6-БӨЛҮМҮ...
- Ислам, жүрөгүмдүн согуш талаасына айланышын каалабайм. Ал жерде экинчи адамга орун жок. Куралчан жоокериңизге айтып коюңуз, убара болбосун. Биз болгону капыстан кездешкен өң тааныш гана адамдарбыз. Кандай күтүүсүз кездешсек, бүгүн дал ошондой күтүүсүз өз жолубузга түшөбүз. Ушинткенибиз жакшы, экөөбүзгө тең жакшы. Мен Шабданды башкага алмаша албайм,- ордумдан атып туруп сыртка жөнөдүм. Чуркап баратам, ыйлап баратам...
Бир кезде чалынып жыгылдым. Тизем менен катуу сүрүлдүм. Бирок бутум эмес, жүрөгүм ачышып жатты. Жан дүйнөнүн оорусунун алдында дененин оорусу эч нерсеге арзыбайт тура. Мен жашоодо туура деп ойлогон нерселеримдин кайсы жеринен ката кетиргеними билбейм жатам. Бүгүнкү кылганым туурабы же дагы жаза бастымбы?.. Жүрөгүм бир Шабдандан башкага ачылбай жатса менде эмне күнөө...
-Чоң кыз, жакшы элесизби?- бирөө колтугумдан өйдө тартты. Башымды көтөрүп маңдайымда турган бейтааныш мырзаны көрдүм.
- Рахмат, жакшымын,- бутумду шилтейин дегенде кайра жыгылып кеттим.
- Сизди ооруканага алып баруу керек. Бутуңуз кокустап калган окшойт,- колумду мойнуна арта салып жерден көтөрдү.
- Ооруканага баруунун зарылдыгы жок, мүмкүн болсо үйгө жеткирип койсоңуз. Машина шаарды аралап зуулдап баратты.
Бүгүн майрам. 8-март. Апамды куттуктоо үчүн айылга барууну чечтим. Бир жума мурда зер буюмдар дүкөнүнөн күмүш жасалгалар топтомун алып койгом. Азыр чыгып дүкөндөн гүл алсам болду. Зуулдаган такси 2 саатта айылга жеткирет. Кийинип даяр болуп калганымда коңгуроо басылды. Эшикти ачкан бойдон селейип калдым. Колуна бир кучак роза кармаган Ислам туруптур.
- Майрамың менен, Айкыз! Бул сага. Жакшы ниет менен кабыл алып кой. Сенден эч нерсе талап кыла албайм, акым да жок. Болгону менден качпа. Макул десең, жолугуп калган жерде саламыбыз түз болсун.
- Рахмат, бирок гүлүңүздү ала албайм. Мени карыздар кылбаңыз.
- Ал эмне дегениң, эмнеге карыздар болмок элең?- жалооруй тиктеди.
- Ислам, мен сизге татыктуу эмесмин. Мендей өзүмчүл адамга байланбаңыз. Бирөөгө бакыт сунуп, жылуулук тартуулоо колумдан келбейт. Ушундай адаммын, ушул бойдон кабыл алыңыз. Мен айылга бараткам, апамды куттуктап келишим керек.
- Айкыз, анда бул гүлдү апаңа ала бар. Суранам, жок дебечи,- колундагы кыпкызыл розалар титиреп турду.
Ой басып баратып кантип айылга жетип калганыбызды да сезбепмин.
- Ай, Султан аванын кызы, түшөсүңбү?- таксисттин үнүнөн селт эттим.
- Келип калдыкпы?
- Келдик, карындашым. Тигине, атаң короодо жүрөт.
Чын эле атам адатынча күрөгүн көтөрүп бирдеме жасап жүрүптүр. Билинер-билинбес эңкейип калганын көрүп ичим ачыша түштү. Убакыт өз мыйзамын жүргүзүп жаткан экен. Мени көргөн атам үй тарапка кыйкырды: "Байбиче, көз мончогуң келди".
- Кызым, ушундай чоң гүлдестени эмнеге алдың тыйыныңды кетирип. Сөйкө, шакек алганың деле жетмек,- апам утуру гүлдү жыттап кубанып жатты. Садагасы, адам болот деген ушу.
- Апа, сиз мындан да кымбат белектерге татыктуусуз,- канча камынсам да гүлдү Ислам бергенин айталбай койдум.
- Бүгүн конуп кетесиңби, каралдым? - апам тамак салып жатып сүйлөдү.
- Жок, апа, кайра кетем. Эртең жумуш да.
Коштошуп жөнөөрдө атам пешенемден өптү: "Жолуң ачык болсун, периштем".
Айылга барып келгенден бери көңүлүм ачык, шайдоотмун. Ата-эненин карааны, батасы балага тоодой дем-күч берээрине чындап ишендим. Жумуш бүтөөрүнө дагы жарым саат бар.
- Кыздар, мен качтым,- Нургазы бутунун учу менен басып сыртка жөнөдү.
- Качып кайда барасың?- кассадагы Алима эже суроолуу тиктеп калды.
- Антип карабаңыз, эже. Карт бойдоктун убалына калбагыла. Сүйүүгө жолугуп элеп-желеп болуп турган жүрөгүмө суу сеппегиле, - Нургазы жүрөгүн кармап куудулдана кетти.
- Оо, болсун! Дартың бар экенин баштараак эле айтпай белең. Кол чаап эле 2 саат эрте коё бермекпиз,- баарыбыз күлдүк.
Ошол учурда телефонум шыңгырап калды. Чоочун, анан да өтө эле узун сандар. Коңгуроо чет өлкөдөн эле.
- Угуп жатам.
- Айкыз эже, саламатсызбы? Мен Мырзайыммын, Түркиядан чалып жатам.
- Мырзайым, кандайсың? Жумуштарың жакшыбы?
- Жакшымын, эже. Баары сонун. Сизге бир сунуш менен чалып жатам.
- Кандай сунуш?
- Эже, сизге өтө жакшы жумуш чыгып жатат. Кесибиңизге да туура келет. Макул десеңиз жашаган жерден камтама болбоңуз. Мен жашаган батирде чогуу турабыз.
- Сиңдим, бул нерсеге убакыт керек. Мен азыр эле барам же барбайм дей албайм. Атам менен апама айтайын.
- Ошентиңиз, таэжеме дароо айтыңыз. Канчалык эрте чечсеңиз ошончолук жакшы.
Коштошуп телефонду койдум. Бул күтүлбөгөн сунуш катуу ойго салды. Эмне кылсам, тобокел деп кете берсемби? Жумуш даяр, жашаган жерим да бар болсо. Үйгө келээрим менен апама коңгуроо кылып баарын айттым. Сүйлөшүп бир чечимге келгенде кабарлап коюңуздар дедим. Эртеси апам өзү чалды.
- Кызым, эмне дешти деле билбей отурабыз атаң экөөбүз. Агаңа да айттым, өзү билсин деди.
- Барайын, апа. Кечээтен бери ойлонуп кетүүнү чечтим. Жер которуп бир аз эс алып да келейин. Антпесе жумуш менен үйдүн ортосуна байланып калдым.
- Мырзайым бар үчүн көңүлүм тынчыраак болуп турат, барсаң бар,- телефондон апам ыйлап жаткандай сезилди.
Капыстан иштен кетүүгө арыз жазганым баарын чочутту. "Кайсы учурда келсең банктын эшиги сен үчүн ачык"- деп бир тууганымдай жылуу узатышты. Документтеримди даярдагыча бир жумадай убакыт өтүп кетти. Мына, баары даяр. Буйруса эртең таң эрте сапар тартам. Кеткенимден Исламды кабардар кылып коюуну чечтим. Анткени дарексиз кеткен адамдын азабын тартуу кандай оор экенин жон терим менен сезип жүрбөйүмбү. Телефонумду алдым да билдирүү жөнөттүм.
"Ислам, мен чет өлкөгө кетип жатам. Канча убакытка экенин өзүм да билбейм. Буйруган күнү мекениме кайтам. Айкыз"
Аэропортто эл жыкжыйма. Аңгыча мен жөнөөчү рейске кулактандыруу жаңырып калды.
- Жолуң ачылсын, бир боорум. Өзүңдү жакшы кара. Кайда болсоң да кудайым өзү сактасын,- агам бекем кучактап бетимден өөп коштошту. Узап баратып кайра артыма кайрылдым. Ошол учурда көзүмө тааныш караан урунду. Агам менен жеңемдин арт жагында Ислам турган экен.
Стамбул кучагын кенен жайып тосуп алды. Башка өлкө, башка атмосфера. Баары жаңы, жагымдуу. Бул жакка келгенден кийин гана чарчаганымды сездим. Эстеп көрсөм акыркы 2 жылга жакын эмгек өргүүсүз иштепмин.
- Айкыз эже, бир аз күн үйдө эс алыңыз. Жер которгондо адам кадимкидей алсырайт. Жумушум бүткөн соң, сиздин ишиңиз тууралуу да сүйлөшө келем,- тыпылдаган Мырзайым таң эрте жумушуна жөнөдү. Тың кыз болуптур. Түркчө да таза сүйлөйт. Мага да сөздүктү карматып кетти. Демек мен да үйрөнүшүм керек.
Кечинде деңиздин жээгиндеги кафеде отурдук. Жаз келгени менен шамал, анан да суук экен бул жер.
- Бул жайлуу, тынч жер. Дайыма келип турам. Эми экөөбүз шерик болуп андан жакшы болду,- Мырзайым ыраазы боло күлүмсүрөп койду.
- Мырзайым, бул жакта кыргыздар көппү ?
- Көп эле, эже. Ар кайсы тармакта эмгектенишет. Ушул жерде да официант болуп иштеген жигит бар. Тигине, өзү да келе жатат.
- Кош келиңиздер,- жаш жигит бажырайып күлүп саламдашты.
- Иним, бизге чай, таттуу токоч алып кел. Анан апельсин ширеси.
- Бир аз күтүп туруңуздар,- илбериңки сүйлөп акырын башын ийкеди.
Бул аралыкта жумушка орношуп, иштеп баштадым. Чоң дүкөндө кассирмин. Бул жактын эли ушунчалык сылык, маданияттуу экен. Бизге да жакшы мамиле жасашат. Күн сайын жумуштан кийин деңиздин жээгине барабыз. Ал жер өзүнчө керемет. Болгон сырыңды, сагынычыңды деңиз менен бөлүшүп, кадыресе жеңилдеп калгандай болосуң. Ушундай кооз, өнүккөн шаарда жашасам да жүрөгүмдө баары бир туулган жерге болгон кусалык бар. Боз чаң баскан айылдын көчөлөрүн, жол карап үй алдында отурган атамды көбүрөөк сагынам.
Бул жакка келгениме 6 айга чукулдады. Кадимкидей көнүп, түркчө да дурус эле сүйлөп калдым. Билинбегени менен Стамбул мени бооруна тартып, өз үйүмдөй болуп бараткансыйт.
- Эжеке, мен бир жерге барып келейин. Кааласаңыз деңиздин жээгине барып келиңиз. Мен да бат эле кайтам,- сиңдим бир жакка жөнөдү.
-Кечинде кайда жөнөдүң?
-Жолугушуум бар эле,- бети албыра түштү.
- Ии, садагасы, бара гой,- күлүп узаттым.
Чын эле үйдө отурганда эмне, бир аз басып келейин. Дайым барчу кафеге келдим. Мени көрүп баягы кыргыз бала басып келди.
- Саламатсызбы! Кош келдиңиз! Мырзайым эже келбедиби?
- Анын бир аз башка иштери бар эле. Бүгүн жалгыз келдим. Мага кофе алып келчи.
Бул жактын кофеси таптакыр башка. Даамы, жыты өзгөчө. Башында тамагым ачышып иче алчу эмесмин, эми болсо кадимкидей рахаттанып ууртайм.
- Эже, кофеңиз келди,- официант жигит алдыма коюп жатып сүйлөдү.
- Рахмат, иним. Баса сенин атың ким, Оштун кайсы жеринен болосуң?
- Оштук эмесмин, Баткенден болом. Атым Эрмек.
-Баткенденсиңби?- жүрөгүм туйлап кетти. Кайсы жериненсиң?
- Исфанадан.
- Аа, жакшы. Менин атым Айкыз. Мырзайымдын эжеси болом. Жумушуңду уланта бер, керек болсоң чакырам.
Баткендикмин дегенин укканда ордумда отура албай калдым. Эмне кылсам, Шабданды сурасамбы? Бирок, Исфана менен Сүлүктү эки башка шаар да. Жаш бала Шабданды кайдан таанымак эле. Ордумдан туруп кетүүгө камындым. Эрмек мени байкап басып келди.
- Айкыз эже, дагы келип туруңуз.
- Сөзсүз келебиз. Ишиңе ийгилик,- коштошуп жөнөөрдө кыйылып туруп калдым.
-Эрмек, сенден бир нерсе сурайын дегем. Сүлүктүдө туугандарың же тааныштарың жок беле?
- Сиз Сүлүктүдөнсүзбү?- таң калып тиктеп калды.
