Предыдущая публикация
Бул дүйнөдө ойносоң да жүрө бер,
Каалашынча жашап өмүр сүрө бер.
Кези келсе жараткандын алдында,
Өткөн күнгө жооп берчүү күн келээр.
Акыл калчап адам экениң биле жүр,
Айтчуу нерсе "мусулманча өмүр сүр".
Кези келип жаратканга кайтканда,
Чын жашоонун башталышы өлүмдүр.
Өлүм чындык аны дайым эстейли,
Күнөө ишти бүт баарысын тепсейли.
Тообо кылып жаратканга жалбарып,
Тозок отуна калкан алып кетели.
Мындан мурун канча инсан жашаган,
Баары кетип бири дагы калбаган.
Тирүүлүктө ар себептүү кетишет,
Кээ бирлери жетимишке чыкпаган.
Жаш калемгер:Турдали уулу Б.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев