4-БӨЛҮМҮ...
Кошунам Анипа эже экен.
- Кандай, Айкыз? Жумуштан бүгүн кеч келдиңби? Күндө келээр маалыңда эшигиңди каксам ачпадың.
- Ооба, эже, ачкычымды жумушка калтырып коюпмун. Үйгө келген жеримден кайра барып алып келбедимби.
- Каап, убара болгон турбайсыңбы. Ии баса, мен сага кирген себебим мындай: эртең тиги Жамалдын туулган күнү экен. "Азиза" кафесине саат 6га чакырды.
- Эже, мен барбай эле коёюнчу. Белегимди сизден берип жиберейин.
- Ал эмне дегениң, өзүң барбасаң белегиңдин эмне кереги бар. Аркы- беркини сүйлөп шылтоо издебе. Эртең жумушуңдан суранып бир аз эрте чык, кечикпей баралы,- макул дегендей күлүп коштоштук.
Эртеси жумуштан 1 саат эрте чыктым. Дүкөндөн белек карашым керек. Жамал эжеге эмне берсем? Кандай белектерди жактырат болду экен? Ар кайсы нерсени кармалап жүрүп дүкөндүн текчесиндеги орхидея гүлүнө көзүм түштү. Жамал эженин үйүндө да гүл абдан көп. Насили, бардык аялзаты эле гүлгө жакынбыз. Болду, белекке гүл алам.
- Саламатсызбы, бул орхидея гүлү канча турат?
- Кечиресиз, бул гүлдөр сатылбайт,- дүкөнчү кыз сылык жооп берди.
- Эмнеге? Мага гүл керек эле да.
- Кааласаңыз мен сизге гүл саткан дүкөндүн дарегин берем.
Сатуучу кыз берген дарекке жөнөдүм. Чын эле гүлдүн түрү жайнайт. Көптүгүнөн кайсынысын алаарыңды да билбей калат экенсиң.
- Сизге кандай жардам?- тыпыйган кыз жаныма басып келди.
- Белекке бергенге гүл алайын дегем. Мүмкүн болсо орхидея.
- Жүрүңүз, орхидея гүлдөрү бул тарапта.
Мына сага, бир эле гүлдүн ушунча көп түрү бар экенин билбепмин. Гүлдүн түрүнөн баш айланат. Биринен бири кооз.
- Мага жардамыңыз керек,- дүкөнчү кызга жылмайдым.
- Чын дилимден. Белекти кимге бересиз?
- Кошуна эжеме. Бүгүн анын туулган күнү.
- Мен сизге бул гүлдү сунуш кылам,- сатуучу кыз гүлдөрдүн арасынан бажырайып сапсары гүлдөгөн орхидеяны колума карматты.
Кийинип даяр болуп калганымда коңгуроо кагылды. Анипа эже экен.
- Айкыз, даярсыңбы? Кечикпей баралы.
- Эже, чачымды бирдеме кыла коёюн.
- Узун чачты эмне кылмак элең. Өрүп артыңа таштап кой, же жарашыктуу кылып түй. Сага негизи баары жарашат.
- Макул, эже. 10 мүнөттө даяр болом.
Залда эл көп экен. Бир аз кечиге түшүппүз. Кошуналарга бөлүнгөн стол орто ченде экен. Бизди көрүп кол булгап калышты. Жакшы эле келген экенмин. Үйдө камалып ар нерсени ойлоп отурганча кошуналар менен көңүл ачкан сонун тура. Бир убакта бий башталды. Бир аз "сеп" этип алганга элдин баары көңүлдүү. Биз отурган столдо бир- экөөбүз эле калыппыз.
- Айкыз, эмне отурасың? Кел, бийлейбиз.
Анипа эже бийлебейм деген оюма койбой алып чыкты.
- Сендей кезимде оттой болчумун. Сен болсо сексендеги кемпирдей болуп отурасың. Бийле, бойдокторду чап, жакканын мага көрсөтүп кой. Тимеле жанын сууруп алайын.
Эженин сөзүнө жыргап күлүп калдык.
- Макул, жакса эле сизге көрсөтөм. Бирок этият кылыңыз, бирөөнүн баласын жаткыра чапсаңыз догуна калып жүрбөйлү.
Эже андан бетер каткырды.
- Сен көрсөт, чапканды мага кой.
Ошол учурда артымдан бирөө келип, аста каруумдан кармады. Ислам! Бул кайдан? Оюма биринчи ушул нерсе келди.
- Ислам, сиз кайдан?
- Эжемдин туулган күнүнө келгем.
- Жамал эженин иниси болосузбу?
- Ооба, атамдын бир тууган карындашы болот.
- А биз кошуна жашайбыз.
- Билем.
- Кандайча?
- Эжемдикине келип анан сени аялдамадан көрүп атпаймынбы.
- Мен Адеми эмесмин да.
Исламдын көздөрүндө баягы муздак учкундар пайда болуп, жаак эттери түйүлө түштү. Ошондо гана өзүмдүн туура эмес сүйлөп алганымды сездим.
- Кечирип коюңуз, мен байкабай сүйлөп алдым.
- Эч нерсе эмес. Жүрү, андан көрө бир аз таза абага чыгып келели.
Сыртта кыйла суук экен. Күз өз өкүмүн жүргүзүп жатканы сезилет.
- Сен Айкызсың да ээ? Айкыз экениңе мени ишендирген алдагы узун кара чачтарың гана. Анан кирсиз, баёо тиктеген көздөрүң. Бирок кимдин Айкызы болдуң экен?
Исламдын бул сөздөрү унутулуп бараткан жарамды кайра чукуп алгандай болду. Кимдин Айкызы элем? Шабдандыкы болчумун, жалгыз гана анын Айкызы болгум келчү. Эмичи? Жөн гана Айкызмын. Шабдан мени сүйсө ушул убакка чейин эмне издебейт, жок дегенде кабарын билсем гана. Арадан ушунча мезгил өтсө да жүрөгүмдөн өчпөй келатпайбы. Мүмкүн үй-бүлө күткөндүр. Мени турмушка чыкты, ошол үйдө калды деп үмүтү үзүлүп кетти да.
Ыйлап жатканымды өзүм сезбепмин.
- Айкыз, сага эмне болду? Эмне ыйлап жатасың?- эч нерсе түшүнбөгөн Ислам дендароо болуп калды. Мени кечир, бул сөз сага ушунчалык оор тиерин кайдан билдим. Суранам, ыйлаба,- эмне кылар айласын таппай чөнтөгүнөн тамекисин алып күйгүзө баштады. Акырын башымды көтөрүп жашымды сүрттүм да, ичкери кирип кеттим. Туулган күн өз нугунда шаңдуу уланып жаткан экен. Сумкамды алып эшикке чыкканымды эч ким байкабады. Сыртта Ислам жок экен. Кафеден аялдамага чейин бир топ бар. Корксом да тобокел деп жөнөдүм. Бир аз басканымда эле артымдан машинанын жарыгы көрүндү. Өтүп кетсин деп жолдун четине чыгып токтоп калдым. Ислам экен.
- Айкыз, отур машинага жеткирип коёюн.
- Жок убара болбоңуз өзүм эле кетем.
- Жакын арада такси да көрүнбөйт. Жалгыз кайда барасың?
- Баса берейинчи.
Машина токтоп Ислам түштү да, колумдан тартып отургузуп койду.
-Кыйыктана бергендин эмне кереги бар. Күндүз болсо го ушинткениңде жаныңдан шар айдап кете бермекмин. Түн ичинде сени кантип жалгыз коё берем. Шаар деген айыл эмес да, кааласаң түн ортосунда туруп алып аралап кете бергидей.
- Сизди убара кылгым келбеди.
- Кызык, эмненин убарасы, сен болбосоң деле кетмекмин да.
-Кеткениңиз менен жолубуз башка да.
- А мен экөөбүздүн жолубуз бир болушун каалайт элем,- Исламдын бул сөзү табышмактуу угулду.
- Мына келип калдык. Рахмат сизге.
- Айкыз, телефон номериңди бере аласыңбы?
Кыйылып туруп калганымды сезип: -Мейли, бергиң келбей турса кыйнабайын. Дагы көрүшүп калаарбыз. Жакшы түш көрүп жат, анан жанагынтип ыйлачу болбо,- эски тааныштардай күлүп коштошту. Исламдын машинасы жолдон бурулуп көрүнбөй калгыча артынан тиктеп турдум.
Табият сары көйнөгүн ак тонуна алмашкан. Өмүрдүн дагы бир кышы. Жумуш күнү аяктаса да мен чыга элекмин. Сырттагы кар денемди эле эмес, жан дүйнөмдү да муздатып бараткандай сезилет. Ордумдан туруп кийине баштадым. Баягы эле жымжырттык өкүм сүргөн үй күтүп турганын эстегенде ичиркене түштүм. Сыртка чыгып үйгө эмес парк тарапка барчу жолго салдым. Бүгүн негедир көңүлүм уйгу-туйгу болуп жакшы иштей да албай койдум. Жакында жаңы жыл. Шабдансыз тосуп жаткан төртүнчү жаңы жыл. Убакыттын өткөнүн карачы. Ар бир күнүм аны эстөө менен башталып, жаздыктагы көз жаш менен аяктайт. Канча аракет кылсам да эч унута албай койдум. Көз алдымда топ балдардын тепкисинде калган учур элестей берет. Мен үчүн барды, мен үчүн таяк жеди, көөдөнүндөгү мага болгон сезимин ачык айтты. А менчи? Капаска түшкөн чымчыктай алдастагандан башка эмне келди колумдан. Өз башыма өзүм ээ болбой, тагдырымды башкалар калчап туруп алышпадыбы. Бирок мен жазмышка баш ийгим келбеди. Сүйүүмдүн баасын кара жаныма өлчөп качып чыктым. Көргөн азабым, тарткан тозогум баары сен үчүн, Шабдан. Ушунча убакыттан бери дарегиңди билбесем да курган жүрөк сени күткөнүн төгүндөй албай жатпайбы... Сени унута түшсөм өзүмдү күнөөлүү сезем. Бир күн жарк этип кирип келчүдөй болуп күтүп жүрөм. Кайдан, кайдан, бул бир куру кыял да. Билип туруп өзүмдү кыйнап жүрөм. Үмүт деген кыйын тура. Жүрөгүң согуп турганда үлпүлдөсө да үмүт шамы өчпөйт экен.
Аялдама тарапка жөнөгөнүмдө караңгы алда качан түшкөн эле. Жетем да эптеп. Үйгө барганда 4 дубалдан башка мени ким күтүп алмак эле.
- Айкыз, сенсиңби?- кайдан- жайдан маңдайымда Ислам пайда болду. Мынча кеч кайдан? Үшүп да калыпсың. Үйгөбү?
Башымды араң ийкедим. Тоңуп калганымды ошондо сезип жатпайымбы. Сүйлөгөнгө да алым калбаптыр.
- Машинам бузулуп ремонтто. Мен да сага окшоп автобус күтүп калдым. Жүр, такси кармайлы, сен катуу үшүп калыпсың.
Зуулдаган такси заматта үйгө жеткирди. Үчүнчү кабатка көтөрүлгөндө артымдан Ислам да келатканын көрдүм. Сумкамды ачып ачкычты алганым менен эшикти ача албай койдум. Колум карышып калыптыр. Ислам колумдан ачкычты алып эшикти ачты да, мени кир дегенсип күтүп калды. Босогодон кирип кылчайып карадым. Мени бир башкача, аягандай тиктеп турган экен.
- Айкыз, мен барайын. Сен ысык чай ичип, жылуу оронуп жат. Ооруп калбагай элең. Кол булгап күлүп коштошуп тепкичтен ылдый түшүп кетти. Эшикти жаап шалдайып отуруп калдым. Мен эмне болуп баратам?..
Эртеси кудайга шүгүр туруп кеттим. Жумушта отурганым менен оюм чаржайыт. Терезени ачтым. Кар жаап жаткан экен. Аппак карлар алаканыма түшөөрү менен эрип жоголуп жатты. Дал менин сүйүүмдөй. Бир татына болуп учуп келатып, колуңа кармаарда жок болот. Алаканга кардын токтобошун билип туруп кайра эле тосо беребиз. Менин сүйүүм да ушундай, дарегин, кабарын билбей жөн гана күтүп жүрөм. Канча күтөөрүм да белгисиз, мүмкүн өмүр бою...
- Биздин сулуу эмне жөнүндө ойлонуп жатты экен, ыя? Биздин бөлүмдөгү Нургазы. Дайым ушинтип бакылдап сүйлөйт. Отуз бирге келсе да али үйлөнө элек. Бир кездеги сүйүүсү жөнүндө көп айтып калат. Байдын кызы болгон экен сүйгөнү. Нургазыны теңсинбей бербей койгон дешет. Ошол бойдон үйлөнбөй жүрөт бул да.
- Сонун кар жаап жатат карасаңыз.
- Чын эле, мындай жааса эртеңге чейин тизеден жаап салат го.
-Андай болсо укмуш жыргабайт белек. Кыздар чогулуп сизди сүйрөп чыгып карга басмакпыз.
- Анда эле өлдүм го, өзүм деле үшүкчөөлмүн.
-Жаштыгыңызда чана тепчү белеңиз?
- Ой-иий, сураба. Чана менден калган да. Класска чанамды сүдүрөп кирип эжейден көп эле уруш укчумун.
Балалыгымды эстеп өзүмчө жылмайып алдым.
- Сен кетесиңби?
- Ии.
- Анда ала кетейин. Инимдин үйүнө бармакмын. Силер тарапта эмеспи. Сен кийинип чыга бер, мен машинаны жылыта берейин.
Мен чыкканда Нургазы машинасын буруп күтүп калган экен. Арткы эшикти ачып отуруп баратып жолдун аркы бетинде мени карап турган Исламды көрдүм. Бул жерде эмне турат болду экен? Жумуштары менен жүргөндүр. Канчалык башка нерсени ойлосом да, мүмкүн мени күтүп тургандыр деген ой мээмден кетпей койду.
Экинчи көчөгө өткөнүбүздө артыбыздан келаткан Исламдын машинасын көрдүм. Ошол, дал өзү. Бир убакта катуу ылдамдык менен бизди басып өттү. Көздөрү көзүмө кадала түштү. Баягы муунткан муздак көздөр.
- Бул эмне кутуруп кеткен немеби? Ушуга окшогон кымбат машина минип өлөр тирилерине карабай эсирип айдагандардан тажадым. Ушинтип учуп баратып анан бейкүнөө бирөөнүн канына забын болуп жатышат да,- Нургазы Исламга жинденип сүйлөп баратты.
Үйдүн артынан түшүп калдым. Кар дале жаап жаткан. Короого жакындаганда дал менин подъездимде токтоп турган Исламдын машинасы көзүмө урунду. Жанына келип кирип кете албай туруп калдым. Ислам негедир түшпөдү. Караңгылатылган терезесинен улам машинанын ичинде бары-жогу билинбеди. Демек менин артымдан келген эмес. Баса, бул жерде эжеси бар эмеспи. Ошонукуна келгендир. Экинчи кабатка жетээримде машинанын эшиги шарт ачылып Ислам түштү да, артымдан чуркап чыкты.
- Айкыз, кандайсың?
- Мен жакшы. Өзүңүз?
- Жумуштан келдиңби?
- Жумуштан келгенимди көрдүңүз да. Артыбыздан келип бизден ашып кеттиңиз го.
-Байкап калдыңбы?
- Кесиптешим ала кетейин дегенинен макул деп машинасына түшүп жатып сизди көрүп калдым.
- Демек силер кесиптеш эле турбайсыңарбы? - терең дем алып жеңилдей түштү. Мен ошондо гана анын баятан берки оюна түшүндүм.
- Ооба, бир бөлүмдө иштейбиз. Инисинин үйүнө барат экен. Мени жолдон таштай өттү.
- Айкыз, сени менен сүйлөшсөм дегем,- айтаарын айтып алып кысына түштү.
- Айта бериңиз.
- Бул жерде болбойт го, анын үстүнө суукта үшүп калсаңчы. Телефонуңду берсең, мен сага өзүм байланышайын. Суранам, ушул жолу жок дебе, - Ислам эки алаканын бириктирип көкүрөгүнө койду.
Бул жолу бербей коё албадым...
- Рахмат, мен сага эртең жумуштан бошогонумда чалам. Айтып коёюн, эртең сени үйгө жеткирүү менин кезегим. Алдын- ала брондодум.
-Жакшы барыңыз,- макул дегендей баш ийкеп коштоштум.
- Жакшы кал.
Кандай чуркап чыкса дал ошондой чуркап түшүп кетти. Бир аздан кийин машинасынын от алганы угулду.
Үйгө кирип тамак да жасабадым. Жалгыздык курусун, жалкоо да болуп бүтөт экенсиң.
( Уландысы бар...)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7