- Жок, жок, менин досум ошол жактан болчу. Көп жылдан бери дайынын билбей жүрөм.
- Менин эжем ошол жакта жашайт. Кааласаңыз сурап берем. Курбуңуздун аты ким?- Эрмек ручкасы менен блокнотун алып мени күтүп калды.
- Курбум эмес, досум болчу,- бирөө ичимдеги чындыкты ачып койчудай апкаарып кеттим. Аты- Шабдан. Кесиби стоматолог. Чет өлкөдө жашайт деп уккам.
- Макул, эже. Эгер дайынын билсем сөзсүз сизге кабарлайм,- ошол учурда аркы столдогу кардарлар Эрмекти чакырып калышты. Жылуу коштошуп үйгө жөнөдүм.
Мырзайым али келе элек экен. Үйгө кирип тынчтана албай ары-бери баса бердим. Эрмектен сураганым туура болдубу же кереги жок беле? Болоору болду, эми күтүшүм гана керек.
Бир күнү жумуш бүтөөрүнө жакын Мырзайым чалды.
- Эже, Эрмек сизди сурап коңгуроо кылды. Жумуштан чыгып жолуга кетиңизчи. Өзүнө айтчу сөзүм бар дейт. Экөөңөр менден жашырып эмнени сүйлөшүп жатасыңар?- Мырзайым таң калып сурады.
- Макул, барам. А экөөбүз кечинде үйдөн сүйлөшөлү,- шашылыш телефонду койдум. Канчалык катуу бассам да жол арбыбагансыйт. Колдорум калтырап, демим кысылып чыкты. Кафеге кирип Эрмекти издеп баштадым.
- Эже, мен мындамын,- мени көрө сала кыйкырды.
- Кандайсың? Мени жолуксун депсиң.
- Бул жакка отуруңуз. Шашпай сүйлөшөлү,- бош турган четтеги стол тарапка ишарат кылды.
- Бүгүн эжем менен сүйлөштүм,- Эрмек сөзүн жай баштады. Сиз сураган Шабдан тууралуу эжеме бая күнү эле дароо айткам. Бирок кабарын билгиче 10 күндөн ашып кетпедиби. Досуңуздун дарегин таптык.
- Чын элеби?- кулагыма бирдеме кирип кеткенсип чуулдап чыкты. Кайда экен?
- Эң кызыгы, ал да Түркияда турбайбы. Бирок башка шаарда, тагыраагы Измирде үй-бүлөсү менен турат экен.
- Үй-бүлөсү дедиңби?
- Ооба, үй- бүлөсү менен. Эгиз кыздары бар дешти.
Эрмектин андан аркы сөздөрүн укканга чамам жетпеди. Бут алдымда жер көчүп баратты.
- Жакшы элесизби?- Эрмек колтугумдан сүйөй калды. Сизге эмне болду? Кубарып кеттиңиз.
- Мен жакшымын. Мага алаксыба.
Деңизди жээктеп жалгыз келатам. Көзүмдүн жашы жүзүмдү жууп, ээгимден ылдый таамп жатты. Баары бүттү, бүттү... Үмүтүмдүн үлбүрөгөн жиптери заматта үзүлүп быт-чыты чыкты. Ушунча жылдан бери күткөн адамым алда качан үй-бүлө күтүп, эгиз кыздары да бар тура. Мен болсо өзүмдөй көрүп мени күтүп жүрөт дегенимчи... Өзүмдү өзүм алдап, куру кыял менен ушунча убакыт жашапмын. Эгер бул чындыкты укпасам дале күтүп жүрө бермекмин да. Ыйла, Айкыз, ыйла! Жүрөгүңдөгү бугуңду, ызаңды ыйлап чыгар. Антпесе ушунча жүктү илмийген денең кантип көтөрмөк... Ансыз да күтүүдөн сүлдөрүң гана калбадыбы... Жүрөгүңдөгү Шабдан деген элести сууруп чык да, мына бу учу-кыйыры көрүнбөгөн деңизге ыргыт. Толкуну алыс айдап, көк иримге алып кирип кетсин. Баары бүтсүнчү, мобул караңгы түн ушуга чейинки бүткүл санааңды өз койнуна сиңирип кетсе экен... Чарчадың, Айкыз, аябай чарчадың... Күтүү сени мокотуп, мизиңди каалашынча майтарды. Саамайымды сылаган сыдырым шамал дал ушинтип шыбырап жаткансыды...
Телефонум жаны алы калбай шыңгырап жатты. Жооп бергим келбеди. Мен үчүн дүйнөнүн кызыгы, жашоонун маңызы бут алдымда тебеленип жаткансыды. Таш боор тагдыр, мынчалык мерез, кара өзгөй болбосоң... Адам алсыз дешет. Кайдан... Адамдан күчтүү, адамдан чыдамкай эч ким, эч нерсе жок тура көрсө. Бүтүндөй ааламың астын-үстүн түшсө да, ийненин көзүнчөлүк үмүттүн шооласын издей беребиз. Жеңилгибиз келбейт. Куру намыска алдырабыз. Жашоонун мыйзамы өз бийлигин баары бир жүргүзөөрүн билип туруп отко түшкөн шайтан көпөлөктөй чабалактайбыз. Жашоодогу эң чоң катачылыгыбыз мына ушунда...
Телефон дагы шыңгырады. Мырзайым чалып жатыптыр.
- Угуп жатам.
- Эмне жооп бербейсиз, эже? Канча жолу чалдым, бул эмне кылганыңыз?
- Мырзайым, бир аздан соң барам,- жооп күтпөй өчүрүп койдум. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, жан дүйнөм тынчтыкты каалап турду.
- Эже, ыйладыңызбы?- эшикти ачкан сиңдим жүзүмө үңүлдү.
- Жок, бирок бир аз чарчадым,- жуунуучу бөлмөгө кирип кеттим. Чыксам Мырзайым чай даярдап күтүп отуруптур.
- Угуп жатам сизди,- чай куюп алдыма койду да күтүп калды.
- Сен уга турган анчейин деле нерсе эмес. Өзүмө гана тиешелүү жеке маселелер.
-Эрмек эмнеге чакырыптыр анда? Мен билбеген жеке нерселериңизге Эрмектин кандай катышы бар? Телефонго эмне жооп бербей жаттыңыз?- суроо үстүнө суроо жаап жатып калды. Бул тың кыздан бирдемени жашырууга же калп айтууга мүмкүн эмес окшойт. Көзүмө тике карап, кашын серпип коюп менден жооп күтүп жатты. Эми буга баарын төкпөй-чачпай айтышым керек.
Мырзайым бир чекитти тиктеп мелтиреп отурду. Менин тагдырым, башымдан өткөн окуялар кино сыяктуу эле сезилди бейм.
- Эми эмне кыласыз?- бир убакта акырын сурады.
- Эмне кылмак элем,.. көрдүң баары бүттү . Канчалык оор болсо да чындыкты мойнума алышым керек. Башка аргам жок.
- Шабдандын дайынын тапкан адамдар ага сиз тууралуу да айтышсачы? Айкыз деген издептир дешип.
- Мүмкүн айтышаар. Эми ал нерсе маанилүү деле эмес,- көңүлсүз жооп бердим.
- Маанилүү болгон үчүн ушунча убак күтүп жүрдүңүз да. Анын үстүнө сүйгөнүңүз Түркияда тура. Стамбул-Измир анчалык узак аралык эмес.
- Мырзайым, муну менен эмне дегени турасың?
- Азырынча эч нерсе дегеним жок. Бирок...
- Эмне бирок? Шабданды издеп Измирге бар дейсиңби? Буга чейин издесем, дайынын билбей издедим, эми бүттү,- ачуум келе түштү.
- Сиз эмес, эми ал сизди издеп келсечи?
- Издебейт, Мырзайым, эмнеге издемек эле. Үй-бүлөлүү адамга өткөн жашоонун кереги эмне...
-Ылайым издебесин,- санааркагандай мени тиктеди.
Убакыт дарылайт дешет. Жок, дарылабайт экен. Убакыт болгону унуткарат, анан да алыстатат тура. Бул жакка келгенден бери мен да көп адамдан алыстап, көп нерсени унутканга аракет кылдым. Өзүм менен өзүм сүйлөшкүм келгенде ушинтип деңиздин жээгине келем. Бүгүн суу бети мемиреп тынч. Кээде шарпылдап, өжөрлөнүп жээкке урунуп калат. Суунун да жан дүйнөсүндө биздики сымал тынымсыз, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн күрөш жүрүп жаткандай туюлат...
