ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМҮ
Убакыт куш сымал зымырап учуп отуудо! Олгондун озунун эле шору белем, мынтип артында калган тируулор, оз жашоолорун жашап эле келе жатышпайбы?
Жашабаганда эмне?
Бул жашоо чындыгы! Кимгедир узун омур берилсе, кимгедир кыска! Мандайга
жазылган тагдырынан эч кутулчу беле
адам баласы?
Саматтын олумунон бери жыл айланды, Нуржигит бир нерселерди кармап, дубалга суйонуп басып калды. Аябай шок бала болду. Бирок чуркап кетелек, кобунчосу торт аяктап, жормолоп журуп, апасын чарчатат.
Кечке жудотуп, этегине оролошот. Келин керээлден кечке ушул наристе менен
алышат. Азыр жыйнап койгон жерин, азыр аркасынан барып чачат, ашканада колу
жеткен жердин баарын чукуйт. Маржананын жини келгенин билет, кабагын буркоп,
урушуп койсо, эки колу менен козун жаап, кадимкидей таарынат. Кайра эркелетип
койсо, атасына окшоп, "жарк" этип кулуп,
кайра ошол иштерине киришет.
Бир жагынан баласы, бир жагынан уй жумуштары болуп журуп, келин кечинде
суй жыгылат.
Анан жатаарда, Нуржигит экоо кучакташкан бойдон, уйкуга кетишет.
Эне кобунчосу жумушта болот. Ал да жумушунан уйго жеткенче шашат.
Базарданбы, башка жерденби, козуно эмне жакшы корунсо, небересине сатып ала
берет. Кечинде чон энесинин:
-Нуурчииик? деген унун угаары менен,
Нуржигит да бирдемелерди былдырап , алдынан тосмокко жоноп калат. Кучактап,
ооп' жыттап, жалынып эле жатып калат
энеси:
-Озумдун нурум ушул бала! Ушул уйдун жарык нуру! Ээ апасы, менин балам эмнеге капа,
сенин устунон арызданып жатат карачы?
Айтчы балам Маржан уруштубу сени?
Толук тушундуро албаса да, колдорун сербендетип, Маржананы корсотуп, бал
тили менен бирнерселерди айткан болот.
Муну коруп Маржана аргасыздан жылмаят:
-Апа, кылмышкер озу, дагы мени куноолойт!
-Ыя балам, апан эмне дейт,бугун дагы
эмнени булундурдун?
Эне баласы менен чон кишидей суйлошот.
Нуржигитти коргон адам созсуз Саматты
эстейт эле. Анткени баланын коздору, бет тузулушу атасына,куюп койгондой окшош болчу. Коз алдыларында, кичинекей
Самат осуп келе жатканын коруп, эки аял
да журоктору зырылдайт. Бирок бирине
бири билгизбей, ичтен ушкурушот.
Маржана коп ыйлап, озун таштап койду. Кайненесинен тартынганынан гана, калп
эле жылмаят. Ааламда эмне кеп болуп жатканына да кызыкпайт, ал аз келгенсип,
бир китеп окуп баштаса да акырына
чыкпай, таштап коет. Бар умуту бир гана наристесинде!
Тушундо, сакуранын гулдогонун жанынан
коруп, кубанганынан колдорун чапкылып жатканын, артын караса эле Жандардын, жылмая карап турганын коро берет.
Бир эмес бир нече жолу корду ушул
тушту.
Эмнеге жорушун билбей башы катат.
"Балким Жандар бейишке чыккандыр?"
деген ойлор да келет кээде.
Телефондун чырылдаганы Маржананын
оюн бузуп жиберди. Селт эте чоочуп кетип караса, Гулум экен:
-Марусьям, жолугалычы, уйдосунбу?
-Ооба, башка каякта болот элем?
-Азыр барып калам анда?
-Келебер!
Курбусун коруп, анын коздорунон кубанычты байкады. Колунда толтура баштык,
Нуржигитке деп оюнчуктарды которуп алыптыр. Эшиктен кирээри менен эле,
курбусун кучактады:
-Кандайсын курбум, шилбийип соогун
эле калыптырда?
-Кел , жакшымын! Жон эле келе бербейт
белен, ансыз да корунгон жер оюнчук?
-Мейличи, аяш энеси алып берген башкача
да баарыбир ээ уулум?
Гулум Нуржигитти кучактап опкулоп жатты:
-Иийий ушунун бетичи! Тим эле булочка!
Уйго кирип отурушкандан кийин Гулум турмушка чыгып жатканын айтты.
Маржана чын дилинен куттуктады:
-Бактылуу бол курбум!
-Рахмат!
-Каерге келин болуп баратасын?
-Колго!
-Жаныбызда эле турбайсынбы? Жумушун
эмне болот?
-Тойдон кийин эле кайра чыгам жумушума,
ал тушунот, экообуз тен эле Бишкекте
болобуз го?
-Жакшы болуптур, сен учун кубанычтамын курбум!
- Сени тойго чакырып келдим, курбум болуп чыгасын!
Маржана жылмайды:
-Мен тоюна созсуз барам, бирок курбулукка бирге окуган кыздарынан бирди тандай бер!
-Капа болом Марусьям?
-Капа болбо Гулум!
Курбусунун мундуу коздорун карап,
Гулумдун да ичи эзилип, аяп кетти. Ооба, курбусуна капа болгонго акысы жок.
Жолдошу болгондо, экоо эрчишип барып,
Самат озу эле Маржанасын, курбусунун
жанына отургузуп койбойт беле? Мунун
созу да туура! Он гулунун бир ачыла элек, жапжаш бойдон, жалгыз калып кетпесин
эч бир жан! Бирок азыр жаш го, балким бакытын башкадан издээр?
Гулум бул нерсени ойлоп, кайра ал оюнан
озу уялып кетти.
Муну угуп кайненеси келинине, койноктун кымбатын алып берип, Нуржигитти которуп,
озу да кошо барды тойго. Оюнда келини,
аз болсо да адамдарга аралашсын деген
эле тилек болчу!
Мынтип тойго келип, анан тигинтип, Аликтин журогун козгоп, мун бекиткен коздоруно,
аны кайра 'кайра караганга мажбур кылып жатпайбы?
...
Тойдо деле конулсуз отурду келин. Курбусун сыйлап, капа болуп калбасын деп эле,
акырына чейин зорго чыдады. Озу
табиятынан мындай копчулукко жок болчу.
Каалоо'тилектерди баары айтылып, той да
бутуп баратты. Маржана ордунан туруп
барып, колундагы гулу менен белегин тапшырып, Гулумдун жузунон суйду:
-Тапкан бакытын туболуктуу болсун курбум!
Гулум да козуно жаш ала Маржанды
кучактады:
-Рахмат досум!
-Биз кете берели, сени коргону бир куну
барам, же ага чейин озун деле келип
калаарсын?
-Чалышабыз курбум, эшик' торуму коруп келесин, созсуз бар, кутом!
-Макул кош!
Коноктордун арасынан суурулуп, кайненеси экоо сыртка чыгышты. Нуржигит эненисинин колунда уктап калды.
Унчукпай унаага отурушту да, кетип калышты.
Баш айланткан копчулуктон, Алик кызды таппай калды. Улам коздору менен издейт. Бирок эч жерден корунбоду!
Алик да балдар менен сыртка чыкты, эки жашты унаага отургузуп, достору дагы деле куттуктоону улантып журушот. Жаны
аяшынан, досу туура эмес тушунуп калбасын деп , кыз тууралуу сурагандан тартынды.
Ызылдап баары таркап жатышты.
Алик уйуно эмнегедир ойлуу кайтты.
Анын коздору!
Бир карап койгонуна ушунчабы?
Кайра жолугаар бекен?
Кунунун коп болугу кызды ойлоо менен
отуп жатты.
Баласындагы озгорууну элден биринчи
атасы байкады. Ал аябай коздуу киши
болчу. Барып аялына ымдады:
-Уулун ойго батып журот. Жакшылыкка
болсун, озу быйылдан калбай уйлоп
коюшубуз керек болуп жатат?
-Ооба буйруса, чон уулун келсе, кенешип
коробуз да!
Кайсы ата' эне баласына жамандык
кааласын, алар деле оз алдынча
жакшылыкты божомолдоп коюшту.
Тойго барып келгенден бери Эне коп
ойлончу болду. Келинин коз алдында
соолуп баратканын коруп, энелик журогу
аны жамандыкка кыйбай турду.
Бугун жумуштан атайын эрте чыгып келди.
Озу да мурдагыдай болбой, санаадан коп ооручу болгон. Жумушту болсо, ишеничтуу
адам жогунан, азырынча озу башкарып
турууга аргасыз, таштап да кое албайт.
Алдынан мунайып, баласын которуп
чыккан келинин коруп, канырыгы тутоп
кетти:
-Олдо ажал ай! Тируулой ушунуму азапка салганча, мени жутсан болбойт беле?
Нуржигитти бетинен ооп, колуна алды:
-Бир жерин ооруп турабы балам?
-Жок апа, ооруган жокмун!
-Журчу мындай, суйлошуп алалы?
Келини унчукпай келип жанына отурду. Нуржигит томпондоп, адатынча бир
нерселерди чачып кирди. Эне созун
алыстан баштады:
-Мен атан менен аз жашадым, бирок
ошол откоргон кундорум, мен учун омурумо
тете жылдар болду! Саматтын атасы каза болгондон кийин, "омур бою балам учун жашайм"деп чечим чыгарганмын.
Мен ал кезде жаш экенмин, баё убагым экен. "Баланы бизден боло корбо, тукумубуз
кароосуз калбасын! "деп безилдеген кайын журтумдун созун аттап кете албадым.
Алар антип жан куйгузуп, балам экообузду карап жатышса да, билесинби балам ар бир адамдын озуно жараша туйшугу болот турбайбы?
Козумду карап отурушса да, мен
жалгызсырай берет элем! Убакыт отту,
Самат чонойду, "эми кайда баралмак эле"дештиби, кыскасы, мен учун эмес,
Самат бар учун эле кайрыла турган болушту. Мен аларды жамандайын дегеним жок,
туура, тууган' уруктун арасында жашаган жакшы болчу.
Баары бир мен жалгыз элем балам!
Канчалаган узун тундорум, жолдошумдун муздак ордун кучактап, буттарым ушуп,
денем ысыбай, жаздыктарды жашым
менен жууп, отуп кетти!
Азыр окуном! Эмнеге ошондо эле, бироо' жарымдын колун кармап кетпедим экен, деп.
Болбосо озумдун ата'энеме айттырып,
жуучу жибергендер толтура эле. Мен
турмушка чыксам эле балама бирдеме болчудай, корко берчумун.
Мумкун ошондо апамдын айтканын укканда башкача жашоо болот беле, ким билсин?
Ажалга айла жок тура, мынтип мени азапка салып, балам да эрте кете берди, ооогхх,
кайсы бирин айтайын эми?
Муну менен эмне демекчимин кызым?
Сен азыр жашсын, азыр сенде мумкунчулук
бар, бекер жаштыгынды откорбой,
тенинди тап! Олгондун артынан оло
албагандан кийин, озунду таштап койбой, жакшылап жашоонун аракетин кыл! Жаштыгында коп балалуу болуп алсан,
кийин мага окшоп оксуп калбайсын!
Маржана апасынын созун угуп, тунжурап отурду:
-Азыр сен эмне ойлоп жатканынды билип
эле турам балам! Нуржигиттен кам санаба, сенден артык карасам карайм, кем
карабайм!
-Апа!
Маржан Энени кучактады. Келининин чачтарынан сылады апасы:
-Апан айлансын сенден! Тагдырын да меникиндей болуп калганын карасан, эми
аны озгортуу озундун колунда, Саматтын
ишин да кошо жургуз, озундун ишинди да
алып кет, талыкпай иштесен, мээнетиндин акыбети кайтат балам!
Азыр сенин абалындан чыгуунун жалгыз
жолу ушул! Ишинди окугандан башта, унаа башкарганды уйрон, адамдардын тилин
таба бил, мен эсен турсам, жанында жолок болом!
-Энемдер эмне дээр экен?(Саматтын чон
энеси)
-Энендерге озум айтам, сен аларды ойлобо!
Ошентип келининин тагдырын чечип койду
Эне! Балким озу коргон азаптарды ага
ыраа корбогондур?
Жерге кирсин бул жалгыздык, эч ким жапа чекпесин бул "жалгыздык" деген балекеттен!
Туугандар бир сыйра ызылдашты. Баары
бир эски адамдар эмеспи:
-Болду эне, келиним азыр жаш, иштей
берсин, баланы озум багам!
-Ботом, эмне жетишпейт, жегени алдында, жебегени артында болсо, бардык нерсе
даяр болсо?
-Эне, тугоюн жоготкон кандай болоорун
мына мен билем! Кыйналып акча тапсын
деген жерим жок, алаксысын, адамдарга аралашсын деп жатам!
-"Коздуу мончок жерде калбайт" эртен
бироонун колун кармап кетет, ортодо
балага кыйын!
-Кармаса кармап кетсин, балага мен тируу турсам кыйын болбойт, коп эле аралаша бербениздер, ар ким озунун жашоосун озу чечкенге акысы бар!
Ушуну менен соз токтоду!
