Предыдущая публикация
Көздөр дагы тойбочуудай өңдөнөт,
Кооз болуп түркүн түстүү гүл өсөт.
Аңкып чыккан өзгөчө жыпар жыттары,
Атырлардын бирине да окшобойт.
Түркүн түстөр кооз көрүнөт бакчада,
Роза гүлү өзгөчө бир башкача.
Жылдан жылга кооздугун жоготпойт,
Аяп, карап, өстүрүп аны сактаса.
Тикенектүү бирок соонун кооз гүл,
Тиктеп карап көз тойбогон сулуу гүл.
Жанынан өтсөң өзүнө тартып тургандай,
Жан жыргаткан, жанга жаккан жыттуу гүл.
Сүйүүнүн символу дешет бул гүлдү,
Чындыгында көтөрөт экен көңүлдү.
Тандап терип роза гүлдү бергенде,
Таарынычсыз шаңдуу кылат өмүрдү.
Автор:Турдали уулу Б.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев