7-БӨЛҮМҮ..
Айка окуусун ийгиликтуу аяктап,кесиби боюнча иштеп жатыптыр, турмушка чыгып, эки баланын энеси да болуптур.
Мен курбум учун чын дилимден кубандым.
Дарегимди Эдил бериптир, атайын мени коргону келгенинин себеби, ошондон улам экен.
-Уланды ошол бойдон корбодунбу?
-Жок курбум.
-Балким сен..
-Кереги жок , мага эч нерсени айтпа, мен ансыз да ал учун ...
-Жанка, сен эмне ушул бойдон эле отуп кетем деп ойлоп жатасынбы, ал камактан алда качан чыккан, жумуштарын кайра ордуна койгон, бирок анын тишин корсотуп кулгонун бир да жолу корбодум, ар дайым сени эстейт, куса болуп журот.
-Айганыш сен эмне?
-Мен Тилекке турмушка чыккам.
-Ии, олуп эле калбайсынбы?
Кайгырып жаткан курбум кулуп жиберди:
-Сага ошондон башка адам куруп кетиптирби дейсинби?
-Жоок, андай демекчи эмесмин, бактылуу болсон болду мен учун. Мындан чыкты жондон'жон мени издеп келбедин?
-Жолуксан болмок?
-Эхх! Ушул кунго чейин аны ойлобогон бир да кунум болбоду, ар туну жатканда " бугун мен сени акыркы жолу сагынам" деп жатам. Эртен менен турганда сагынычым кечээгиден да ашып калган болот, амандыгын тилейм.
Бирок мен эми аны менен жолуга албайм, козуно карагандан уялам курбум, ошондуктан мени жайыма кой!
Курбум мени жайыма койбоду, мага каттаганы мурдагыдан да кобойду.
Аа аа, уууу,уу!
Унумдун барынча кыйкырып ыйлап жаттым.
Айганыш унчукпай тиктеп турат.
-Эмнеге ал, эмне учун аааа?
-Эми ал олуп калсачы, менин колумдан олуп,олумуно мен себепчи болуп каламынбы?
-Жаннат, ал деген бул оору менен коптон бери алышып журот, сенин куноон жок.
-Мен келе элегимде алар бактылуу жашашкан имиш. Ууу!
-Озунду куноолой бергенден пайда чыкмак беле?
Женилдеген турум жок, жумушка барышым керек болуп калгандыктан Айганыштын чырылдаганына карабай, кетип калдым.
Чон, картон иштеп чыгуусу заводдо ошол картондорду упаковка (кыргызча аталышын таппай койдум) кылып иштечумун.
Колум жумушта болгону менен оюм башка жакта, жанымдагылардын суйлогонуно да конул бурбаптырмын.
Кутулбогон сокууларга акыркы убактарда туруштук бере албай калдым корунот.
Бригадир бир нерсеге жумшады эле "ии" деген бойдон жоной бердим, анын созун акырына чейин укпапмын.
Картондорду сактоочу жайдын ичинде, атайын инженерлер учун иш жайы боло турган, ар дайым ток менен иштешчу, темир'тезек, мен билбеген нерсе толтура эле.
Эшикти ачып эле кирип бардым, карасам эч ким жок, эки'жакты карабай эле тор жагына оттум, мени ошол жерден бир буюм алып келууго жумшаган болчу .
Артыма бурула берсем бироосу кыйкырды:
-Девушка осторожно, там кран работа..
Андан аркысын айта албайм, кучтуу бирдеме далыма тийип, козум чымырап баратканын бир билем, калганы эсимде жок.
****
Окуянын ушул жерине келгенде "сулуу эжем" жоголуп калды.
Эртен менен жумуш коп болгондуктан анын кайра'кайра чалганын корбой калыптырмын. 18 жолу чакыруу келиптир.
Короорум менен кайра чалууга мумкундук болбоду, жумуштан текшеруу келип, андан чыгып кечки жумушума барып, уйго барганда болсо байланыша албай, чарчаганымдан уйкуга кеттим.
Номуру очурулуу дейт, улам'улам чалып, каттарды узундан'узун кылып жаздым, жооп жок.
Колумдан баалуу буюмумду бироо тартып алгандай томсордум, ушунча мээнетим талаага кетеби?
Абага синип кеткендей, дайынсыз кетти, кеткенде да.
Соц тармактардан да тымызын издеп коруп таппадым.
Аябай озумо капа болдум, жумушун менен кара жерге кир, ошондо кара басып корбой калганымды корбойсунбу
Бир топко чейин капа болуп журдум, ошол жылы жайында айылга келдим.
Балдарымы коруп кубанып калдым.
Кайра кетээрибизди ойлосом ыйлагым келет.
Базарлык кылайын деп, шаарга тушком ошол куну. Ошко кетуучу автовокзалдын жанынан, капыстан баягы эжемди коруп калсам болобу?
Жолдон алтын таап алгандай суйундум, шашыла кыйкырдым:
-Жаннат эже?
Мени коргон анын кубанганын сураба.
Мурдагыдай суз тартпай, бакыттан коздору жайнайт. Беттерине сепкил тушуп, 8 айлык боюнда да бар экен.
Жетине албай, кучактап бетинен ооп алдым:
-Кайда жоголдунуз деги, мен эмне ойлоорумду да билбей калдым го?
-Ай шашпачы, озун да албай койбодунбу?
-Иий, мейли эми отуп кетти азыр кандайсыз, сизде баары жакшыбы?
-Кудайга шугур, азыр менде баары оз жайында.
Сурашып отуруп, убакыттын отконун байкабай калыптырбыз.
-Кел мындай кылалы, сен менин уйумо конокко кел, ошондо кенен суйлошобуз, токтогон жеримден айтып берем?
-Мен кантип, сиздин уйунузгобу?
-Ооба , эгер кааласан, жолдошун, балдарынды алып кел, мейман болуп кетесинер.
Эжем номурун, уйунун дарегин берди:
-Бараарда созсуз байланыш!
Ошончо алыс жака кантип барам, жолдошум "ал ким" десе эмне деп жооп берем?
Бирок , негизгиси баштаган ишимди аягына чыгарышым керек да?
"Аялдан амал качып кутулбайт" деп коюшат го, жолдошумду кунуно 15 жарым жолу айланып жатып,аны эжемдикине конокко барууга кондурдум.
Бараар кунубуз озумчо эле кудундайм, буйруса баарын оз козум менен корот экенмин.
Жол мен ойлогондон да алыс экен. Туш оой жетип келдик. Бизди алып барган айдоочу:
-Эми мындан ары ат менен барасынар! десе болобу?
-Ыя?
Менден мурун жолдошумдун жаны чыкты:
-Каяктагы "эжендин" уйуно алып келгенсин мени билбейм, жердин тубундо жашайт тура анын?
Эжеме чалсам кулот, анан коп отпой бир жол тандабас унаа келип бизди алып кетти.
Тоолордун арасында келиштире салынган эки кабат уй экен.
Эшиктин алды толо гул, бакчасында жер жемиш, суу деген кенен ,озунчо эле бейиштин тору!
"Шаарда шарт жакшы" деген мен,анан мага окшогон дагы бироолордун оозун жаба турган ишти жасаптыр. Тоонун тубуно, шаардагыдан да жакшы шартты тузуп коюптур, бир бурагычын бурасан ысык суу, бирин бурасан муздак суу!
Таза аба, айлананын тынчтыгын айт!
Эжем бизди аябай сыйлады, жолдошу да сылык, ийкемдуу, созго чебер абдан жакшы адам экен. Дулдуйган менин куйоомду да бат эле созго тартты.
-Силер эжен экоон суйлошуп отургула, деп " жездем" тиги менин жолдошумду ээрчитип бир жака кетишти.
Суйлошууго сонун убакыт табылды деп мен отурам.
Эшиктин алдындагы гулдордун арасында баарынан озгочолонуп турган, ошол мен жазып жатканда элестеткен жапайы карагаттарды оз козум менен кордум.
-Бул ошол сиз айткан карагаттарбы?
-Ооба, кооз бекен?
-Демек сиз....
Эжем жылмайып койду.
Ангыча торку уйунон тестиер кыз чыкты:
-Апа, менин чачыма байлаган кооз бантигим кайда?
-Азыр кызым?
Эжем мага козун кысып коюп туруп кетти.
Эжем учун мен да чын журогумон кубанганымдан коздорумо жаш айланды.
Эми калганын да улантып айтып берсе болду.
-Ошол убакта бирге иштеген кыз турмушка чыгып, тоюна мени да чакырды, барбайм деп айта албадым.
