Энени коюп жубайын бийик туткан бар.
Каарынын баары кайгысын ичке жуткандар
Ушундан көрө башың менен жерге кир!
Апанын эмес аялдын сөзүн уккандар.
Энеси жатса алсырап үйдө ач калып.
Талаада жүргөн баласы ойлойт канчалык?
Эгерде бир күн жөтөлүп калса аялы,
Угушу менен жүгүрүп келет чаң салып.
Кеги жок эне алсырайт алыс барганга.
Уулунан урмат көрө албай байкуш арманда.
Эч кимге айтпай буулугуп ыйлайт шолоктоп.
Бир үйдө өзү жападан жалгыз калганда.
Үйгө мас келип энесин көзгө илбеди.
Ичпедим апа,көп насаат айтпай кир деди.
Аңгыча болбой аялын көрүп жылмайып,
Аз эле ичтим кечирип коюң сиз деди.
Миң наалат сага мас болуп эне караган.
Жаралбасын сага окшош такыр бир адам!
Күнөөкөр болуп кечирим сураш ордуна,
Апасын коюп, аялдын чачын тараган.
Ичкилик себеп төшөктө калсаң калтырап.
Аябайт жарың өзүнө үй-жай салдырат.
Качантан бери туз татпай жатса энеси,
Эт, майга талгак жубайын ойлоп кайгырат.
Кыйраткансып мен эркек деп керилген.
Көчөдө жүрсө акылдуу болуп сезилген.
Кайсы бир ишти тура эмес жасап койсо эгер
Кайнене турса кечирим сурайт келинден.
Бул кандай абал кыямат келип калганбы?
Аты эле АПА,а бирок заты жалганбы?
Ата-эне берчүү үйдөгү түрдүү буйрукту,
Бүгүнкү күндө келиндер ээлеп алганбы?
Көп жолу чыгат энеден буйрук миң ирет.
Укпаса уул ата-эне башы ийилет.
Жубайдын сөзү бир дагы жерде тепселбей,
Аткарылса үйдө ким башчы билинет.
Канчасы кетти баласы үчүн өлгөндөр,
Бүгүнкү жаштар өзүмчүл болуп көнгөндөр.
Дагы да айтам башың менен жерге кир!
Ападан дагы аялын артык көргөндөр
Ушундан көрө башың менен жерге кир!
Энеден дагы аялын артык көргөндөр
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев