6-БӨЛҮМҮ
Дары'дармегине, жатканына деп акча суудай эле акты. Мейли кетсе кетсин, атам бутуна туруп кетсе болду!
Жазып берген куйма дарылары аябай коп, бир жолу дарыканага барып, тугол жеткире албай уч кундугун аран алдык. Кучтуу дарылар болгондуктан аябай кымбат турат экен.
Бизди эч нерседен кем кылбай, оксутпой баккан тура атам.
Карачы, заматта орду билингенин?
Акыркы жолу жазып бергенде мен чыктым.
Дары жазылган кагазды берип, эми канча дээр экен деп сатуучунун оозун карайм:
-Мына бардык жазган дарылары тугол бул жерде, акчасы толонгон.
-Кандайча толонгон?
-Сиздин алдынызда бир мырза келип толоп кетти
-Менин ким экенимди билет бекен?
-Анысын билбейм, дарылар сиздики!
Дарыны алып, жугуруп эле сыртка чыктым, эч кимдин карааны корунбойт.
Оюма биринчи келгени эле Улан болду, эгер ал болбосо анда ким болушу мумкун?
Козум илинип кеткен экен, медайымдын:
-Турунуз, атаныз сизди сурап жатат, деген унунон ойгонуп кеттим.
Уйкум умачтай ачылды.
Атам алсыз жылмаят. Караганынан жалтантып, ойдо карагандан коркутуп турчу атамдын ордуна башка эле адамды алып келип койгондой:
-Атоов, мен Жаннатмын?
-Кызым? Кызым эгер мага бир нерсе болчу болсо..
-Ата мени коркутпанызчы, мен ансыз да алдынызда куноолумун, эгер сизге бир нерсе болсо мен озумду кечирбейм!
-Кызым жок дегенде бир жолу угуп койчу мени?
Жашымды ичиме жутуп, атамдын колдорун бекем кармап, жакын бардым:
-Макул ата, кулагым сизде!
-Жаннат деп атынды озум койгом кызым, себеби сен менин жаннатымсын, бейишимсин!
Жашоомду нурга бологон, жалгыз кызымсын.
Сен торолгондо мен кубанган эмесмин, бирок сени менен откоргон ар бир кунум бакыт болду.
Биринчи "ата" деп тилин чыкты, анда менин кубанганымдан журогум жарылайын дечу.
Жаннат, бардык создордон кийин мени кечире алсан, анда бактылуу олум менен жаным жай тапмак?
Мен коркуп кеттим:
-Ата!?
*****
Сен мен учун тагдырдын кутулбогон белеги болдун, турмуштун ар турдуу кырдаалы бар экенин,эркек киши жоопкерчиликтуу болуш керек экендигин , сен аркылуу тушундум кызым.
Сенин бактылуу болушунду каалагам, бирок билем азыр андай эмес, сен болгону ишен, жакшы кундорун алдыда.
Студенттик кундорумдо апан менен таанышкам, ал аябай бойлуу кыз болчу, бутуна бийик така кийсе менден узун болуп калаар эле. Ал бизге тоскоол деле эмес, биз бири'бирибизди жакшы корчубуз.
Кирген суудай болуп, эч нерсени ойлобогон жаш экенбиз ал убакта. Жаштыгыбызга алдырдыкпы , же суйууну кумар деп тушундукпу, айтор сезимдерибизди башкара албай калдык. Экообуз тен даяр эмес болчук, ал да студент, мен да.
Бир куну окуу жайдан шашып чыгып келе жатсам апан маанайы которунку алдымдан чыкты:
-Журу сага жанылыгым бар.
Колтукташып басып бараттык:
-Билесинби, менин боюмда бар экен.
Тык токтодум, кандайча, кантип, эмнеге?
Мен учун оон учурады бул жанылык. " Анда неге озунду башкара албадын?" деген адам жок мага.
Чон атаны билесин го кызым аябай каардуу, баласынын мындай кылыгын укса кочого кууп чыкмак, "эл'журт эмне дейт?" деген ой мээмди аралап отту:
-Эмне?
-Сен кубанган жоксунбу?
-Мен куткон эмесмин, азыр окуп жаткан болсок, анан дагы..
Апандын кулундогон коздору заматта озгоруло мени жек коро карады:
-Акмак, мен сени эркек экен десе?
-Токто сен тушунбой калдын?
Ошол мезгилде деле мындай учурлар коп эле кездешчу, бирок азыркыдан коро уят кучтуурок болчу жаштарда, эн уятсызы мен болдум.
Артынан жете келип, абалды тушундурдум, азыр баланы алдырып туруусун отундум, мен апандын келечегин ойлогон жокмун, болгону азыркы абалдан чыгуунун гана жолун коздодум.
Ал конгон жок, ошол бойдон мага караанын да корсотподу.
Мен акмак кутулганыма суйундум,бир кыздын келечегине балта чаап койгонумду билген жокмун ал кезде.
Билесинби , сендеги озумчулдук, кежирлик ошол апандан откон, ал да аябагандай кок эле.
Эгер ошол ожорлугу болбогондо сен жарыкка келбейт элен кызым, бул учун мен апана
ыраазымын!
Сен жаман кыялым бар деп озунду озун жемелебе, бул турмушунда коп жардамын тийгизди, чыдамдуу болдун, сенин ордунда башка бироо болгондо, озун алда качан жоготуп коймок.
Бирок мен Барчынга (азыркы апам) уйлондум. Ал менен бир айылда чонойгонбуз, бир окуу жайда окудук. Мени коргондо бой салып, мени жактыраарын башында эле билчумун.
Эмне учун дейсинби?
Андан кийин апанды таап, кечирим сурадым, кежир апан кечирбеди. Ичи чоноюп, ай'куну жакындап калган эле.
Мени жанына да жолотпой койду. Артынан тушуп журуп , тороор куну торот уйуно бардым.
Жан'алакетке тушуп кыйналып жаткан апанды коруп, мен да кадимкидей кыйналдым, чекемен тер кетип, айламды таппайм, корсо ошондо эле сен экообуздун бир жан экенибизди сезиптирмин.
Оорудан эрдин тиштеген апан ошондо да коктугуно салды:
-Сенин бул балада акын жок тушундунбу, тируу турсам эле мунун колун да карматпайм сага!
Сен торолдун!
Сен биздин ортодогу бардык кайгыны жууп кетирдин. Сага карап, мен аталык бакыттын даамы кандай болоорун сездим.
Менин мээримим тушуп калды сага, куну туну жанындан чыкпай карадым, апан сени эмизгенге аран жарачу, калган туйшук менин мойнумда эле.
Мени коруп, апан кандай ойдо болду билбейм, ошол куну ооруканага келсем, апан жок экен. Журогум шуу дей тушту, жугуруп кирип эле сени издедим.
Керебетинде уктап жатыпсын. "Ухх" дедим.
Сени аяр колума ала бергенимде, сени орогон шейшебинден кат урунду колума:
-Сен дуйнодогу эн мыкты атасын, кызын менен бактылуу бол!
Мени издебе!
Ошондогу менин абалымды суроттоп беруу мумкун эмес, дуйнодо, сен экообуз гана калгандай элек.
Кыска ойлуу апан, аны чындап эле жакшы короорумду билбептир.
Мендеги бардык жакшы сапаттардын себепчиси сенсин кызым!
Мен Барчынды акылдуулугу учун тандагамын, адашпаган экенмин, ал эн мыкты жубай болуп берди мага, сени болсо озу кызындай карады.
"Шерменде, боозуп алып, анысы аз келгенсип, тороп анан келиптир" деп, элдин баары бетин чойду. Чон энендин кагып'силккенине, тууган'уруктун ызаланткан создоруно, озунун ата'энесинин каргышына да чыдады.
Мен андан бул дуйнодо да, тиги дуйнодо да карыздармын.
Атамдын создорун угуп нес болуп калдым.
Деги ушу кантип болсун?
Мен деген бир арам наристе экенмин да, эч ким суйбогон, калп эле менин козумчо баары, жок жок, мындай болушу мумкун эмес.
Кинолордо коруп калчумун ушундай кырдаалдарды, ыйлап жаткан каарманды коруп озумчо жиним келчу, "э ошону да ойлонуп, ошого да ыйлайбы, оюндагыны айтып сал нары?" деп.
Корсо кино деле адамдын турмушунан алынат тура?
-Мунун баарын эмнеге айтып жатасыз ата?
-Корумо да жук кылып которуп кеткенден корктум.
-Демек мен, корсо.. коп балапандардын ичинен, инкубатордон чыккан жожого окшоп, айрмаланып турганымдын себеби да ушул экен да?
-Жаннат?
-Ал тируубу азыр?
-Жакында каза болду.
Мээримдуу, чыдамкай энемдин кызы эмес экенимди билбей эле койсом эмне?
Жок. Деги эле торолбой эле калсам эмне?
Атамдын ордуна мен жатсам кана азыр ушул керебетте?
Бар кучумду жыйнап, жылмаюуга аракет кылдым:
-Ата, сен чындап эле эн мыкты атасын, мен сени жакшы кором!
Атамдын козунон жаш молт дей тушту.
Кечирди деп ойлоду окшойт.
Ааламды жанырта бакырып алгым келди.
Бутун дуйного айгай салып," Мен эч биринерге зыян жеткиргим келген эмес,мен жон гана жашагым келген!" дегим келди.
Ар кимге кошумча жук, туйшук кылып тиги эссиз ,эмнеге тороду экен мени, же озу энелик кыла албагандан кийин?
Алдырып салса, азыр периште болуп учуп журмокмун, ушунча адамдын убалына калбайт элем го?
Менин суранычым менен бул сыр, атам экообуздун ортобузда калды,дагы бир балекет чыгып кетуусунон корктум.
Кубанганым, бул атамдын акыркы керээзи эмес болчу.
Бирок журок тупкурундо кандайдыр бир сокур сезим пайда болду, апама да мурдагыдай эркелеп, оюма келгенин айта беруудон айбыгып калдым.
Атам оорулуу болуп калды, жумушка чыга албай, коп убактысы уйдо ото турган.
Эдил жумушу жок болуп, экообуз Оруссияны коздой жол тарттык.
Мен таптакыр озгордум, канча учур келди суйлой турган, бирок "тилимди тишиме катып", суйлобой кутулуп кетууну адатка айландырдым.
Башына кайра'кайра ура берсе, бир куну келип акылындан адашып каласын го, ошол сыяктуу мен да тагдырдын кутулбогон соккуларына туруштук берем деп журуп, Уланга болгон сагынычым, коодонумду жарып чыкчудай абалга жетип калганын байкабай калыптырмын.
Мен эч кандай жумуш калбадым, уйдо эле Эдилдин таап келгенин бышырып берип отурдум.
Кундор ото берди.
Бир куну Эдилдин кесиптештери менен отурушка бардык, ошол жерде коздору ойноктогон, келишимдуу бир жигит бар экен.
Ар нерсени айтып, жанымдан чыкпайт.
Мындайга чыдабаган жаным , озу да коптон бери буулугуп журот элем, жаактан нары салып калдым:
-Эмне мен козуно шуркуя корунуп жатамбы?
Тиги бетин сыйпалап туруп калды, баарынын козу менде.
Эдил ордунан тура калып, колумдан жетелеп , сыртка алып чыгып кетти:
-Эмне болуп кетти сага?
-Корбой жатасынбы, же эмне сага баарыбир болуп калдыбы?
-Сабырын ушунча эле бар беле, акыры бир кун жарылмаксын, билип эле жургом.
Ызаланып ыйлап жибердим:
-Тигинин мага жармашып жатканын байкабадынбы сен?
Эдил унчукпай мени кучактады:
-Кечирип койчу мени, акыркы кундору сага жетишерлуу конул бура албай жатам.
Ошол окуядан кийин, жанагы шуулдак мени колокодой ээрчиди.
Кочого чыксам да пайда болот,автобуста отурсам, аркамда отурган болот.
Мага бул корунуш жакпады.
. Бир куну уйго келди, жалгыз элем:
-Сен, сен эмнеге келдин?
-Жаннат кандайсын?
Эшикти жапмак болдум эле жоолоп эле кирип келди:
-Эдил жокпу уйдо?
-Жок экенин жакшы билесин?
-А кайда?
-Жумушта.
-Чындап жумуштабы?
-Ал эмне дегенин?
Тиги мени аягандай карады:
-Сендей анкоо аялды мен мурда коргон эмесмин, билесинби ал азыр кайда журот?
-Жок билбейм, билгим да келбейт, чыгып кет эшикке!
-Жур мени менен!
-Мен эч кайда барбайм.
-Сага жолдошундун кайда жургону кызыктырбайбы?
Куру намыска алдырганым менен бир кооптонуу бар эле, бул кайдан билип журот, Эдилдин коп учурда уйго келбей жатканын?
Тобокелге салып анын артынан ээрчип жонодум.
Коргон козумо ишенген жокмун, Эдил бир аял менен , тизесинде бала отурат, ортолорунда коляска.
Эдилдин баланы коргондо коздорунун жайнап кеткендигичи? .
Экоо бейкапар ордуларынан туруп, Эдил баланы мойнуна отургузуп, басып баратышты.
Менин козум кор десем ишенбейсинер ээ?
Баласы чоноюп калганга чейин эч нерсени билбеген экенмин, же мен ал мезгилде башка нерсе менен алек белем?
Дагы эмне кылдым, кайсы куноомдун жазасы бул?
Эч кимге зыян жеткирбейин деп, сыртыман кулуп журом го, же менин жаным темирденби, оз алдымча сезимдерге алдырсам да куноо иш жасаган боломбу?
Оо кудай!
Ыйлаган жокмун, мурдумдун астында эмнелер болуп жатканын билбегеним учун , козумду май басып калганы учун озумду табаладым.
"Ырас болот, суйуу бере албадын, жакшы жар болуп бере албадын, жок эле дегенде бала торой алган жоксун, анан ал кетпегенде ким кетет?"
Тиштенип, ызамды ооздуктап турдум:
-Рахмат сага!
-Эмнеге?
-Жок дегенде бир адамдын бактысына себепчи болгонун учун!
-Жинди десем ага деле окшобойсун, бирок..
-Айтчы, эмнеге муну корсоттун мага?
-Сен мага жагасын, балким андан кетсен, мага келээр деген умут менен ушул кадамга бардым.
Ызалуу кулдум:
-Менден откон акмак экенсин анда, мен андан кетип сага барат деп ойлогонун учун.
Кош!
Адатымча козумду жаштабадым, тескерисинче чыйралдым. Уйго келип, бети'башымды жууп, кечкиге жакшы тамак жасап, Эдилди куттум.
Эч нерсени билбегендей келип, мандайыман ооп , ашканага отту ал:
-Оо, бугун майрамбы?
-Жок, жон эле.
-Акылы кирип калыптыр го аялымдын.?
Бул жолу ага ачылгым келдиби, копко чейин суйлоп отурдум.
Эдил коздорумо карагандан башкасына жарабады
Откон кундорубузду эстедик:
-Ошондо эмнеге тамырынды кестин эле?
-Сага озумду корсоткум келген. Ошол куну тиземе тепкенин эсиндеби?
Кулуп жибердим:
-Ооба.Ооруткан беле?
-Когоруп кеткен кадимкидей. Жинди болчусун э?
-Сен деле калышпайт элен.
-Жок, мен болгону сени суйот элем.
-Азырчы?
-Азыр деле суйом! Мени кечир Жаннат?
-
-
-Кайсы айыбын учун?
-Мен учун жабылуу болгон, анан да мен учун ал эшик эч качан ачылбастыгын билип туруп, жылдар бою каккылаганым учун!
Козумду буруп кеттим:
-Ушунча убакыт мени деп короткон омурун учун, кыйнаганым учун, сен да мени кечир!
-Омурум текке кетпеди, мен окунбойм откон кундор учун!
-Бактылуусунбу?
-Балким, сенчи?
-Эгер сен турмуштан оз ордунду тапсан, анда мен сен учун бактылуумун, жок дегенде бирибиз бактылуу бололу!
Биз дилибиздеги создорду айттырбай тушундук.
Эдил учун ошол "кереметтуу кун" кечигип келди, мен ага журогумдун капкагын ачканда кеч болуп калган эле.
Копко чейин бооруна кысып,мойнумдан жыттап тура берди.
Ийне'жибине чейин бири'бирибизге тушундуруп отурбадык, жеген'ичкениме, жол акыма акча таштады, жашаганыма 2 айлык акыны алдын ала толоп койду.
Унсуз коштоштук.
Жон гана уйдон чыгып кетти.
Мына менин жашоо учун курошум ушул жерден башталды.
Эдилден ажырап,айылга барууга , ачыгы бетим чыдабады.
Атам менен апама мурдагыдай жакын боло албай калдым, аракет деле жасап кордум, эмнегедир ортобузда бир жарака пайда болуп, ал уламдан'улам чоноюп баратты.
Жумушка кирууну ойлодум,бирок мурда эч жерде иштебегеним учун бир жерде копко иштей албайм.
Абдан кыйналдым, баарынан да ушул жакта мени таштап баса берген Эдилге нааразы болдум, жок дегенде атамдын эшигине алып барып койсо эмне?
Озум кантип барам?
Мен ошол жерден кордум, баласын таштап иштеп жургон эжелерди, ата'энесин сагынган кыздарды. Кунумдук тапкан акчага кооп кетип, ойнош куткон чоон кишилерди да кордум.
Мен баарын кордум.
"Ажырашкан" деген атым болгону учун, козун кыскан эркектерди кордум, бирин'бири коро албай бут тоскон кадимки озумдун мекендештеримди кордум.
Кудайга шугур , иштеп бутуна туруп, озунчо ошол жакта жайгашып калгандарды да кордум.
Корсо мен мурда жашоону, бир жагынан гана коруп жургон экенмин.
Бул онуттогу турмушту, мурда эч качан байкабаган экенмин.
Мээнеттен колум чор болуп, аткарбаган жумушум калбады, пол жуугандан баштап, баарын тегиз жасадым, мен барына шугур кылып, сабырдуулукту уйрондум, бар шартка конуп, ынгайлашып жашоону уйрондум.
Атам далай ирет чакырды, бирок ар шылтоону айтып барбай журдум, бул да болсо "канымдагы коктугумдун" айынан.
Жумуштан илкий басып уйго кирдим, келсем, болмомдо мени бироо кутуп жатканын айтышты.
Кирсем эле курбум Айганыш:
-Айка?
-Эмне жалгыздап журуп, олуп кеткин барбы,басчы бери!
Кучакташып алып, кубанганыбыздан ыйладык.
Менин мындай курбум бар экенине сыймыктандым, тутпогон тура байкушум, издеп келиптир.
Ал куну же бир созубуз бутсочу, туну менен уктабай сырдашып чыктык
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9