Маржан айдоочулук куболук алуу учун
окууга кирди. Кайненесин ээрчип журуп,
ишти уйронду. Озу уйдон чыкпай отура
берип, сыгыла тушкон экен, иштеген
конулуно жагып турду. Ишин болсо колуна
кол кап кийип, жемиштерди отогондон баштады. Таза, тыкан иштегенин коргон ишчилер, келинге аябай ыраазы болушту.
Кайненеси ичинен алкайт: "Дээринде бар экенин билгем мунун, коз тийбесин балама!"
Кундо жумуштан чарчап барып, ыйлаганга убакыты болбой уктап калат. Эртен менен
эрте туруп, кайра жумушка жонойт.
Адам уйронбогон, адам жасай албаган, адамдын колунан келбеген эч нерсе жок
болсо керек, Маржана баарын уйронду!
Маржан Гулумду коргону барам дегени
менен, барууга колу бошобой жатты.
Жумуштун жакшы жери ушу, кунунду
туркун адамдардын курчоосунда
откоросун, баарлашасын!
Маржана денесине батпаган энергиясынын баарын, жумуштан чыгарды. Бирок бир
оору бар. Ал оору канткен учурда да
оорута берет.
Убакыт баарын дарылайт десе ишенбегиле, убакыт, журогуно жакын инсандарды мезгилдин отушу менен олтурот, бирок
дарылай албайт! Жон гана ал ооруга
конуп каласын адам.
Маржана да ушул сынары. Кокурогун
кыскан бул ооруга конушуп калды.
Болгону, андан бетер кыспасын дегенсип
катуу дем албайт.
Бул дегени, ал ооруну эстебегенге аракеттенет!
Бугун эстегендей эле, эртен менен эрте
Гулум чалыптыр:
-Барсынбы деги?
Маржан кулду:
-Кандайсын курбум?
-Козго сурткон дары болуп кеттинго
биротоло?
-Уруша бербечи?
-Урушам да жоголсон, тынчсынбы, жигит чоноюп жатабы?
-Биз жакшыбыз курбум!
-Каяктасын?
-Жумушка жоноп жатам!
-Айткан жумуштарын эмне болду?
-Сынактын жыйынтыгы чыккан экен
мурда эле, акыркылардан болуп илешип калыптырмын. Мени абалымды коруп,
апам унчукпай жургон экен.
Гулум кубанып кетти:
-Мен сага эмне дедим эле Марусьям?
Сен деген мыктысын, сенин колундан
келет курбум!
-Рахмат комогуно!
-Эмне кылмакчысын?
-Саматтын жумушун апам экоолоп эптеп жатабыз, озумо болсо, жаны тигуучу станокторго буюртма берип койдук!
-Деги чындап аракет кылып жатканын
ырас болсун, кийин, анан деп эле журо
берчу элен?
-Эми таянаар адамым сенсин курбум!
-Ой албетте, сен учун колумдан келгенин жасайм Марусьям!
-Станоктор да ото кымбат турат экен,
эми ал акчаны актайбы жокпу билбейм!
-Билбейм эмес билесин, аракет кылсан
жолу кантип табылбасын?
-Аракет кылып жатам Гулум. Баягы
Бектур байке да жардам берем деген.
-Мына муну жанылык десе болот! Сынак боюнча эмне дейсин?
-Ал боюнча да барып, жолугуп келдим дос,
коп адамдар менен суйлоштум. Буйруса,
чет жака чыгып иштегенге да
мумкунчулуктор болот окшойт!
-Иийий, мына мен ошондо айтканда эле
аракет кылганында, эмдигиче коп
ийгиликтерге жетишмексин! Ой бай
болгур, эптеп келип кетчи уйго?
-Сен кайдасын учурда?
-Бир жума болуп калды, айылга келгенбиз, кемпир 'чал менен карап.
-Айылга барайынбы?
-Келчи курбум, сагындым сени!
Маржан да курбусун коптон бери коро
элек болчу. Ар дайым кийинкиге жылдырып журуп, бир топ убакыт отуп кеткен эле.
Конулун кыя албады:
-Макул!
-Кутом!
Келининин жашоого кадыресе аракет
кылганын коруп, Эне озунчо кудундайт.
Мындан ары да ушул кетиште кетсе,
жаман болбойт. Келини Гулумдукуно
барып келмекчи болгонун айтып, жооп
сурады эле, андан бетер кубанды:
-Ой барбаганда эмне балам, барып кел!
Ал да эми бир уйбулонун келини болду, мурдагыдай каалаганда келип' кете албай журот да. Созсуз барып кел, баланы
озум карап турам!
