✅ Жетим болуу, бул эмне кылмышпы же күнөөбү? Чоң айып иш кылгандай, кээ бир эркектер, жубайларын жемелешти да билишпейт.
ЖЕТИМ БОЛСОҢ ЭМНЕ ЭКЕН?
✅ Ооба, мен "жетиммин" деп кой. Сенин жетим болгонун "адам санына кирбейт" дегенди түшүндүрбөйт. Бул сөз үчүн
▪️ муңайбачы,
▪️ыйлабачы,
▪️таарынбачы.
Маанилүүсү, сен бар болгонуңдун өзү кандай сонун. Жетим болгонун үчүн
▪️арданба,
▪️уялба,
▪️кайгырба. Жетим болгонуңа карабай, сен Кудайым сүйгөн пендесиң..
БААРЫНАН МУРУН, ЖАН-ДҮЙНӨҢ ЖЕТИМ БОЛБОСУН.
✅ Жан-дүйнөң
▪️ жетимсиребесин,
▪️жалгызсырабасын,
▪️эч кимге кереги жок сезбесин,
▪️ өмүр боюу "мен жетиммин" деп сыздабасын.
✅ Ким болбо, жолдошуң эмне деп айтпасын
▪️сен өзгөчөсүн.
▪️Жүрөгүн сулуу айымсың.
▪️Күчтүүсүң.
▪️Эң жакын адамыңдын, оор сөзүн көтөрө билген чыдамдуу, боорукерсиң.
✅ Жолдошуңдун сен туралуу жагымсыз сөздөрүнө ишенбе! Жүрөгү жетим адам, башкаларды дагы "жетим"деп айтат. Сен болсо, жетим болгонуңа карабай жубай жана балдарыңдын сүйүктүү энеси экенине сыймыктан. Өз убагы келгенде, жолдошуң сага каттуу сүйлөп, көңүлүңдү оорутуп алганын түшүнөөр.
📌 МАНИЛҮҮСҮ, БИР СӨЗ ҮЧҮН
▪️өзүңдү жоготпо,
▪️кечирип кой,
▪️таарынып, жүрөгүңдү оорутпа.
Анткени таарыныч бул жөн гана курулай убаракерчилик жана жашооңо жаман таасирин тийгизген азап.
Игамбердиева
Зарема..
#жашоо
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24
Куйонун Ата апасы дуйного туркук болот бекен же озу жалган дуйнодон баарыбыз кетебиз