Кафе тарапка басып жөнөдүм. Эрмектен Шабдан тууралуу уккандан бери бул жакка келе элекмин. Эл анчалык көп эмес экен. Оң тарапка бош орунга отурдум. Ошол учурда бурчтагы столдо отурган Мырзайым менен түрк жигити көзүмө уруна түштү. Каап, бекер келипмин, мени көрсө ыңгайсызданып калбагай эле. Байкап кала элегинде кетейин. Акырын туруп жөнөгөнүмдө Эрмек мени байкап калды.
- Эже, мен мындамын,- ылдам басып жаныма келди. Көпкө күтүп калдыңызбы? Кечирим сурайм, байкабай калган окшойм келгениңизди.
- Чүшш, мен башка күнү келем,- Мырзайым отурган тарапка ымдап көз кысып койдум.
Эрмек күлүп жиберди: "Сиз туура эмес ойлоп алдыңыз, тиги мырза Мырзайым эженин өнөктөшү. Чогуу жаңы жумуштун келишимин талкуулап жатышат".
- Ошондойбу?- уяла түштүм. Анда отурайын. Мага эмне алып келүүнү өзүң билесиң ээ?
Мырзайым экөөбүз үйгө чогуу кайттык. Бүгүнкү окуяны айтып берип каткырып күлдүк.
- Ай-иий, эже, мени ошол түрк жигитке ыраа көрдүңүзбү?
- Билбейм, ошенттим окшойт.
- Сиңдиңиз анчалык акылсыз эмес. Апамдарга убада бергем, кыргыз жигитке гана турмушка чыгам.
- Өткөндө жолугушуум бар деп кеткенсиң. Бирок эч нерсе айтып бербедиң,- өзүнө окшоп кашымы серпип жооп күтүп калдым.
- Ооба, жолугушууга бардым. Бирок биз бири-бирибизди жакшылап биле элекпиз. Ошондуктан бир нерсе деп айтууга азырынча эрте.
Менден кичүү болсо да акылдуу, ойлонуп иш жасаган сиңдим бар. Мен үчүн да санаа тартып, ойлонуп жүрөт акыркы күндөрү.
- Эже, көңүлүңүзгө жакын бирөө-жарым барбы?- капыстан сурады.
- Эмнеге сурадың? Мен сага баарын айтып бербедимби.
- Мен Шабдан тууралуу сураган жокмун. Сизди жактыргандар, сөз айткандар барбы деп жатам.
- Жок окшойт. Байкаган жокмун,- ошол учурда оюма Ислам кылт этти.
- Байкасаңыз да байкамаксандыкка салдыңыз, туурабы? Ошенттиңиз, анткени акыл-эсиңизди, жүрөгүңүздү бир өзүмчүл адам бүтүндөй ээлеп алган турбайбы. Бирок эми байкай жүрүңүз, себеби жүрөк аз-аздан өзүнө келе баштады.
- Мырзайым, сен чын эле 23 жаштасыңбы?
- Эмнеге?
- Сенден чыккан ойлор өз курагыңа оордук кылбайбы? Чоң энемдин насаатын уккандай болуп жатам. Экөөбүздүн ордубуз алмашып калган бейм.
- Айкыз эже, кеп куракта эмес, ойлогон оюбуз менен жасаган ишибиздин дал келүүсүндө болуп жатпайбы. Апам мени абдан эркин чоңойтту. 18 жашымда чет өлкөгө чыгам дегенде да каршы болбоду. Эркиндигиме кошо мойнума жоопкерчилигимди кошо артты. Жоопкерчилик өз бийлигин калыс жүргүзгөн жерде эркиндик эч качан чектен чыга албайт.
- Менин гений сиңдим, акылдуум,- кучактап чачынан сыладым. Кудайым багыңды берсин.
Стамбулга келгениме 1 жыл болду. Атам менен апамды абдан сагындым. Ар жолу кетмекчи болуп чемоданымды чогултканымда Мырзайым токтотот. Чогуу кетебиз, бир аз чыда дейт. Уяла түшөм. Менден кичүү болсо да жашоого болгон көз карашына, бийик дүйнө таанымына баа берем. Бир күнү үйдө отурсам шашып кирип келди.
- Эже, үйдөсүзбү?- көздөрү бакырайып коркуп алыптыр.
- Эмне болду? Мынча коркуп калгансың?
- Мен айткандай болду. Мен корккон нерсе болду, Айкыз эже.
- Түшүндүрчү, бай болгур! Деги эмнени эле айтып жатасың?
- Шабдан Стамбулга келиптир.
(Уландысы бар...)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5