Бисмиллаахи Рохмаани Рохиим!
Абдулло бин Амр (розияллооху анху) дан риваят: "Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) айткан: "(Дажжал олтурулгондон кийин) элдер жети жыл эч кандай душмандык тынчтыкта жашашат. Андан кийин Шам олкосунон салкын жел болот (баардык момун олот), журогундо кымындпй ыйманы бар киши да олот. Ошол жел тоодогу ункурдогу кишиге да жетип, анын рухун (жанын) алып кетет. Андан кийин эн жаман адамдар калат (бузукчулук жана жаман иштерди кылууда) женил канаттуу сыяктуу болот. Бироонун канын тогуудо жырткычтыкындай муноздуу адамдар болот. Жакшылыкты билишпейт жана жамандыкты да жаман деп тушунушпойт. Шайтан булардын мындай абалын коруп адамдын суротундо келип: "Аттин. Ата-бабанардын динин таштап койгондон уялбайсынарбы!?" - дейт. Алар: "Анда сен айтчы эмне кылалы?"- дешет. Шайтан бутка сыйынганды аларга уйротот. Ошентип алар бутка сыйына башташат. Куноо иштер ото оорчуп, жырткычтай бироолордун канын тогуу менен алектенишет. Аларга молчулук болот.
Коп отпой Сур уйлонуп, аны угуп, бут адамдар эстен танат. (Коркунучтуу ун болгондуктан эси ооп,) бир жакка башын ийкеп, экинчи жакка которуп калат. Сурдун унун эн биринчи тоосун колдон сугарам деп, бара жаткан адам угат. Бул адам бул унду угуп эстен танат. Андан кийин бардык адамдар эстен танышат. Сон Алла Таала шудурум сыяктуу жамгыр жаадырат, андан адамдар осуп чыга башташат. (Кабырларда топуракка аралашып кеткен адамдар.)
Экинчи жолу Сур уйдонгондо баардыгы тирилип карап турган болот.
Бухари жана Муслимдин риваятында Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) айткан: "Кыямат созсуз турат. Эки киши соодалашып кездемени орогончо эле Кыямат туруп калат. Кыямат созсуз турат. Бир киши оз тоосун саап, аны ичкенче эле Кыямат туруп калат. Кыямат созсуз турат. Мал сугарган колун даярдап, андан малын суугарганча Кыямат келип калат. Кыямат созсуз турат. Тамагын оозуна алып барат да , аны жегенче эле Кыямат башталат."
Башкача айтканда кундогудой эле элдер оз иштери менен алек болгондой эле Кыямат болгон куну да оз иштери менен алек болушат.
Кыямат кокус эле болот. Алла Таала Куранда айткан:
"Ооба! Ал аларга капысынан келет да, аларды тан калтырат. Алар аны кайтара да алышпайт жана аларга моонот да берилбейт".
Кыскасы Алла Таала Кыяматтын белгилерин озунун Пайгамбарынын (саллаллооху алейхи ва саллам) тили аркылуу оз пенделерине жеткирди. Кыяматтын кайсыл куну болуусун Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) да так айткан эмес. Ибну Мажа жана Маснаду Ахмаддын бир риваятында: "Кыямат жума куну болот" - деп, айтылган. Ошондой эле: "Аллага эн жакын периштелер, ар бир асман, ар бир жер, аба, тоолор жана дарыялар: "Бугун Кыямат болуп калбасын" - деп коркушат."- деп, айтылган.
Кыяматтын так качан болуусунун Алладан башка эч кии билбейт. Кээ бир жалганча адамдар жалган эле Кыяматтын боло турган убактысы туурасында айтышат. Сахабалар (розияллооху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва саллам) дан Кыяматтын убагын сураганда, Алла Таала тарабынан жооп болгон:
《(Сен аларга): 《Чындыгында, анын кабары Эгемдин алдында. Анын убактысын да Ал Озу гана ачыка чыгарат.》 - дегин! Ал (Кыямат) асмандар жана жер учун да оор болот. Ал силерге капилет келет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев