3-БӨЛҮМҮ...
- Айкыз, минтип жүрө берсем сени бирөөгө алдырып жиберчүдөймүн. Жүрү, кеттик,- жатаканага жетээрде Шабдан алдымды тороп токтой калды.
- Кайда?
- Сүлүктүгө. Сени үйгө алып кетем.
- Сен шашылып чечим чыгарба, Шабдан. Эми эле ата-энемдин алдына барам деп жатпадың беле?
- Барсам макул болушабы? Жок дешсечи? Мен сени азыр алып кетпесем кайра көрбөй калчудай болуп жатам.
- Кайдагыны сүйлөбөчү. Мен эмне түнү менен бир жакка учуп кетмек белем. Андан көрө сен кайт, мен да жатаканага кирейин. Кечки акылдан таңкы акыл. Экөөлөп дагы жакшы ойлонолу.
Шабданды узатып коюп, бөлмөмө кирдим. Бирок таң аткыча жарытылуу уктай албадым. Жөө тумандай самсаалаган сансыз ойлор колу-бутумду тушап, акыл-эсимдин ичине кирип орноп алгандай.
Эрте менен башым сынып кетчүдөй болуп ойгондум. Араң бети-колумду жууп, эч нерсе ичпестен сабакка жөнөдүм. Мынчалык убакыт узарбаса. 3 сабак 3 күндөй эле болуп кеткенсиди. Жатаканага келээрим менен керебетиме куладым.
Эшиктин катуу такылдаганынан ойгондум. Коңшу бөлмөдө жашаган кыз экен.
- Айкыз эже, сизди сыртта чакырып жатышат, - менден жооп күтпөстөн бурулуп бөлмөсүнө кирип кетти.
Ким чакырып жатты экен? Шабдан коңгуроо кылса укпай калдымбы? Дароо телефонумду карадым. Эч ким чалбаптыр. Саат да кечки алтыдан өтүп калган экен. Кийинип сыртка чыктым. Мени күткөн эч ким көрүнбөдү. Шабдан мени тамашалап бир жерге жашынып алган го деген кыязда короо тарапка бастым. Ошол учурда артымдан карылуу кол кармап, так көтөрүп жөнөдү.
Колу-бутумду кайрып машинага салышканда гана иш жакшы эмес экенин сездим. Машина бурулуп жатакананын дарбазасынан чыгаарда алдыдан Шабдандын келатканын көрдүм.
- Шабдаааан! Менин үнүмдү укканда жалт карады. Алдыңкы ачык айнегинен колумду гана чыгарганга үлгүрдүм. Катуу ылдамдыкта чоң жолго чыккан машина учуп жөнөдү.
Мени апам айткан коңшу айылдагы комбайнчынын баласына ала качып келишиптир. Көшөгөгө кирбей, кирсем да салган жоолугун башымдан алып ыргытып жаттым. Ошол учурда сырт жактан эркектердин топурап чогулганы, кыйкырган үндөрү угулду.
- Айкыыз! Ушул жердесиңби? Мен Шабданмын, сени алып кетүүгө келдим.
Шабдандын үнүн укканда жолумду тоскон аялдарды жарып өтүп сыртка чуркадым. Короонун ортосунда 5-6 эркек жолун тороп, үйгө жолотпой турушуптур.
- Шабдан, мени бул жерге калтырба!- тепкичтен түшөөрүмдө эки каруумдан мыжыга кармап токтотушту.
- Апаң келди!
Кулагым чуулдап барып, чып бүтүп эч нерсе укпай калдым. Көргөнүм көк дарбазадан кирип келаткан апам болду.
- Апаа!- өз үнүмдөн кулагым тарс ачыла түштү. Мени мында калтырбаңыз, мен буларды тааныбайм. Алып кетиңиз, апаке , суранам, алып кетиңиз,- ыйлаган бойдон апама бой урдум.
- Айкыз, бул жерге келбешиң керек эле. Эми болбойт, ушунча элдин назарына калып босого аттап калган кызымды кантип алып кетем,- апам көзүмө карай албай тайсалдап сүйлөдү.
- Апа, артымдан Шабдан келди. Мен сизге айттым эле го. Биз сүйлөшүп жүрөбүз деп айтпадым беле.
- Жап жаагыңды!- тиштенген апам капталымдан бурап чымчып алды. Каласың! Эч кайда кетпейсиң! Баткен да, Шабдан да жок! Унут!
Апамдын чечимин уккан Шабдан чыдабай кетти.
- Антпеңиз, апа, суранам. Бизди ажыратпаңыз. Мен Айкызды сүйөм! Өмүр бою кулуңуз болоюн,- апамын алдына тизелеп чөгөлөй калды.
- Тур өйдө. Кайдан келсең жөнө артыңа. Сага берчү кызым жок менин. Ушунча шерменде кылганың да жетет. Айкыз ушул үйдө калат, - апам мага жалт карады да катуу басып дарбазадан чыгып кетти.
- Коё бергиле! Мен баары бир Айкызды алып кетем,- жулкунган Шабданды жанындагы жигиттер тырпыратып тепкилеп жатып калышты. Ошол жерден эсим ооп жыгылып калыпмын.
