5-БӨЛҮМҮ...
Жумуш күнү бүтүп баратты. Негедир Исламдан дайын жок. Бул эмнеси, коңгуроо кылам деп коюп эмдигиче кабары жок. Үйгө жеткирет деп жалгыз караңгыга калмак белем. Мен да кызыкмын, аны эмнеге күтүп жатам? Өзүмчө сүйлөнүп кийине баштадым. Мүмкүн мени сыртта күтүп жаткандыр. Жок, көрүнбөйт. Тез-тез басып аялдамага жөнөдүм.
- Айкыз!
Жүрөгүм дүкүлдөп кетти. Ислам! Мени көздөй чуркап келатты.
- Эмне күтпөй кетип жатасың?
-Жумуш бүттү да.
- Жүрү кеттик.
Колумдан жетелеп чуркап жөнөдү. Аппак кар астында жетелешип чуркап бараткан экөөбүз.
- Токтойлучу, Ислам, тамагым ачышып кетти.
- Чуркай албайт турбайсыңбы.
- Жөн эле басалычы,- Ислам менен жетелешип чуркаганыма өзүмчө ыңгайсызданып кеттим. Эмне кылып жатам? Жетелешип чуркагыдай жаш бала же сүйүшкөндөр белек?... Кээде ушинтип өз кылганым өзүмө жакпай калганда ичим уйгу-туйгу болот. Азыр да ошентип бараттым.
- Мына, машинага да келип калдык. Сени жөө бастырайын деп машинамды атайы бул жакка таштап бардым. Билесиңби, Айкыз,- Ислам жай сүйлөп баштады. Сен менин жашоомдогу бир адамга өтө окшошсуң. Бирок келбетиң гана. Жан дүйнөң, көз карашың, мүнөзүң такыр башка.
Исламдын мени кимге окшоштурганын дароо түшүндүм. Демек, бүгүн Адеми тууралуу сурасам болчудай.
- Адеми тууралуу сурасам болобу?
- Сура, бирок сураганыңа деле арзыбайт го,- Исламдын өңү өзгөрүп түнөрө түштү. Жүрөгүндөгү жарасына тийип алдым. Жаралуу адам бирөөнүн жарасы кандай сыйрылаарын жакшы билет. Кимдин Айкызы болдуң экен деген Исламдын сөзү менин да талуу жериме тийип, бир топ күн сыздатып жүрбөдүбү. Каап, бекер эле сурадым да... Сөзүбүз үзүлүп эмне кыларымды билбей машинанын үстүнө токтогон карды шилей баштадым.
- Жөн кой, колуң үшүйт,- Ислам артыма келип туруп калды. Кулагыма ысык деми урду. Үшүйсүң, Айкыз, колуң ачкычты бурай албай калат.
- Жардамчы ачып берет,- бурулуп Исламды карадым. Телмирип мени тиктеп туруптур.
- Айкыз, сен сурооңо жооп ала элексиң.
- Сөзүмдү кайра алдым, Ислам. Каалабай турсаңыз айтуунун кажети жок.
- Жок, айтышым керек. А сен ук, угушуң шарт. Бирок мени аяба, мага бирөөлөрдүн аянычтуу көз карашы, анан да акылдуусунган насаат сөзү керек эмес. Жөн гана ук, жашооңо сабак болчу жери болсо эсиңе түйүп ал.
Ислам экөөбүз кар астында жай басып жөнөдүк.
- Адеми менин сүйгөнүм болгон. Чогуу окудук, жакшы мамиледе жүрдүк. Ошол жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. Биз бири- бирибизди катуу сүйдүк. Ооба, айрыкча мен. Аны көрбөсөм тамагымдан аш өтпөй, күнүм токтоп калгандай сезилчү. Адеми кечиксе же келбей калса өзүмдү жерге коё албай калчумун. Биз келечекке көп пландарды койчу элек. Бактылуу жашайбыз, балдарыбыз көп болот деп кыялыбыздагы үй-бүлөбүздүн портретин тартканыбызчы. Бирок Адеми көз көрүнөө өзгөрө баштады. Мени менен жолугуудан качып, болбогон нерседен чыр чыгарат. Себебин сурасам унчукпай кутулат. Сүйсөң кылычка да башыңды тосот экенсиң. Баарына чыдадым. Ошондой күндөрдүн биринде дайынсыз кетти. Окуусу да калды. Издебеген жерим, сурабаган адамым калбады. Ар ким ар кайсыны айтты. Бирок чындык 2 айдан соң ачыкка чыкты.
Адемини капыстан чоң соода түйүнүнөн кездештирдим. Мени көрүп терс бурулуп кетти. Артынан чуркап жеттим.
- Адеми, кандайсың, кайда жүрөсүң? Эмнеге кабарыңды таптырбай жүрдүң? Сабагың да калды.
- Ислам, кет! Алдымда башка Адеми турду.
- Ал эмне дегениң? Сени 2 айдан бери издейм. Араң таптым, эми эч жакка коё бербейм, сагындым сени,- кучактап боорума кысмакчы болдум.
- Мени жайыма кой,- үнү өкүм чыкты.
- Ал эмне дегениң? Сага эмне болду?
- Мен башка адамды сүйөм, ага турмушка чыккам. Ал сага караганда алда канча бай. Анын үстүнө мени сүйөт.
- Мен сени кандай сүйөрүмдү билбейсиңби?- чебеленип кеттим.
- Сенин сүйүүң мага акча, байлык болуп бермек беле,- сынай карады Адеми.
- Адеми, бул тамаша да ээ?
- Ислам, бул чындык. Артымдан ээрчибе, мен сени тааныбайм мындан ары,- шарт бурулуп басып жөнөдү.
Артынан барып колунан булкуп токтоттум.
- Сен ойлонуп сүйлөп жатасыңбы? Кандайча мени тааныбай каласың? Адеми, эсиңе кел.
Ошол учурда жашы 50лөргө таяп калган киши ары жактан басып келди.
- Жигит, тынчылыкпы?
- Кечиресиз, сиз аралашпай эле коюңуз.
- Абайлап сүйлө, иничек. Менин аялымдын колун кармаган сен кимсиң?
-Эмне? Аялым?- болуп жаткан нерсеге толук түшүнбөй башым дүңгүрөп кетти.
- Жүрүңүз кеттик, бул бир аз оорулуу неме окшойт. Элдин баарына ушинтип жатат,- Адеми жанагы кишини колтуктап узап баратты. Кулагым эмнелерди укту? Жан адамга теңебей аздектеген, жүрөгүмдү сууруп берчүдөй болгон сүйгөнүм мени оорулуу адамга теңеп басып кетти ээ..
Өз сүйүүм өзүмө душман, как жүрөгүмө сайылган канжар болду. Канча турдум ким билсин, бирөө капыстан жөөлөп өткөндө эсиме келе түштүм.
Мынакей, сүйгөнүм деген Адеми дал ушундай кылган. Менден байлыкты жогору коюп кетти. Канчалык жек көрсөм да ага болгон сүйүүмдү жүрөгүмдөн өчүрө албай койдум. Үйлөнсөм унутаармын деп ойлодум. Кыз жакпады. Канчалаган сулуу кыздар менен тааныштым. Мен алардын ар биринен Адемини издей берем. Сүйүүдөн көңүлүм үч көчкөн журттай калыптыр. Жакшы кызматка орноштум, дос күттүм, аброй топтодум. Бирок дале коломтомо от тутантып, жаныма шерик болчу түгөй таппай келем.
- Адам тагдырдын буйругунан эч кайда качып кутулбайт. Сизге да бирөө кастарлап кызын багып жүргөндүр, - көңүл улай сүйлөдүм.
- Айкыз, үйлөнүп алыш кыйын дейсиңби, менде баары бар. Көңүлүм сүйбөгөн адам менен кантип жашайм. Бирөөнүн убалына калыштан корком. Жашым да 29га келди. Мен курактуулар 3-4 балалуу болгон. Аларды көрүп мен да бапырап үй-бүлө күтүп, балалуу болгум келет. Сага жолуккандан бери ушул нерсени көбүрөөк ойлончу болдум. Жашырганда эмне, жүрөгүмө жакын кабыл алдым сени. Башкалардан таппаган жылуулуктун демин сенден сезгендеймин. Айкыз, мени жаман көрбө, оюмдагыны жашырбай айткан адатым бар.
- Эмнеге жаман көрөйүн, сиздеги арман менде жок дейсизби. Адеминин дайынын билип көңүлүңүз сууган тура сиздин, а менчи? Дарегин таппай же кабарын укпай ушунча убакыттан бери тирүүнүн өлүгүндөй болуп жашап жүрөм го. Мурда кандай сүйсөм, азыр деле ошондой сүйөм. Жүрөгүм согуп турганда анын ордун эч кимге бошотуп бергидей эмес,- канча кармансам да көзүмдүн жашы мөлт дей түштү.
- Айкыз, демек сенин сүйгөнүң бар экен да?- Ислам бир чети таң калып, бир чети өкүнө сүйлөдү.
Бүгүн биринчи жолу Исламдын көзүнө тике карадым. Бири-бирин аяган, арманга толгон көз караштар...
- Ооба, Ислам, жүрөгүмдө сүйгөн, күткөн адамым бар. Аны сизден жашыруунун өзү күнөө. Бизди байлык же акча эмес, тагдыр ажыратты. Бирок мен дагы деле тагдырыма моюн сунгум келбей, кыялымдагы жашоону күтүп жашап жүрөм. Бир күнү эшигимди кагып кирип келчүдөй сезиле берет.
- Айкыз, оор тийсе кечир, бирок сурашым керек. Ал азыр кайда?
-Билбейм, Ислам, билбейм. Билсем ушинтип жүрмөк белем. Мындай кунарсыз жашоодон чарчадым. Мен өзүмдү ошондо эле Шабдан менен кошо жоготкон экем. Өзүм өзүмө окшобой калганыма көп болду. Ушул жерден сөзүбүз үзүлүп тунжурап калдык.
- Үшүдүң, Айкыз. Сени жеткирейин,- артка кайрылып машинаны көздөй бастык.
Телефондун коңгуроосу ойготуп жиберди. Тураар мезгил болуп калган экен. Будильникти өчүрүп жатып телефонума келген билдирүүнү көрдүм. " Бейпил түн! Жакшы жатып, жай тур. Ислам." Качан жөнөттү экен? Кызык, түнкү саат 3тө жазыптыр. Бети-колумду жууп, шам-шум этип алып жумушка жөнөдүм. Сыртта кыш. Качан жаз келээр экен? Ар жылы жаздан жакшы жаңылык күтө берем...
Бул аралыкта Ислам көрүнбөй кетти. Телефон да чалбайт. Сүйгөнү болсо орто жолдон чыга калып эмне кылам дегени да. Үйгө кирип келатып ашкананын жарыгы күйүп турганын көрдүм. Ким келди үйгө? Шашылып эшикке ачкычты салдым. Ачылбады. Ошол учурда ички кулпу буралып, эшикти апам ачты.
- Апа, кош келдиңиз!
-Келдим, кызым. Кир, кире гой. Босогодон учурашпайт,- апам колундагы сүлгүсүн далысына арта салды.
Бутумду шашылыш чечип, апамды кучактап калдым.
- Алтын апам, аябай сагындым сизди.
- Каралдым десе, биз да сени сагындык. Барып кабар алып кел деп атаң бир жумадан бери кулагымдын кужурун жейт. Бүгүн боорсок, сары майымды көтөрүнүп келип калдым.
- Эң сонун. Курсагым кабышып калды, апа. Чогуу чай ичели.
Чай үстүндө апам экөөбүз узак сүйлөштүк. Апам эч зерикпейт. Ар бир жаңылыкты түстүү кино тасмадай кылып айтып берет. Өткөн- кеткенди сүйлөшкөнүбүз менен менин жеке жашоом тууралуу ооз ачпадык. Бул тема баарыбыз үчүн жагымсыз.
- Кызым, ылдыйкы көчөдөгү классташың ким эле? Мыскалдардын кошунасычы?
- Жамилабы?
- Ии, ооба ошол. Келгиче деги атын эстей алсамчы.
- Тынччылыкпы?
- Эмнесин сурайсың, кызым. Бечаранын кечээ тажиясы болду.
- Жамила өлүп калдыбы? Кантип?- көзүм алайып апамды тиктедим.
- Күйөөсү катуу сабап, аз келгенсип суукта сыртка сүйрөп чыгып, эшикти ичинен илип уктап калыптыр. Жылаңаяк, жука көйнөкчөн экен. Эртеси эрте менен сөөгүн короосунан табышыптыр. Тоңуп калыптыр дешти бечараны.
Уккан кулагыма ишенбей отурдум. Байкуш классташым. Окууну бүтөөрү менен ала качып кетип, отуруп калган эле. 2 же 3 баласы болсо керек.
- Апа, эми балдары эмне болот?
- Ким билсин, кызым. Кечээ күйөөсүн да милиция алып кетиптир. Пешенеси курусун, токмоктон башы чыкпай жүрүп өлүп кетти кайран кыз,- апам терең үшкүрүп алды.
