Ынтымакта жашоо үчүн эркек үчүн да, аял үчүн да сабыр керек.
Ынтымакта жашоо үчүн кыйынчылыктарга чыдап, дайыма эле «меники туура» дебеш керек, бул ынтымаксыздыкка жол ачат.
Тажрыйбалуу мусулман бир эненин кылымдар мурда кызына айткан насааты:
Туулуп өскөн, жылдар бою ичинде жашаган бир уядан чыгып, чоочун жерге барасың, сен али табият-мүнөзүн жакшы биле элек бир адам менен жашайсың.
Сен ага жер бол, ал сага асман болсун.
Сен ага үй бол, ал болсо үйдүн тиреги болсун.
Сен ага күң бол, ал сага кул болсун.
Сүйүүсүн азайтпооң үчүн ага кыйынчылык тарттырба.
Сени унутпоосу үчүн андан узак калба.
Сенден башкасын көрбөөсү үчүн, сенден башканын жытын албоосу үчүн анын көзүн, кулагын, мурдун жакшы коргооң керек, сенден дайыма жакшы нерселерди уксун.
Үйүңдө отур, үй жана кол ишмердигиң менен алек бол.
Тамак-аш, кийим-кечеден эмне алып келип берсе ага канаат кыл, тиги-муну алалбайбыз деп эч качан даттанба.
Күйөө акысын өз акыңан мурда көр.
Күйөөңдүн туугандарынын акысын да жогору кой.
Тартип жана тазалыкка бекем бол.
Коңшулар менен ынтымактуу мамиледе бол, алардан келген кыйынчылыктарга сабыр кыл.
Айрыкча, кошуналар арасында сөз ташыба. Ушак-айыңдан алыс бол. Намаздарыңды маалы кирер замат оку.
Төмөндөгү кат тажрыйбалуу бир эненин кызына жазган насыятынан алынды:
Кызым, азыр сага кырк жылдык үй-бүлөлүк тажрыйбама таянып кээ бир насааттарымды айтамын. Буларды сактай турган болсоң дүнүйөдө бактылуу өмүр сүргөндөй эле акыретте дагы түбөлүк бакытка жетесиң.
1- Каниеттүү бол! Күйөөң алып келген тамак-аш, кийим-кечек, бардык нерсени ыраазычылык менен кабыл ал! Себеби каниеттик көңүлдү тынчтыкка бөлөйт.
2- Сага айтылган нерселерди дайыма жакшы тыңдап, күйөөңө баш ий!
3- Үйүң жана бардык нерсең таза, тартиптүү, иреттүү болсун!
4- Жолдошуңдун тамактануу жана уйку саатына өзгөчө көңүл бур! Себеби ачкалык кишинин мүнөзүн бузат, уйкусуздук болсо ачуулантат.
5- Үйүңдөгү мал-мүлктү жакшы корго! Кылган ишиңди, жакшылыктарыңды милдет кылба! Жакшылыкка карата кылынган жакшылык тез унутулат, бирок жамандыкка карата кылынган жакшылык унутулбайт.
6- Күйөөңдүн жакындарына карата жакшы мамиледе бол! Күйөөңдүн каталарын ал жалгыз кезде жумшак түрдө айт!
7- Күйөөңдүн сырларын эч кимге айтпа! Аял менен күйөөнүн сырлары кабырга бирге көмүлүүсү керек.
8- Жолдошуңдун кайгы-кубанычын бөлүш! Ага бардык жагынан жакшы өмүрлүк дос бол! Жалгандык – уяны ичтен бузган курт.
9- Ортоңордогу маселелерди өзүңөр чечкиле! Буларды бизге жана башкаларга ташып баруудан сактан! Эч кимден медет күтпө.
10- Күйөөңдөн анын шарты жетпеген нерселерди талап кылба!
11- Аялдын жакшы мүнөздүүсү – жолдошуна Бейиш нээматы. Сен күйөөңө Бейиш бол. Азап тарттырба!
12- Буларды орундатканың - анын каалоолорун өз каалоолоруңа, анын ыраазылыгын өз арзууңа тандооң менен мүмкүн болмокчу. Дайыма өз каалоолоруңду алдыңкы орунга чыгара турган болсоң, бул насааттарымды сактооң мүмкүн болбойт.
13- Беш маал намазыңды шарттарына ылайык түрдө окубай турган болсоң, бул ансыз деле жамандык катары күйөөңө да, балдарыңа да жетет. Беш маал намаздын туура болуусу үчүн гусул-даарат дагы туура алынуусу керек. Булардын дагы пайдасын көрүүң үчүн акыйдаң (ишенимиң) туура болуусу керек. Туура ишеним – сүннөт жолундагы адамдардын ишеними. Баарынан мурда буларды үйрөнгүлө жана орундаткыла!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев