3-БӨЛҮМҮ..
Копко чейин айта албай журдум, мен айткыча Улан башка сунуш киргизип калды:
-Жаннат, журу жайлоого чыгып келебиз?
Оюмдагыны айта албай буйдалып жаткан элем, дагы кийинки жолу айтам дедим ичимен.
-Кайда?
-Чон энемдердин жайлоосу бар, ошол жака барып эки кун эс алып келебиз?
-Эки кунго атам жибербейт го?
-Айканы жардамга чакырсакчы?
-Болбойт, аны озум чакырам деп журом уйго.
-Мына,мындай кылалы анда, сен айт Айканыкына барам деп, анан аны ээрчите келем де, калганын курбун бутурсун!
Уланды карасам, кашын ойдо'ылдый кылып мага карап жылмайып туруптур:
-Байкуш Айганыш!
Баарын анын айтканындай жасадык. Мени угуп курбум алгач так секирди, бирок конду. Мен да анын айтканын убагында унчукпай аткарчу эмес белем?
Аты эсимден чыгып калды, биз барган жайлоо бейиштин тору экен.
Ушундай кооз жаратылышты мурда корбой кайда журдум ?
Улан мага ошол жерден ,мурда корбогон бир кызыктуу жемишти корсотту.
Жемиш быша элек экен, эми гана гулун тогуп момо байлаптыр. Ар бир сабагында шурудай тизилип, шагын которо албай ийилип'ийилип калат экен, жалбырактары майда'майда болуп,бир караган адамды, созсуз экинчи жолу караганга мажбур кылат:
-Вауу, бул эмне?
-Озун тапчы?
-Мен мындайды омурумдо коргон эмесмин,аты эмне?
-Жапайы карагаттар.
-Карагаттын да жапайысы болобу?
-Ооба да .
-Кызык экен.
Ансайын унуло карайм.
-Айтчы, муну кайдан билип журосун?
-Кичинемден ушул жерлерде журуп чонойдум,жылда келчумун ошондо коргом, гулдогону мындан да кооз болот.
-Гулдогондо да келеличи?
-Созсуз келебиз жаным.
Кечке басып чарчаган жаныбыз,судуролуп боз уйго келдик. Мал келип, музоолор энелерин издешип, оздорунчо ансамбль. Нарыда бир келин уй саап журот, биз короодон аласыраакта кичинекей чатырча да бар экен, ошол тарапка бурулдук.
-Азыр келем, сен отура тур.
Уланды ана келет, мына келет деп отуруп, уктап калыптырмын.
Козумду ачсам, жылуу жуурканга оролуп жатам Тан сурулуп , эртен мененки тирилик башталып калган экен. Ушунча катуу уктаганыма танкалып, ойдо болдум.
Чатырдын оозунан Улан баш бакты:
-Уктаган сага сонун жарашат!
-Туну менен мени кайтарып чыктынбы?
-Ооба, чиркей талабасын, кулак'мурдуна кумурска кирип кетпесин дедим.
-Аябай катуу уктапмын, эч нерсени билбей.
-Чын эле эч нерсе эсинде жокпу?
Ордуман ыргып турдум:
-Эмне кылдын айт, олосун менден?
Улан кулуп жиберди:
-Ишенчээгим, сага бирдеме кылгыдай, азырынча олгум келбей эле менин. Азыр тамак алып келем.
Бир маалда Улан менен бирге, жашы 70 тен ашып калса да баскан'турганы тын,жазы мандай кемпир кошо кирди.Мен сурдогонумдон эрдим титирейт. Улан козу менен ымдап коюп, кайра сыртка чыгып кетти.
Кемпир энкейип мандайыман ооп койду:
-Нечедесин карагым?
-19да.
-Жаш экенсин.
Анын артынан мага угузаар'угузмаксан болуп кубуронуп койду:
-Атаны катыгун аяя чунак бала,эси жогум .
-Сиз Уландын чон энеси болосузбу?
-Ии, кел тамакка кара, каймактан кошуп же.
Чон эне Уландын балалыгы жонундо коп нерселерди айтып берди,ал кичинесинде эле коп суйлобогон, озу менен озу журо берчу дейт. Кемпирдин оозун тиктеп отура берипмин, Улан келип калды:
-Чон эне менин периштем жактыбы?
Чон энеси ээгин эмшиндетип койду:
-Жаш экен периштен, кайдан журуп жолугуп калдын экен.
-Ой ушу сиздин кабатыр боло бергенинизчи, андан коро батанызды бериниз.
-Кана Оомийин, ылайым Кудайым боодо кырсыктан, куру дооматтан сактасын, жашоодо жамандык корбой, аман болгула!
Белден бери имерилип, карааныбыз корунбой калганча Уландын чон энеси бизди узата карап турду, эмнегедир мени коруп, тобосу кокко жете суйунбогону билинди, бирок эмнегедир ошону, мен конулумо албаптырмын.
Жол катар Улан ойлуу келди. Дагы кийинкиге калып кетпесин деп, айта берууну чечтим:
-Сага коптон бери айта албай жургом бир созду.
-Айта бер Жанкоу, угуп жатам.
-Апамдар менен таанышсан кантет?
-Ыя?
Мен элестеткендей эле толкунданды ал.
-Кантип барам, озум элеби,же...
-Ооба, озун эле бар, атам,апам экоо эле болот.
-Бул жагы кызык болду го, а барбай койсом эмне болот?
-Мен таарынам.
-Сен таарынасынбы, анда барышым керек, жоок сен капа болбошун керек да, мен барам анда?Белек ала барышым керекпи, эмне белек алам?
-Улан эмне болду сага?
-Коркуп жатам.
-Эмнеден?
-Сени жоготуп алуудан.
-Коркпо, мен жанында отурам го?
-Ата'энене жакпай калсамчы?
-Мага жагасын го, аларга да албетте жагасын, барасын ээ?
-Макул Жаннат,барам.
Эч нерсени билбегендей болуп, эки кундон кийин Айганышты ээрчитип уйго жетип бардым.
Уйдогу атмосфераны коруп курбум кубанганын, ыраазы болгонун жашырган жок. Себеби ата'энем аны, оз кызындай кабыл алып коноктошту.
Жума куну кечки тамакка Уланды уйго чакырдык. Апам тамактын жакшысын жасап, аябай даярданды, андан отуп менда кутуп жаттым.Айганыш болсо апама жардам берип журот, кандай чойро болсо да бат аралашкан, анын дээринен эмеспи.
Уландын унаасын копуп эле короого чыктым, колуна гул анан да толтура таттууларды которуп келиптир. Дайымкысындай жарашыктуу кийинген.
Апамы коруп, озун токтоо кармап учурашты:
-Саламатсызбы апа?
-Кел балам, саламатчылык.
Дасторкондун четинен орун алдык, мен чай алып кирдим.
Атам болсо жумуштан кеч чыгабы, айтор кечигип жатат, апамы карасам унчукпайт, атамы куткондой туру жок.
Улан, баарыбыз менен жылуу коштошуп, чыгып кетти. Атам келген жок.
Апамдын да маанайы жакшы,аны коруп ичимден кудундайм, бирок ак да кок да дебеди.
Апамдын сырын билем, озу каалап суйломоюнчо эч нерсе сурай албадым.
Андан коп отпой, курбумду уйуно узатып келдим, окуу жылы башталганча дагы жолукмай болдук. Анын ата'энеси колунда бар адамдар эле, кызынын конулуно карашчу, ошондуктан "курбумдукуна барам"десе созсуз жонотушмок.
Ал кетип кайрадан жалгызсырай туштум,инилерим менен мурдагыдай ойноюн десем, алар да деле чоноюп калышыптыр, ар кимиси озу менен алек.
Улан менен бат'баттан суйлошуп турганым менен, жумуштары кобоюп, жолугууга шарты болбой жатты.
Бугун атамдын жоктугунан пайдаланып, апам Улан тууралуу соз ачты:
-Ичин бышып жатабы, апам эмне дээр экен деп?
-Жоок апа.
-Билесинби, дээринен жаман адам корунбойт.
Кубанып кеттим.
-Чын элеби?
-Мени башка нерсе ойлондуруп жатат?
-Эмне?
-Жаш эле туруп копту коргон, тушунуктуу, турмуштан коп сабак алган, ошол менен бирге эн негизгиси ийгиликтуу эркектин артында, созсуз бир жакшы аял турат, ошону унутпашын керек кызым!
-Ыя?
Апамдан бул созду угам деп ойлобогом. Кыялымда озум элестетип алган жашоом, заматта урагандай болду.
Апам кайра мени жайгарып, чекемен сылап, бетимен ооп койду:
-Дуйнодо эч бир ата'эне баласына жамандык каалабайт балам. Мен ишеничтуу турдо айткан жокмун го, балким ал аял апасы болушу мумкун, же эжеси, балким карындашыдыр?
-Эжелерим бар дегенин уккан элем.
-Ошо, жалан кыздардын арасында, сага окшоп бул да жалгыз эркек экен, ордунар гана башка болбосо.
-Апа, чындап эле сиз айткандай болсочу?
-Озун жакшылап суйлошуп кор, жашыра турган эч нерсеси жок болсо, баарын айтып берет менимче.
Айткандай,баягы Эдил да айылда экен.
-Кайсы?
-Классташынчы, сен учун жанын кыйганга чейин барган?
-Аа, а ал кайда эле?
-Новосибирскийде.
-Эмне учун ал жакта?
-Сен кеткенден кийин ал да кеткен имиш иштейм деп.
- Кызык.
Апам эмнени кыйытканын тушунгон жокмун, азыр аны тушунгону убактым да жок эле.
Колумду шилтеп койдум.
Апамдын кыраакылыгына дагы бир ирет баа бердим. Жалгыз кызынын адашып калуусунан корккон экен да корсо, ал тургай атама да айтпаптыр Уланды уйго чакыраарын.
Бул создон кийин катуу ойлонуп калдым.
Уландан ачык сурагандан тартынам, ачыгын айтсам, корктум.
"Ооба, баары сен ойлогондой, сени жон эле эрмектеп жургом" деп айтса эмне дейм?
Анда мен учун баары тугонот, аны жек коруп калам, жок жек коргондон да айрылып калам андан.
Ууфф, жаш эле туруп эмнеге, баарын ага байлап алдым экен?
Ойлонуп отуруп, "эшикти да , тешикти да" Айганыштан тапчудаймын . Дароо эле конгуроо чалдым, унумду угуп ашыга суйлоду:
-Жанкаааа, озум да сага байланышайын деп жаткам, сага сонун жанылыгым бар, атам мага унаа алып берди.
-Куттуктайм курбум!
-Рахмаат, тимеле жыргап калбадымбы, бирок окууга кетсем калып калат да, сен да унаа башкарганды билет элен ээ?
-Ооба мектеп маалында атам уйроткон.
Мейли да, баарыбир сеники го?
-Ооба, торт донгологунон шамал откоруп, чанытып эле журом, баса озун кандай журосун, эмне капасын?
-Айка келчи, сенин жардамын керек болуп жатат.
Курбум менин айтканымы ар дайым угат, ата'энесин эмне кылып кондурду билбейм, эртеси кечинде жаны унаасы менен жетип келди.
Мен апамдын создорун айтып бердим. Айганыш унчукпай ойлонуп калды:
-Менимче анчалыкка барбастыр, бир жыл сенин артындан жон эле "ойноп" жургонуно ишенбейм.
-Мумкун, бирок мен озу тууралуу эч нерсе сурабаганыма танкалып жатам озумо.
-Ал жакшы адам курбум.
-Мен да ошону айтам да?
-Кел анда артынан андыйбыз?
-Кантип?
-Менин унаам менен. Сени жолугушууга чакырганда мен да барам сени мн. Анан коштошкондон сон артынан тушобуз.
-Тообо, кылмышкердин изине тушкондойбу?
-Анан эмне кыл дейсин?
Нары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, баарыбир Айканын пикири женип чыкты.
Кутконубуздой Улан мени жолугушууга чакырган жок, мындан ого бетер чый'пыйым чыгат. Кутуп отургум келбеди, жакында окуума кетип калсам, ошол бойдон калып кетет, батынып озунон сурай албагандан кийин, батыраак бир жыйынтыгын чыгарганым жакшы.
Узун чакыруудан кийин Улан трубканы которду:
-Кечирчи Жанка?
-Дагы деле жумуштарын буто элекпи?
-Ушундай болуп калды да, сагындым сени!
-Ошол чын болсо кел жолугалы?
-Бугун баралбайм жаным тамашасы жок, такыр убактым болбой жатат.
Ызаланып кеттим:
-Анда менден жакшылык кутпо!
-Ушинтпечи?
-Мени билесин!
Айласы кетти окшойт,акырын унчукту:
-Тушку тамакка дайымкы кафеден кутом.
Жооп бербей очуруп салдым.
Аны короорум менен кокуроктогу ызам таркай тушту, уялбай эле кучактап калдым:
-Кантет мына кыз?
Эркелетип, саамайыман жыттады.
-Кежирим озумдун!
Озу болсо коздору киртейип арыктап, жудоо тартып калыптыр:
-Эмне бир жерин ооруп журобу?
-Жоок, жумуштарым кобоюп кетти, билесин го акча табуу кыйын.
-Ии.
-Капаланбачы эми, эмне жейсин?
Дур'дуйум тамакты алдырып алганым менен, тамагымдан кыл отпой койду, аны карап боорум ооруп кетти:
-Эмне жумуш ал, кыйын болсо таштап салчы?
-Таштай албайм да жаным, иштеш керек.
Улам саатына карап жатканынан, дагы шашылып жатканын билдим:
-Туралыбы?
-Ошентели э?
Мени узатып коюп эле шашыла унаасына отуруп, зымырылтып айдап жоноду.
Озумчо уурулук кылып жаткандай журокторум дукулдойт, курбум экообуз анын артынан "чон казатка"аттандык.
Айка деле жакшы эле айдоочу экен, жолдон козун албай, артынан калбай баратат.
Мен кабатыр болуп чыктым:
-Мумкун кереги жоктур?
-Жарым жолдон кайтмак белек, жон олтурчу мени да алаксытпай.
Улан борбордук оорукана тарапка бурулду. Биз да артынан кирип , орун таап унаадан тушкончо, ал ичкери кирип кетти:
-Эми эмне кылабыз Айка?
-Кутобуз да.
-Мен артык куто албайм.
-Кутосун!
Оорукананын капталында кичинекей тамактануучу жайлардын биринде кутуп отурдук.
-Жанка кара?
Айганыш ийнимден турткулоду.
Карасам Улан чыгып келе жатыптыр.Биз жакын жерде болгондуктан баары даана корунуп жатты. Майыптар арабасына бир аялды салып,туртуп алыптыр,жанында баягы биз биринчи жолукканда бирге жургон досу, дагы бир эки адамдар, бироосунун колунда оролгон наристе бар:
-Айтчы, бул оорукана торот уйубу?
-Жок.
-Анан тигилер бала которуп келе жатышат го?
-Билбесем анда.
Экообуз чыдабай сыртка чыктык, дагы жакыныраактан коруу учун.
Канчалык аракет кылсам да майыптар арабасындагы аялдын жузун коро алган жокмун.Тегеректеген адамдардан, анын бети корунбоду.
Улан аны колу менен акырын которуп, унаанын арткы орундугуна отургузду,тиги аял менин "ашыгымды" кучактап, мойнунан ооп койду.Калгандары да отура башташты.
Ичис орттонуп кетти, тиги аял ким болду?
-Атаа!
Бул чыккан ундон жалт артыма бурулдум, менин жанымдан , адашпасам 4, же 5 жашар, чачтары сербейте экиге байланган кыз чуркап отуп кетти, артынан орто жашап калган аял шашпай басып баратты.
Кыз туура эле Уланды коздой баратты, жетип эле анын тизесин кучактады:
-Атоов?
Ал да энкейип кызды жерден ала коюп бооруна басты:
-Оов кызым, кайда жоголуп калдын?
-Тигил жакта дукондо таттуу бар экен, апамы алып бер десем алып бербеди, сен алып берчи?
-Кайда экен тигил жагын?
-Тээтигил жакта!
Кыз колун сербендетип мен тарапты корсотту. Аны ээрчий караган атасы, жаштуу коздору менен аны тиктеп турган мени корду. Ооба, мени корду!
Менин мээм эч нерсени озуно синире албай турду, азыр эле коз алдымда эмнелер болуп кеткенин таптакыр тушуно албай койдум.
Кызын кучактап, мени караган Улан, аны жалдырай тиктеген мен эле дем алып, калган жандар катып калгандай туюлду мага.
Эмне учун?
Ушул суроо гана кулагыма жанырып жатты, эмне учун мен, башка бироо эмес?
Улан да мени кором деп куткон эмес эле, ал да эмне кылар айласын таппады.
-Журу кеттик!
Женимден тарткылаган Айканын унунон озумо келе туштум. Анын жетегине тушуп баратканым менен, бар оюм Улан менен тиги кичинекей кыздан алыстай албай койду.
Колумду шарт тартып алдым:
-Айка, ачкычты бер?
-Бербейм!
-Бересин, болбосо азыр жер'ааламдын баарын бузуп бакырам, мага баарыбир!
-Колундан келгенин кыл, бирок ачкычты бербейм.
-Унаанды аяп жатасынбы, менден ээ?
-Кааласан ошондой тушун!
Аны менен айтышып отурмак белем, ачкычты колунан жулуп алдым, да унааны коздой жонодум:
-Жаннат токто!
Айка артымдан чуркады.
Ачкычты бурап, унааны жургуздум. Анан Айганыш эмес эле, капыстан пайда болгон Улан, жанымдагы орундукка отура калды:
-Жанка укчу мени?
Кучум менен газды басып калдым. Кекиртегиме такалган ыза, ый оозумдан эмес эле, козумдон ага баштады. Мен мынчалык ооруну мурда сезген эмесмин, кокурок тушумду кесип салып эле ыргытып жибергим келди:
-Сен, сен ушунчалыкка бардынбы ?
-Жаннат?
-Атымды оозуна да алба!
-Макул, эмне десен аткарайын, болгону токтот суранам, мен баарын тушундуруп берем.
-Мага эч нерсенин кереги жок, тушундурбо дагы!
Ансайын катуулап айдап бараттым.
Акылым эмес, мени кандайдыр бир кара куч башкарып жаткандай эле, ээ'жаа бербей, колдорум, рульду кармаган бойдон карышып калды.
Улан болсо мени тынчтандыруунун жолун таба албай рульга жармашат:
-Баары сен айткандай болсунчу, макул козуно да экинчи корунбоюн, жаным суранам, токтотчу?
Мага озу чала, качан гана кызыл жарыкка токтогонго улгурбой, алдымдагы караанды ыргыта коюп кеткенде гана эсиме келе туштум. Жол жээгине сурдугуп барып токтоп калдым.
Эмне болгонун андай албай, буттарым калчылдайт.
Улан, дароо карылуу колу менен желкемден апчый кармап, арткы орундукка мышыктай ыргытты да, озу эптеп рульга отурду. Чонтогунон бирдеме алып чыгып, унаанын бир жерлерин суртуп жатты:
-Сен эч нерсе билбейсин, рульда мен элем, тушундунбу?
Ыйлап жаттым:
-Улан?
-Кечир периштем, баарына озум куноолумун, кыялынды билгенден кийин, ушул даражага жеткирбей эле айтышым керек болчу, кечир мени!
Телефонун алып кимдир бироого чалып кирди:
-Тилек, эмне болду, уйго жеттинерби?
Тез жетип кел, сен керексин мага, тез кел болгону!
Даректи айтты.
Заматта "Тез жардам" унаасы келип, МАИ кызматкерлери келип, адамдар топтоло тушушту.
А мен дагы деле эмне кылып койгонуму тушунуп жете албай, мас адамдай дендароо болуп тура бердим.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4