Ар кимдин "коз кысып, тошокко чакырганынан" тажап, жанагы Эдилдин кесиптешин , мени менен бирге баруусун сурандым, анан ошол жерде сени менен жолугуп калбадыкпы?
-Мм даа?
-Азыр бактылуусузбу деп сурабай эле коеюн?
"-Ооба, суроолорунду анан бересин, болбосо айтып жетишпей калбайын ,"деген эжем созун баштады .
Айганыштын акыркы келгенинде, аргасыз аны ээрчип жонодум.
"Каяка алып баратасын" деп да сурабадым.
Шаардагы белгилуу ооруканалардын бирине алып келди, бул жерди мурда алыстан эле айланып эле отпосом, омуру ичине кирип коргон эмесмин.
-Уланга бирдеме болдубу, айтчы, анын абалы оорбу?
Курбум башын чайкады :
-Сени деги тушунуп болбойт, журо берчи артымдан.
Оорукананын, биздин ооруканалардан айырмасы асман менен жердей экен, тазалыгына соз жок.
Палатага алып кирип ,курбум озу чыгып кетти.
Толгон суроолорду бере албай мен калдым.
Терезени тиктеген бир аял турат, андан башка эч ким корунбойт.
Ортодо саамга жымжырттык боло тушту.
-Келдинби?
Аял тетири караган бойдон суйлоду.
-Сиз кимсиз?
Ал акырын бурулуп, коздорумо карады.
Чачтары дээрлик жок, баары тушуп калыптыр, ону купкуу,эрди узак оорудан жабыр тартканын айгинелеп, кеберсип турат.
Арыктыгынан, моюн сооктору да оркоюп чыгып , тири укмуштуудай корунот.
Коздорум алдабайт ээ, мен чындап эле аны коруп турамбы?
Коз алдымда баягы мен жакшы коргон жароокер кошунам турган эле;
-Ззаарри,Зарина сенби?
Ал мени мурда коргондой эле, кайдыгер каректерин ирмеп койду:
-Ооба мен!
-Кантип сен, мени кайдан таап..
Создорум башаламан, эмне дээримди билбей энгиредим:
Ал колун жансап койду:
-Отур, оорум жугуштуу эмес коркпо!
Менин жашоом толгон эле кутулбогон окуяларга бай болуп кетти.
Арадан ушунча убакыт отуп, болгондо да ушундай жагдайда, мени аны менен корушуп калам деп тук ойлогон эмесмин.
-Кутпосон керек ээ?
-Оо.. ооба.
-Мен да кутпогом.
-Эмнени?
-Менин эсимде жакшы эскеруу катары сакталып калган сырдашым экообуз, албарстыдай болуп бир эркекти суйуп калабыз деп?
-Эмнееее?
-Бул тагдыр деп аталат, мен алдакачан баарына кол шилтеп койгомун, танкалуудан журок жарылбайт досум.
-Сен эмне деп жатасын?
-Ошол бактысыз, ошол Уланды уйдо зарыга куткон аял менмин Жаннат?
Оо Жараткан!
Ушундан эр талашканча жер жарылбады, мен кирип кетпедим, бул эмне деген шумшук эле.
Коз астымда жер кулап баратты.
Озу айткандай ал бааына конуп бутуптур:
-Сен Уланды жаман корбо,ал дуйнодо бироо гана, жана да анын кундон кунго жок болуп баратканына мен карап тура албадым, ошого сени чакырдым:
-Эринди мени менен болушуу учунбу?
-Тескерисинче биротоло беруу учун, сенден аны жакшы эле талаштым, бирок колумдан келбеди, анын устуно убактым да ченелуу калды бул жарык дуйнодо.
-Баягы мен билген жароокерлигин жоголуптур.
-Сен да периште эмессин!
-Билем.
-Уландан ыраазымын! Суйбосо да сыйлады, эч нерседен кем кылбады, менин куулугумдун эле курмандыгы болуп калды ал.
-Эгер болбогур тантырак создорун менен, менин башымды айландууруну кааласан адашасын, озун сезгендей мен да мурунку Жаннат эмесмин!
-Даа, бетке чабар адатын дагыле калбаптыр, менимче аны коруно да кошо ала кетесин го дейм.
Унундо кандайдыр бир кекээрлик, ыза бар болчу досумдун.
-Ошондой..
-Акырына чейин угуп койчу, мен коп суйлосом чарчап калам.
Башымдан ылдый муздак суу куюп жибергендей, ичиркенип туруп калдым:
-Силерден алыска кочуп кеткенден кийин эле шаарга окууга кирдим.
Уйбулолук чыр'чатактардын таасири мага да тийдиби, мен акылсыз болуп кеттим.Жигиттен жигит тандап отуруп, бир куну бироосуно алданып калдым. Дуйно мага кызыксыз болуп жургондо Уланга жолуктум, ал аркылуу жашоонун таттуулугун билдим.
Мени суйбостугун билсем да тизесин кучактап, жалдырап ыйладым, абийиримди жаап беруусун отундум.
Анын апасы да жаалап туруп алды,анан мага уйлонууго аргасыз болду, мен кыскача эле айтып берейин, кененирээк, мен олгондон кийин билип аласын Жаннат.
Мен аны бала менен байлайм дедим, ал жаш баланы жакшы корот да, аны билсен керек?
Сага жолукканча жашообуз жакшы эле болчу, капыстан сен пайда болдун, баарын булундурдун, сен анкоо мени жакшы коруп сырларынды айтчусун мурда, а мен сени коро алчу эмесмин. Сен канчалык кок бет, озумчул болсон, ошончолук ишенчээк элен, аны озун билчу эмессин.
Озу бироону суйсом, ал адамды да тартып алсан, мен кантип сени жакшы короюн айтчы, кантип?
Зейнеп заматта ону озгоруло,тенселип керебетине отура калды.
Кантип учуп жеткеними билбейм, колдорун кармап, чекесине алаканымды койдум:
-Дарыгерди чакырайын, кыйналсан айтпай эле койчу эч нерсени?
Ал муздак колдору менен колдорумду кысты:
-Сенден бир гана суранычым, кыздарымды огойлобо, суранам, мен коргон кунду алар корбосун?
-Эмне деп эле жатасын, токточу болду?
-Жаннат, мага соз бер, сага берген аманатыма кыянат кылбайм деп соз бер!
Уну кыйылдап чыкпай калды, ошол абалында бир баскычты басууга улгурду.
Заматта палатага дарыгерлер толуп кетти, озумду жоготкон мени , эшиктен кире калган Айганыш жетелей калып, копчулуктун арасынан сууруп кетти.
Озумо келдим.
Алгач озумду тиги дуйного тозокко тушкондой сездим, анткени бут денем жанчылып ооруйт.
Тилим оозума батпайт.
Козумду акырын ачтым.
Мени тиктеп,коздору сагынычка толгон Улан турду. Журогум кабынан чыкчудай дукулдоп согуп жатты, мына мен энсеген жуз, мен куткон жылуу сезим:
-Озунду кандай сезип жатасын периштем?
Анын жылуу алаканы колума тийгенин сезгенде аргасыз козумдон жаштар чуурду:
-Менден дагы деле конулун калбадыбы?
-Кок бетим, озумдун кокмок карагатым, карачы жаздын келип калганын?
-Жазда эмне болот?
-Жапайы карагаттардын гулдогонун корсотом деп убада бербедим беле?
-Ии?
-Алар гулдобой сени кутуп турушат, батыраак бутуна турчу жаным, мен сени карагаттарды коргону алып барам!
-Улан,. сени сагындым!
Жакын келип мандайымдан ооп койду, тааныш жыпар жыт мурдума "бурр" дей тушту:
-Мен сени ар дайым сагынгам !
Ошол куну, кран куч менен келип мени кыйгачыман сыдырып отуптур, эгерде мандайыман сузгондо мээм чачырап эле кетмек экен.Кудай бир чон сактаптыр.
Он далым акыректен сынып кетиптир, заматта ызы'чуу тушуп, "Тез жардам" чакырышып, мени ооруканага жеткиришиптир.
Желке тарабым да жарылып, ошол жерден чачымды кесип ташташыптыр дарыгерлер.
Он кун дегенде озумо келиптирмин, ата'энеме кабар беришип, айылдан Замир (эн улуу иним) жетип келиптир.
Мени коруп ыйлап да, урушуп да журот:
-Чоон эле аял болуп калсан да акылына кирбептирсин, ылайым башын жарылып, "коктугун" ошол жерден сыртка чыгып кеткен болсун!
Инимдин кебине аргасыздан жылмайдым.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7