Эсиме келсем башымда жоолук, көшөгөнүн ичинде экенмин. Жанымда жеңем отуруптур. Бардык чындыкты ошондо жеңемден уктум. Мени алып качууга апам өзү макул болгон экен. Буркурап ыйлап жеңемди кучактадым.
- Айтыңызчы, Шабданга эмне болду? Ал кантип менин артымдан келди?
- Сени машинага салып жөнөгөндөрдүн артынан калбай кууп келиптир. Аны ушул жердеги балдар аябай сабап салышыптыр. Анан бирөөсү машинасына салып кайдадыр алып кетти дешти.
- Өлтүрүп коюштубу, жеңе?
- Жок, өлтүрбөйт дечи. Адам өлтүрүү оңой иш эмес да. Бирок экинчи сени эстегис кылышты окшойт.
- Жеңе, мени бул жерден алып чыгып качырыңыз,- жалдырап жибердим.
- Ал эмне дегениң, мени апам тирүүлөй отко таштабайбы анда,- өңү бозоруп кетти жеңемдин.
- Анда эртең ушул үйдөн менин өлүгүмдү алып кетесиңер.
- Тек десе! Ошентип да айтабы. Апам күйөө баланы жакшы жигит деди. Жакшы жашап кетээрсиңер,- оозу бош сүйлөдү жеңем.
-Айтыңызчы, сиз Ысык-Көлдөн эмнеге Алайга келдиңиз? Агамы сүйгөн үчүн келгенсиз. Алыс кетсеңиз да, жакшы көргөн адамыңыз менен жашап жатасыз. Сизди да мага окшотуп тааныбаган бирөө ала качып келсе, агамдан баш тартып отуруп кала белеңиз?
- Жок ай. Калмак эмесмин.
- Анда мени эмнеге калтырып жатасыз?- жеңем сөз табалбай калды. Мени бул үйдөн алып чыгасыз. Суранам, жеңе, жок дебеңиз.
- Макул. Маңдайга жазганын көрөөрбүз. Жүрү!- жеңем колумдан бекем кармап ордунан турду.
Бизди ажатканага чыгышты дегенсип, эч ким шек албады. Үйдү айланып караңгы жакка өткөндө жеңем бекем кучактап бетимден өөп ыйлап жиберди.
- Кач! Бирок кантип качасың билбейм. Тобокел кыл. Сен үчүн мен да башыма тоодой балээни үйдүм. Сыртка чыкканда байкабай качырып алдым дейм. Жөнө, багың ачылсын.
Коюу бакты аралап чоң жол тарапка чуркадым. Чөпкө илээшип бут кийимимдин бирөөсү калып калды. Кайрылганга убакыт тар эле. Жылаңаяк чуркап бараттым. Кай тарапка баратканымды да билбейм. Болгону ушул үйдөн алыстасам деп баратам. Айылдын четине чыкканда арттан машинанын жарыгы көрүндү.
- Таптык! Батыраак айда!
Өлдүм, эми чындап өлдүм. Ал үйгө кайра баргандан көрө өлгөнүм жакшы. Жолдон чыгып, ылдый тарапка чуркадым.
- Токто! Токто дейм! Ал жакта бийик жар бар! Кайт артыңа!- машинадан чыккан бирөө артыман кыйкырып келатты.
Бир убакта жер түгөнүп, кургуйлаган тереңдикке кулап бараттым.
Агарган, жымжырт, мамыктай жумшак дүйнөдө жүрөм. Бирок баары күңүрт, көзүмө парда тартып койгонсуп желеленип, эч нерсени даана ажырата албайм. Булуттарга сүңгүп кирип учуп жөнөйм. Чексиздикте токтобой учам. Үстүмдө канатым сыяктуу болгон жеңи узун ак кийим. Айланамда мен сыяктуу учкандар. Баары мага жылмаят, "бийик уч" дегендей белги беришет. Бирок мен алардай жеңил анан да бийик учалбай убарамын... Канат күүлөп өйдө умтулган сайын бирөө бутумдан төмөн тарткандай тырпырайм. Учалбай жатам, канатым болгон ак көйнөк да үстүмө оордук кыла баштады. Мына, жай каалгып төмөн кулап баратам. Эми учууга аракет кылбадым, анткени дарманым калбай бүт жерим жанчылып ооруп баштады. Мен денемдин жан чыдатпай ооруганын барган сайын даана сезе баштадым. Көрсө эсиме келе баштаган экем.
Көзүмдү ачып жанымда отурган апамды көрдүм. Башым сынып ооруп, денеме таш байлап койгонсуп кыймылдай албайм.
- Апа, апа! - негедир апам жакын отурса да мени укпай жатты. Суу, суу бериңизчи,- таңдайым катып суу сурап жаттым.
Бир убакта апам мени көрө сала, палатадан сыртка чуркап жөнөдү.
- Дарыгер, кызым көзүн ачты!
Ооруканада 3 күн эс-учумду билбей жатыпмын. Баш мээмдин чайкалып, акырегим, 2 кабыргам жана оң бутум сынганын айтышты.
- Апа, мени бул жакка ким алып келди?
- Кызым, сага сүйлөгөнгө болбойт деди дарыгер.
Көзүмдү жуумп, болуп өткөн окуяларды эстедим. Караңгыда качып баратып, бийик жардагы кум, топуракка аралашып төмөн кулаганым эсимде бар, андан ары эмне болгонун билбейм.
- Сени ооруканага артыңдан кууп келген машинадагы жигиттер жеткириптир. Бийиктиги 15 метрдей жардан кулап кеткениңди укканда жүрөгүм кабынан чыгып кетпедиби,- апам көз жашын жоолугунун учу менен аарчыды.
-Эмнеге анттиң, кызым? Мага таарынып бир жаның өлүп кете берем дедиңби?
Апама жооп берүүнүн ордуна көзүмдү жууп алдым. Муну менен сүйлөшкүм келбегенин билдиргим келди.
Ооруканада 1 айдан ашык жаттым. Бутума, акырегиме операция жасашты. Акырында үйгө таяк таянып басып келдим. Менин абалымды көргөн атам чыдабай кетти бейм, кучактап алып ыйлап жатты.
- Кудайым чымындай жаныңды аман койгонуна ыраазымын, кызым. Мындан аркы тагдырың өзүңдүн колуңда. Апаң да, мен да кийлигишкенге акыбыз жок.
Айылда ата-энемдин жанында 2 айдай жүрдүм. Окуум да калды. Агам барып кийинки жылы уланта турган кылып сүйлөшүп келди. Дипломдук ишим да жазылып, бүтөөрүмө 3 ай калганда мынтип калганым мага өтө оор тийди. Баарына апамды гана күнөөлөп жүрдүм. Менин окуямдан кийин жеңем да үйгө келе элек. Келсе сурай турган нерселерим көп эле.
Күз келип сабак башталды. Айла жоктон өзүмдөн бир курс кийинкилер менен акыркы курсту кайра окуп баштадым. Шаарга келгенден бир жумадан кийин Шабданды иштеген жерине издеп бардым. Анткени мени ала качып барганда артымдан кууп барган боюнча андан эч кабар болбоду. Канча жолу жеңемден дарегин билип берүүнү сурандым. Бирок такыр макул болбоду. Айтуусуна караганда мени качырганы үчүн агам жазасын бир топ катуу бериптир.
- Саламатсызбы! Мен Шабданды издеп келдим эле,- каттоо жайында отурган кызга терезеден эңкейип сүйлөдүм.
- Шабданды дейсизби? Ал апрель айында жумуштан бошоп кеткен.
- Жумуштан бошоп кеттиби?- үмүтүмдүн акыркы учкуну жалп өчкөндөй болду. Сиз анын кайда кеткенин айта аласызбы?
- Билишибизче чет өлкөгө чыгып кеткен. Бирок кайда кеткенин эч ким так билбейт.
Шалдайып сыртка чыктым. Кеткен экенсиң да, Шабдан. Мени таштап дарексиз кетипсиң. Кетесиң да анан, өз апам кызын башка үйгө таштап кетсе, сен кетпегенде эмне кылмак элең... Менин качып чыкканымды, ооруканадагы азаптуу күндөрүмдү, кайтып окууга келгенимди кайдан билмек элең...
Канча аракет кылып издесем да, кумга сиңген тамчыдай болуп Шабдандын дареги билинбеди. Шаардагы Сүлүктүлүк эки студенттен да сураштырдым. Тааныбайбыз, билбейбиз дешти. Акыры үмүтүм үзүлдү. Туура 1 жылга чукул издептирмин.
Каргашалуу окуядан кийин ата-энем күйөө тууралуу ооз ачышпайт. Агаларым шаардан 2 бөлмөлүү батир алып беришти. Дипломду колума алып банкка жумушка орноштум. Андан бери 4 жыл өттү. Эч ким менен сүйлөшпөдүм, эч кимге жүрөгүм да ачылбады. Мендеги күлкүнү, бактылуу көз ирмемдин баарын Шабдан өзү менен алып кеткен экен көрсө. Эми мынтип жалгыз жашоого көнүп, сырдашым ушул жымжырттык ээлеген 2 бөлмөлүү үйүм болуп жүргөндө капыстан Ислам жолукпадыбы.
Ордумдан туруп жарыкты күйгүздүм. Канча жаттым ким билсин. Курсагым ачып калыптыр. Кийимимди алмаштырып, газга чай койдум. Негедир бүгүнкү окуяны эстеп жылмайып алдым. Баарынан да машинанын эшигин талкалачудай катуу жапканымчы. Жинди Айкыз, бул кылыгыңды 15 жашар кыз да кылбайт. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп тамак жасап баштадым. 3 күндөн бери казаным чочубаптыр эстесем. Чай кайнап, тамактын жыты келип, кадимкидей көңүлүм ачылды. Ошол учурда эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Түңкү саат 10. Бул убакта ким келиши мүмкүн?..
(Уландысы бар... )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8