чыдабай эле жазып кирди:
-Макул, созсуз жолугабыз да, эмне келе турган болдунбу?
-Жок, сен кел!
Адилет саамга ойлоно тушуп, пландаштырып кирди:
-Макул, чындап эле сен ошону кааласан, мен барам!
-Качан келе аласын?
-Сен качан кел десен ошондо!
-Мага боло берет! Бирок бир шарт менен?
-Кандай шарт, сен да шарт койгонду уйрондунбу?
-Ооба . Жолуккандан кийин, биротоло ажырашабыз!
-Мени жинди кыласын сен кыз!
-Ожорлуктун да чеги болот Ади, мени кыйнаба суранам?
-Макул,сен айткандай болсун!
-Мен сенин атына билет алып коем, эч кайда убара болбой, дароо жолго чыга бер анда?
-Суйлоштук!
Жигит эмне кылаар айласын таппады. Корушууго барбайын десе, сагынып, аны коргусу келгенин тана албайт. Бирок койгон шарты оор, ото оор!
Баарыбир Маралга болгон сагынычы кучтуулук кылды. Барып жолукса, балким пикиринен кайтараар?
Атасынын каршы болгонуна карабай, бар жумушун жыйыштыра салып, жоноп кетти.
Сайкалга, камондировкага бараарын, бир жумада кайтаарын эскертти.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18