Кол кылаасына келип, Маржан эки жакты таныркап карайт. Берген дарек боюнча, Гулумдун уйун издеп жоноду. Жолдон
токтоп, курбусуна деп белек' бечкегин алды.
Баарыбир мурда корбогон жерлери болчу. Шашпай унаасын айдап баратты. Кызыл чыракты коргондо, акырындап барып
токтоду. Жол кенен, унаалар да коп эмес, айлана тынчтыктан мемирейт!
Маржана кызыл чырактан журогу зырылдайт. Биринчи рульга отурган кундорундо,
ушуну деп канча ката кетирген. Убагында токтото албай, канча жолу, агайынан тил
да уккан. Бара'бара конушуп, эми мынтип уйронуп калган убагы. Ойлуу жолду тиктейт.
Капыстан артынан "карс" деген ун чыгып,
озу рульду бети менен сузуп калды. Башы айлана тушту! Эмне болуп кеткенин
тушунбой, артын караса, унаасынын
артынан тутун чыгып жатат.
Коркуп кетти. Озуно озу дем берип:
"-Сабыр, сабыр! Маржана озунду карма!"
деп, акырын унаадан тушту.
Артынан келген унаа жакшы эле сузуптур! Коз айнегин колуна ала, эмне кылаарын билбей туруп калды. Тиги айдоочу да шашыла
тушуп, жанына келди:
-Кечириниз айым, мен билбей, сизге эч
нерсе болгон жокп... ал созунун акырына чыккан жок. Маржананы тиктеген бойдон катып калды. "Ошол коздор!" деди.
Бул Алик болчу!
-Сиз?
Маржана да бушуркой карады, бирок
эстей албады:
-Ооба мен, мен жабыркаган жокмун,
а сиз ким?
-Мен сизди Кубандын тоюнда коргом!
Кубан Гулумдун жолдошу болчу.
-Кызык, аа эстедим, сиз баламы
колунузга алып, ии ооба!
-Сиз кайдан бул жакта адашып?
-Гулумдун уйуно бараткам, мынтип
кокустук да болуп кетти.
-Ал курбунуз да э?
-Ооба!
-Мен аябай шашып бараттым эле, озу
коптон бери чарчап жургонумобу, эмне
болуп кеткенин тушунбой калдым!
Кечириниз?
-Мейли, негизгиси экообузго эч нерсе
болгон жок го?
Аялдар дароо эмоцияга алдырып жиберет эмеспизби, азыр Маржана ызы' чуу салып,
катуу айтат бекен деп, кооптонуп турган Аликтин, журогу бастай тушту:
-Четкерээк чыгаралы анда, унаалар да
уйулуп калды, менимче откон' кеткендерге жолтоо болуп жатабыз? Экообуз аябай маектешип алдык го?
Чекеге чыгышты. Адамдар топтоло
калышты бат эле. Бирок олуттуу эч нерсе болбогонуна байланыштуу, кайра тарай башташты.
Маржана унаасын караса, арты майрыйып, ичине кире тушкон экен.
Аликтин унаасынын мандайы капшырылган:
-Эми эмне кылабыз?
Алик жооп берди:
-Эч нерсе, мен азыр досума чалам,
сизди алып кетет!
-А сизчи?
-Мен унаанызды устаканага алып барам! Канткен кундо да, куноокор менмин!
-Мен озумду жаны айдоочу деп ойлосом, менден деле "жанылар" бар тура?
Жигит каткырды:
-Кокуй анте корбонуз, мен "дасыккан"
эле айдоочумун, бул эми бир кокустук
болуп кетти да?
Маржана да кошо жылмайды:
-Темир табылат го, куноокормун дебей
эле коюнуз, борборго барсам озум деле
тузотуп алам. Менимче кобуроок жабыркаган сиздин унааныз окшойт?
-Темир табылат го?
Экоо тен кулуп жиберишти. Алик досуна
чалды окшойт, коп отпой жандарына
унаа келип токтоду. Ал Алик менен
учурашып, кызга карады:
-Саламатсызбы?
Маржан башын ийкеди. Жукторун ага
салышып, Алик кызга карады:
-Курбунузга салам айта барыныз, кечинде
озум да барып, кечирим сурайм, сизди кечиктиргеним учун!
-Макул рахмат!
Курбусу кечиккенинен Гулум, улам чалат:
-Эмне болдун айланайын?
-Баратам курбум!
Алик Маржанды узата карап кала берди.
"Демек, биз жон жерден жолуккан жокпуз?"
Эми жоготуп койгонго акым жок менин!
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7