Бу Аалам дүйнө эмне деген кызыктуу , нары табышмактуу . Биз билбеген , биз көрбөгөн канча сырлар жатат.
Бирде бир Кемпир жашаптыр . Аягы оор келиндердин бошонуусуна жардам берип көп балдардын Киндик Энеси болуптур . Айылдагы Келиндердин баары бу кемпирдин колу жеңил дешип алдына киши жөнөтүп турушат экен .
Бир жолу кемпирдин эшиги кагылат . Барып ачса эч ким жок . Каңырыш уккан окшойм дейт да төшөгүнө кынтаят . Дагы мындай окуя эки жолу кайталанат . Үчүнчү жолу барып эшикти ачып үй алдынан ак боз минген кишини көрөт .Турган турпаты бөлөк , өзгөчө экен . Жакын айылдагы кишилерге окшобойт .
- Бир келинибиз бошоно албай кыйналып жатат . Сиз барып жардам берсеңиз - дейт ал . Кемпир макул болуп жолго чыгат . Ак боз ат минген киши :
- Апа көзүңүздү бекем жумуңуз . Биз белги бергенче ачпаңыз . Эгер ачсаңыз майып болосуз - дейт . Кемпир көзүн бекем жумуп атка учкашып жөнөйт . Жолдо түрсүлдөгөн , шуулдаган дабыш эшитилип кемпирдин эси кетет . Коркконунан көзүн ачпайт . Бир жерге жеткенде:
- Апа көзүңүздү ачыңыз - дейт . Көзүн ачса төрдө жаш келинчек бошоно албай кыйналып жатыптыр . Кемпир жардамдашып , келин аман эсен көз жарып алат. Кемпир Киндигин кесип болгон соң баланы чөмүлдүргөнгө суу алып келгиле дейт . Баягы өзун алып киши :
- Азыр - дейт да көпкө чейин жоголуп кетет . Бир маалда чарага сүт алып келет . Кемпир түшүнбөй таң калат . Баланы киринтип жатып байкаса чара кошунасынын сүт куйган идишине абдан окшош экен . Кемпир шекшип калат да башкаларга билгизбей колундагы шакегин чарадагы сүткө салып жиберет . Баары бүткөн соң алар кемпирге ызат сый көрсөтуп белегин берип жеткирип койушат .
Кемпир таң атканча көз ирмебей чыгат . Эртеси түндөгү чараны текшерүүгө коңшусунун үйүнө барат . Барса чарада сүт бети ачык боюнча туруптур .Тааныш идиш көзүнө оттой чагылат . Сүттү сүзүп карап шакегин таап алат . Ошондо түндөгү кишилер жин перилер экенин түшүнөт да коңшусуна болгон ишти баяндап , чарадагы сүткө жин баласы чөмүлгөнүн айтат . Сүттү адам буту баспай турган жерге төктүрөт .
Коңшу үйдүн келини мурунтан шалаакы эле .Ырым жырымга жеңил карай турган . Түндөгү идиштерин жуубай ачык калтырып жатып алат эле . Ошол күнү да сүт куюлган чараны жаппай жатып алыптыр . Ачык чачык калган идиш аягын жин жаныбарлар жалап кетет экен . Ошонун кесиринен үйдүн берекеси качып , мал тапса да жукпай оору сыркоо жармашып , бакубат өмүр сүрбөйт экен .
Ушул окуядан соң айыл ичинде түнгө карай сүттүн бетин жаап , тамак аш , казан аяк баарын жыйнап жата турган ырым жырымдарды колдоно башташат .#сабак
Казак тилинен которулду .
Которгон : Кадыралиева Жазгүл
Адыр айылы .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Бизге көрүнбөйт бирок кошо жашашат ,эгер козуьуздогу парданы алып койсо ошол аалам ачык көрүнөт ,бирок адам жүрөгү жарылып өлүп калышы мүмкүн экен ...
Ошондуктан ар дайым тамак аштан бети жабык болуш керек ...жин шайтан аралап кетет ...ошондон оору ,кедейлик келип чыгат.
Качан бизге ажал келгенде ,козуьуздогу ошол парда алынат...