- Ии баса, Айкыз, Гүлүмкан таэжеңдин Түркияда иштеген кызын билесиң да.
- Кимиси ал жакта иштейт?
- Кичүү кызы. Мырзайым.
- Ооба, апа. Менден 2-3 жаш кичүү болсо керек. Мектепти бүтөөр жылы көргөм. Андан бери канча мезгил өттү, тааныбай да калдык окшойт бири-бирибизди. Мырзайым эмне болуптур?
- Өткөндө Гүлүмкан чалган. Мырзайым менен сүйлөштүм. Айкыздын телефон номерин сурап жатат дейт. Кызымдан бир ооз сурап анан берейин дедим.
- Берип коё бериңиз. Чет жерде жүргөн неме туугандарын сагынгандыр да.
Апам экөөбүз божурап түнкү саат 12ден өткүчө сүйлөшүппүз.
- Кой, каралдым, сен эс ал. Эртең жумушка барасың.
- Сиз дагы 2 күн туруп кетиңиз. Караңызчы үйдүн ичи толуп жыргап калдык. Атама айтып коём телефондон.
- 2 күн дейсиң да кокуй. Эртеңден калсам атаң издеп чыгат. Карыган сайын жанынан карыш жылдыргысы келбей балээ болду.
- Эх-хеее, апа, анда сүйүүңөр күчөп баштаган го,- жыргап күлдүк.
- Койчу кайдагыны сүйлөбөй. Сүйүү-пүйүү бүтпөдүбү. Жашың өткөндө аял-күйөө бир туугандан да жакын болуп калат экенсиң. Атаң экөөбүз тирүүбүздө сенин да бактылуу болгонуңду көрүп, балдарыңды жыттасак экен.
- Силер али көп жашайсыңар. 90 жаштан өткөнүңөрдө гана өлгөнгө уруксат силерге.
- Ок десе, ошентип да айтабы. Кудай берген жашты жашайт бардык пенде,- апам жакасын кармап тобо келтирди.
Эртеси апам айылга кетти. Жумуштан бошобой узата да албадым. Бул мамлекеттик жумуш дегениң колу-бутуңа салынган кишенден да жаман. Иш убактың бүтмөйүнчө эч кайда чыкканга мүмкүн эмес.
Билинбей жаз жакындап келатат. Мезгил кербен сыяктуу карап турсаң. Ылдам да өтпөйт, токтоп да калбайт. Бир калыпта чубалып 4 мезгил алмаша берет. Быйыл 26- жазымды тосот экенмин. Өмүр кемеси толкун жиреп алдыга сүзүп баратат. Кээде толкун, кээде жымжырт жашообуз. Толкун болгондо термелебиз, чайпалабыз, кээде төгүлөбүз. Кайра көл тынчыган сыяктуу жашообузда да бейпил күндөр өкүм сүрүп билинбей күндөр айга алмаша берет.
Телефонум шыңгырады. Ислам экен.
- Айкыз, кандайсың?
- Жакшы. Өзүңүз?
- Сага жолугайын дегем, каршы болбосоң жумуштан соң чогуу тамактансак.
- Макул.
- Сүйлөштүк анда. Жумушуңдун алдында күтөм.
Ислам экөөбүз жолукпаганыбызга көп болду. Адеми тууралуу сүйлөшүп, мен Шабдан жөнүндө айткандан кийин 1 гана жолу телефонума билдирүү жөнөткөн. Бүгүн эмнени сүйлөшөт болдук экен?..
Кафенин өзүнчө кабинасына отурдук. Ислам негедир өңдөн азып калгандай көрүндү. Маанайы да жоктой.
- Иштериң жакшыбы, Айкыз? Кандай жаңылыгың бар?
- Баары эле өз нугунда. Жумуш анан үй болгону.
Ошол элеби?- Ислам шире куюп алдыма койду.
- Ооба, ошол эле. Андан артыгын күтпөй деле калгам.
- Жеке фронт дале тынчпы?
Ууртаган ширемди араң жуттум. Эмнеге сурады? Башымды ийкедим.
- Тынч болгону жакшы эмес, Айкыз. Фронтто же жеңиш, же жеңилүү болушу керек. Жүрөгүңдөгү согуш талаасына жакында бир куралчан жоокер кирет. Өтө өжөр неме. Же жеңет, же өлөт. Бул жолу сенден уруксат суралбайт. Анткени согуш капыстан жана эскертүүсүз башталат.
(Уландысы бар...)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8