(азил-чыны аралаш)
Билбейм балким таалайы тайкы болду,
Билбейм балким ырысы жарты болду.
Ашык болуп үйлөнгөн жаш жубайлар,
Анда-санда урушуп калчу болду...
Өйдө-ылдый турмушка өкчөлүштү,
Өрттөй азап күндөрдү көп көрүштү.
"АТАҢ БАШЫ!!!"-деп дайым урушканда,
Аталардын баштарын эскеришчү.
Эрдин мээсин аялы жеп койчу эле,
"ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН!"-деп койчу эле.
Күйпөлөктөп "кетемин"-дечү аялы,
Күйөөсү бир "ЭНЕҢДИ..."-деп койсо эле.
Ажаан аял ажылдап чыкчу эле,
Арстан эри бир уруп жыкчу эле.
Тарс-турс, даңк-дүңк... кагышып казан-аяк,
Тарелкалар өйдө ылдый уччу эле...
Кыз көрүшүп, уул көрүп жылдар өтүп,
Бекемдептир экөөнүн биримдиги.
Какыс-кукус казанды кагыштырбай,
Калышыптыр түшүнүп бирин бири.
Жаңжал чыгып кез-кезде урушса да,
Эри "муштум" түйгөндү коюп калган.
"АТАҢ БАШЫ"- деген сөз... эми аларга,
"АТАҢ ЖАКШЫ" -дегендей болуп калган.
Аялы да тартиптүү болуп калды,
Ак ордосу кут менен толукталды.
Күйөөсүнүн "ЭНЕҢДИ..."-деген сөзү,
"ЭРКЕТАЙЫМ" дегендей болуп калды.
"Ай алтыным ал сөзүң адатыңда,
Айтсаң мейли айта бер"-деген чыгар.
ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН"-деген сөзү,
"ТЕЛЕВИЗОР КӨРӨЙҮН"-деген сымал.
Кыз көрүшүп, уул көрүп жылдар өтүп,
Бекемдептир экөөнүн биримдиги.
Какыс-кукус казанды кагыштырбай,
Калышыптыр түшүнүп бирин бири
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев